Загрузка документа…
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ |
|
| |
|
|
|
| |
|
| |||
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна | |||
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө долбоорлоого жана курууга документтерди берүү мөөнөттөрүн кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына (электр, газ, жылуулук, суу менен камсыз кылуу жана канализация) кошууну жүргүзгөн инженердик-техникалык кызматтардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, жеке жактардын жана уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактардын ортосундагы мамилелерди шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдары (мындан ары - шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдар) жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик экспертиза органы (мындан ары - мамлекеттик экспертизанын органы) тарабынан координациялоону караштырган "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча долбоорлоого жана курууга документтерди берүүнүн тартибин жана жол-жоболорун регламенттейт, атап айтканда төмөнкү процесстерде:
- объектти долбоорлоого архитектуралык-пландоочу жана инженердик-техникалык шарттарды даярдоодо жана берүүдө;
- долбоордук документтерди макулдашууда;
- долбоордук документтерди экспертизалоодо, ошондой эле курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо тартибин регламенттейт.
3. "Бирдиктүү терезе" принцибинде шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдар жана мамлекеттик экспертиза органы тарабынан объекттерди долбоорлоого жана курууга документтерди даярдоо жана берүү үчүн зарыл болгон шарттарды жана корутундуларды алуу максатында ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар менен өз ара аракеттенүү аркылуу шаар куруу документтерин, кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу каралган.
4. Ушул Жобо тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык регламенттелүүчү тарыхый жана маданий мурас объекттерине, ошондой эле жаратылыш эстеликтерине карата колдонулбайт.
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автордук көзөмөл - долбоордун автору тарабынан эксплуатацияга берилүүчү курулуш объекттеринин архитектуралык-курулуш, технологиялык жана башка техникалык чечимдери долбоордук чечимдерге шайкештигин контролдоо;
архитектуралык-пландоо шарттары (АПШ) - аймактык архитектура жана шаар куруу органдары тарабынан берилүүчү, курулуш объектисинин функциялык арналышы, жайгаштырылышы жана курулуш объектисинин негизги параметрлерине жана шаар куруу документтерине жана калктуу конуштардын аймагында куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык колдонууга уруксат берилген түрлөрү боюнча архитектуралык шарттарды жана талаптарды, ошондой эле милдеттүү санитардык, өрткө каршы, экологиялык талаптарды жана чектөөлөрдү камтыган документ;
курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысы - курулушу бүткөн объекттин объектти эксплуатацияга берүүгө жана жер ресурстары жана жерге укуктук мамилелер жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органында каттоого, кыймылсыз мүлккө, геодезияга жана картографияга укуктарды мамлекеттик каттоого уруксат берген техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкештигин тастыктаган, укук белгилөөчү документ;
мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү - курулуш учурунда аткарылган жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкеш келишине архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролдоо жүргүзүү;
шаар куруу документтери - жер мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдашылган жана бекитилген райондук пландаштыруунун долбоордук документтери, башкы пландары, схемалары, кварталдарды, кичи райондорду, шаар куруу түйүндөрүн жана калктуу конуштардын пландык түзүмүнүн башка элементтерин чектөөнүн жана куруунун толук пландаштыруу долбоорлору;
шаар куруу регламенти - калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин куруунун жана пайдалануунун шаар куруу документтеринде белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттериндеги жол берилүүчү өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
шаар түзүүчү объекттер - конуш жайгаштыруу системасында, шаардын пландоо структурасында, калктуу конуштарда архитектуралык-пландоо жана мейкиндиктик композициянын мурдатан болгон жана курууга шартталган объекттери;
имараттарды жана курулмаларды инженердик камсыз кылуу - адамдардын жашоосу үчүн ченемдик шарттарды, материалдык баалуулуктарды сактоочу жана өндүрүштүк процесстерди камсыз кылуучу инженердик тутумдардын жана техникалык түзүлүштөрдүн комплекси;
инженердик-техникалык изилдөө - техникалык корутунду иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон изилдөө объектисинин техникалык абалы жөнүндө маалымат алуу үчүн аткарылуучу изилдөө жумуштарынын комплекси;
инженердик-техникалык кызматтар - пландаштырылуучу курулуш объекттерин электр, жылуулук, газ, суу жана суу чыгаруу (канализация) менен камсыз кылуучу уюмдар;
инженердик-техникалык шарттар (ИТШ) - объектти инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошуунун техникалык шарттарын, талаптарын жана схемасын жана инженердик коммуникацияларды чыгарууну, ошондой эле жаңы магистралдык тармактарды (суу менен камсыз кылуу жана канализация, жылуулук менен камсыз кылуу, газ өткөргүчтөрү, электр берүү линиялары, негизги радио байланыш станциялары) долбоорлоо жана курууга талаптарды аныктаган документ;
ченемдик техникалык документтер - курулуш ишинин ар кайсы түрлөрүнө же архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыккан жана ишке ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилчү алардын жыйынтыгына таандык ченемдерди жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү аныктаган документ;
чакан архитектуралык форма объектилери - декорациялык-монументалдык искусство объекттери (стела, эстеликтер, аркалар), фонтандар, декорациялуу тосмолор, анын ичинде жарнамалык курулмалар жана дизайндын жана абаттоонун элементтери;
курулуш объекти - ушул Жобого ылайык таризделген долбоордук документтердин жана долбоорлоо документтеринин негизинде бөлүнгөн курулуш аянтынын чегинде курулуучу имарат, курулма же имараттардын жана курулмалардын комплекси;
жеңилдетилген типтеги объекттер - көчмө чатырлар, киосктор, лотоктор, павильондор, жайкы аянттар, бастырмалар, жарнама конструкциялары, суусундук сатуучу көчмө түйүндөр, коомдук тамак-аш көчмө түйүндөрү жана кыймылсыз мүлк объекттери болуп эсептелбеген башка курулуштар жана курулмалар;
курулуштун өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттери - долбоордук документтеринде физикалык же геометриялык сызыктуу эмес параметрлер эске алынган стандарттуу эмес эсептөө методдору колдонулган конструкциялардын жана конструкциялык системалардын болушу каралган же иштеп чыгууда эсептөөнүн атайын методдору колдонулчу капиталдык курулуш объекттери;
профилин өзгөртүү - пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүн эске алуу менен имараттын же жайлардын функциялык арналышын өзгөртүү;
кайрадан пландаштыруу - кыймылсыз мүлк объектисинин (имараттын, курулманын, жайлардын же алардын өзүнчө бөлүктөрүнүн) азыркы турган пландоочу чечимдерин өзгөртүү;
курулуш аянты - кыймылсыз мүлк объекттерин курулуштун башкы планына ылайык куруу максатында колдонулуучу жер участогу;
шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аянттарына имарат куруунун жана жер пайдалануунун эрежелери (мындан ары - имарат куруу жана жер пайдалануу эрежелери) - жер мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары;
курулуштун узактыгы - курулуш аянтында жумуштар башталгандан тартып долбоордо каралган жумуштардын баары толук аткарылганда объекттер жана ишканалардын кубаттуулуктары, алардын кезектери, иштетилчү комплекстери жана айрым объекттери ишке киргизилгенге чейинки убакыт аралыгы;
курулуштун долбоору - шаар куруу, архитектуралык-көркөмдүк, көлөмдүк-пландоочу, конструкциялык, технологиялык, инженердик-техникалык, жаратылышты коргоочу, экономикалык жана башка чечимдерди, ошондой эле курулушту жүргүзүү, аянтты инженердик даярдоо жана аны абаттоо үчүн сметалык эсептөөлөрдү камтыган долбоордук (долбоордук-сметалык) документтер (ири объекттерге же комплекстерге бир нече стадияларда иштелип чыгат);
реконструкциялоо (кеңейтүү, кайрадан жабдуу) - ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерин, технологиялык жана инженердик жабдууларын өзгөртүү;
инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары - суу менен камсыз кылуунун, канализациянын, электр менен жабдуунун, жылуулук менен камсыздоонун (эгер болсо) жана газ менен камсыз кылуунун (эгер болсо) инженердик тармактарынын жыйындысы;
курулуш-монтаждоо жумуштары - имараттарды, курулмаларды жана инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын тургузууда аткарылуучу жумуштардын комплекси;
курулуштун башкы планы - уюштуруу жана жабдыктар боюнча, негизги курулуш машиналарын жана механизмдерин байлоо, кыймылды уюштуруу, убактылуу имараттарды жана курулмаларды, инженердик камсыз кылуу тармактарын жайгаштыруу жана курулуш аянтын жарыктандыруу, эмгекти коргоо боюнча инженердик чечимдерди, өрт коопсуздугун, экологияны, жанаша турган имараттардын жана курулмалардын сакталышы боюнча зарыл болгон долбоордук чечимдерди жана эсептерди камтыган объекттин курулуш мөөнөтүнө карата объекттин башкы планы;
техникалык көзөмөл - архитектуралык-курулуш, технологиялык жана башка техникалык чечимдерге шайкештигин камсыз кылуу максатында курулушка заказчы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл;
кошулуу чекити - инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарынын курулуш (реконструкциялануучу) объектисин электр, жылуулук, газ, суу менен камсыз кылуу жана канализация тармактарына кошуу үчүн зарыл болгон жабдыктар жана курулмалар менен кошулууга коммуникациялар схемасына ылайык курулуш объектисине же жер участогуна жакын жери;
долбоордук документтерди экспертизалоо - адамдын ыңгайлуу жана коопсуз жашоо шартын, ошондой эле долбоорлонуучу объекттердин туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган архитектуралык-пландоочу шарттардын, инженердик-техникалык шарттардын, ченемдик-техникалык документтердин, техникалык регламенттердин шарттарына жана талаптарына шайкештигин же шайкеш эместигин аныктоо жолу менен тапшырылган долбоордун сапаты тууралуу калыс пикирин билдирүүчү ар кайсы адистиктердин эксперттери тарабынан иштелип чыккан долбоордук документтерди текшерүү жана талдоо;
эскиздик долбоор - объекттин алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү менен жана объектти жер участогуна туура жайгаштырууга жана андан ары долбоорлоо үчүн шарттарды жана талаптарды түзүүгө жол берүүчү негизги функциялык-пландоочу жана көлөмдүк-мейкиндиктик параметрлерин аныктаган, келечекте боло турган объект жөнүндө жалпы элес берүүчү долбоордук чечимдердин баштапкы стадиясы.
2. Объекттерди куруунун жана башка өзгөртүүнүн долбоорлоого документтерди алууну талап кылуучу түрлөрү
6. Жер участокторуна жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине жер мамилелери, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бар жеке адамдар жана юридикалык жактар кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана курулуш жагынан айрым өзгөртүү укугуна ээ.
7. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн документтерди толук көлөмдө алуу талап кылынган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) капиталдык объекттерди куруу;
2) объектти көлөмдүк-пландаштыруу жана конструкциялык чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялоо, профилин өзгөртүү жана планын өзгөртүү.
8. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруунун жана өзгөртүүнүн долбоорлоого документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу талап кылынган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) бийиктиги эки кабаттан ашык эмес, аянты 300 чарчы метрден ашпаган жеке турак үйлөрдү куруу;
2) айыл чарба багытындагы, бийиктиги 5 м ашпаган, аянты 200 чарчы метрден ашпаган бир кабаттуу турак эмес жай куруу;
3) аянты 100 чарчы метрге чейинки көмөкчү чарбалык багыттагы курулманы куруу;
4) 100 чарчы метрге чейинки бир кабат турак эмес объект куруу;
5) тирөөч конструкцияларын өзгөртпөстөн профилин өзгөртүү жана планын өзгөртүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жана чакан архитектуралык түрдөгү объекттерди орнотууга жана жайгаштырууга документтерди берүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү тарабынан белгиленет.
10. Долбоордук документтерди алуу, ошондой эле долбоордук документтерди экспертизалоо талап кылынбаган курулуштун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- уруксат берилген колдонуу түрүнүн алкагында көлөмдүк-пландоочу чечимдерин жана тирөөч конструкцияларын өзгөртпөстөн, азыркы турган жүктөмдү көбөйтпөстөн жана инженердик-техникалык камсыз кылууну өзгөртпөстөн жайлардын профилин өзгөртүү;
- бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо жумуштары, анын ичинде капиталдык оңдоп-түзөө;
- азыркы турган жеке турак үйлөрдө далистерди жана турак жайларды куруу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Долбоорлоого документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу органдар
11. Объекттерди долбоорлоого АПШ жана ИТШ берүү менен байланышкан жол-жоболор, ошондой эле ушул Жободо белгиленген тартипте долбоордук документтерди макулдашуу жер мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдары тарабынан жүргүзүлөт.
12. Долбоордук документтерди экспертизалоонун ар кандай түрлөрү менен байланышкан жол-жоболор өрт жана өнөр жай коопсуздугу, экологиялык экспертиза, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт:
- долбоорлоонун архитектуралык жана курулуш ченемдерине шайкеш келишине долбоордук документтердин курулуш экспертизасын жана комплекстүү экспертизаны уюштуруу - архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
- өрт коопсуздугу боюнча экспертиза - мамлекеттик өрткө каршы профилактикалык ыйгарым укуктуу орган тарабынан;
- экологиялык экспертиза - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан;
- өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза - өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан;
ошондой эле аккредиттөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредиттелген мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтому менен берилген өзгөртүү расмий тилдеги текстке киргизилди)
13. Курулуштун башталышына экспертиза органдары тарабынан берилген долбоордук документтердин ченемдик-техникалык документтерге шайкеш келиши жөнүндө экспертизанын оң корутундусу жана заказчы объекттин курулушунун башталышы жөнүндө архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүсү негиз болот.
14. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысы таризделет.
15. Курулуш объектисин эксплуатацияга берүү курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысынын негизинде куруучу тарабынан жүргүзүлөт.
4. Долбоорлоого жана курууга документтерди даярдоонун жана алуунун негизги баскычтары жана мөөнөттөрү
16. Долбоорлоого жана курулушка документтер жер участогуна укук белгилеген жана укук күбөлөндүргөн документтердин негизинде "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча төмөнкү үч баскычта шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдар тарабынан берилет (ушул Жобонун 8-пунктунда каралган учурлардан башка):
биринчи баскыч - АПШ жана ИТШ даярдоо жана берүү;
экинчи баскыч - долбоордук документтерди макулдашуу;
үчүнчү баскыч - долбоордук документтерди экспертизалоо.
17. Ар бир баскыч төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:
биринчи баскыч - 20 жумуш күнгө чейин (анын ичинде 10 күн техникалык шарттарды алууга);
экинчи баскыч - 10 жумуш күнгө чейин;
үчүнчү баскыч - 30 жумуш күнгө чейин.
18. Долбоорлоого документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуу өзүнчө баскычтардан жана жол-жоболордон өтүүнү караштырат:
1) ушул Жобонун 8-пунктунун 1, 2, 3 жана 4-пунктчалары менен каралган курулуш объекттери жана кыймылсыз мүлк объекттеринин башка өзгөртүүлөрү үчүн биринчи баскычта объектти долбоорлоого ИТШ алуу жана ушул Жобонун 17-пункту менен белгиленген мөөнөттөрдө долбоордук документтерди экинчи баскычта макулдашуу талап кылынат;
2) тирөөч конструкцияларын өзгөртпөстөн профилин өзгөртүү жана кайра пландоо объекттери үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан 5 жумуш күнгө чейин профилин өзгөртүү жана кайра пландоо мүмкүндүгү жөнүндө техникалык корутунду берилет, ал жер ресурстары жана жерге укуктук мамилелер, кыймылсыз мүлккө, геодезияга жана картографияга укуктарды мамлекеттик каттоо жаатында ыйгарым укуктуу аймактык орган тарабынан берүүгө негиз болот;
3) өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча калыбына келтирилүүчү объекттер үчүн документтер жарандык коргонуу жаатындагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу мындай кырдаалдардын кесепетин жоюу шарттарына ылайык берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Ушул Жободо каралган объекттерден тышкары кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө башка документтерди алуу талап кылынбайт.
5. Объектти долбоорлоого АПШ жана ИТШ даярдоо жана берүү
20. Объектти долбоорлоого АПШ жана ИТШ алуу үчүн арыз ээси шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органга архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген үлгүдө арыз берет.
21. АПШ жана ИТШ алууга арызда арыз ээсинин ниеттенген курулуштун түрү жөнүндө маалымат камтылышы керек жана төмөнкү документтер тиркелиши керек:
1) жер участогунун менчик же колдонуу укугун белгилеген жана укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (жер участогунун планы менен), ошондой эле жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерине укугун белгилеген документтердин жана техникалык паспорттордун көчүрмөсү (эгер болсо);
2) көлөмдүк-пландоочу чечимдери бар эскиздик долбоор (кагаз жана/же электрондук түрдөгү графикалык сүрөт).
Эскиздик долбоорго инженердик тармактарга суралган жүктөмдөрдүн ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча эсептери тиркелет.
Реконструкциялоо, кайра пландоо, ошондой эле азыркы турган конструктивдик жана пландоочу чечимдерин өзгөртүү менен профилин өзгөртүү объекттери боюнча инженердик камсыз кылуунун (суу менен камсыз кылуу, канализация, электр менен камсыз кылуу, жылытуу, газ менен камсыз кылуу) болушу, чыныгы керектөө жана объектти реконструкциялоо, кайра пландоо же профилин өзгөртүү мүмкүндүгү жөнүндө жоопкерчиликтин бардык баскычтарындагы имараттар жана курулмалар үчүн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча профилдик институту же объектти инженердик изилдөө жүргүзүү үчүн сертификатталган адистер же сертификатталган адистерге ээ болгон юридикалык жактар тарабынан аткарылган техникалык оң корутунду кошумча көрсөтүлөт;
3) өкүлгө жарандык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат, эгер жер участогунун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин өкүлү арыз берсе;
4) долбоорлонуучу участоктун топографиялык съемкасы.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерден башка документтерди берүүнү талап кылууга жол берилбейт.
22. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган ушул Жобонун 21-пунктунда каралган документтердин пакети менен арызды кабыл алат жана белгиленген формада арызды кабыл алгандыгы жөнүндө арыз ээсине тастыктама берет.
Арызды кабыл алуу жөнүндөгү тактыктаманын формасы архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
23. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган документтердин пакети бар арызды кабыл алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде берилген курулуш ниеттеринин шаар куруу документтерине жана Имарат куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине, долбоорлонуучу объектти жайгаштыруу боюнча ченемдик-техникалык, анын ичинде жер участогун максаттуу пайдалануу боюнча документтерге шайкеш келишин же шайкеш келбешин аныктайт.
Жер участогунун максаттуу профилин өзгөртүүнү тастыктаган документтер Имарат куруу жана жер пайдалануу эрежелерине жана шаар куруу документтерине ылайык шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдардын шаар куруу корутундусу болуп саналат.
Курулуш ниеттери шаар куруу документтерине жана Имарат куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине шайкеш эместиги аныкталган учурда, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан белгиленген мөөнөттө шайкеш келбеген себептерин жана арызды канааттандырбоо менен арыз ээсине же арыз ээсинин өкүлүнө кайтарууну негиздөө менен тиешелүү корутунду берилет.
24. Курулуш ниеттери шаар куруу документтерине жана Имарат куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине, долбоорлонуучу объектти жайгаштыруу, анын ичинде жер участогун максаттуу пайдалануу боюнча ченемдик-техникалык документтерге шайкеш келген учурда, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган тарабынан ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн өтүшүнүн кийинки күнүнөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү камсыз кылган инженердик-техникалык кызматтарга сурамдарды жана тиешелүү документтерди милдеттүү түрдө жөнөтөт:
- электр менен камсыз кылуу;
- суу менен камсыз кылуу жана канализация;
- жылуулук менен камсыз кылуу (эгер болсо);
- газ менен камсыз кылуу (эгер болсо).
Объекттерди долбоорлоо үчүн инженердик-техникалык шарттарды даярдоо үчүн долбоордук документтерди экспертизалоо, жылуулук жана газ менен камсыздаган инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
Арыз ээсинин кайрылуусу менен шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган жылуулук жана газ менен камсыз кылуучу (эгер болсо) инженердик тармактарга кошулуу мүмкүндүгү жөнүндө техникалык шарттарды алуу үчүн арыздын жана тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жөнөтөт.
Инженердик тармактар боюнча жүктөмдөрдү көбөйтүүнү караштырбаган объекттер үчүн же долбоордук уюмдун инженердик камсыз кылуунун альтернативдик долбоордук чечимдеринин эсептери менен негизделген учурда тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
25. Ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө объектти инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошуу боюнча техникалык шарттарды кошуу чекитин көрсөтүү менен шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органына жөнөтүшү керек. Эгер кошуу чекити жок болсо, объектти инженердик камсыз кылуунун (суу менен камсыз кылуу скважиналары, канализациялык септиктер, тазалоочу курулмалар, автономдуу буу казандар ж.б.) башка жолдору көрсөтүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Эгер инженердик-техникалык кызматтар тарабынан ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөөн мөөнөттөрдө техникалык шарттар берилбесе же инженердик камсыз кылуунун башка түрлөрү жок болсо, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдары долбоорлонуучу объектти инженердик-техникалык камсыз кылуунун тармактарына болгон маалыматтын негизинде (интерактивдүү картанын, инженердик тармактардын азыркы турган жана келечекте өнүктүрүү схемаларынын, инвентаризациялоонун жыйынтыгы ж.б.) кошуу боюнча чечимин сунуштай алат жана 3 жумуш күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө тиешелүү инженердик-техникалык кызматтарга билдирет.
Инженердик-техникалык кызматтар билдирүү алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын чечиминин негизинде техникалык шарттарды берүүгө милдеттүү.
27. АПШ жана ИТШ үч нускада түзүлөт, алардын экөө арыз ээсине берилет, ал эми бирөө шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органда калат.
АПШ жана ИТШ үлгүлөрү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыккан жана ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет.
28. Объектти долбоорлоого АПШ төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- долбоорлонуучу объектке карата негизги шаар куруу жана архитектуралык-пландоочу талаптарды, алардын ичинде шаар куруу документтери жана Имарат куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен белгиленген жер участогун пайдалануунун жана куруунун шаар куруу регламенттери жөнүндө маалыматтар;
- бет маңдайды жасалгалоого, имараттардын тышкы келбетине улуттук колоритти берүүгө, улуттук архитектура элементтерин колдонууга талаптар;
- санитардык, өрткө каршы, экологиялык талаптар (объекттин функциялык арналышына көз каранды);
- көрктөндүрүү, парковканы жана подъезддерди уюштуруу боюнча талаптар (объекттин функциялык арналышына көз каранды).
Андан ары долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн пайдаланылуучу кызыл сызыктар менен чийилген жана белгиленген тартипте оңдолгон жана таризделген топографиялык съемка АПШга милдеттүү тиркеме болуп саналат.
29. Объекттин инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын долбоорлоого ИТШ төмөнкүлөрдү камтыйт:
- инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына кошулууга техникалык шарттар;
- инженердик коммуникацияларды курулуш аймагынан чыгарууга техникалык шарттар (зарыл учурда);
- тиешелүү кызматтар менен макулдашылган инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын, магистралдык инженердик тармактарын азыркы турган коммуникацияларга кошуу чекитин көрсөтүү менен орнотуу схемасы;
- инженердик коммуникацияларды курулуш аймагынан чыгаруу схемасы (зарыл учурда).
Курулуш аянтынын чегинен чыккан инженердик коммуникациялар өткөн участокторго белгиленген тартипте оңдолгон жана таризделген топографиялык съемка ИТШга милдеттүү тиркеме болуп саналат.
30. АПШга арыз ээсинин жана долбоорду иштеп чыгуучунун укуктарын чектеген архитектуралык жана конструктивдик чечимдерге, ички жабдыктарга, ички пландоого болгон талаптарды киргизүүгө жол берилбейт.
31. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органынын алдында объекттерди жайгаштыруу маселелери жана алардын архитектуралык-пландоо жана көркөм чечилиштери боюнча консультациялык милдеттерди аткаруучу архитектуралык-шаар курулуш кеңеши түзүлөт.
32. Архитектуралык-шаар курулуш кеңеши жөнүндө жобо архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
33. Архитектуралык-шаар курулуш кеңеши деталдуу пландоо долбоорунда же имарат куруу долбоорунда каралган объекттерден тышкары, шаар түзүүчү, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелерин кароого укуктуу.
Мындай учурда жогоруда аталган объекттер боюнча арыз жана ага тиркелген долбоорлоого жана курууга документтер каралып жаткан объектти долбоорлоого АПШ даярдоо жана берүү мөөнөттөрүнүн ичинде архитектуралык-шаар курулуш кеңеши тарабынан каралат, мында AПШ даярдоо жана берүү мөөнөтү 20 жумуш күнгө узартылат.
34. Архитектуралык-шаар курулуш кеңешинин шаар түзүүчү, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелери боюнча чечими протокол түрүндө таризделет жана АПШ иштеп чыгууда пайдаланылат.
35. Ушул Жобонун 25-пунктуна ылайык инженердик камсыз кылуунун башка түрлөрүндө ИТШ долбоорлонуучу объекттин инженердик камсыз кылуусунун альтернативдүү түрлөрү жазылган АПШнын курамында иштелип чыгат.
36. АПШнын талаптарына макул болбогон учурда арыз ээси ага "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанууга укуктуу.
37. АПШ жана ИТШ иштеп чыгуу жана берүү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыккан жана ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бааларга ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
38. Ушул Жобого ылайык иштеп чыккан жана бекитилген объекттин АПШсы жана курулуштун башкы планы төмөнкү даярдоо жумуштарын уюштурууга жана жүргүзүүгө негиз болот:
- инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- курулушка туш келген кыймылсыз мүлктүн имараттарын жана башка объекттерин бузууга;
- азыркы турган инженердик тармактарды чыгарууга жана убактылуу тармактарды салууга;
- убактылуу чарбалык-тиричиликтик курулмаларды жайгаштырууга жана тосмолорду орнотууга
39. Эгер АПШ боюнча долбоорлоо бүткөрүлүп, курулуш башталбаса, анын колдонуу мөөнөтү 3 жылдан ашпашы керек.
40. Даярдык жумуштарынын башталышына чейин 5 күн мурун заказчы архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына билдирет.
6. Долбоордук документтерди макулдашуу
41. Иштелип чыккан долбоордук документтер шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органында эки баскычта макулдашылууга тийиш:
- долбоордун "Башкы план" жана "Архитектуралык чечимдер" бөлүмдөрүн макулдашуу;
- тышкы инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарынын долбоорлорун макулдашуу.
42. Долбоордук документтерди макулдашуу төмөнкү предметке ишке ашырылат:
- долбоордук документтердин шаар куруу регламенттерине, шаар куруу документтерине, Имарат куруу жана жер пайдалануу эрежелерине жана АПШга шайкештиги;
- тышкы инженердик тармактардын калктуу конуштардын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна шайкештиги;
- тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги (зарыл учурда);
- долбоорлонуучу объекттин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү, шаардык кварталдардын жалпы концепциясы.
43. Арыз ээси шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органга архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыккан жана ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген үлгү боюнча арыз берет жана төмөнкү документтерди тиркейт:
1) ушул Жобонун 41-пунктуна ылайык долбоордук документтерди;
2) архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча профилдик институту же объекттерди инженердик изилдөө жүргүзүү үчүн сертификатталган адистер же сертификатталган адистерге ээ болгон юридикалык жактар тарабынан аткарылган бардык жоопкерчилик деңгээлиндеги имараттар жана курулмалар үчүн объектти реконструкциялоо, кайра пландоо же профилин өзгөртүү мүмкүндүгү жөнүндө техникалык оң корутундусу (зарыл учурда).
Ушул пункт менен каралган документтерден башка документтерди берүүнү талап кылууга жол берилбейт.
44. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган ушул Жобонун 43-пунктунда каралган документтердин толук пакети менен арызды кабыл алат жана арыз ээсине арызды кабыл алгандыгы жөнүндөгү тастыктама берет.
45. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган арыз келген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде долбоордук документтердин макулдашууга шайкеш экендигин текшерет жана макулдашуу жөнүндө чечим чыгарат же арыз ээсине сөзсүз билдирүү менен долбоордук документтерди макулдашуудан баш тартуу тууралуу негизделген чечимин берет.
46. Долбоордук документтердин өзүнчө бөлүмдөрү техникалык шарттарга жана АПШ талаптарына шайкештиги ыйгарым укуктуу органдар жана инженердик-техникалык кызматтар менен макулдашууну талап кылбайт.
Долбоордук документтерге талап кылынуучу шаар куруу, өрткө каршы, санитардык-гигиеналык жана башка талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилик долбоордун башкы архитекторуна жана долбоордун башкы инженерине жүктөлөт.
47. Долбоордук документтерди макулдашуу шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлөт жана "Башкы план" жана "Архитектуралык чечимдер" бөлүктөрүнүн негизги чиймелерине жана тышкы инженердик тармактар өткөн схемаларына мөөр же штамп басылат.
48. Долбоордук документтердин шаар куруу регламенттерине, АПШ, ИТШ талаптарына жана укук күбөлөндүргөн документтин негизинде жер участогунун схемасына шайкеш келбей калышы макулдашуудан баш тартууга негиз болуп саналат.
49. Шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык орган долбоордук документти макулдашуудан кийинки күндөн кечиктирбей заказчыга мындан ары мамлекеттик экспертиза органына же аккредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредиттелген мамлекеттик эмес эксперттик уюмга берүү үчүн макулдашылган долбоордук документтерди берет.
50. Долбоордук документтерди макулдашуу архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыккан жана ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бааларга ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
7. Долбоордук документтерди экспертизалоо
51. Долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын ыйгарым укуктарына ылайык жүргүзүлөт же аккредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредиттелген мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
52. Долбоордук документтерди экспертизалоо комплекстүү жүргүзүлөт.
Комплекстүү экспертиза деп долбоордук документтердин бардык бөлүмдөрүн бир убакта экспертиза жүргүзүү түшүнүлөт, анын ичинде ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык экспертизанын атайын түрлөрүн жүргүзүү менен бирге жана заказчы "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча бир жерден зарыл болгон экспертизалардын бардык түрлөрүнүн корутундуларын алуу мүмкүндүгү бар.
Экспертиза боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же аккредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредиттелген мамлекеттик эмес эксперттик уюм ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык атайын экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу тиешелүү органдарды тартуу менен "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча долбоордук документтерди комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү уюштурууну камсыз кылат.
53. Экспертизанын предмети болуп долбоордук документтер жана/же анын өзүнчө бөлүктөрү саналат, ал эми мамлекеттик бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн сметалык документтери да саналат.
54. Милдеттүү мамлекеттик экспертизалоого төмөнкүлөрдүн долбоордук-сметалык документтери кирет:
1) мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бардык объекттердин курулушу жана башка өзгөртүүсү;
2) өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча калыбына келтирилип жаткан объекттер үчүн;
3) өзгөчө татаал, уникалдуу, өзгөчө-кооптуу жана кооптуу өндүрүштүк объекттердин жана менчик түрүнө көз карандысыз тобокелдик фактору жогору болгон объекттердин (1-категориядагы).
Объекттердин долбоордук-сметалык документтерине мамлекеттик экспертиза жүргүзүү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Ушул пункттун 1, 2 жана 3-пунктчаларында каралбаган объекттердин долбоордук документтерине экспертиза жүргүзүү аккредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аккредиттелген мамлекеттик эмес эксперттик уюму тарабынан жүргүзүлөт.
55. Документтерди кабыл алуу жана комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу тартиби архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен белгиленет.
56. Ушул Жобонун 8-пунктунда каралган объекттердин долбоордук документтерин, ошондой эле экспертизанын оң корутундусун алган типтүү же кайталап колдонулган долбоорлор боюнча курулуш объекттерин бирдей инженердик-геологиялык, кыртыштык жана сейсмикалык шарттары бар аянттарга жайгаштырууда экспертиза жүргүзүү талап кылынбайт.
Долбоордук чечимдерге өзгөртүү киргизилсе, долбоордук документтердин өзгөртүү киргизилген бөлүктөрүнө экспертиза жүргүзүү керек.
57. Долбоордук документтерге жана анын өзүнчө бөлүктөрүнө экспертиза жүргүзүү анын төмөнкүлөргө шайкештигин баалоону түшүндүрөт:
- АПШ, ИТШ талаптарына жана долбоорлоого берилген тапшырмага;
- көлөмдүк-пландоочу жана конструктивдик чечимдердин, инженердик жабдыктардын, курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын негиздүүлүгүнө жана максаттуулугуна;
- долбоордук чечимдерде жер титирөөгө туруктуулук, бекемдик ченемдерине жетүүсүнө, туруктуулугуна;
- имараттардын жана курулмалардын өзгөчө жооптуу элементтеринин конструктивдик чечимдери инженердик-техникалык эсептерге жана эсептердин тууралыгына;
- инженердик-техникалык камсыз кылуунун долбоордук чечимдеринин долбоорлоого ченемдик-техникалык документтердин талаптарына;
- долбоордук чечимдердин инженердик-геологиялык изилдөөнүн жыйынтыктарына;
- баа коюу эсептеринин эсептөө методикасынын талаптарына, колдонулган сметалык эсептердин негиздүүлүгүнө;
- долбоордук чечимдердин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген калктын тобунун жашоо шартын камсыз кылуу тараптарына, ошондой эле энергияны үнөмдөө боюнча иш-чаралардын жетиштүүлүгү жана натыйжалуулугуна;
- долбоордук документтердин өрт, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өнөр жай коопсуздугун камсыз кылган талаптарга жана ченемдерге.
58. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ченемдик-техникалык базанын негизинде чет элдик долбоордук уюм тарабынан иштелип чыккан долбоордук документтерди экспертизалоо аны Кыргыз Республикасынын ченемдик-техникалык актылары, ченемдик-техникалык документтери менен шайкеш (адаптациялоо) келтирүүдөн кийин жана жергиликтүү шарттарды эсепке алуу менен аткарылат.
59. Долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү заказчынын арызы боюнча аткарылат.
Долбоордук документтер экспертизага кагаз же электрондук түрдө төмөнкү документтерди тиркөө менен берилет:
- экспертизалоонун заказчысынын арызы;
- объекттин курулушу жүргүзүлө турган жер участогуна жана/же долбоордук документтер менен каралган реконструкциялануучу, кайра пландалган жана/же багыты өзгөрүлгөн кыймылсыз мүлк объектисине укуктарды белгилеген жана укуктарды күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсү (эгер АПШ материалдарында жок болсо);
- АПШ жана ИТШ;
- уюмдар же тиешелүү ыйгарым укуктуу адистер тарабынан берилген реконструкция, кайра пландоо жана профилин өзгөртүү объектисинин техникалык абалы жөнүндө корутундулар;
- долбоорлоо тапшырмасы;
- тиешелүү лицензиясы бар уюмдар тарабынан аткарылган курулуш аянтын инженердик-геологиялык изилдөө тууралуу отчету;
- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу кыймылсыз мүлк объекттеринин курулушуна жана башка өзгөртүүгө сметалык документтери;
- долбоордук-сметалык документтерди же инженердик изилдөөлөрдү аткаруучу адистердин квалификациялык сертификаттары жана лицензиялары;
- эгер экспертизалоонун заказчысынын өкүлү тарабынан арыз берилсе, өкүлгө карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каты.
60. Экспертизага берилген долбоордук документтерде төмөнкүлөр камтылышы керек:
- долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматы бар түшүндүрмө кат;
- жер участогунун курулушунун башкы планы;
- курулуштун долбоору;
- архитектуралык жана көлөмдүк-пландоочу, конструктивдик чечимдердин чиймелери;
- инженердик-техникалык жабдыктардын долбоордук чечимдери;
- долбоордун технологиялык бөлүгү (зарыл учурда);
- кабыл алынган конструктивдик жана технологиялык чечимдердин эсептик негиздемеси (зарыл учурда эксперт тарабынан суралат);
- тышкы инженердик тармактардын долбоордук чечимдери;
- өрт жана өнөр жай коопсуздугу, экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өрт, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугун (зарыл учурда, объекттин түрүнө көз каранды) камсыз кылуу боюнча иш-чараларды камтыган долбоордук документтердин бөлүмдөрү;
- энергияны үнөмдөөнү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мүмкүндүктү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар.
Объекттерди анын ичинде сызыктуу объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү долбоордук документтердин берилген бөлүктөрү боюнча курулуштун технологиялык процессин, кезегин жана ишке киргизүү комплекстерин сактоо менен жүргүзүлөт.
Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
61. Долбоордук документтердин архитектуралык-курулуш, сметалык жана инженердик-техникалык бөлүктөрүнө экспертиза жүргүзүү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыккан жана ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган бааларга ылайык акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Экспертиза жүргүзүүнүн узактыгы экспертизалоо предметинин көлөмү жана татаалдыгы менен аныкталат жана төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
1) 100 чарчы метрден 500 чарчы метрге чейин - 10 жумуш күн;
2) 500 чарчы метрден 1000 чарчы метрге чейин - 20 жумуш күн;
3) 1000 чарчы метрден жогору - 30 жумуш күн.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөр арыздын жана долбоордук документтердин комплекстүү экспертизага келген күндөн эсептелип баштайт жана ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык, өрт жана өнөр жай коопсуздугу, экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченемдик актылар менен белгиленген мөөнөттөрдө аткарылган экспертизанын башкы зарыл болгон түрлөрү боюнча корутундулардын келишине чейин узартылат.
Өзгөчө татаал, ири объекттерди, кооптуу өндүрүштүк объекттерди, чоң комплекстерди кароодо кароо мөөнөтү арыз ээсине кат түрүндө билдирүү менен 20 жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
62. 3 жыл ичинде курулушу башталбаган долбоордук документтер, эгер бул мөөнөттө ченемдик-техникалык жана долбоордук документтерине өзгөртүү киргизилсе же инженердик камсыз кылууга муктаждык өзгөрүлсө, кайталап экспертиза жүргүзүүгө берилет, автомобиль жолдору тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган учурлардан башка.
63. Эксперттик уюм зарыл учурда эксперттик топ түзүүгө, экспертиза жүргүзүүгө адис-эксперттерди жана эксперттик уюмдарды чакырууга укуктуу.
Чакырылган эксперттердин жана эксперттик уюмдардын экспертизага катышуусу экспертизалоонун заказчысынын кошумча каржылык чыгымдарына алып келбейт.
64. Экспертизалоонун жыйынтыгы боюнча белгиленген формада төмөнкүдөй корутунду түзүлөт:
1) долбоордук-техникалык чечимдердин ченемдик талаптарга жана инженердик изилдөөлөрдүн (текшерүүлөрдүн) жыйынтыктарына шайкештиги (оң корутунду) же шайкеш эместиги (терс корутунду) жөнүндө;
2) долбоорлонуучу объекттин коопсуздугуна таасир этпеген кемчиликтерди жана эскертүүлөрдү жоюу шарты менен долбоордук-техникалык чечимдердин ченемдик талаптарга шайкеш келиши (оң корутунду) жөнүндө.
65. Эгер долбоордук чечимдер ченемдик талаптарга жана инженердик изилдөөнүн (текшерүүнүн) жыйынтыктарына шайкеш келбесе (терс корутунду), Кыргыз Республикасынын ченемдик-техникалык документтеринин жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шилтеме келтирүү менен долбоорлоонун ченемдеринин айкын бузулушу корутундуда көрсөтүлөт.
66. Эгер экспертизанын башка түрлөрүн аткаруу зарылдыгы пайда болсо, эксперттик уюм долбоордук документтерди ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык экспертизанын тигил же бул түрүн жүргүзүүгө жооптуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтөт.
Экспертизанын башка түрлөрүн жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өрт жана өнөр жай коопсуздугу, экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченемдик актылары менен белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү экспертизанын түрүнө долбоордук документтерди жөнөткөн эксперттик уюмга жыйынтыкталган эксперттик корутундуга тиркөө үчүн экспертизанын корутундусун берет.
67. Экспертизанын корутундусу эки нускада түзүлөт, экспертиза жүргүзгөн эксперттер, бөлүм башчылары тарабынан кол коюлат, жетекчинин орун басары менен текшерилет, эксперттик уюмдун жетекчиси же жетекчи ыйгарым укук берген кызматтык адам тарабынан бекитилет жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
68. Экспертизалоо процессинде эксперттик уюм эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди жоюу үчүн долбоорду иштеп чыгуучуну тартуу укугуна ээ.
Эгер эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди жоюу зарылдыгы пайда болсо, долбоордук документтерди кароо мөөнөтү эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди жоюу мезгилине чейин узартылат.
69. Эскертүүлөр жоюлгандан кийин долбоордук документтерге экспертизаны кайталап жүргүзүү керек.
Экспертизаны кайталап жүргүзүүгө долбоордук документтердин эксперттердин эскертүүлөрү боюнча өзгөртүү киргизилген бөлүгү гана берилет.
Жоюлган эскертүүлөр боюнча экспертиза 10 жумуш күндүн ичинде кайталап жүргүзүлөт, өзгөчө-кооптуу жана кооптуу өндүрүштүк объекттер үчүн мөөнөт 20 жумуш күндү түзөт.
70. Макулдашуу жана экспертиза жүргүзүүдөн кийин долбоордук документтерге өзгөртүү киргизилсе, заказчы аны кайталап макулдашуудан жана экспертизадан өткөрөт. Макулдашуунун жана экспертизанын предмети болуп долбоордук документтердин өзгөртүү киргизилген бөлүгү эсептелет.
71. Экспертизанын оң корутундусу жана долбоордук-сметалык (долбоордук) документтер ушул Жобонун 61-пунктуна ылайык мөөнөттөрдө, корутунду бекитилген күндүн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен заказчыга жөнөтүлөт.
8. Курулушту баштоо үчүн негиз
72. Экспертизанын оң корутундусу объектти архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан курулуш объекттеринин реестрине киргизүү жана курулушту баштоо үчүн негиз болот.
Заказчы долбоордук документтерди экспертизалоонун оң корутундусун алган күндөн тартып 5 күндүн ичинде автордук көзөмөл жүргүзүүгө долбоордун автору менен келишим түзүшү керек жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына объекттин курулушунун башталышы тууралуу билдириши керек.
73. Долбоордук документтерди экспертизалоонун оң корутундусунун көчүрмөсү, долбоордук документтер, автордук көзөмөлдөө жана жумуш өндүрүү журналы курулуш аянтында сакталышы керек жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча берилиши керек.
74. Курулуш объектисине болгон менчик укугу башка адамга өтсө, объекттин курулушу токтотулса же консервацияланса, арыз ээси чечим кабыл алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына билдириши керек.
75. Кыргыз Республикасынын аймагында тургузулуучу курулуш объекттери архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте мамлекеттик архитектуралык-курулуш, автордук жана техникалык көзөмөлүнөн өтүшү керек.
9. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо
76. Объекттин курулушу бүткөндөн кийин ал архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы тарабынан шайкештигин баалоо жүргүзүлүшү керек.
77. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо ушул Жобонун 8-пунктунда каралган объекттерге жүргүзүлбөйт.
Курулушу бүткөн жеке турак үйдүн шайкештигин баалоо жеке турак жай курулушу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо үчүн арыз ээси объекттин курулушу бүткөндөн тартып 10 күндүн ичинде архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына арыз жөнөтөт.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) курулуштун бүткөндүгү жана бардык баскычтарды кабыл алуу жөнүндө актысы, автордук көзөмөл жана жумуштарды өндүрүү журналы;
2) аткаруу-техникалык документтер (аткаруу съемкалары, жашырын жумуштардын актылары);
3) тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген объектти тышкы инженердик тармактарга кошуу жөнүндө тастыктама;
4) тиешелүү уюмдар тарабынан берилген, лифттерди жана эскалаторлорду сыноо актылары;
5) куралган инженердик-технологиялык жабдыктарды сыноо актылары;
6) заказчы жана башкы подрядчы тарабынан кол коюлган аткарылган жумуштардын баасы жөнүндө маалым кат;
7) өрттү автоматтык түрдө аныктоо жана өчүрүү системаларын кабыл алуу актылары жана долбоордук чечимдерге шайкеш келишин тастыктоо.
79. Ушул Жобонун 78-пункту менен каралган башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.
80. Арыз ээси курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо үчүн берип жаткан документтердеги маалыматтардын тууралыгына жоопкерчилик тартат.
81. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин долбоордук документтерге жана техникалык регламенттерге шайкештигин баалоо арызды кабыл алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысы түрүндө таризделет.
82. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысы арыз ээси (заказчы), долбоордун автору, башкы подрядчы, архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык органынын көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу кызматтык адамы тарабынан кол коюлат жана тиешелүү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
83. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо актысынын үлгүсү архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
84. Эгер архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык органы тарабынан ушул Жобонун 81-пункту менен белгиленген мөөнөттө курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө тиешелүү чечими кабыл алынбаса, объект долбоордук документтерге жана ченемдик-техникалык документтерге шайкеш келет деп эсептелет жана заказчынын талабы боюнча тиешелүү орган үч күндүк мөөнөттө курулушу бүткөн объекттин шайкештигин баалоо актысын берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июлундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
85. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоонун бекитилген актысы объектти эксплуатациялоо жана жер ресурстары жана жерге укуктук мамилелер, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, геодезия жана картография жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органында кыймылсыз мүлк объектисине укуктарды каттоо үчүн негиз болот.
86. Курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоо акысыз жүргүзүлөт.
87. Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын статистика органдарына, шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдарга, жер ресурстары жана жерге укуктук мамилелер, кыймылсыз мүлккө, геодезияга жана картографияга укуктарды мамлекеттик каттоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуу жөнүндө маалымат жөнөтөт.
10. Ушул Жобону бузуу үчүн жоопкерчилик
88. Долбоорлоого, курууга жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттин шайкештигин баалоого документтерди берүү процессине катышкан ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын, ошондой эле башка субъектилердин иш-аракеттерине административдик иш жана административдик жол-жоболор тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанууга болот.
89. Ушул Жобонун 24-пунктуна ылайык инженердик камсыз кылуу тармактарына кошууну камсыз кылган жана табигый монополиянын субъекттери болуп эсептелген инженердик-техникалык кызматтар алар көрсөткөн кызматтардан негизсиз баш тартуусу, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга чыгым келтирүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.