Загрузка документа…
|
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-июнундагы № 413, 2004-жылдын 17-августундагы № 622, 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2007-жылдын 1-октябрындагы № 442, КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 119, КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762, 2020-жылдын 14-январындагы № 9, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 271, 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы (мындан ары - Академия) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 15-январындагы ПУ № 3 Указы менен түзүлгөн.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-июнундагы № 413 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Академия төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик билим берүү мекемеси болуп саналат:
- жогорку билимдин базасында жогорку башкаруучулук-укуктук билим берүү менен ички иштер органдарынын жетекчи кадрларын даярдоо;
- жогорку билимдин базасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
- жалпы орто, жалпы кесиптик орто жана юридикалык эмес жогорку билимдин базасында жогорку юридикалык билими бар адистерди даярдоо;
- ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга биринчи жолу кызматка кирген адамдарды атайын баштапкы кесиптик даярдоо;
жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын "Юриспруденция" жана "Укук коргоо иши" багыттары боюнча магистрлерди даярдоо.
Академияда адистерди даярдоо мамлекеттик жана расмий тилдерде күндүзгү жана сырттан окуу формалары боюнча (план боюнча жана контракттын негизинде) жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Академия ИИМдин системасында негизги илимий-методикалык борбор болуп саналат, илим-изилдөө, окуу-методикалык, редакциялык-басма ишин жүргүзөт, мыйзамдардын жана ведомстволук нормативдик актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат.
1.4. Академиянын структурасын жана штатын Ички иштер министри бекитет.
1.5. Академияга эреже катары илимий даражасы, кеминде 5 жылдык илимий-педагогикалык иш стажы же жетекчи кызматта иштөө тажрыйбасы бар начальник башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Академиянын башка жетекчи курамындагы кызматтарга дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныктаган кызматтардын номенклатуралык тизмесине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 271 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Академиянын катардагы жана жетекчи курамындагы атайын наамы бар кызматкерлеринин, курсанттарынын, угуучуларынын, магистранттарынын, адьюнктарынын жана докторанттарынын кызмат өтөшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
1.7. Академияда ички тартип колдонуудагы мыйзамдарга жана ИИМдин нормативдик актыларына, ИИМдин күжүрмөн бөлүктөрүндө колдонулган уставдарга жана ушул Жобого ылайык белгиленет.
1.8. Академия өз ишин ИИМдин борбордук аппаратынын бөлүмдөрү, жер-жерлердеги ички иштер органдары жана мннистрликтер менен ведомстволордун илимий жана окуу мекемелери менен биргелешип аракеттенүү менен жүргүзөт.
1.9. Академия юридикалык жактын укуктарынан пайдаланат, Мамлекеттик гербдин сүрөтү менен жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү, бурчтуу штамптары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Академиянын ишинин укуктук негиздери
2.1 Академия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Ички иштер органдарынын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча мыйзамдарды жана башка нормативдик, укуктук актыларды өзгөртүү ушул Жобого тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Академиянын милдеттери
"3.1. Академия төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткарат:
- бюджеттик (курсанттарды) жана контракттык (студенттерди) негизде күндүзгү окуу формасы боюнча ички иштер органдары жана юриспруденциянын башка тармактары үчүн жогорку юридикалык билими бар кадрларды, магистрлерди (контракт), ошондой эле дистанттык технологияларды пайдалануу менен сырттан окуу формасы боюнча студенттерди (бюджет, контракт) даярдайт;
- ички иштер органдарынын жетекчи курамы үчүн кадрларды башкаруучулук-укуктук даярдоону камсыз кылат;
- адъюнктура, докторантура жана изденүүчүлүк аркылуу ИИМдин системасы үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдайт;
- ички иштер органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле башка укук коргоо жана фискалдык органдардын, анын ичинде чет өлкөлөрдүн кызматкерлерин келишимдик негизде кайра даярдайт жана квалификациясын жогорулатат;
- мыйзамдарды өркүндөтүүгө жана ички иштер, кылмыштуулукка каршы күрөшүү органдарынын актуалдуу проблемаларын илимий изилдөөлөргө катышат;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык адистерди даярдоону камсыз кылуучу окуу-методикалык базаны түзөт жана өнүктүрөт, ошондой эле окуу-методикалык адабиятты иштеп чыгат жана басып чыгарат;
- ички иштер чөйрөсүндөгү, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга биринчи жолу кызматка кирген адамдарды атайын баштапкы кесиптик жактан даярдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Академиянын структурасы
4.1. Академиянын структурасы ички иштер органдарынын ишинин негизги багыттарына, Академияга жүктөлгөн милдеттерге ылайык, ошондой эле ички иштер органдарынын, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын системасын андан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү келечектерин, кадрларды даярдоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жагында эл аралык байланыштарды эске алуу менен иштеп чыгарылат.
4.2.1. Академиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- кеңештер;
- факультеттер;
- кафедралар;
- бөлүмдөр;
- филиал;
- окуу-консультациялык пункт;
- аскердик окуу полигону;
- бөлүмчөлөр;
- китепкана жана атайын китепкана;
- Академиянын жашоо турмушун камсыз кылуучу башка кызматтар (медициналык кызмат, чарбалык кызмат, көмөкчү чарба ж.б.);
- башкаруу;
- ресурстук борборлор.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 119 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2.2. Академиянын юридикалык жактын статусуна ээ структуралык бөлүмдөрү Академиянын начальниги бекиткен уставдын негизинде иштейт.
5. Курсанттар, угуучулар, магистранттар, адьюнктар, докторанттар жана изденип алуучулар
5.1. Курсанттарды, студенттерди жана угуучуларды, магистранттарды окууга кабыл алуу ИИМ белгилеген разнарядка боюнча Академияга тандап алуу жана кабыл алуунун Эрежесине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Адьюнктарды жана докторанттарды кабыл алуу, изденүүчүлөрдү алуу мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5.3. Академияда курсанттардын, студенттердин жана угуучулардын, магистранттардын окушу белгиленген тартипте бекитилген окуу планы боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
5.4. Илимий жана илимий-педагог кадрларды (адьюнктарды, докторанттарды жана изденүүчүлөрдү) даярдоо белгиленген тартипте бекитилген жекече план боюнча жүргүзүлөт.
5.5. Окутуунун көлөмү жана мазмуну колдонулуп жаткан мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан окуу пландары менен белгиленет. Келишимде же заказда айтылган учурларда окутуунун көлөмү жана мазмуну колдонулуп жаткан же атайын иштелип чыккан программалар боюнча белгиленет.
5.6. Курсанттар, студенттер, угуучулар, магистранттар, адьюнкттар, докторанттар жана изденип алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- окуу планында жана программаларында каралган билимдин, тажрыйбанын жана жөндөмдүн толук көлөмүнө ээ болууга;
- окуу тартибин сактоого, сабактарга, катышууга, белгиленген мөөнөттө окуу иштеринин бардык түрлөрүн аткарууга, зачет жана сынактарды тапшырууга. Өз алдынча иштөө үчүн убакытты натыйжалуу пайдаланууга;
- колдонулуп жаткан уставды сөзсүз жана так сактоого, начальниктин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууга, Академиянын ички тартип эрежелерин бузбоого;
- мамлекеттик жана кызматтык сырды катуу сактоого;
- табелдик куралды талаптагыдай деңгээлде билүүгө жана колдонууга, коомдук тартипти коргоо боюнча иш-чараларга катышууга жана Академия боюнча нөөмөткө турууга;
- укуктук билимдерди, ошондой эле Академия калк арасында өткөргөн коомдук иш-чараларды жайылтууга катышууга;
- Академиянын салтын сактоого жана аны бардык чаралар менен арттырууга, анын кадыр-баркын көтөрүүгө, Академиянын курсантынын, студентинин, угуучусунун, адьюнктунун жана докторантынын намысын бийик тутууга.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
5.7. Курсанттар, студенттер, угуучулар, магистранттар, адьюнктар, докторанттар жана изденүүчүлөр төмөнкүлөргө укуктуу:
- окуу, материалдык-техникалык жана социалдык-тиричилик базасын белгиленген тартипте пайдаланууга;
- окуу процессин, илим-изилдөө, тарбиялоо жана маданий-агартуу ишин өркүндөтүү, окуудан жетишүүнү, тартипти жана турмуш-тиричиликти жакшыртуу маселелерин талкуулоого катышууга. Белгиленген тартипте Академиянын Илимий кеңешинин ишине, Академияда түзүлгөн өз алдынча башкаруу органдарына катышууга;
- Академиянын жетекчилигинин уруксаты менен диссертациялык изилдөөлөрдүн темасы боюнча материал жыйноо үчүн укук коргоо органдарына командировкага чыгууга, илимий конференцияларга жана илимий-методикалык иштин башка түрлөрүнө катышууга.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
5.8. Курсанттар, студенттер жана угуучулар, магистранттар Академиядан төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
- Академиада билим алууну улантууну каалабагандыгы жөнүндө рапорт бергенде;
- сабагынан жетишпесе же ага жүйөөлүү себептерсиз катышпаганда;
- тартип бузганда же курсанттын, студенттин, угуучунун наамын булгаган кылмыш жасаганда;
- окуу курсун ийгиликтүү аяктоого мүмкүндүк бербеген оорусуна байланыштуу (аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде).
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
5.9. Адьюнктар жана докторанттар илимий-изилдөөлөрдүн жекече пландарын белгиленген мөөнөттөрүндө аткарбагандыгына байланыштуу адьюнктурадан (докторантурадан) чыгарылышы, кызматкерлер жана окутуучулар изденүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарылышы мүмкүн.
Курсанттарды студенттерди, жана угуучуларды, магистранттарды, адьюнктарды жана докторанттарды чыгарып салуу жөнүндө, ошондой эле изденүүчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимди Академиянын начальнигн кабыл алат жана буйрук чыгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
5.10. Окуу пландарында каралган бардык зачетторду жана сынактарды тапшырган курсанттарга, студенттерге, угуучуларга, магистранттарга мамлекеттик (бүтүрүү) сынактарын тапшырууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
5.11. Академияны аяктагандан кийин курсанттарга "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты" алгачкы атайын наамы ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
5.12. Окуу пландарын толук көлөмдө аткарган жана мамлекеттик сынактарды тапшырган курсанттарга, студенттерге жана угуучуларга, магистранттарга тиешелүү квалификация берилет жана диплом, күбөлүк же белгиленген үлгүдөгү сертификат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
5.13. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.14. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Окуу жана методикалык иш
6.1. Академиядагы окуу иштери белгиленген тартипте бекитилген окуу пландарына жана программаларына ылайык жүргүзүлөт.
6.2. Академияда аудиториялык-окуу сабактарынын төмөнкүдөй негизги түрлөрү белгиленет:
- лекция;
- семинар;
- практикалык сабактар;
- өз алдынча иш;
- башкалар.
Окуу ишинин башка түрлөрү катары курсанттар, студенттер жана угуучулар, магистранттар рефераттарды даярдайт, практиканы жана стажировканы өтөө мезгилинде алдыңкы тажрыйбаны үйрөнөт, зарыл материалдарды чогултат.
Окуу пландарынын жана программаларынын аткарылышын текшерүү сынак, зачет, жекече аңгемелешүү, реферат жана контролдук иш, практиканын жана стажировканын жыйынтыктары боюнча отчет түрүндө жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
6.3. Окуу жылы эки семестрге бөлүнөт, алардын ар бири сынак сессиясы менен аяктайт. Сабактар ар бир семестрге түзүлгөн расписание боюнча жүргүзүлөт.
Курсанттар, студенттер үчүн каникулдук өргүү белгиленет, алардын узактыгы окуу пландары менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
6.4. Окутуунун мазмуну жалпы гуманитардык, социалдык-экономикалык, жалпы укуктук, атайын, илимий-педагогикалык, башкаруучулук даярдыкты камтыйт.
6.5. Академиядагы методикалык иш окуу-тарбиялоо процессин интенсивдештирүүгө, окутуу методикасын жана профессордук-окутуучулар курамынын педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүүгө, адистерди даярдоо сапатын жакшыртууга, алардын чыгармачыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
7. Редакциялык-басма иши
7.1. Академия басма продукциясын чыгарууга укуктуу. Ал окуу процессин адабият менен камсыз кылуу жана аларды жарыялоо, практикалык ишке өздөштүрүү жолу менен илимий изилдөөлөрдүн натыйжасын турмушка ашыруу максатында редакциялык-басма ишин жүргүзөт.
7.2. Редакциялык-басма иши тиешелүү нормативдик документтердин негизинде уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
7.3. Академия белгиленген тартипте методикалык жана кызматтык документтерди, лекцияларды, илимий-аналитикалык баяндамаларды, авторефераттарды, рефераттык жыйнактарды, илимий эмгектердин тематикалык жыйнактарын, конференциялардын, симпозиумдардын материалдарын, окуу куралдарын, окуу китептерин, монографияларды басып чыгарат.
7.4. Редакциялык-басма иши Академиянын илим-изилдөө ишинин келечектүү жана жылдык пландарынын негизинде түзүлгөн адабияттарды чыгаруунун тематикалык планына ылайык жүргүзүлөт.
7.5. Басылмалардын полиграфиялык аткарылышы өз басмаканасынын базасында жүзөгө ашырылат.
8. Илим-изилдөө иши
8.1. Академияга ИИМдин окуу жайларынын системасында илимий иштин башкы органынын функциялары, Академиядагы окуу процессин жана илим-изилдөө ишин илимий жактан камсыз кылуу, ИИМдин окуу жайларына методикалык жардам көрсөтүү милдети жүктөлгөн.
9. Тарбиялоо иши
9.1. Тарбиялоо ишин Академиянын жетекчилиги, факультеттердин, кафедралардын, бөлүмдөрдүн, кызматтардын жетекчилери жана профессордук-окутуучулар курамы ИИМдин бөлүмдөрү жана коомдук уюмдары менен тыгыз өз ара аракеттенүү менен уюштурат жана жүргүзөт.
9.2. Тарбиялоо иши кесиптик, адептик-этикалык жана дене тарбиянын бирдиктүү комплекси катары жүзөгө ашырылат.
10. Академиянын жетекчилиги жана кеңештери
10.1. Академиянын бүткүл ишине Академиянын начальниги жетекчилик кылат. Ал Академиянын ишин уюштурат, анын абалы үчүн жеке жооп берет жана Академиянын бүткүл өздүк курамынын тике начальниги болуп саналат.
10.2. Академиянын начальниги Академиянын атынан аракеттенет, анын атынан бардык мекемелерде жана уюмдарда колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана ИИМдин нормативдик актыларына ылайык иш алып барат, Академиянын мүлкүн тескейт, келишимдерди түзөт, ишеним кат берет, банктарда Академиянын эсебин ачат.
10.3. Академиянын начальниги өз компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат.
10.4. Академиянын начальнигине төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
- Академиянын өнүгүшүнүн келечектерин аныктоо, окуу, методикалык, илим-изилдөө, редакциялык-басма, финансы-бухгалтердик жана административдик-чарбалык ишке жалпы жетекчиликти жана контролду жүзөгө ашыруу, жыйынтыктарды чыгаруу жана белгиленген тартипте Академиянын иши жөнүндө отчет берүү;
- ИИМдин Академияга келип түшкөн буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну уюштуруу, Академиянын алдына коюлган милдеттерди чечүү, алардын аткарылышына контролдук кылуу;
- белгиленген тартипте ИИМдин коллегиясынын ишине катышуу;
- Академиянын ИИМдин борбордук аппаратынын бөлүмдөрү, жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрү, окуу жайлары, илим-изилдөө мекемелери жана башка министрликтер менен ведомстволордун окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- чет өлкалөрдүн окуу жайлары жана илим-изилдөө мекемелери менен окуу-методикалык, илимий жана маданий-агартуу байланыштарын түзүү;
- ИИМ органдарынын тиешелүү категориядагы адистерге муктаждыктарынын өзгөрүшүнө жараша өзгөрүлүп туруучу курамдын кызмат орундарынын санын (өзгөрүлүп туруучу курамдын жалпы кызмат орундарынын санынын чектеринде) кайра бөлүштүрүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын ИИМине берүү;
- окуу пландарын, окуу сабактарынын программаларын, ошондой эле басма пландарын бекитүү;
- Академиянын Илимий кеңешине жетекчилик кылуу;
- Академияда кадрларды тандоого, жайгаштырууга, окутууга жана тарбиялоого жетекчилик кылуу;
- курсанттарды, студенттерди жана угуучуларды, магистранттарды, адьюнктарды жана докторанттарды белгиленген тартипте кабыл алууну, бүтүрүүнү, чыгарып салууну жана окууга кайрадан калыбына келтирүүнү уюштуруу;
- Академиянын структурасын өзгөртүү, Академянын кызмат орундарынын белгиленген санынын чектеринде кафедралардын, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн кызмат орундарынын санын киргизүү жана кайра бөлүштүрүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын ИИМине берүү;
- Академияда тартипти жана уставдык тартипти камсыз кылуу;
- белгиленген тартипте сыйлык берүү жана жазалоо чарасын көрүү;
- катардагы жана кенже башкаруучу курамдын атайын наамдарын берүү;
- капитанды кошо алганда ага чейинки орто башкаруу курамына атайын наамдарды берүү. Башкаруучу курамдын алгачкы атайын наамын берүүгө, милициянын майорунан тартып жана жогору карай улук башкаруу курамынын кезектеги атайын наамын берүүгө сунуш кылуу;
- Академиянын номенклатурасына кирген кызматтардын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруу курамын бардык негиздер боюнча кызматтан бошотуу;
- Академиянын ишинде мамлекеттик, кызматтык сыр жана жашыруундук режими сакталышын камсыз кылуу. Мобилизациялык иш, граждандык коргонуу боюнча зарыл чараларды жүргүзүү;
- окуу, илим-изилдөө, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана өнүктүрүү, финансы-чарбалык ишти өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
10.5. Академиянын началнигинин орун басарларынын функциялык милдеттерин Академиянын начальниги аныктайт жана Академиянын структуралык бөлүмдөрү жөнүндө анын буйругу менен бекитилет.
10.6. Окуу, илим-изилдөө, тарбиялоо жана уюштуруу иштеринин негизги маселелерин карап чыгуу үчүн Академияда Илимий кеңеш түзүлөт, анын курамы Академиянын начальнигинин буйругу менен бекитилет. Илимий кеңеш ал жөнүндө жобого ылайык иштейт анын курамында секциялар жана комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Илимий кеңеш окуу сабактарынын окуу пландарын жана программаларын карайт жана аларды бекитүү үчүн Академиянын начальнигине сунуш кылат.
10.7. Академияда илимдин кандидатынын жана докторунун илимий даражасына изденүүгө диссертацияларды коргоо боюнча диссертацилык кеңештер түзүлүшү мүмкүн.
Академияда диссертацияларды коргоо, илимий даражаларды ыйгаруу, илимий наамдарды берүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
10.8. Окуу-методикалык ишти координациялсо үчүн Академияда окуу-методикалык кеңеш түзүлөт.
10.9. Редакциялык-басма ишинин негизги маселелерин квалификациялуу карап чыгуу үчүн Академияда редакциялык-басма кеңеши түзүлөт, анын курамын Академиянын начальниги бекитет.
10.10. Академияда өзүнүн басма органы болот, ал Академиянын турмушунун жана ишинин кыйла актуалдуу маселелерин чагылдырууга, ички иштер бөлүмдөрүнүн ишинин, бүтүндөй алганда республиканын укук коргоо органдары үчүн адистерди даярдоонун алдыңкы ыкмаларын пропагандалоого чакырылган.
11. Академиянын коомдук уюмдары
11.1. Академияда илимий, спорттук жана башка коомдук уюмдар түзүлөт, алар уставдардын (жоболордун) негизинде иштейт жана Академиянын профессордук-окутуучулар курамын, илимий кызматкерлерин, курсанттарын, студенттерин жана угуучуларын, магистранттардын, адьюнктарын, докторанттарын, окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналын бириктирет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
11.2. Академиянын коомдук уюмдары Академиянын өздүк курамы менен окуу-методикалык, илим-изилдөө, илимий-маалымат, маданий-тарбиялык жана спорттук-массалык иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, социалдык-турмуш-тиричилик маселелерин чечүүгө жигердүү катышат.
11.3. Академия өзүнүн коомдук уюмдарына белгиленген тартипте имарат-жайларды берет жана алардын иши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзөт.
12. Академиянын кызматкерлерин, угуучуларын, магистранттарын, адъюнктарын, докторанттарын жана курсанттарын материалдык камсыз кылуу
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 762 токтомунун редакциясына ылайык)
12.1. Академиянын аттестациядан өткөн кызматкерлери ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруу курамынын адамдары үчүн белгиленген өлчөмдө жана көлөмдө, ал эми наамы жок адамдары - колдонулуп жаткан мыйзамдарда бекитилген тартипте материалдык жактан камсыз кылынат.
12.2. Академиянын курсанттары сабактар башталган күндөн тартып белгиленген тартипте акча, буюм жана тамак-аш үлүшү менен камсыз кылынат.
12.3. Туруктуу курамга кирген кызматкерлер белгиленген тартипте материалдык жактан сыйланууга укуктуу.
12.4. Академиянын чарбалык ишине, социалдык маселелерин чечүүгө, имараттарын курууга, баштан-аяк жана учурдагы оңдоолорго, транспорт менен, өздүк курамды тамак аш менен камсыз кылууга түздөн-түз жетекчилик кылуу милдети административдик-чарбалык жактан камсыз кылуу кызматтарына жүктөлөт.
13. Мүлк жана каражаттар
13.1. Академиянын имараттары, курулуштары, жабдуулары, шаймандары жана башка материалдык дөөлөттөрү менен каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат. Академияга бекитип берилген мүлк белгиленген тартипте берилиши же сатылышы мүмкүн.
13.2. Академия республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүлөт, Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын өзүнчө классификациясынын негизинде финансыланат, өз алдынча балансы, казыналыктын аймактык бөлүмүндө бюджеттик, атайын жана валюталык эсеби болот.
13.3. Академия зарылчылык болгон учурда мыйзамдарда белгиленген тартипте бюджеттен тышкаркы (атайын) каражаттарды тартууга укуктуу.