Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 24
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2211-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) алтын камтыган казындыга жана алтын камтыган концентратка:
Бир троялык унция алтындын АКШ долларындагы баасы | 1300гө чейин | 1301ден 1400 чейин | 1401ден 1500 чейин | 1501ден 1600 чейин | 1601ден 1700 чейин | 1701ден 1800 чейин | 1801ден 1900 чейин | 1901ден 2000 чейин | 2001ден 2100 чейин | 2101ден 2200 чейин | 2201ден 2300 чейин | 2301ден 2400 чейин | 2401ден 2500 чейин | 2501 жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 4 | 6 | 8 | 10 | 12 | 14 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 |
2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:
Бир троялык унция алтындын АКШ долларындагы баасы | 1300 чейин | 1301ден 1400 чейин | 1401ден 1500 чейин | 1501ден 1600 чейин | 1601ден 1700 чейин | 1701ден 1800 чейин | 1801ден 1900 чейин | 1901ден 2000 чейин | 2001ден 2100 чейин | 2101ден 2200 чейин | 2201ден 2300 чейин | 2301ден 2400 чейин | 2401ден 2500 чейин | 2501ден жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 1 | 3 | 5 | 7 | 9 | 11 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
";
2) 309-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албастан, төмөнкүлөрдү сатуудан алынган пайда:
- пайдалуу кендерди, буга металл камтылган кендер жана биржалык металлдардын концентраттары кирбейт, же;
- пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) салык мезгилинде сатылган, металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы.
Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан алынган пайдадан төмөн болсо, анда роялти салык базасы катары металл камтылган кендерди же биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан алынган пайда колдонулат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"2. Химиялык таза металлдын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталуучу биржалык металлдын наркына жана металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында металлдын камтылышына жараша эсептелет.
Биржалык металлдын наркы салыктык мезгилдин ичинде Лондондогу металл биржасында баалардын котировкасы жарыяланган күндөрдөгү металлдарга күнүмдүк орточо баалар котировкасынын суммасы менен металлдарга баалардын котировкасы жарыяланган салык мезгилиндеги күндөрдүн санынын ортосундагы орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.
3. Ушул главада биржалык металл деп наркы Лондондогу металл биржасында котировкалануучу металл түшүнүлөт.";
3) 310-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Роялти ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
1) алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраты үчүн - запастарынын өсүшүн эске алуу менен:
а) запасы 10 тоннадан ашкан кендер үчүн - 5 пайыз;
б) запасы 3төн 10 тоннага чейинки кендер үчүн - 3 пайыз;
в) запасы 3 тоннадан аз кендер үчүн - 1 пайыз;
2) алтындан, күмүштөн, платинадан тышкары, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн - 3 пайыз;
3) суу менен камсыздоонун адистештирилген уюмдары үчүн - 5 пайыз;
4) гипске - 6 пайыз;
5) каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз;
6) таш көмүргө, күрөң көмүргө - 1 пайыз.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |