Загрузка документа…
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 13 токтомуна) |
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоонун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоонун тартиби (мындан ары - Тартип) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоо процессинде колдонулган бирдиктүү эрежелерди, жалпы талаптарды жана жол-жоболорду камсыздоого багытталган.
2. Тартип төмөнкүлөрдү аныктайт:
- эксперттик комиссияны түзүү жана иштөө эрежелерин;
- имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү текшерүү боюнча адистерге квалификациялык талаптарды (мындан ары - адистер);
- адистикке талапкерлерди тестирлөө жана аңгемелешүү жол-жоболорун;
- адистерге квалификациялык сертификаттарды берүүнү.
2-глава. Адистикке талапкерлерди квалификациялык сертификаттоону уюштуруу
3. Адистикке талапкерлерди квалификациялык сертификаттоо жана адистерге квалификациялык сертификаттарды берүү, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Адистикке талапкерлерди квалификациялык сертификаттоо талапкерлердин квалификациялык талаптарына ырааттуу шайкештигин баалоо, алар жазуу жүзүндөгү тестирлөө жана аңгемелешүү аркылуу жүргүзүлөт.
5. Адистикке талапкерлерди квалификациялык сертификаттоо, өтүнмө берүүчүлөрдүн санына карабастан жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
6. Ыйгарым укуктуу органдын өзүнүн расмий сайтында төмөнкү маалымат жарыяланат:
- календардык жылга карата адистикке талапкерлерге сертификаттоо жүргүзүүнүн мөөнөттөрү тууралуу;
- адистикке талапкерлердин өтүнмөлөрүн кабыл алуу аяктагандыгы тууралуу - өтүнмө кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин 14 календардык күндөн кеч эмес;
- адистикке талапкерлерге сертификаттоо жүргүзүүнүн күнү тууралуу - тестирлөө күнүнө чейин 45 календардык күндөн кеч эмес;
- тестирлөөнүн суроолору тестирлөө күнүнө чейин 45 календардык күндөн кеч эмес;
- тестирлөө жана аңгемелешүү болбой калгандыгы жөнүндө - дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кеч эмес.
3-глава. Билимине жана тажрыйбасына коюлуучу талаптар
7. Имараттарга энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү боюнча адистикке талапкер билими жана тажрыйбасы боюнча төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) энергетика, жылуулук менен камсыздоо же турак жай-жарандык курулуш чөйрөсүндөгү жогорку техникалык билими;
2) энергетика, долбоорлоо, курулуш, эксплуатациялоо, имараттын сырткы тосулган конструкцияларын жана анын инженердик-техникалык системаларын баалоо жана эсептөө, имараттарды энергетикалык пайдалануу боюнча касиеттерин жана өзгөчөлүктөрүн талдоо чөйрөсүндөгү 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
8. Буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү текшерүү боюнча адистикке талапкердин билими жана тажрыйбасы төмөнкү талаптарга ылайык келиши зарыл:
1) электр, жылуулук, газ менен жабдуу, желдетүү же турак жай-жарандык курулуш чөйрөсүндө жогорку техникалык же орто кесиптик билим;
2) долбоорлоо, курулуш, эксплуатациялоо, имараттын энергияны пайдалануу өзгөчөлүктөрүн, анын буу казандарды, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системасын баалоо жана талдоо чөйрөсүндөгү 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
4-глава. Арыз берүүнүн тартиби
9. Адистикке талапкер (мындан ары - талапкер):
1) ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына он-лайн катталууга тийиш;
2) же өтүнмөнү талап кылынган тиркемелери менен бирге ыйгарым укуктуу органдын дарегине почта аркылуу тестирлөө жана аңгемелешүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча жөнөтүүгө же өзү алып барууга тийиш.
10. Өтүнмөгө төмөнкү документтерди тиркөө зарыл:
а) паспорттун көчүрмөсү (ID-карта);
б) резюме;
в) зарыл болгон текшерилген техникалык жабдуунун жана эсептик тиркемелердин бар экендиги тууралуу маалымат (ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылган техникалык адистешүүсүнө ылайык);
г) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу же алардын техникалык системалары жаатындагы талапкер катышкан (кандай сапатта), уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн жумуштардын тизмеси;
д) нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;
е) нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
ж) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча атайын тренингдерден өткөндүгү тууралуу ырастоолор (эгер болсо).
11. Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
5-глава. Эксперттик комиссияны түзүү жана иш жүргүзүүсү
12. Талапкерлердин ушул Тартип менен аныкталган талаптарга шайкештигин ырааттуу баалоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын чечими менен эксперттик комиссия 7 мүчөдөн түзүлөт - тестирлөө менен аңгемелешүү программаларын бардык чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнөн министрликтер жана ведомстволордун, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, юридикалык же жеке жактар. Эксперттик комиссиянын персоналдык курамы ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
13. Эксперттик комиссиянын иши акысыз жүргүзүлөт. Эксперттик комиссиянын курамы 2 жылда бир жолудан кем эмес жаңыртылат.
14. Эксперттик комиссия төмөнкүлөрдү жүргүзүүнү камсыздайт:
- адистикке талапкерлерди ушул Тартиптин 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык баалоо;
- талапкерлерге тестирлөө жана аңгемелешүү жүргүзүүнү.
15. Эксперттик комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктары эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине жазуу жүзүндө өткөрүлүп берилет.
16. Эксперттик комиссиянын катчысы эксперттик комиссиянын төрагасы тарабынан ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
17. Эксперттик комиссиянын төрагасы:
- тестирлөө жана аңгемелешүү жүргүзүү күнүн белгилейт;
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин атына талапкерге квалификациялык сертификат берүү сунушу менен сунуштама берет.
18. Эксперттик комиссиянын катчысы:
- эксперттик комиссиянын тийиштүү мүчөлөрүн тестирлөө жана аңгемелешүү белгиленгендиги тууралуу кабарлайт;
- изденүүчүлөрдүн документтеринин комплекттүүлүгүн текшерет жана комиссиянын бардык мүчөлөрү менен макулдашат;
- талапкерлерге тестирлөө башталганга чейин 20 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө тестирлөөгө жана аңгемелешүүгө чакыруу жөнөтөт;
- тестирлөө жана аңгемелешүүнү протоколдоштурууну камсыздайт;
- талапкерлер тестирлөө жана аңгемелешүүдөн өткөндөн кийин 7 күндөн кечиктирбестен сертификацияланган адистердин реестрине киргизүү үчүн берилген квалификациялык сертификаттар жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берет.
19. Эксперттик комиссия чечимди добуш берүү жолу менен кабыл алат.
20. Эксперттик комиссиянын жыйыны көпчүлүк мүчөлөрү (анын ичинде эксперттик комиссиянын төрагасы) катышкан учурда укуктуу (кворуму бар) болуп саналат.
6-глава. Тестирлөө жана аңгемелешүү
21. Тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн программасы төмөнкүлөрдү аныктоого багытталган:
- имараттарга энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү же буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугуна мезгилдүү контролдоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар боюнча билимин;
- имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугуна мезгилдүү контролдоо боюнча колдонулган методдор боюнча жана кесиптик иш чөйрөсүндөгү билимин.
22. Тестирлөө жана аңгемелешүү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт. Тестирлөө жана аңгемелешүү өтүүдө талапкер ким экендигин тастыктаган документтин (ID-карта же жалпы жарандык паспорт) жанында ала жүрүшү зарыл.
23. Суроолордун жалпы саны ар бир багыт боюнча 150 суроодон кем болбошу керек: суроолор имараттарды энергетикалык сертификаттоо боюнча, буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча түзүлөт. Ал суроолор 5 жылда бир жолудан кем эмес жаңыртылып турууга тийиш. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген учурларда тестирлөө суроолоруна дагы өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш.
24. Ар бир талапкер үчүн тестирлөө суроолорунун курамы ар бир багыт боюнча жалпы тизмектен автоматтык түрдө түзүлөт жана 50 суроодон турат: алардын ичинен 20 суроо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, 30 суроо кесиптик багыт боюнча болууга тийиш.
25. Тестирлөө компьютерде жүргүзүлөт. Тестирлөөнүн узактыгы - 90 мүнөт. Тестирлөөнүн жыйынтыгы компьютер тарабынан автоматтык түрдө аныкталат.
26. Тестирлөө убагында талапкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ченемдик укуктук актыларды, маалымдама жана атайын адабияттарды, ошондой эле байланыш каражаттарын колдонууга;
- үн чыгарып окуганга, башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө жана калькулятордун үнүн чыгарып пайдаланууга.
27. Ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды бузган талапкерлер аудиториядан чыгарылат жана тестирлөөдөн өткөн жок деп эсептелет.
28. Аңгемелешүүгө кирүү үчүн талапкер 30 суроодон кем эмес суроого туура жооп берүүгө милдеттүү, алардын ичинен - 10 суроо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, 20дан кем эмес суроо - кесиптик багыт боюнча болууга тийиш.
29. Аңгемелешүүдө талапкердин практикалык тажрыйбасы, имараттарга энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү жана буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо процесси, иштердин түрлөрү, эсептөө, өлчөө, маалыматтарды жыйноо методдору жана башка суроолор талкууланат. Аңгемелешүү мөөнөтүнүн максималдуу узактыгы бир талапкер үчүн 60 мүнөттү түзөт.
30. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча баалоо, эксперттик комиссия тарабынан баллдык система боюнча жүргүзүлөт. Талапкер болжолдуу 20 баллдын ичинен 10 жана андан жогорку балл топтой алса, анда ал аңгемелешүү этабынан өттү деп таанылат.
31. Талапкерлерди тестирлөө жана аңгемелешүү процессине ар бир талапкер боюнча ушул Тартиптин 1-тиркемесиндеги формага ылайык протокол жазылат.
7-глава. Квалификациялык сертификат
32. Имараттарды энергетикалык сертификаттоо жана буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча адистерге квалификациялык сертификаттар алардын квалификациялык сертификаттоо жол-жоболорунан ийгиликтүү өтүшүнөн кийин 14 күндөн кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Тартиптин 2 жана 3-тиркемелериндеги үлгүгө ылайык берилет.
33. Ыйгарым укуктуу орган сертификатталган адистерди расмий каттайт. Квалификациялык сертификаттын сериялык номери төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлгөн символдордон турат:
а) иштин багытынын акрониминен:
- ИЭС - имараттарды энергетикалык сертификаттоо;
- БМК - буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо;
б) сертификатталган адистердин мамлекеттик реестри системасында каттоо номери (6 сан);
в) квалификациялык сертификаттын берилген жылы (б.а. 2019-жыл так текст менен жазылат).
Мисал: БМК-000005-2019 (буу казандарынын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча адистин 2019-жылы берилген 000005 номерлүү квалификациялык сертификаты).
34. Квалификациялык сертификатка ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коёт.
35. Адистин квалификациялык сертификаты 5 жылдык мөөнөткө берилет.
8-глава. Апелляция жана кайрадан квалификациялык сертификаттоо
36. Тестирлөө же аңгемелешүү жүргүзүү менен байланышкан талаш-тартыштар келип чыкса, талапкер тестирлөө жана аңгемелешүү бүткөндөн кийин 7 календардык күндөн кеч эмес тестирлөөнүн жана/же аңгемелешүүнүн жыйынтыктары боюнча апелляциялык арыз берүүгө укуктуу.
37. Апелляциялык арыз ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан каралат.
38. Апелляциялык арызды кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) эгерде арызда көрсөтүлгөн бардык эреже бузуулар тастыкталса комиссия кабыл алган чечимди кайра кароо жөнүндө чечимди эксперттик комиссияга жөнөтүү менен толук канааттандырууга;
2) талапкерге тестирлөөдөн жана аңгемелешүүдөн кайталап өтүүгө сунуштама берүү менен арызды жарым-жартылай канааттандырууга;
3) арызда көрсөтүлгөн эреже бузуулар тастыкталбаган учурда аны негизсиз деп таанып, канааттандыруудан баш тартууга.
39. Апелляциялык арызды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечим талапкерге арыз берилгенден кийин 5 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жөнөтүлүүгө тийиш.
40. Эгерде талапкер тестирлөөгө же аңгемелешүүгө келбей калса же болбосо тестирлөөдөн же аңгемелешүүдөн өтпөй калса, тестирлөө же аңгемелешүүгө катышууга кийинки мүмкүнчүлүк тестирлөө болгон күндөн 6 айдан эрте убакытта берилбейт.
| Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоо тартибине 1-тиркеме |
Форма
______________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоо боюнча ПРОТОКОЛ
20__-жылдын "__" _______________ №__ |
| Бишкек шаары |
Талапкер: ______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Адистикке: _____________________________________________________________________________________
(имараттарды энергетикалык сертификаттоо же буу казандарынын, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча)
Катышкандар:
Эксперттик комиссиянын төрагасы - __________________________________________
Эксперттик комиссиянын катчысы - __________________________________________
Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү: __________________________________________
УГУШТУ:
1. Тестирлөө:
а) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мыйзамдар бөлүмү боюнча - 20 суроо.
Бөлүм боюнча туура жооптордун саны: __________
б) бөлүм (кесиптик багыттын аталышы) - 30 суроо.
Бөлүм боюнча туура жооптордун саны: __________
2. Аңгемелешүү:
а) Суроо:
_____________________________________________________________________________________________
б) Суроо:
_____________________________________________________________________________________________
в) Суроо:
_____________________________________________________________________________________________
ЧЕЧИШТИ:
1. ___________________________________________________________________________________________
2. ___________________________________________________________________________________________
Төрага | ___________________ | ________________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Катчы | ___________________ | ________________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
| Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоо тартибине 2-тиркеме |
Имараттарга энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү боюнча квалификациялык сертификаттын үлгүсү
____________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын логотиби, аталышы)
МАМЛЕКЕТТИК КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК СЕРТИФИКАТ Серия .................... № .................... Ушул мамлекеттик квалификациялык сертификат
имараттарга энергетикалык сертификаттоо жүргүзүү боюнча адис
катары кесиптик иш жүргүзүүгө ________________________________________________________________________________________ берилди (аты-жөнү)
Сертификаттын мөөнөтү 20__-ж. "__" ________________ чейин
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси _______________________________________________________ (колу, аты-жөнү)
Серия ________________ № ______ М.О.
|
| Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы адистерди квалификациялык сертификаттоо тартибине 3-тиркеме |
Буу казандарды, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгилдүү контролдоо боюнча квалификациялык сертификаттын үлгүсү
____________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын логотиби, аталышы) МАМЛЕКЕТТИК КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК СЕРТИФИКАТ Серия .................. № .................. Ушул мамлекеттик квалификациялык сертификат
Буу казандардын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү контролдоо боюнча адис
катары кесиптик иш жүргүзүүгө _________________________________________________________________________________ берилди (аты-жөнү)
Сертификаттын мөөнөтү 20__-ж. "___" _______________ чейин
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси ____________________________________________________ (колу, аты-жөнү)
Серия __________________ № ______ М.О.
|