Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы № 7
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьясынын 2-абзацы "коомдук бирикмелерге таандуулугуна же таандуу эместигине," деген сөздөрдөн кийин "соттуулугуна (эмгектеги өз ара мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган чектөөлөрдөн сырткары)," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьясында:
а) биринчи бөлүгүнүн жетинчи абзацы алып салынсын;
б) эскертүүдөгү ", баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр алып салынсын;
2) 9-статьясында:
а) аталышындагы "жана баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр алып салынсын;
б) биринчи бөлүгүндөгү ", баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр алып салынсын;
в) бешинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 12-статьясынын 1-бөлүгүндөгү ", баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр алып салынсын, "Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 15-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "жана баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр алып салынсын;
5) 31-статьясынын 4-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы ", баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр алып салынсын;
6) 40-статьясынын биринчи бөлүгүндөгү "жана баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр алып салынсын;
7) 44-статьясынын биринчи бөлүгүндөгү ", баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьясынын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 5-статьясынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 9-1-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 15-статьясынын 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
5) 37-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-статья. Жазык-аткаруу чөйрөсүндө контроль жана көзөмөл жүргүзүү
Жазык-аткаруу чөйрөсүндө контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн түрлөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде аныкталат.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|