Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМУ
2010-жылдын 21-октябры № 250
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумунда финансы жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.
3. Ресурстук макулдашуу ал жеткис күчтүн жагдайларын кошпогондо, колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир тараптуу өзгөртүүгө же бузууга болбостугу белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына төмөнкү укуктар берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин ишин баалоого негиздеп сыйлоо боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынган атайын каражаттарды өз алдынча пайдаланууга.
5. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин сыйлоо тартиби бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
бажы кызматы менен Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин ортосундагы
РЕСУРСТУК МАКУЛДАШУУ
I. Макулдашуунун предмети
II. Максаты
III. Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү
IV. Колдонуу чектери жана шарттары
V. Финансылык ресурстар
VI. Адам ресурстары
VII. Отчеттуулук
VIII. Иштин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу
IX. Мониторинг жана баалоо
X. Күтүлбөгөн жагдайлар
XI. Ишке ашыруу механизми
I. Макулдашуунун предмети
1. Ресурстук макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) тараптары болуп төмөнкүлөр эсептелет: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын финансы министри.
2. Бул Макулдашуунун предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын күндөлүк сарптоолорун жана адам ресурстарын каржылоо үчүн каражаттарды бөлүштүрүүдө ыйгарым укуктарды берүү эсептелет.
II. Максаты
3. Бул Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына (мындан ары - МБК) жүктөлгөн милдеттерди финансылык каражаттардын чегинде, финансылык жана адам ресурстарын ийкемдүү бөлүштүрүү жана натыйжалуу башкаруу аркылуу майнаптуу ишке ашыруу.
4. Коюлган милдеттерди эске алуу менен финансылык, ошондой эле адам ресурстарын кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн атайын каражаттарды бөлүштүрүүдө оптималдуу чечимдерди кабыл алуунун эсебинен алдыга коюлган максаттарга жетүү болжолдонот.
5. Бул Макулдашууда МБК үчүн кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүү каралбайт.
III. Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү
6. Бул Макулдашуу МБКнын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын финансы министри кол койгон учурдан тартып 2010-2013-жылдар мезгилине түзүлөт.
IV. Колдонуу чектери жана шарттары
7. Бул Макулдашууда айтылган ресурстун түрлөрүнө Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МБК тарабынан алынган жана бул Макулдашууда көрсөтүлгөн, МБКнын борбордук аппаратын жана анын ведомстволук бөлүмчөлөрүн каржылоого республикалык бюджеттен каралган каражаттар кирет.
8. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МБК тарабынан алынган финансылык каражаттар кайрадан бөлүштүрүүгө жана республикалык бюджетке алып коюуга жатпайт.
9. МБК төмөнкүлөргө укуктуу:
- иш процессинде бошогон атайын каражаттарды өз алдынча пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан окуу жайларында окуган кызматкерлердин зачет, сынактарды тапшыруу, дипломдук ишти даярдоо жана коргоо убагында барып-келүү, жашоо, суткалык чыгымдарын төлөп берүүгө байланышкан чыгымдарын каржылоого.
10. Бул Макулдашуу МБКга мыкты жыйынтыктарга жетүү максатында ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
V. Финансылык ресурстар
11. Бул Макулдашуу колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Ресурстук макулдашуунун тараптары менен макулдашылган сметалык дайындоолорго ылайык МБКга каралган финансылык каражаттардын бардык суммасын өз убагында ай сайын бөлүп берүүнү камсыз кылат.
12. МБК зарыл болгон учурда экономикалык классификациянын чыгымдарынын беренелери боюнча квартал сайын МБКга каралган жана тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген каражаттардын чегинде сметалык дайындоолорго өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине билдирүү менен белгиленген тартипте жүргүзүүгө укуктуу.
VI. Адам ресурстары
13. Бул Макулдашууда эске алынган адам ресурстары болуп МБКнын борбордук аппаратынын жана МБКнын төмөнкү ведомстволук уюмдарынын ресурстары эсептелет:
- ведомстволук бөлүмчөлөр (региондук бажылар);
- Түндүк жана Түштүк региондору боюнча оперативдүү бажылар;
- энергетикалык бажы;
- кинология кызматы;
- окуу борбору;
- лаборатория;
- кенже жана техникалык тейлөө персоналынын кызматчылары.
14. МБК иш процессинде үнөмдөлгөн каражаттардын суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте кызматкерлерди сыйлоого пайдалана алат.
VII. Отчеттуулук
15. МБКнын атайын каражаттарын эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин отчет түзүү жана берүүнүн белгиленген жол-жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
VIII. Иштин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу
16. Бул Макулдашууда бардык үнөмдөлгөн каражаттар толугу менен МБКнын тескөөсүндө калаары каралат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги МБКнын борбордук аппаратынын жана ведомстволук мекемелеринин чыгымдар сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө карата МБКнын сунуштары боюнча милдеттенмелерди жана ушул Ресурстук макулдашуунун X бөлүмүндө каралган күтүлбөгөн жагдайларды кошпогондо республикалык бюджетте каралган беренелерди толук көлөмдө каржылоону өзүнө алат.
IX. Мониторинг жана баалоо
17. Максатка жетүүдөгү ийгиликтерди баалоо ушул Макулдашуунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Финансы жылынын жыйынтыгы боюнча МБК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине финансылык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышы боюнча маалымат берет.
18. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынан же башка контролдоочу мамлекеттик органдардан суралган ар кандай маалыматтар жазуу жүзүндө жана өз убагында берилиши керек.
X. Күтүлбөгөн жагдайлар
19. Мамлекеттик чыгымдардын кыскаруусуна же көбөйүүсүнө алып келүүчү күтүлбөгөн жагдайлар пайда болгон учурда МБКны каржылоо республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсүнө ылайык учурдагы жылга карата МБКнын бекитилген бюджетинин чегинде жүргүзүлөт.
XI. Ишке ашыруу механизми
20. Макулдашуучу тараптар бардык белгиленген иш-чараларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
21. Бул Макулдашуу Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансы министри
бажы кызматынын төрагасы
_____________________________ ______________________
аты-жөнү аты-жөнү
2010-жылдын "__" ________ 2010-жылдын "__" _____
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 250 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин сыйлоо ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168, 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин сыйлоо тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тутумундагы бажы органынын кызмат адамдарын (мындан ары - кызматкерлер) сыйлоо жол-жобосун жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары - МБК) кызматкерлеринин жана бөлүмчөлөрүнүн ишинин жыйынтыгына толук жана ар тараптуу баалоо жүргүзүүгө багытталган иш чаралардын комплексин, алардын умтулууларына жана натыйжалуу эмгекке дем берүүнү регламенттейт.
3. МБКнын кызматкерлерин жана бөлүмчөлөрүн сыйлоону жөнгө салуу анын квалификациясын жана ишке салымын эсепке алуу менен сый акыны камсыз кылууну караштырат.
4. Сыйлоону жөнгө салуу төраганын сыйлоо фондусунун эсебинен бөлүмчөнү жарым жыл/жыл сайын сыйлоону жөнгө салууну камтыйт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин жана кызматкерлерди отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча баалоо жол-жобосу
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматкерди сыйлоону жөнгө салуу тартиби мурда бекитилген иш-планын жана жүктөлгөн функционалдык милдеттердин аткарылышынын негизинде, кызматкердин отчеттук мезгилдеги (жарым жылдагы/жылдагы) ишинин жыйынтыгын тикелей жетекчи тарабынан талдоо жана баалоо жүргүзүүсү болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кызматкерди сыйлоону жөнгө салуу анын тикелей жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна редакциясына ылайык)
7. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. МБКнын борбордук аппаратынын (мындан ары - борбордук аппарат) башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн) жана ведомстволук бөлүмчөнүн жетекчисин сыйлоону жөнгө салуу МБКнын жетекчилиги (МБКнын төрагасы жана орун басарлары) тарабынан тейлеген багыттары боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна редакциясына ылайык)
9. Кызматкерди сыйлоону жөнгө салуу жарым жылда 1 жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин жүргүзүлөт жана кызматкерге өз функциялык милдеттерин сапаттуу аткарууга, кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана өзүнүн убактысын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүүгө багытталган
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Иш планды даярдоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
- иш план кызматкер жана анын тикелей жетекчиси тарабынан кызматкердин функционалдык милдеттерине жана түзүмдүк бөлүмчөнүн иш планына жараша аныкталат;
- иш планда бөлүмчөгө жүктөлгөн милдеттерге ылайык ишти аткарууга негизги талаптар, тапшырманы ишке ашыруунун формасы, көлөмү, аткаруу мөөнөтү ж.б. аныкталат.
11. Отчеттук мезгилине карата иш планы ар бир кызматкерге түзүлөт жана тикелей жетекчи тарабынан бекитилет.
12. Кызматкердин ишинин жыйынтыгын талдоо жана баалоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- отчеттук мезгил аяктагандан кийин тикелей жетекчи конкреттүү кызматкердин ишинин жыйынтыгын баалайт;
- иштин жыйынтыгын баалоо кызматкердин отчеттук мезгилде жасаган иштери жөнүндө отчетунун негизинде кызматкердин борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн иш планын жүзөгө ашырууга кошкон салымын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Баалоо учурунда аткаруучулук тартип, тартиптик жаза-чаралар, кызматтык (функционалдык) милдеттерди, ички эмгек тартип эрежелерин бузуулар, кошумча тапшырмаларды аткаруулар ж.б. эске алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Иштин жыйынтыгын баалоо бекитилген формалар боюнча түзүмдүк бөлүмчөнүн жетекчисинин/кызматкердин ишин баалоо критерийлерине ылайык жүргүзүлөт.
14. Түзүмдүк бөлүмчөнүн жетекчисинин/кызматкеринин ишин баалоо критерийи, критерийлердин салыштырма салмагы жана түзүмдүк бөлүмчөнүн жетекчисинин/кызматкеринин ишин баалоо-отчетунун формасы стандарттуу болот жана МБКнын чечими менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Сыйлоону жөнгө салуу өз функционалдык милдеттерин аткаргандыгы үчүн объективдүү сый акыга жетүү максатында бөлүмчөнүн тийиштүү эмгек акы төлөө фондунун (мындан ары - бөлүмчөнүн ЭАТФ) чегинде кызматкерлердин сыйлыгынын өлчөмүн өзгөртүүнү (жогорулатуу/төмөндөтүү) болжолдойт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Сыйлыктын пайызын жогорулатуу төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн:
- кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткаргандыгы, иштин жыйынтыгы жана аткарылган жумуштун сапаты;
- демилгелүүлүгү, чыгармачылык менен иштөөсү, жоопкерчилиги;
- кошумча жана атайын тапшырмаларды, ошондой эле өзгөчө маанилүү жана оор тапшырмаларды жана башкаларды ак ниет аткаргандыгы.
17. Сыйлыктын пайызын төмөндөтүү төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн:
- аткаруучулук жана эмгек тартибинин төмөндүгү;
- функционалдык милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагандыгы;
- тапшырмаларды аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы;
- демилгелүүлүктүн жоктугу;
- администрациялык же башка жоопкерчиликке тартылышы ж.б.
18. Кызматкерди төраганын сыйлоо фондунан сыйлоо бөлүмчөнүн ЭАТФсынын чегинде гана жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кызматкерлерди сыйлоо борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдөрдүн башкармалыктарынын (өз алдынча бөлүмдөрдүн) жетекчилеринин билдирмелеринин негизинде МБКнын буйругу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кызматка жаңы кабыл алынган жана кызматтан бошотулган кызматкерлерге төлөнө турган сыйлыктын суммасы иш жүзүндө иштеген убагы үчүн борбордук аппараттын башкармалыктарынын (өз алдынча бөлүмдөрүнүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн жетекчисинин сунуштамасынын негизинде тейлөөчү багыттары боюнча МБКнын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча аныкталат.
21. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин/кызматкерлеринин ишин баалоо-отчетунун толтурулган формаларынын түп нускалары борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдөрдүн башкармалыктарында (өз алдынча бөлүмдөрүндө) сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомунун редакциясына ылайык)
25. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
26. Электрондук документ жүгүртүү киргизилгенде маалыматтарды сактоо электрондук түрдө жүргүзүлөт.
3. Сыйлоонун жол-жоболору, негизги принциптери жана төраганын сыйлоо фондун түзүү булактары
27. Борбордук/ведомстволук бөлүмдүн аппараттын башкармалыктарын (өз алдынча бөлүмдөрүн) сыйлоону жөнгө салуу тартиби төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) Төраганын/төраганын тейлөөчү орун басары тарабынан отчеттук мезгилге карата бөлүмчөнүн мурда бекитилген иш планын аткаруусунун негизинде отчеттук мезгил үчүн бөлүмчөнүн ишинин жыйынтыгын талдоо жана баалоо;
2) тейлөөчү багыттары боюнча МБКнын жетекчилиги тарабынан жалпысынан алдыдагы мезгилге карата бөлүмчөнүн жана МБКнын алдына коюлган милдеттерге ылайык борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдүн конкреттүү башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмүнүн) иш планын бекитүү;
3) борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдүн конкреттүү башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмүнүн) сыйлык өлчөмүн жарым жылдык/жылдык, сыйлоо фондунун эсебинен бир бөлүмчөгө пайыз түрүндө аныктоо отчеттук мезгил (жарым жыл/жыл) үчүн иштин жыйынтыгы боюнча МБКнын чечими менен жүргүзүлөт;
4) бөлүмдү сыйлоо тиешелүү отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча МБКнын коллегиясы өткөндөн кийин жарым жылда 1 жолу жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168, 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдүн башкармалыктарынын (өз алдынча бөлүмдөрүнүн) иш жыйынтыгын талдоо жана баалоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) отчеттук мезгил аяктагандан кийин тейлөөчү багыттары боюнча МБКнын жетекчилиги тарабынан борбордук аппараттын конкреттүү башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмүнүн) ишинин жыйынтыгын баалоо жүргүзүлөт;
2) иштин жыйынтыгын баалоо борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдүн башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмүнүн) отчет мезгилде жасаган иштери тууралуу отчетунун негизинде борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдүн башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн) жалпы МБКнын иш планын жүзөгө ашырууга кошкон салымын эске алуу менен жүргүзүлөт;
3) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) бөлүмчөнүн сыйлыгынын пайызы борбордук аппараттын ички аудит бөлүмчөсү тарабынан башкармалыкты/өз алдынча бөлүмдү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөтүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168, 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
29. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
30. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
31. Борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн иш планын даярдоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
1) борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн иш планы бөлүмчө тууралуу жобого, алдыдагы мезгилге карата МБКнын милдеттерине жана иш планына жараша жетекчи жана тейлеген багыттары боюнча МБКнын жетекчилиги тарабынан аныкталат;
2) борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн иш планында ишти аткарууга карата негизги талаптар, тапшырманы жүзөгө ашыруу формасы, көлөмү, аткаруу мөөнөтү ж.б. аныкталат;
3) борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн иш планы мезгилге тейлеген тармактары боюнча МБКнын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Борбордук аппараттын башкармалыгын (өз алдынча бөлүмүн)/ведомстволук бөлүмчөнү сыйлоону жөнгө салуу бөлүмчөнүн алдында турган милдеттерди кыйла сапаттуу жана мөөнөтүнөн мурда аткаруу үчүн жана бөлүмчөнүн белгиленген иш планын ашыра аткаруу үчүн калыс сый акыга жетүү максатында төраганын сыйлоо фондунун чегинде бөлүмчөгө сыйлык белгилөөнү болжолдойт.
Төмөнкүлөр үчүн сыйлык белгилениши мүмкүн:
- бөлүмчөнүн иш планын кынтыксыз аткаргандыгы, иштин жыйынтыгы жана сапаты;
- кошумча жана атайын тапшырмаларды, ошондой эле өзгөчө маанилүү жана оор тапшырмаларды ж.б. ак ниет аткаргандыгы.
33. Төраганын сыйлоо фондун түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
- МБКны күтүүгө республикалык бюджеттен каралган каражаттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каржылоонун башка булактары. Жылдын башында коллегиянын чечими менен төраганын фондунун жалпы көлөмү бекитилет, ал жеткиликтүү ресурстарга жараша кайра каралышы мүмкүн;
- мурунку отчеттук мезгилден үнөмдөлгөн каражаттар.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Борбордук аппараттын финансылык бөлүмчөсү отчеттук мезгилден кийинки айдын 1-күнүнө карата МБКнын төрагасына сыйлоо фондун түзүү булактары боюнча анын өлчөмү тууралуу маалымат берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Борбордук аппараттын башкармалыктарын (өз алдынча бөлүмдөрүн)/ведомстволук бөлүмчөлөрдү тейлөөчү багыттары боюнча МБКнын жетекчилигинин сунуштарынын негизинде сыйлоо МБКнын буйругу менен таризделет.
36. Тийиштүү бөлүмчөнүн сыйлыгынын өлчөмү аныкталгандан кийин конкреттүү кызматкердин сыйлыгынын көлөмү бекитилген формалар боюнча отчеттук мезгилдеги ишинин жыйынтыгынын баасына жараша аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
37. Стратегиялык милдеттерди, МБКнын жетекчилигинин айрым тапшырмаларын аткаргандыгы жана МБКнын ишине кошкон зор салымы үчүн төраганын тейлөөчү орун басарынын сунушу боюнча МБКнын төрагасынын чечиминин негизинде бир кызматкерге, ошондой эле МБКнын кызматкерлеринин тобуна сыйлыктын кошумча пайызы белгилениши мүмкүн.
38. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
39. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
40. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
41. Борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмчөнүн кенже тейлөөчү персоналын сыйлоону жөнгө салуу майрам күндөрүнө карата, ошондой эле отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча МБКнын жана ведомстволук бөлүмчөнүн буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Сыйлоону жөнгө салуунун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
42. Борбордук аппараттын башкармалыктарынын (өз алдынча бөлүмдөрүнүн)/ведомстволук бөлүмчөлөрдүн кызматкерлери ушул Тартипте каралган жол-жоболорду сактоого жана аткарууга тийиш.
43. Борбордук аппараттын башкармалыктарынын (өз алдынча бөлүмдөрүнүн)/ведомстволук бөлүмчөлөрдүн кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- түзүмдүк бөлүмчөнүн жетекчисине сыйлоо маселелери боюнча түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууга;
- сыйлоонун жыйынтыктары менен макул эмес болгон учурда төмөнкүлөргө арыз берүүгө:
а) борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдөрүнүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн жетекчисине;
б) МБКнын төрагасына, эгер маселе борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдөрүнүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн жетекчиси тарабынан жөнгө салынбаса.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Бөлүмчөнүн жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- сыйлоо тутумун жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- өзүнүн тикелей карамагындагы кызматкерлерге алардын иши баалана турган критерий, ошондой эле ал критерийлердин салыштырма салмагы тууралуу маалымдоого;
- өзүнүн тикелей карамагындагы кызматкердин ишин баалоонун жана анын ишинин жыйынтыгынын негизинде калыс сыйлоону камсыз кылууга;
- сыйлоонун жыйынтыктарын талкуулоо максатында өзүнүн тикелей карамагындагы кызматкер менен аңгемелешүүгө;
- өзүнүн тикелей карамагындагы кызматкердин канааттандыраарлык эмес ишинин себептерин аныктоого (зарыл учурда);
- өзүнүн тикелей карамагындагы кызматкердин кийинки мезгилге карата жеке иш планынын максаттарын биргеликте аныктоого жана иштеп чыгууга.
45. МБКнын төрагасы, төраганын орун басары сыйлоону жөнгө салуунун катышуучулары катары төмөнкүлөргө укуктуу:
- бөлүмчөнүн иш планына оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизүүгө (зарыл учурда);
- сыйлыктын пайызын төмөндөтүү/жогорулатуу боюнча негиздүү оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизүүгө.
46. Борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдөрүнүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн жетекчиси сыйлоону жөнгө салуунун катышуучусу катары төмөнкүгө укуктуу:
- кызматкердин иш планына оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизүүгө (зарыл учурда);
- сыйлыктын пайызын төмөндөтүү/жогорулатуу боюнча негиздүү оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизүүгө.
47. Борбордук аппараттын/ведомстволук бөлүмдүн башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмдүн) жетекчиси:
- сыйлоо жол-жоболорунун сакталышына, ушул Тартипке ылайык формалардын толтурулушуна контролдук жүргүзөт;
- сыйлоо жыйынтыктарынын купуялуулугун камсыз кылат;
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- сыйлоону жөнгө салуунун жыйынтыктарын талдайт, бөлүмчөлөрдүн ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды жыйнайт;
- түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн ишин, окутууну, сыйлоо тутумун жакшыртуу боюнча кызматкерлердин/бөлүмчөлөрдүн сунуштарын жалпылайт жана талдайт, аларды жетекчиликтин кароосуна киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна редакциясына ылайык)
48. Тикелей жетекчи кызматкердин ишин баалап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалоонун туура жана калыс жүргүзүлгөнүнө жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Жылдын жыйынтыгы боюнча ички аудит бөлүмчөсү тарабынан кызматкерлердин жана бөлүмчөлөрдүн ишинин натыйжалуулугун баалоонун тууралыгына, калыстыгына тандалма текшерүү жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна редакциясына ылайык)
4-1. МБКнын жетекчилигин сыйлоо тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 168 токтомуна редакциясына ылайык)
49-1. МБКнын төрагасынын ишин баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун базалык көрсөткүчтөрүнө ылайык жүргүзүлөт.
МБКнын төрагасын сыйлоону тескөө жарым жылда 1 жолу, МБКнын коллегиясынын жыйынында жүргүзүлөт. МБКнын төрагасын төраганын сыйлоо фондунан сыйлоо МБКнын коллегиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856, 2020-жылдын 27-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
49-2. Төраганын орун басарларынын, төраганын кеңешчисинин, басма-сөз катчысынын жана төраганын жардамчысынын ишин баалоону тескөөнү МБКнын төрагасы жүргүзөт.
49-3. Төраганын орун басарларынын ишинин жыйынтыктарын баалоо жетекчинин ишин баалоонун критерийлерине ылайык бекитилген формалар боюнча жүргүзүлөт.
49-4. Төраганын кеңешчисинин, басма-сөз катчысынын жана төраганын жардамчысынын ишинин жыйынтыктарын баалоо кызматкердин ишин баалоонун критерийлерине ылайык бекитилген формалар боюнча жүргүзүлөт."
5. Апелляция
50. Сыйлоону жөнгө салуунун жыйынтыгы менен макул болбогон учурда, эгер маселе борбордук аппараттын башкармалыгынын (өз алдынча бөлүмүнүн)/ведомстволук бөлүмчөнүн жетекчиси тарабынан жөнгө салынбаса кызматкер апелляциялык арыз менен МБКнын төрагасынын дарегине кайрылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
51. МБКнын төрагасы арызды апелляциялык арызды карап чыгууга ыйгарым укуктуу борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмчөсүнө жиберет. Апелляциялык арыз берилген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралат. Аталган арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмчөсү МБКнын төрагасынын бекитүүсүнө тиешелүү чечимдин долбоорун киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
52. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 856 токтомуна ылайык күчүн жоготту)