Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-январы № 32
"Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Исмаилова, А.К.Касымалиева, Е.Г.Строкова, К.Дж.Рыспаев, И.Ш.Омуркулов, А.Б.Баатырбеков, У.Б.Примов, Т.Т.Мамытов, У.Т.Кыдыралиев, Б.К.Райымкулов, А.Алтынбеков жана С.М.Джураев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
"Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Исмаилова, А.К.Касымалиева, Е.Г.Строкова, К.Дж.Рыспаев, И.Ш.Омуркулов, А.Б.Баатырбеков, У.Б.Примов, Т.Т.Мамытов. У.Т.Кыдыралиев, Б.К.Райымкулов, А.Алтынбеков жана С.М.Джураев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин 42-1-берене менен толуктоо сунушталган, ага ылайык жеке жана юридикалык жактардын мыйзамда белгиленген маалыматтарды же материалдарды шайлоо комиссиясына бербөө, ошого тете комиссиянын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын аткарбоо үчүн жоопкерчилик каралган.
Алсак, "мыйзамдар" деген түшүнүк бул жалпыланган түшүнүк болуп саналат, чаржайыт мүнөзгө ээ жана кенен маанидеги чечмелөө мүмкүнчүлүгүн камтыйт. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, мыйзамдар - бул коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы деп түшүндүрүлөт, ал эми ченемдик укуктук акт - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ деп түшүндүрүлөт.
Ушуга байланыштуу, долбоордо шилтеме келтирилген ченемдик укуктук актыларды талдоого алуу жана алардын жөнгө салуу чөйрөсүнө же тармагына талдоо жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык, толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди келтирүүгө жол берилбейт.
Ушуну менен бирге жогоруда аталган Нускаманын 77-пунктуна ылайык Мыйзам долбоорундагы бланкеттик аныктамалар мыйзам чыгаруу тармагына, мыйзам чыгаруу актынын түрүнө, жөнгө салуу чөйрөсүнө, айрым тийиштүү эрежелерге шилтеме келтирет.
Жогоруда айтылгандарды эске алы", мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө "мыйзамда" деген сөздү "шайлоо мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин 871-берене менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык шайлоону (референдумду) даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө, добуш берүү күнү талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын жетекчилеринин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуусунун үлүшү 30 пайыздан ашкан уюмдардын жетекчилеринин жана уюмдаштыруучуларынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында административдик ресурсту кыянат пайдалануусу боюнча жоопкерчилик белгиленген.
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери тарабынан жасалган ушундай эле аракеттер үчүн ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен III категориядагы айып пул жана II категориядагы кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аныктоо сунушталып жатат. Мында, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 49-беренесине ылайык жазалоонун негизги түрү катары айып пул өлчөмүнө жараша эки категорияга бөлүнөт.
Ошондуктан 871-берененин сунушталып жаткан редакциясынын 2-бөлүгүндө "III" деген цифраларды "II" деген цифраларга алмаштырууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
Шайлоону (референдумду) даярдоо кайсы мезгилде башталган/бүткөндүгүн аныктап алуу зарыл.
Ошондой эле "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары мамлекеттик органдардын юридикалык жактар жана граждандар менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүсүнө жол берилбей тургандыгын маалымат иретинде белгилейбиз.
3. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин шайлануучу кызмат ордуна талапкердин атайлап жалган маалымат бергендиги үчүн жоопкерчилиги аныкталган 872-берене менен толуктоо сунушталууда.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан жасалган ушундай эле жоруктар үчүн ээлеген кызмат ордунан четтетүү жана II категориядагы белгилүү бир кызмат ордундарын ээлөө укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазаны аныктоо сунушталууда.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызмат ордуна талапкер катары атайын ыйгарым укукка ээ болбогондугун эске алуу менен алардын жоопкерчилигин күчөтүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин 873-берене менен толуктоо сунушталган, ага ылайык шайлоо даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө добуш берүү күнү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн шайлоочунун жоопкерчилиги каралган.
Сунушталып жаткан берене боюнча жоопкерчиликтин субъекти катары шайлоочулар, тактап айтканда жеке жактар эсептелине тургандыгын белгилөө зарыл деп эсептейбиз. Ошону менен бирге I категориядагы айып пул (200дөн 300гө чейин эсептик көрсөткүч) түрүндөгү жазаны белгилөө сунушталган. Айыптын көрсөтүлгөн өлчөмү жарандар үчүн ашкере болот деп эсептейбиз, анткени көп учурларда мындай бузуунун субъекти муктаж болгон калктын катмары (аз камсыз болгон жарандар) болушу мүмкүн.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык минималдуу айып бул I категориядагы айып пул болуп эсептелет.
Ошондуктан, мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, мында мыйзам долбоорунун 1-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
"42-3-берене. Шайлоочу (референдумдун катышуучусу) тарабынан акча каражаттарын жана материалдык баалуулуктарды алуу
Шайлоо даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө добуш берүү күнү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн шайлоочу (референдумдун катышуучусу) өзү үчүн же үчүнчү жак үчүн акча каражаттарын жана/же материалдык баалуулуктарды алуусу -
II категориядагы айып пул салууга алып келет.".
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 10-бөлүгүндөгү эскертүүсүн төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толуктоону сунуштайбыз:
"2. Ушул кодекстин 42-3-беренесинде көрсөтүлгөн бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.".
5. Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырмасы берилген.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалым катты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү же иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кайра кароого тийиш болгон чечимдер аныкталбаса, анда Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууга туура келет.
6. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 9-пунктуна ылайык, бир нече мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жаткан мыйзам долбоорунун аталышында кашаанын ичинде өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзамдардын аталыштары (үчтөн ашык эмес) же жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсү кыскача же болбосо ушул мыйзам долбоору менен жөнгө салынууга тийиш болгон маселелер камтылышы керек (эгерде мыйзам долбоорунун аталышынан жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүн так аныктоого мүмкүн болбосо) экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда чагылдырылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.