Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы № 9
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө жободо:
- 1.2-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга биринчи жолу кызматка кирген адамдарды атайын алгачкы кесиптик даярдоо";
- 1.6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөшү жөнүндөгү Жобо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.1-пункту төмөнкүдөй редакциядагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- ички иштер чөйрөсүндөгү, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга биринчи жолу кызматка кирген адамдарды атайын алгачкы кесиптик даярдоо.";
- 5.11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.11. Академияны аяктагандан кийин курсанттарга "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты" алгачкы атайын наамы ыйгарылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |