Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 44
"Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 6/2, 652-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
"Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 6/2, 653-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
3-берене.
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 1, 31-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
2) 23-беренесинин 1-абзацындагы "администрациялык жана жазык жоопкерчилигин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 11,1193-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын.
2) 37-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "администрациялык жана башка жоопкерчиликтерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 11-августу, № 74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Жоопкерчилик
Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
29-главада:
- аталышы "жүзөгө ашыруу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Ушул Кодекстин 223-1-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 223-1-берене менен толукталсын:
"223-1-берене. Милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуу
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш болгон юридикалык жактардын милдеттүү аудитти өткөрүүдөн качуусу, же аны өткөрүүгө тоскоолдук кылуусу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Алгачкы эсептик документтерди, бухгалтердик эсептин регистрлерин, бухгалтердик эсептин жумушчу эсептеринин пландарын, финансылык отчеттуулукту жана эсептик саясаттын башка документтерин кагаз жүзүндө жана эсепке алуунун компьютерлештирилген системасында сактоо боюнча талаптарды мамлекеттик архивдик иш жөнүндө мыйзамдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө аткарбоо, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Ачык кызыкчылыктын субъекттери менчигинин түрүнө карабастан финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын сактабагандыгы -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2) 30-главада:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-глава. Банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу боюнча башкаруу тартибине каршы бузуулар";
- эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Ушул Кодекстин 224-240-7-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 240-1 - 240-7-беренелер менен толукталсын:
"240-1-берене. Уюштуруучулук чыгарылыштагы акциялардын мамлекеттик каттоодон өтпөй калуусу
Уюштуруучулук чыгарылыштагы акцияларды мамлекеттик каттоодон эмитенттин өтпөй калуусу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-2-берене. Ломбарддык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу
1. Зайымчынын пайдасына өзүнүн эсебинен күрөөгө кабыл алууда күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу боюнча талаптарды бузуу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Күрөөгө коюлган мүлктү ломбардга берүүдө зайым келишимин түзүү жөнүндө талаптарды бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Мыйзамдарда каралган учурларда нотариалдык формада зайым келишимин түзүү жөнүндө талаптарды бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-3-берене. Аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу
1. Аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган иштин түрлөрү аудитордук уюм жана жеке аудитор тарабынан жүзөгө ашыруусу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Аудитордук уюм же жеке аудитор аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарга каршы келген учурларда аудитти жүргүзүүсү, же аудитордук кызматтарды көрсөтүүсү -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Эмгек келишими боюнча, же бир аудитордук уюмдун курамында гана аудитор катары келишим (контракт) боюнча аудитордук ишти жүргүзүүнүн талаптары аудитор тарабынан сакталбашы -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Жеке аудиторлор жана аудитордук уюмдар тарабынан аудитордук иштин стандарттарын сактабоо -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-4-берене. Лотереялык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу
Лотереяны уюштуруучу тарабынан лотереяны өткөрүүнүн шарттарын сактабоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-5-берене. Камсыздандыруу ишин жүргүзүүнүн тартибин бузуу
1. Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтеринин белгиленген чектүү өлчөмдөрүн сактоо боюнча талаптарды камсыздандыруу уюмдары тарабынан бузуу же аткарбоо -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарына карата коюлуучу квалификациялык талаптарды бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруунун ордун толтурууну (камсыздандыруу төлөмдөрүн) жүзөгө ашырбоо же өз учурунда аткарбоо -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-6-берене. Камсыздандыруу уюмдарынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузушу
Милдеттүү камсыздандыруунун өзүнчө түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын камсыздандыруу уюмдары тарабынан бузуу же аткарбоо -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
240-7-берене. Топтолмо пенсиялык фонддор жана пенсиялык активдерди башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо талаптарын бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып салууга алып келет.
2. Топтолмо пенсиялык фонддор үчүн пруденциялык ченемдерин эсептөө методикасын бузуу же аткарбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмдөрү жана аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө талаптарды бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүүгө конкурсту уюштуруу жана өткөрүү тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Пенсиялык топтолмо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурсту өткөрүү тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөткөн депозитарийдин ишине коюлган талаптарды бузуу же аткарбоо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
7. Пенсиялык топтолмолорду бир топтолмо пенсиялык фонддон башка топтолмо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондуна которуу тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
8. Топтолмо пенсиялык каражаттар инвестиция кылынган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдеринин наркын эсептөө тартибинин талаптарын бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
9. Топтолмо пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минимумдук өлчөмүн түзүү жана колдоо боюнча талаптарды бузуу же аткарбоо -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти