Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

3-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна)

 

Контролдук-кассалык машиналарга карата техникалык талаптар жана контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Техникалык талаптар (мындан ары – Талаптар) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан жана контролдук-кассалык машиналарга карата милдеттүү техникалык жана функциялык талаптарды, контролдук-кассалык машиналарды сатуучу жана/же тейлөөчү субъекттердин укуктарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле фискалдык маалыматтарды топтоонун, берүүнүн, иштеп чыгуунун жана сактоонун техникалык процессин ишке ашырууну регламенттейт.

2. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) нөөмөттү жабуу – суткалык отчетту түзүү боюнча иш күнүнүн (нөөмөттүн) аягында жүргүзүлүүчү операция. Нөөмөттү жабуу операциясы өткөрүлгөндөн кийин контролдук-кассалык машина мурдагы нөөмөттөр үчүн кассалык операцияларды жүргүзүү мүмкүндүгүнө бөгөт коёт.

2) нөөмөттүк сатып алуулардын жыйынтыгы – нөөмөт ичинде сатып алууларды (кызмат көрсөтүүнү) каттоодо контролдук-кассалык машина тариздеген документтердин жыйынтыктарынын суммасы;

3) нөөмөттүк сатуулардын жыйынтыгы - нөөмөт ичинде сатууларды (кызматтарды көрсөтүүнү) каттоодо контролдук-кассалык машина тариздеген документтердин жыйынтыктарынын суммасы;

4) контролдук-кассалык машиналар (мындан ары – ККМ) – банктык төлөм карточкалары жана чектери, электрондук жана накталай акча каражаттары аркылуу кызмат көрсөтүү жана иштерди аткаруу же соода  операцияларында жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөрдү пайдаланууга багытталган фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражаттар.

Фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражат болуп шифрдүү түрдө фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары – ФМО) катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу салык органына жана/же башка органга реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды оңдолбогон ар бир суткалык (нөөмөт сайын) каттоо, узак убакытка сактоо, иштеп чыгуу жана берүү, чогултуу үчүн колдонулуучу программалык башкаруу орнотулган техникалык каражат саналат.

5) контролдук-кассалык чек – эсептешүү операциясын жүргүзүүдө акчалай эсептешүү фактысын ырастаган кагаз жана/же электрондук түрдө берилүүчү жана ККМ түзүүчү алгачкы эсепке алуу документи;

6) аутентификациялоонун криптографиялык коду – маалымат булагын аутентификациялоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан ыйгарылуучу символдордун атайын топтому;

7) криптографиялык текшерүү коду – криптографиялык алгоритмдердин негизинде анын параметрлеринен эсептелинген документтин контролдук суммасы.

Криптографиялык текшерүү коду фискалдык маалыматтарды түзүүдө, басып чыгарууда жана ККМге сактоодо санкцияланбаган оңдоолорду табуу максатында колдонулат;

8) ККМдин модели – даярдоочу/иштеп чыгуучу тарабынан ыйгарылган уникалдуу аталышы жана номери бар түзүлүштүн же программалык камсыздоонун түрү (тиби);

9) фискалдык эстутумду топтоочу – фискалдык маалыматтардын оңдолбой тургандыгын жана узак убакытка сакталышын камсыз кылган эстутумдун атайын бөлүнгөн бир же бир нече микро схемалары;

10) фискалдык эмес режим – ККМдин иштөө режими, мында фискалдык маалыматтарды каттоо жана фискалдык отчетту алуу функциялары колдонулбайт. Бул режим фискалдаштырууну жүргүзгөнгө чейин кассирлерди окутуу үчүн колдонулат;

11) жалпы өчүрүү – өчүрүүлөрдүн санын каттоодон тышкары ККМдин жалпы акчалай жана операциялык каттоолорун жокко чыгаруу;

12) кайра фискалдаштыруу – ККМдин кошуучу эсептегичтерин нөлгө барабар кылуу менен фискалдык режимди кайрадан колдонуу;

13) ККМдин каттоо номери – ККМди каттоодо ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан ККМге ыйгарылган сериялык номери;

14) суткалык отчет – нөөмөттү жабуу операцияларын жүргүзүүдө ККМдин фискалдык эстутумуна, ыйгарым укуктуу салык органынын серверлерине жана/же ФМОго киргизүү аркылуу акчалай эсептешүүлөр жөнүндө жыйынтык маалыматтарды сөзсүз түрдө жазуу, мындагы нөөмөттүн узактыгы нөөмөттө биринчи чек басылгандан кийин 24 сааттан ашпашы керек;

15) фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү – ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго зымдуу же зымсыз байланыш каналдары аркылуу фискалдык маалыматтарды берүүнү камсыз кылган модулу бар жана корголгон, шифрдүү, оңдолбогон, энергияга көз каранды эмес узак убакытка маалыматты сактоону камсыздоочу электрондук контролдук тасмасы бар түзүлүш;

16) фискалдаштыруу – ККМге фискалдык режимди туташтыруу;

17) фискалдык эстутум – контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтык маалыматты оңдолбогон ар бир суткалык (ар бир мөөнөттүк) каттоону жана узак убакытка сактоону камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын комплекси;

18) фискалдык маалыматтар – ККМдин фискалдык эстутумунда, ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же ФМОнун серверлеринде жана электрондук контролдоо тасмасында белгиленүүчү акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтар жана ККМда түзүлгөн, контролдук-кассалык чектерде, башка кассалык отчеттордо жана чектерде чагылдырылган башка маалыматтар;

19) фискалдык белги – ККМде түзүлгөн жана фискалдык режимде ККМдин жумушун жана фискалдык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн ырастаган чектерде, отчеттордо чагылдырылуучу белги.

Ушул аныктаманын максатында фискалдык белги болуп ККМдин конкреттүү моделине карата эксплуатациялык документтерине ылайык,  фискалдык маалыматтарды түзүү аяктагандан кийин гана басмага чыгарылуучу жазуулар жана/же айырмалоочу белгилер (символдор) эсептелет.

20) фискалдык режим – фискалдык маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же ФМОнун фискалдык эстутумунда жана серверинде, электрондук контролдоо тасмасында каттоону камсыз кылуучу ККМдин иштөө режими;

21) контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борбору – субъектке ККМди пайдаланууга даярдоо, аларды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүчү субъект;

22) электрондук контролдоо тасмасы – фискалдык маалыматтарды энергияга көз карандысыз узак убакытка сактоону жана корголгон, шифрдүү, оңдолбогон каттоону камсыздоочу ККМдин эстутумундагы атайын бөлүнгөн бир же бир нече микросхемалар;

23) энергияга көз карандысыз узак убакытка сактоо – азыктандыруунун ички жана тышкы булактарын пайдаланбастан маалыматтарды узак убакытка сактоо;

24) Х-отчет – отчет  түзүлүп  жаткан учурга  карата  жыйынтык сумманын арадагы отчету;

25) Z-отчет – жумуш  күндүн (нөөмөттүн)  аягында  түзүлүүчү суткалык отчет.

 

2. ККМге, фискалдык эске тутууга жана фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнө карата талаптар

3. ККМге карата жалпы техникалык талаптар 1-таблицада берилген.

 

 

1-таблица

 

№

Параметрлердин аталышы

Эскертүүлөр

ККМге карата жалпы талаптар

1

ККМде төмөнкүлөр болууга тийиш:

- машинанын аталышы;

- заводдук номери;

- чыгарылган датасы;

- ККМди чыгаруучунун фирмалык белгиси;

- аны контролсуз алууга жол бербей турган түзүлүш менен жабдылган жана жасаган ишкана же техникалык тейлөө жүргүзгөн уюм тарабынан пломба коюлган каптооч;

- документтери (ККМдин техникалык паспорту, пайдалануучунун жана фискалдаштыруунун/кайра фискалдаштыруунун (салык инспекторунун)  колдонмосу жана ККМди күбөлөндүрүү методикасы) жана фискалдык, фискалдык эмес режимдерде ККМ басып чыгаруучу түзүлгөн чектердин жана отчеттордун үлгүлөрү.

- ККМдин ар бир модели үчүн жасаган завод тарабынан иштелип чыккан ККМди башкаруунун программалык камсыздоосу (кассалык операцияларды жүргүзүү, фискалдаштыруу, ККМге эксплуатациялык документтерде көрсөтүлгөн каттоо маалыматтарын жана башка функцияларды киргизүү);

- ККМди пайдалануу менен жүргүзүлгөн кассалык операциялар жөнүндө маалыматтарга кирүүгө жана программалык камсыздоону санкцияланбаган модификациялоодон коргоого багытталган чаралардын комплекси;

- программалык-аппараттык же программалык каражат, анын жардамы менен тиешелүү сертификаттоодон өткөн ККМдин программалык бөлүгүнүн модификациялоосу текшерилет.

 

2

ККМ электр коопсуздугунун, анын ичинде электр магниттик нурлануунун талаптарына ылайык келиши керек.

 

3

Фискалдык эстутумдун болушу. ККМде фискалдык эстутумдун көлөмү 1000 нөөмөттүк жазуудан кем болбоого тийиш.

 

4

Электрондук контролдоо тасмасы эстутум түзүлүшүндө жайгаштырылууга жана фискалдык маалыматтарды энергияга көз карандысыз узак убакытка сактоону (катары менен 1095 күндөн кем эмес), ошондой эле корголгон, шифрдүү, оңдолбогон каттоону камсыз кылууга тийиш.

Электрондук контролдоо тасмасында катталган маалымат ККМди фискалдык режимге которгон учурдан тартып каттоо мезгилинде сакталышы керек.

Электрондук контролдоо тасмасы жок болгон моделдерде бул талап ФМБТ ККМге кошуу жолу менен аткарылат.

5

Ушул таблицанын 22-сабында көрсөтүлгөн кассалык чектерди жана отчетторду басып чыгаруу үчүн түзүлүштүн болушу же аны кошуу мүмкүнчүлүгү

 

6

Контролдук эсептегичтердин (операциялык регистрлердин) разряддары, көрсөткүчтөрдүн саны менен өчүрүүлөрдүн саны 4төн кем эмес

 

7

Иштин негизги режимдерин программалоо

 

8

Программалык пароль же ККМди жеткирүү комплектине кирген ачкычтарынын саны 4 разряддан кем эмес номерлүү ачкычтар. Программалык паролдор менен эң кеминде ККМдин төмөнкү иш режимдери корголууга тийиш:

- эсептешүү операцияларынын режими;

- программалоо режими;

- көрсөткүчтөрдү алуу режими;

- өчүрүү режими;

- фискалдаштыруу режими (салык инспекторунун).

 

9

Акча суммаларын чагылдыруу ККМди эксплуатациялоо документтеринде көрсөтүлгөн бөлгүч аркылуу сомду тыйындан ажыратуу менен жүргүзүлөт.

 

10

8ден кем эмес акча эсептегичтердин (регистрлердин) разряддары

 

11

Ушул таблицанын 22-сабында көрсөтүлгөн кассалык чектерди түзүүнүн алдында электрондук контролдоо тасмасына кассага/дан киргизүүнү жана төлөөнү кошпогондо, бардык жасалган операциялар боюнча фискалдык маалыматтарды милдеттүү түрдө сактоо.

Кассага/дан киргизүү жана төлөө операцияларын аткарууда маалыматтар ККМдин нөөмөтү жабылганга чейин ыкчам эстутум түзүлүшүндө сакталат

12

Электрондук контролдоо тасмасында жүргүзүлгөн эсептик операциялардын саны жана электрондук контролдоо тасмасындагы жазуулардын сакталган саны 1 нөөмөттө 1000ден кем эмес чекти түзүүгө тийиш

 

13

Бир жолу пайдалануу процессинде (фискалдык режимде) маалымат жазылган электрондук контролдоо тасмасы ар кандай жагдайларда жана/же шартта кайталап жазуу жана/же селективдүү өчүрүү үчүн жеткиликсиз болууга тийиш.

Эгер эстутум толуп калса, электрондук контролдоо тасмасы мурда сакталган фискалдык маалыматтардын бардыгын ЫУСОнун жана\же ФМОнун серверине өткөрүп берген шартта гана операциялардын номерлеринин ыраатын сактоо менен эстутумду нөлгө барабар кылуу функциясын колдонушу керек

14

Электрондук контролдоо тасмасында бардык фискалдык маалыматтарды сактабастан нөөмөттү жабуунун мүмкүн эместиги

 

15

Автоматтык тесттердин болушу:

Автоматтык түрдө тестирлөө ККМди ишке киргизүүдө (нөөмөттүн башында) жана нөөмөттүн аягында (Z-отчетту алууда) жүргүзүлөт.

 

 

 

 

- негизги блокторду жана түйүндөрдү тестирлөө;

- программалык камсыздоону тестирлөө;

- фискалдык эстутумда жана электрондук контролдоо тасмасында сакталган маалыматтардын бүтүндүгүн тестирлөө жана контролдоо;

Аталган талап электрондук контролдоо тасмасынын жана фискалдык эстутумдун маалыматтарын салыштыруу жолу менен ишке ашырылат.

- ЫУСО сервери менен байланышты тестирлөө.

Аталган талап иш процессинде тесттик билдирүүнү жөнөтүү жана жооп алуу жолу менен ишке ашырылат.

Тесттик билдирүүнү жөнөтүү жана жооп алуу убактысы 10 секунддан ашпашы керек.

ЫУСОнун жана/же ФМОнун серверинен 10 секунд убакыттан ашык жооптун жок болушу тестирлөөнүн терс өтүшү болуп таанылат.

16

24 сааттан ашпоого тийиш болгон нөөмөттүн узактыгын контролдоо функциясынын болушу

Нөөмөт ичинде биринчи чекти тариздөөнүн аякталышы нөөмөттүн узактыгын эсептөө башталган учур болуп эсептелет

17

ЫУСОнун жана/же ФМОнун сервери менен байланышты жоготуу жөнүндө билдирүүнү чыгаруу функциясынын болушу

ЫУСО жана ФМОнун сервери менен байланыш  болбогон учурда ККМ “сервер менен байланыш жок” деген билдирүүнү экранга чыгарууга жана/же чек тасмасына басып чыгарууга тийиш.

18

 

 

 

 

ККМди блокко коюу:

 

- ККМдин фискалдык режими активациялангандан кийин фискалдык эмес режимде иштөө аракети жасалганда;

 

- ЫУСОнун жана/же ФМОнун сервери менен байланыш болбогон учурларды кошпогондо, автоматтык тестирлөө терс өткөн учурда;

 

- ЫУСОнун жана/же ФМОнун сервери менен байланыш 72 сааттан ашык убакытта болбогон учурда;

ЫУСОнун жана ФМОнун сервери менен байланыштын тестирлөөсү терс өткөн учурда ККМ “сервер менен байланыш жок” деген  билдирүүнү экранга чыгарууга жана/же чек тасмасына басып чыгарууга тийиш.

ККМди блокко коюу ЫУСОнун жана/же ФМОнун сервери менен байланышын кайра жаңылангандан кийин автоматтык түрдө алынууга тийиш

- кассалык чектерди жана отчетторду басып чыгаруу үчүн түзүлүштө чек тасмасы жок болсо же үзүлсө;

 

- нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзгөнгө чейин нөөмөттүн узактыгы 24 сааттан ашкан учурда;

ККМдин каттоочу функцияларын блокко коюу нөөмөттү жабуу операциясы жүргүзүлгөндөн кийин алынууга тийиш.

- кассир тарабынан операциялар туура эмес аткарылган учурда;

 

- нөөмөттү жабуу операциясы аяктаганга чейин жалпы өчүрүү, кайра фискалдаштыруу, фискалдык отчетун алуу жана датасын оңдоо операцияларын жүргүзүү аракети жасалганда;

ККМдин бул функциясын аткарууну блокко коюу ККМди жалпы өчүрүү операциялары жүргүзүлгөндөн кийин алынууга тийиш.

- ККМди жалпы өчүрүү операциясын жүргүзбөстөн ондук чекиттин абалын өзгөртүү аракети жасалганда;

ККМдин бул функциясынын аткарылышын блокко коюу ККМди жалпы жабуу операциялары жүргүзүлгөндөн кийин алынууга тийиш.

- ККМдеги датаны туура эмес киргизген жана/же туура эмес оңдолгон учурда;

ККМдин каттоочу функциясын блокко коюу туура датаны киргизгенден кийин алынууга тийиш.

- фискалдык эстутумга жана электрондук контролдоо тасмасына маалыматтар жазылгандан кийин жүргүзүлгөн операцияларды жокко чыгаруу аракети жасалган учурда же ККМде басып чыгарылуучу документти жараксыз кылуучу

авариялык кырдаалдар пайда болгон учурда; 

 

 

 

 

 

 

- ККМдин фискалдык режиминде иштеген фискалдык эстутум жана электрондук контролдоо тасмасы толуп кеткенде жана/же бузулганда (фискалдык эстутум өчүрүлсө);

ККМдин каттоочу функциясын блокко коюу ошол блокко коюуга алып келген себептер четтетилгенден кийин алынууга тийиш.

Мында ККМ өчүрбөстөн нөөмөттүк жана топтолгон отчетторду алууга, ал эми фискалдык эстутум толуп кеткенде фискалдык отчетту алууга уруксат берет.

- фискалдык эстутумга жана электрондук контролдоо тасмасына санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүн алуу аракети жасалса, анын ичинде  фискалдык эстутумга туура эмес паролду киргизүүдө;

Туура паролду киргизгенге чейин бардык операциялардын аткарылышы жана паролду киргизүү режиминен чыгуу блокко коюлат.

- программалык камсыздоого жана кассалык операциялар жөнүндө маалыматтарга санкцияланбаган кирүү мүмкүндүгүн алууда жана модификациялоо аракетинде;

 

- ЫУСОнун жана/же ФМОнун серверинен салык кызматынын органдары тарабынан коюлган касса боюнча операцияларды токтотуу жөнүндө талабы менен билдирүүнү алганда;

 

Кассалык нөөмөттү ачууда ККМде салык кызмат органдарынын (экранында же  чек тасмасына мөөр менен) талабы боюнча ККМдин блокко коюлгандыгы жөнүндө билдирүү чыгарылууга тийиш.

19

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аткарылуучу кассалык операциялардын курамы:

- акчалай сумманы эсепке алуу (сатуу/сатып алуу);

- товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды каттоо;

- товарларды идентификациялоо каражаттарын каттоо (товарларды маркалоо);

- орто аралыктагы жыйынтыктарды эсептөө;

- кайтарып берилүүчү сумманы эсептөө;

- жалпы жыйынтыктарды эсептөө (сатуу/сатып алуу жана кайтаруу);

- автоматтык түрдө басып чыгаруу менен акчалай жана операциялык регистрлердин көрсөткүчтөрүн алуу;

- автоматтык түрдө басып чыгаруу менен акчалай регистрлерди өчүрүү;

- накталай жана накталай эмес эсептешүү;

 

- кассага салуу;

- кассадан төлөп берүү;

 

Кассага/дан акча салуу жана төлөп берүү операциялары учурдагы жана мурунку нөөмөттөр үчүн нөөмөттүк жыйынтыгын азайтпайт (өзгөртпөйт). Отчёттордо кассага/дан салынган жана  төлөнгөн акчалардын суммасы өзүнчө саптарда чыгарылат.

- чек тасмасы айрылып кетсе, чек басып чыгууда каталар болсо, чекти басып чыгаруу учурунда электр өчүрүлсө, электрондук контролдоо тасмасына жана фискалдык эстутумга маалыматтар жазылганга чейин сумманы туура эмес киргизген учурларда чек жокко чыгарылат;

ККМдин эместөөчү эсептегичине маалыматтарды жазгандан кийин чектерди жокко чыгарууга тыюу салуу.

- пайыздык үстөгүн/арзандатууну эсептөө;

- кайтарып берүү (сатуу/сатып алуу);

 

Кайтарып берүү операциясы учурдагы жана өткөн нөөмөттүн нөөмөттүк жыйынтыгын азайтпайт (өзгөртпөйт). Отчеттордо кайтарып берүү суммалары өзүнчө саптарда чыгарылат

- электрондук контролдоо тасмасына жана фискалдык эстутумга маалыматтарды жазганга чейин кассирдин/кардардын катасын оңдоо;

 

- кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты эсептөө;

 

20

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электрондук контролдоо тасмасына сакталган маалымат:

 

- ККМдин заводдук номери;

- идентификациялык салык номери (ИСН);

- ККМдин каттоо номери;

 

-          ФМБТнын сериялык номери;

ФМБТ кошулган ККМдин моделдери үчүн

-          фискалдаштыруу датасы;

 

- чектердин жана отчёттордун (операциялардын) катар номерлери;

 

- операциялардын датасы/убактысы;

 

-          операциянын (сатуунун, сатып алуунун жана кайтаруунун) түрү;

 

- криптографиялык текшерүү коду;

 

- сатылган/кайтарылган товарлардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган иштердин аталышы, коду, саны жана 1 бирдигинин баасы;

Товардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иштердин коду 16 белгиден ашпоого тийиш

 

- сатылган/кайтарылган товарларды идентификациялоо (товарды маркалоо) каражаттарынын коду;

Товарды идентификациялоо (товарды маркалоо) каражаттарынын коду 16 белгиден ашпоого тийиш

 

- сатылган/кайтарылган товарлардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган иштердин суммасы;

- төлөмдөрдүн түрлөрү (накталай, накталай эмес)

 

21

ККМ төмөнкүлөрдүн болуу мүмкүнчүлүгүн жок кылууга тийиш:

 

- ККМди колдонуучу тарабынан программалык бөлүгүн өзгөртүү;

 

- ККМдин баштапкы функцияларын өзгөртүүнү караган ККМдин программалык бөлүгүн автоматтык түрдө жаңылоо;

 

- ККМде сакталган жана ЫУСОго жана/же ФМОго берилген маалыматтарга оңдоолорду киргизүү;

 

- электрондук контролдоо тасмасында жана фискалдык эстутумда маалыматтарды сактабастан кассалык чектерди жана отчётторду басып чыгаруу;

 

- электрондук контролдоо тасмасынан контролдук-кассалык чектин номерин албастан фискалдык режимдин айырмалоочу белгисин чыгаруу;

 

- ККМди башкаруунун башка программаларын туташтыруу;

 

- фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды өзгөртүү жана алуу үчүн ККМге аралыктан туташуу;

 

-          фискалдык эмес режимде ЫУСО жана/же ФМО серверине кошуу.

 

 

ККМ тарабынан түзүлүүчү чектерге жана башка документтерге карата талаптар

22

ККМ кагаз жана/же электрондук түрдө төмөнкүлөрдү түзүүгө жана берүүгө тийиш:

Эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүштүн курамында колдонулуучу ККМдин моделдеринде контролдук-кассалык чектен сырткары, кассалык чектерди жана отчетторду электрондук формада гана түзүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.

Ошондой эле Интернет тармагында электрондук төлөм каражаттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдө колдонулуучу ККМдин моделдеринде кассалык чектерди жана отчетторду электрондук формада түзүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.

Эсептешүүлөр үчүн автоматтык түзүлүштүн курамында жана Интернет тармагында колдонулуучу ККМдин моделдеринде сатып алуучунун же кардардын абоненттик номерине же электрондук почтасынын дарегине электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти берүү функционалы болууга тийиш.

Кассалык чектерде жана отчеттордо чагылдырылуучу маалымат ККМдин конкреттүү моделине карата эксплуатациялык документтерге ылайык түзүлөт

- фискалдык отчётту;

- контролдук-кассалык чекти;

- суткалык отчётту (Z-отчёт)

- аралык отчётту (Х-отчет);

- кайтаруу чегин;

- салуу жана төлөө чектерин;

- ККМдин конкреттүү моделине карата эксплуатациялык документтерге ылайык секциялар боюнча отчетту жана башка отчётторду;

- электрондук контролдоо тасмасынын маалыматтарынын негизинде түзүлгөн отчетту.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

23

Фискалдык отчеттордо чагылдырылуучу маалыматтар төмөнкүлөр:

 

- отчеттун аталышы;

 

- субъекттин аталышы;

 

- идентификациялык салык номери (ИСН);

 

- операциянын туташ катар номери;

 

- отчетту алуу күнү;

 

- отчёт түзүлгөн мезгил же нөөмөттүн диапазону;

 

- ККМдин заводдук номери;

 

- ФМБТнын сериялык номери;

ФМБТ кошулган ККМдин моделдери үчүн.

- ККМ фискалдаштыруунун реквизиттери (паролдон тышкары);

 

- бардык жүргүзүлгөн ККМ кайра фискалдаштыруунун реквизиттери (паролдон тышкары);

 

- нөөмөттүн конкреттүү жыйынтыгы катталган датаны жана жабылган номерди (анын ичинде төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча) көрсөтүү менен мезгил ичиндеги нөөмөттүк сатуулардын/ сатып алууулардын жана кайтаруулардын бардык жыйынтыктары;

Реквизиттер толук фискалдык отчет алынганда гана чыгарылат

- мезгил ичиндеги сатуулардын суммалык жыйынтыгы;

Эгерде фискалдык отчет алынып жаткан мезгилде ондук чекиттин абалы өзгөрсө, анда реквизиттер ККМде белгиленген ондук чекиттен кийинки белгилердин максималдуу санын камтыган форматта алмаштыруу бюролорундагы ККМ үчүн да кайра эсептелүүгө жана басылып чыгарылууга тийиш

- мезгил ичиндеги сатып алуулардын суммалык жыйынтыгы;

- мезгил ичиндеги кайтаруулардын суммалык жыйынтыгы.

 

 

 

 

 

24

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Контролдук-кассалык чекте көрсөтүлүүчү маалыматтар төмөнкүлөр:

 

- чектин аталышы;

 

- ККМдин заводдук номери;

 

- идентификациялык салык номери (ИСН)

 

- субъекттин аталышы;

 

- ККМдин каттоо номери;

 

- ФМБТнын сериялык номери;

ФМБТ кошулган ККМдин моделдери үчүн.

- операциянын туташ катар номери;

 

- чектин катар номери;

Контролдук-кассалык чекте көрсөтүлүүчү катар номери ЫУСО жана/же ФМО серверине берилген жана сакталган номерге ылайык келиши керек

- чектин катталган күнү жана убактысы;

 

- криптографиялык текшерүү коду;

 

- сатылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин аталышы, коду, саны жана 1 бирдиги үчүн баасы;

 

- сатылган товарды идентификациялоо (товарды маркалоо) каражаттарынын коддору;

 

- сатылган товарлардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган иштердин суммаларынын жыйынтыгы;

 

- салык режими;

 

- ЫУСО жана/же ФМОнун сервери менен байланыштын бар экендиги тууралуу маалымат;

ЫУСО жана/же ФМО сервери менен байланыш жок учурда, чекте “Сервер менен байланыш жок” деген билдирүү көрсөтүлүүгө тийиш

- фискалдык белги (фискалдык режим тууралуу ырастоо);

 

- кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын чендери жана суммалары;

Субъект тарабынан атайын салык режими боюнча иштер жүргүзүлгөн учурда, салыктардын суммасы “0” мааниси менен көрсөтүлөт

- чектин маалыматын камтыган QR-коду;

 

- контролдук-кассалык чектин электрондук формасын текшерүү жана алуу маалымат порталынын дареги;

 

- төлөмдүн түрү ( накталай, накталай эмес);

 

- сатып алуучунун же кардардын аталышы жана идентификациялык салык номери (ИСН) ;

 

 

 

Субъекттердин ортосундагы акчалай эсептешүүлөрдө колдонулуучу ККМдин моделдери үчүн талап

 

 

- валютанын саны, түрү жана курсу;

 

 

Накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө колдонулуучу ККМдин моделдери үчүн талаптар

 

- эсептешүүнүн кошумча белгилери (агенттин белгиси, алдын ала төлөө (аванс) жана посттөлөө (кредит) боюнча эсептешүүнүн белгиси);

 

 

- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча маалыматтар;

 

Банктык төлөм карточкаларынын жардамы менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү ККМдин моделдери үчүн талап

 

- Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча маалыматтар;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы алымсыз соода дүкөндөрүндө колдонулуучу ККМдин моделдери үчүн талап

 

 

25

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кайтаруу чегинде көрсөтүлүүчү маалыматтар:

 

- чектин аталышы;

 

- ККМдин заводдук номери;

 

- идентификациялык салык номери (ИСН);

 

- субъекттин аталышы;

 

- ККМдин каттоо номери;

 

- ФМБТнын сериялык номери;

ФМБТ кошулган ККМдин моделдери үчүн

- операциянын туташ катар номери;

 

 

- чектин катар номери;

 

Кайтаруу чегинде көрсөтүлүүчү катар номери ЫУСО жана/же ФМО серверине берилген жана сакталган номерге ылайык келүүгө тийиш

- чектин катталган күнү жана убактысы;

 

- криптографиялык текшерүү коду;

 

- ЫУСО жана/же ФМО сервери менен байланыштын бар экендиги жөнүндө маалымат;

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЫУСО жана/же ФМО сервери менен байланыш жок учурда, чекте “Сервер менен байланыш жок” деген билдирүү көрсөтүлүүгө тийиш

- фискалдык белги (фискалдык режим тууралуу ырастоо);

 

- кайтаруу таризделүүчү чектин катар номери;

 

- эсептешүүнүн кошумча белгилери (агенттин белгиси, кайтаруу таризделүүчү чек боюнча алдын ала төлөө (аванс) жана посттөлөө (кредит) боюнча эсептешүүнүн белгиси);

 

- кайтарылуучу товардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган иштердин аталышы, коду, саны жана 1 бирдигинин баасы;

 

- кайтарылуучу товардын (товарды моркировкалоо) идентификациялоо каражаттарынын коддору;

 

- кайтарылуучу товардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган иштердин суммаларынын жыйынтыгы;

 

- төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча (накталай, накталай эмес) кайтаруунун суммасы;

 

- кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын чендери жана суммалары;

Субъект тарабынан атайын салык режимдери боюнча иштер жүргүзүлгөн учурда, салыктардын суммасы “0” мааниси менен көрсөтүлөт

 

- сатып алуучунун же кардардын аталышы жана идентификациялык салык номери (ИСН);

Субъекттердин ортосундагы акчалай эсептешүүлөрдө колдонулуучу ККМдин моделдери үчүн талап

26

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суткалык отчётто (Z-отчет) көрсөтүлүүчү маалыматтар:

 

- отчеттун аталышы;

 

- ККМдин заводдук номери;

 

- идентификациялык салык номери (ИСН);

 

- субъекттин аталышы;

 

- ККМдин каттоо номери;

 

- ФМБТнын сериялык номери;

ФМБТ кошулган ККМдин моделдери үчүн

 

- операциянын туташ катар номери;

 

- отчеттун катар номери (нөөмөттүн номери);

Суткалык отчетто көрсөтүлүүчү катар номери ЫУСО жана/же ФМО серверине берилген жана сакталган номерге ылайык келүүгө тийиш

- отчеттун чыгарылган күнү жана убактысы;

 

- криптографиялык текшерүү коду;

 

 

- ЫУСО жана/же ФМО сервери менен байланыштын бар экендиги жөнүндө маалымат;

ЫУСО жана/же ФМО сервери менен байланыш жок учурда, отчетто “Сервер менен байланыш жок” деген билдирүү көрсөтүлүүгө тийиш

- ЫУСО жана/же ФМО сервери менен акыркы сигналдын күнү жана убактысы;

 

- фискалдык белги (фискалдык режим тууралуу ырастоо);

 

- нөөмөт ичинде түзүлгөн операциялар боюнча чектердин жана документтердин жалпы саны;

 

- нөөмөт ичинде сатылган/кайра кайтарылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин жалпы саны;

 

- нөөмөт ичинде сатылган/кайра кайтарылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин жалпы суммасы;

 

- нөөмөт ичинде төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча жалпы сумма (накталай, накталай эмес) ;

 

- нөөмөт ичинде салуулардын жана төлөмдөрдүн жалпы суммасы;

 

- ККМ фискалдык режимге которулган учурдан тартып сатылган/кайра кайтарылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтын жана аткарылган иштин жалпы суммасы (жокко чыгарылбаган);

 

- ККМ фискалдык режимге которулган учурдан тартып төлөмдөрдүн түрлөрү (накталай, накталай эмес) боюнча жалпы сумма (жокко чыгарылбаган);

 

- ЫУСО жана/же ФМО серверине өткөрүп берүү үчүн күтүлгөн маалыматтардын саны жөнүндө маалымат

 

27

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аралык отчетто (Х-отчет) чагылдырылуучу маалыматтар:

 

- отчеттун аталышы;

 

- ККМдин заводдук номери;

 

- идентификациялык салык номери (ИСН);

 

- субъекттин аталышы;

 

- ККМдин каттоо номери;

 

- ФМБТнын сериялык номери;

ФМБТ кошулган ККМдин моделдери үчүн.

- операциянын туташ катар номери;

 

- отчеттун чыгарылган күнү жана убактысы;

 

- ЫУСО жана/же ФМО сервери менен байланыштын бар экендиги жөнүндө маалымат;

ЫУСО жана/же ФМО сервери менен байланыш жок учурда, отчетто “Сервер менен байланыш жок” деген билдирүү көрсөтүлүүгө тийиш

- ЫУСО жана\же ФМО сервери менен акыркы сигналдын күнү жана убактысы;

 

- фискалдык белги (фискалдык режим тууралуу ырастоо);

 

- нөөмөт ичинде түзүлгөн операциялар боюнча чектердин жана документтердин жалпы саны;

 

- нөөмөт ичинде сатылган/кайра кайтарылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин жалпы саны;

 

- нөөмөт ичинде сатылган/кайра кайтарылган товардын,  көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин жалпы суммасы;

 

- нөөмөт ичинде төлөмдөрдүн жана салуулардын жалпы суммасы;

 

- ЫУСО жана/же ФМО серверине өткөрүп берүү үчүн күтүлгөн маалыматтардын саны жөнүндө маалымат

 

28

Салуу жана төлөө чектеринде көрсөтүлүүчү маалымат:

 

- чектин аталышы;

- ККМдин заводдук номери;

- идентификациялык салык номери (ИСН);

- субъекттин аталышы;

- ККМдин каттоо номери;

- операциянын туташ катар номери;

- салуулардын жана төлөп берүүлөрдүн суммасы;

ЫУСО жана/же ФМО сервери менен иштөөгө коюлуучу талаптар

29

ККМ өткөргүчтүү жана өткөргүчсүз байланыш каналдары (UMTS, LTE, Ethernet, LAN,          WLAN жана башка маалыматтарды берүүнүн жаңы муундагы технологиялары) аркылуу маалыматтарды кабыл алуунун-берүүнүн каналдарын колдоого тийиш

Маалыматтарды берүү модулу жок ККМдин моделдеринде аталган талап ККМге ФМБТны кошуу жолу менен аткарылат

30

ККМден маалыматтарды ЫУСО жана/же ФМО серверине кабыл алуу-берүү TCP/IP кошулуу протоколун колдонуу менен корголгон VPN каналы боюнча ишке ашырылат

TCP/IP кошулуу протоколу ЫУСО тарабынан бекитилет

31

Фискалдык маалыматтар түзүлгөндөн жана аларды ЫУСО жана/же ФМО сервери алгандан кийин маалыматтарды берүү-кабыл алуу убактысы 10 секунддан ашпоого тийиш

Маалыматтарды берүү модулу жок моделдерде аталган талап ККМге ФМБТны кошуу жолу менен аткарылат

32

ККМ аутентификациялоонун криптографиялык коду боюнча ЫУСО жана/же ФМО серверинде авторизацияланууга жана ЫУСО жана/же ФМО серверине берилүүчү фискалдык маалыматтардын аныктыгын камсыз кылууга тийиш

Маалыматтарды берүү модулу жок моделдерде аталган талап ККМге ФМБТны кошуу жолу менен аткарылат

33

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ККМ маалыматтарды ЫУСО жана/же ФМО серверине берүүгө тийиш:

Маалыматтарды берүү модулу жок моделдерде аталган талап ККМге ФМБТны кошуу жолу менен аткарылат

1) төмөнкү маалыматтарды камтып жүргүзүлүүчү кассалык операциялар жөнүндө:

 

 

- ККМдин заводдук номерин;

 

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИСН);

 

- ККМдин каттоо номерин;

 

- ФМБТнын сериялык номерин;

ФМБТ кошулган ККМдин моделдери үчүн

- операциялардын түрүн (сатуу, сатып алуу жана кайтаруу);

 

- чектин катар номерин;

 

- чектин катталган күнүн жана убактысын;

 

- кайтаруу таризделүүчү чектин катар номерин;

Кайтаруу чеги түзүлгөн учурда

- криптографиялык текшерүү кодун;

 

- сатылган/кайтарылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин коду, саны жана 1 бирдигинин баасы;

 

- сатылган/кайтарылган товарды идентификациялоо (товарды маркалоо)  каражатынын коду;

 

- сатылган/кайтарылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган иштердин суммаларынын жыйынтыгы;

 

- кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын чендери жана суммалары;

Субъект тарабынан атайын салык режимдери боюнча иштер жүргүзүлгөн учурда, салыктардын суммасы “0” мааниси менен көрсөтүлөт

- сатып алуучунун же кардардын аталышы жана идентификациялык салык номери (ИСН);

Субъекттердин ортосундагы акчалай эсептешүүлөрдө колдонулуучу ККМдин моделдери үчүн талап

- төлөмдүн түрү (накталай, накталай эмес).

 

- эсептөөнүн кошумча белгилери (агенттин белгиси, алдын ала төлөө (аванс) жана посттөлөө (кредит) боюнча эсептешүүнүн белгиси);

 

2) төмөнкүлөрдү камтыган нөөмөттү жабуу жөнүндө:

 

- ККМдин заводдук номерин;

 

- идентификациялык салык номерин (ИСН);

 

- ККМдин каттоо номерин;

 

- ФМБТнын сериялык номерин;

ФМБТ кошулган ККМдин моделдери үчүн

- отчеттун катар номерин ( нөөмөттүн номери);

 

- отчеттун чыгарылган күнү жана убактысын;

 

- криптографиялык текшерүү кодун;

 

- нөөмөт ичинде түзүлгөн операциялар боюнча чектердин жана документтердин жалпы саны;

 

- нөөмөт ичинде сатылган/кайтарылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтын же аткарылган иштин жалпы суммасы;

 

 

 

- нөөмөттүн ичинде төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча (накталай, накталай эмес) жалпы сумма;

 

34

ККМ ЫУСО жана/же ФМО серверинен төмөнкү билдирүүлөрдү алууга тийиш:

 

- байланыштын бар экендиги жөнүндө тесттик билдирүүгө жоопту;

 

- салык кызматынын органдарынын касса боюнча операцияларды токтото туруу жөнүндө талабы менен билдирүүсүн;

 

- ЫУСО жана/же ФМО серверине фискалдык маалыматтарды кабыл алуу (каттоо) же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө билдирүүнү

ККМ тарабынан берилүүчү фискалдык маалыматтарды камтыган билдирүүнүн толук эмес же туура эмес форматы алынган учурда, 

фискалдык маалыматтарды кабыл алуудан (каттоодон) баш тартуу жөнүндө билдирүү ЫУСО жана/же ФМО сервери тарабынан берилет

Эскертүү.

1-таблицада берилген шарттуу белгилер:

“ККМ” - контролдук-кассалык машина;

“ФМБТ” - фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү;

 “ТСР/IР” - маалыматтарды берүүнүн тармактык протоколу;

“QR-код”- матрицалык коду (эки өлчөмдүү штрих-коду);

“ЫУСО” – ыйгарым укуктуу салык органы;

“ФМО”- Фискалдык маалыматтардын оператору;

“VPN (Virtual Private Network)” – виртуалдык жабык тармак.

4. Фискалдык эстутум фискалдык эстутумдун бир же бир нече топтогучтарына ээ болууга тийиш. Пайдалануу процессинде бир жолу маалымат жазылган (фискалдык режиминде) фискалдык эстутумду топтоочу зона кандай шартта болбосун кайталап жазууга жана/же селективдүү өчүрүүгө жол бербеши керек.

Фискалдык эстутумдун конструкциясы штаттык приборлорду, жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды колдонуу менен ККМ иштеген учурда, ошондой эле техникалык тейлөөдө жана оңдоодо механикалык, электромагниттик жана таасир этүүлөрдүн башка түрлөрүнөн коргоого тийиш.

Фискалдык эстутумду топтоочу блок конструкциясында же ККМдин курамындагы ККМди жалпы каптоочунун алдында жайгаштырылышы керек. Фискалдык эстутумду топтогучту башкача жайгаштырууга жол берилбейт.

5. Фискалдык эстутумда катталуучу маалыматтар 2-таблицада берилген.

 

 

2-таблица

 

Жазуунун түрү

Реквизит

Реквизиттин разряддуулугу (ондук белгилер)

Жазуулар-дын саны

ККМдин номери

ККМдин заводдук номери

7 min

1

ККМди фискалдаштыруу

ККМдин каттоо номери

6 min

1

Субъекттин ИСНи

14 min

 

ККМ фискалдаштырылган дата

6 min

 

Кайра фискалдаштыруу жана фискалдык отчет алуу үчүн пароль

5 min

 

ККМди кайра фискалдаштыруу

ККМдин каттоо номери

6 min

 

Субъекттин ИСНи

14 min

4 min

ККМ кайра фискалдаштырылган дата

6 min

 

Кайра фискалдаштыруу жүргүзүүнүн алдында нөөмөттү акыркы жабуудагы фискалдык эстутумдагы жазуунун номери

4 min

4 min

Кайра фискалдаштыруу жана фискалдык отчет алуу үчүн пароль

5 min

 

Нөөмөттү жабуу

Нөөмөттүн отчетунун датасы

6 min

 

Нөөмөттү жабуу номери

4 min

 

Нөөмөттүк сатуулардын жыйынтыгы

9 min

1000 min

Нөөмөттүк сатып алуулардын жыйынтыгы

9 min

 

Кызматтык маалымат (милдеттүү түрдө)

Жазуулардын контролдук суммасы

Даярдоочу тарабынан аныкталат

Фискалдык эстутумда катталуучу жыйынтыктардын маанисинде үтүр жайгашкан жер

Эскертүү: нөөмөттүк сатуулардын жыйынтыгынын жана нөөмөттүк сатып алуулардын жыйынтыгынын каттоолорунун разряддуулугу ККМдин тийиштүү акчалай каттоолорунун разряддуулугунан кем болбоого тийиш (1-таблицанын 10-сабында).

Фискалдык эстутумдун топтогучунда катталган маалыматтар ККМ фискалдык режимге которулган учурдан тартып, каттоо мезгилинин ичинде сакталууга тийиш.

Ушул Талаптардын 1-таблицасында көрсөтүлгөн ККМге карата жалпы техникалык талаптардын аткарылышын камсыздоо максатында ККМдин маалыматтарды берүү модулу жана/же электрондук контролдоо тасмасы жок моделдеринде ККМ фискалдык маалыматтарды  берүүнүн кошумча түзүлүшүн туташтыруу мүмкүнчүлүгүн карашы керек.

Фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү чечилбеген корпуста же ККМ курамында аткарылууга тийиш жана ККМге туташтыруу үчүн ажыратуу, ошондой эле интернет тармагына туташтыруу мүмкүнчүлүгү  болушу керек.

Фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнүн конструкциясы штаттык приборлорду, жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды колдонуу менен ККМ иштеген учурда, ошондой эле техникалык тейлөөдө жана оңдоодо механикалык, электромагниттик жана таасир этүүлөрдүн башка түрлөрүнөн коргоого тийиш.

3. ККМди фискалдаштырууга карата талаптар

 

10. ККМ фискалдык эмес жана фискалдык режимдерде иштөөнү камсыз кылууга тийиш.

11. Фискалдык эмес режим электрондук контролдоо тасмасында, фискалдык эстутумда жана\же ыйгарым укуктуу салык органынын серверинде фискалдык маалыматтарды каттоо жана фискалдык отчетторду алуу функциялары активдүү болгон ККМдин иштөө режиминен сырткары, ККМдин бардык функцияларын, анын ичинен сатуулар жөнүндө маалыматтарды топтоо жана ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтерине ылайык документтерди түзүү функцияларын колдоого тийиш.

12. Фискалдык режимди кошууда ККМ фискалдык эмес режимде иштөө мүмкүндүгүн блокировкалоого тийиш.

13. Фискалдык режим ККМдин пайдалануу документтерине толук шайкеш иштөөсүн камсыз кылууга тийиш. Фискалдык режимдеги ККМде таризделүүчү бардык документтер (фискалдык маалыматтарды камтыбаган документтерден тышкары) ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтеринде көрсөтүлгөн жана фискалдык маалыматтарды түзүү аяктагандан кийин гана басып чыгарылуучу так айырмалоо белгисине ээ болууга тийиш.

14. ККМди фискалдаштыруу ККМди даярдоочу завод тарабынан белгиленген фискалдык эстутумга кирүүнүн баштапкы паролу киргизилгенден кийин жүргүзүлөт.

Кирүүнүн баштапкы паролу, фискалдаштыруу жана кайра фискалдаштыруу жүргүзүү тартиби ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

15. Фискалдык режимди кошуу ККМди фискалдаштыруу аяктагандан жана маалыматтарды берүү модулун активдештиргенден кийин жүргүзүлүүгө тийиш.

16. Фискалдаштыруу жүргүзүлгөндөн кийин фискалдык режим өчүрүлбөйт.

17. ККМди фискалдаштырууда төмөнкү реквизиттер киргизилет:

- ККМдин заводдук номери;

- ККМдин каттоо номери;

- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

- аутентификациялоонун криптографиялык коду;

- фискалдаштыруу жүргүзүлгөн дата;

- фискалдык эстутумга кирүүнүн паролу.

18. Эгерде, ККМдин заводдук номери фискалдык эстутумга аны жасаган ишканада киргизилсе, анда фискалдаштырууда ал киргизилбейт.

19. Фискалдаштыруу же кайра фискалдаштыруу процесси маалыматтарды берүү модулун жана электрондук контролдоо тасмасын активдештирүүнү камтууга тийиш.

ККМди кайра фискалдаштыруу процесси ККМ бузулган же фискалдык эстутуму толуп калган учурларда жүргүзүлөт.

20. Фискалдаштырууда же кайра фискалдаштырууда киргизилүүчү реквизиттер (фискалдык эстутумга кирүү паролунан тышкары) басылып чыгарылууга тийиш.

21. ККМди кайра фискалдаштырууда төмөнкү реквизиттер киргизилет:

- ККМдин каттоо номери;

- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;

- аутентификациялоонун криптографиялык коду;

- кайра фискалдаштыруу жүргүзүлгөн дата;

- кайра фискалдаштыруу жүргүзүүнүн алдында нөөмөттү акыркы жабуудагы фискалдык эстутумдагы жазуунун номери;

- фискалдык эстутумга кирүүчү жаңы пароль.

22. Нөөмөттүк отчеттун маалыматтары нөөмөттү жабуу операциясын жүргүзүүдө (өчүрүү менен нөөмөттүк отчетту ККМде түзүүдө) фискалдык эстутумда катталууга тийиш. Мында акчалай нөөмөттүк каттоолорду өчүрүү нөөмөттүк отчет түзүлгөндөн жана маалыматтар фискалдык эстутумга ийгиликтүү катталгандан кийин гана жүргүзүлөт.

23. Учурдагы датаны киргизүүдө ККМ киргизилген датанын тууралыгын контролдошу керек, ал фискалдаштыруу же кайра фискалдаштыруу жүргүзүлгөн датаны кошкондо, реалдуу датага дал келип, фискалдык эстутумда акыркы жазуу жүргүзүлгөн датадан эрте болбошу керек.

24. Кыйла эрте датаны киргизүүгө аракет жасалса, ККМ туура дата киргизилгенге чейин бардык операциялардын жүргүзүлүшүн блокировкалоого тийиш.

25. Датаны оңдоодо, ККМде кокусунан жаңылыш киргизүүнүн алдын алуу боюнча атайын чаралар каралууга тийиш, мисалы датаны кайталап суроо жана ал 2 жолу дал келгенден кийин гана коюу.

Эскертүү. Жылдын “00” номерлүү датасы жана андан ары жылдын “99” номерлүү датасына караганда кыйла кийинки деп эсептелет.

26. Фискалдык отчетту алуу жана кайра фискалдаштыруу жүргүзүү фискалдык эстутумга кирүү паролун киргизүү менен гана мүмкүн.

27. Фискалдык эстутумга кирүү паролу фискалдаштыруу же кайра фискалдаштыруу процессинде фискалдык эстутумга киргизилет жана катталат.

28. Фискалдык маалыматтарга кайрылууда режимге кирүү паролунун жардамы менен тийиштүү режимге кирүү керек. Бул режимдеги кийинки иш-аракеттер ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

29. Фискалдык отчеттун үлгүсү жана аны алуу үчүн иш-аракеттердин ырааты ККМдин конкреттүү моделине карата пайдалануу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

30. КМ нөөмөт жабылган мезгилдин даталарын да, номерлерин да көрсөтүү менен толук, ошондой эле кыскартылган фискалдык отчетту алууну камсыз кылууга тийиш, мында мезгилдин башталышы менен аякташы бир типте берилүүгө тийиш.

31. Фискалдык отчетту алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- фискалдык эстутумга кирүүнүн мурда белгиленген паролун киргизүү;

- фискалдык отчет алынуучу мезгилдин баштапкы датасын (же нөөмөттү жабуудагы баштапкы номерди) киргизүү;

- фискалдык отчет алынуучу мезгилдин акыркы датасын (же нөөмөттү жабуудагы акыркы номерди) киргизүү;

- фискалдык отчеттун тибинин белгисин киргизүү (толук же кыскартылган).

 

4. ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптар

32. ККМди техникалык тейлөө борборлору (мындан ары – ТТБ) төмөнкүлөр менен өз ара аракеттешет:

субъект менен – ККМди жумасына 7 (жети) күн, суткасына 24 (жыйырма төрт) саат режиминде техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөө келишиминин негизинде;

ыйгарым укуктуу салык органы менен – өз ара аракеттенүү жөнүндө  макулдашуунун негизинде.

33. ТТБда төмөнкүлөр болушу керек:

- ККМди даярдоочу завод же анын расмий өкүлү менен ККМдин  моделдерин (аталыштарын), санын жана жеткирүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ККМди жана оңдоо үчүн анын комплекттөөчүлөрүн жеткирүү, техникалык жана кепилдик жактан колдоо жөнүндө келишим. Эгерде, ТТБ ККМди даярдоочу завод болуп саналса, анда ТТБда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ККМди даярдоочу заводдун ККМге автордук укугун ырастоочу документтери болууга тийиш;

- ТТБ тарабынан бекитилген чекене баалардын өлчөмүн көрсөтүү менен, ККМдин тейленүүчү жана оңдоо үчүн аларды комплекттөөчүлөрдүн тизмеги;

- ТТБ тарабынан бекитилген ККМди техникалык тейлөө үчүн тарифтер;

- тарифтерди көрсөтүү менен корголгон байланыш каналдарын берүү аркылуу маалымат алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызматтарды көрсөтүү жөнүндө  провайдер (байланыш оператору) менен келишим;

- ККМди даярдоочу завод же анын расмий өкүлү тарабынан берилген ККМди орнотуу, пайдалануу жана оңдоо боюнча  кесиптик көндүмдөрүн ырастоочу жарактуу сертификаттары бар кызматкерлер;

- ККМди күнү-түнү техникалык колдоо жана сервистик тейлөө үчүн материалдык-техникалык базасы.

34. ТТБ төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген Контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрине (мындан ары - ККМдин мамлекеттик реестри) киргизилген гана ККМдин моделдерин сатууга, техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөөгө;

- субъект кайрылган учурда ККМди ижарага берүүгө, ККМди лизинг келишими боюнча берүүгө же ККМди акы төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатууга;

- ККМ техникалык жактан бузулган учурда мындай бузулуулар аныкталган учурдан тартып 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде сервистик кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон сандагы кызматкерлерге ээ болууга;

- фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМО берүү боюнча ККМдин ишине күнү-түнү мониторинг жүргүзүүгө жана мындай берүү жок экендиги аныкталган учурда, 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде ККМдин бузулуусун жоюуга;

- субъекттер жана салык кызмат органдары кайрылган учурда    ККМдин бузулуусун 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде четтетүүгө;

- ККМдин бузулуусун четтетүү боюнча субъектилердин кайрылууларын эсепке алуу журналын жүргүзүүгө, анда кайрылуулар келип түшкөн датаны жана убакытты көрсөтүү менен оозеки, ошондой эле жазуу жүзүндөгү кайрылуулар жазылат;

- белгиленген мөөнөттүн ичинде ККМдин бузулуусун четтетүү мүмкүн болбогон учурда, ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында каттоого жана оңдоо мезгилинде субъектке бузулган ККМдин ордуна башка так ошондой, техникалык мүнөздөмөлөрү окшош, иштеген ККМди акысыз негизде берүүгө;

- ар бир ККМ боюнча корголгон байланыш каналдарын берүү менен маалыматтарды алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызматтарды көрсөтүү үчүн провайдерлердин (байланыш операторлорунун) чыгымдарын, ошондой эле фискалдык маалыматтарды берүүгө байланыштуу башка чыгымдарды өз убагында төлөөнү камсыз кылууга;

- өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурда, мурда түзүлгөн келишимге ылайык, субъект үчүн шарттарды өзгөртпөстөн ККМны техникалык тейлөө боюнча өз ыйгарым укуктарын жана милдеттерин башка ТТБга өткөрүп берүүгө;

- өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурда, өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн болбогон учурга чейин 90 (токсон) календарлык күн мурда субъекттерге жана ыйгарым укуктуу салык органына жазуу жүзүндө билдирүүгө;

- ККМге, анын ичинде фискалдык эстутумга жана электрондук контролдук тасмага санкцияланбаган кирүүдөн коопсуздукту камсыздоого;

- субъект келишимдин шарттарын аткарбаган учурда, ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу келишим бузулганга чейин 10 (он) жумуш күн мурда ККМди тейлөөгө келишимди бузуу жөнүндө салык органына кабарлоого;

- субъекттерге кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө жеткиликтүү болгон коммерциялык жана башка сырды сактоого жана жарыя кылбоого.

35. ТТБ төмөнкүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат:

- ККМдагы фискалдык маалыматтарды жана башка маалыматтарды санкцияланбаган өзгөртүү, ошондой эле алар ККМ мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин ККМнын программалык камсыздоосун санкцияланбаган модификациялоо үчүн;

- ушул Талаптардын 34-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди жана ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну аткарбагандыгы үчүн;

- ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү боюнча субъекттер тарабынан колдонулган ККМдин оңдугу, анын ичинде корголгон байланыш каналдарын берүү менен маалыматтарды алмашуу боюнча үзгүлтүксүз кызматтарды көрсөтүү үчүн провайдерлердин (байланыш операторлорунун) чыгымдарын жана фискалдык маалыматтарды берүүгө байланыштуу башка чыгымдарды өз убагында төлөнүшү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекетке же субъектке зыян алып келген иш-аракеттер/аракетсиздик үчүн.

ТТБ жоопкерчилиги ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен берилүүчү отчеттордун, салык кызматы органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ТТБнын жана субъекттердин ишин контролдоого ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдардын контролдук иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.

36. ТТБ төмөнкүлөргө укуктуу:

- ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамынан макулдашууну тийиштүү түрдө аткарууну талап кылууга;

- өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдарына белгилүү болгон салыктык, коммерциялык жана башка сырды сактоону талап кылууга;

- салык кызматы органынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ТТБнын жана субъекттердин ишин контролдоого ыйгарым укук берилген башка мамлекеттик органдардын чечимдерин, иш-аракеттерин же аракетсиздиктерин даттанууга;

- ККМдин ишин каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасына кирүү мүмкүндүгүн алууга;

- өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы менен иштөөгө өзүнүн кызматкерлерин тийиштүү түрдө окутууга;

- субъект келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбаган учурда ККМди тейлөө келишимин бузууга.

_____________________________________________________________________________________________________________