Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 12
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө долбоорлоого жана курууга документтерди берүү мөөнөттөрүн кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 277 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 "Жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12(3084) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|