Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 27-январы № 34
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерин акчалай күтүм жана акчалай үлүш менен камсыздоо системасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин сыйлоо тартибинде:
- 4-пунктундагы "квартал" деген сөз "жарым жыл/жыл" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-главанын аталышындагы "кварталдын" деген сөз "мезгилдин" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "кварталдагы" деген сөз "мезгилдеги (жарым жылдагы/жылдагы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кызматкерди сыйлоону жөнгө салуу жарым жылда 1 жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин жүргүзүлөт жана кызматкерге өз функциялык милдеттерин сапаттуу аткарууга, кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана өзүнүн убактысын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүүгө багытталган";
- 12-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "квартал" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "мезгил" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 27-пунктунда:
1-пунктчасындагы "квартал" деген сөз "мезгил" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пунктчасындагы "кварталдык", ("квартал") деген сөздөр "жарым жылдык/жылдык", ("жарым жыл/жыл") деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктчасындагы "кварталдын", "кварталына" деген сөздөр "отчеттук мезгилдин", "жарым жылда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларындагы "квартал", "кварталда" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "мезгил" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 31-пунктунун 3-пунктчасындагы "кварталга" деген сөз "жарым жылга/жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 33-пунктунун үчүнчү абзацындагы "кварталдан" деген сөз "отчеттук мезгилден" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34-пунктунда:
"квартал сайын," деген сөздөр алып салынсын;
"кварталдан" деген сөз "мезгилден" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 36-пунктундагы "кварталдагы" деген сөз "мезгилдеги" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 41-пунктундагы "кварталдын" деген сөз "отчеттук мезгилдин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-1-пунктунун экинчи абзацындагы "квартал сайын" деген сөздөр "жарым жылда 1 жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М. Д. Абылгазиев |