Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги N 197 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 165 токтомуна) |
"Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобунун (мындан ары - Көмөктөшүү тобу) функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Көмөктөшүү тобу өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Көмөктөшүү топтору өзгөчө кырдаалдардын жаралышына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен уюштурулат, анда өзгөчө кырдаалдардын классификациясы боюнча алардын сандык курамы белгиленет.
4. Көмөктөшүү топтору эл аралык чукул жардам келип түшүүчү негизги пункттарда, анын ичинде, жагдайларга жараша аэропорттордо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жер үстүндөгү өткөрүү пункттарында жайгаштырылат.
5. Жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мезгил-мезгили менен консультацияларды жүргүзөт жана Көмөктөшүү топторунун ишин аяктоо маселесин эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча ишке активдүү тартылган эл аралык көмөктөшүү субъекттери менен макулдашат.
Көмөктөшүү топторунун ишин аяктоо жөнүндө макулдашылган сунуш Жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизилет.
6. Көмөктөшүү тобунун иши максаттарга жетүү жана Көмөктөшүү тобуна жүктөлгөн милдеттерди чечүү тууралуу жетекчи тарабынан берилген отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жактырылгандан кийин токтотулат.
2. Көмөктөшүү тобунун курамы
7. Көмөктөшүү тобунун курамына Кыргыз Республикасындагы бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгуучу тизмекке кирген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун өкүлдөрү (мындан ары - катышуучулар) кирет.
8. Көмөктөшүү тобунун катышуучулары Көмөктөшүү тобунун милдеттерин натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү тийиштүү ыйгарым укуктар берилген өздөрүнүн өкүлдөрүн иш сапарга жиберишет.
9. Зарыл болгон учурда Көмөктөшүү тобунун жетекчисинин суроосу боюнча Көмөктөшүү тобунун катышуучулары кошумча өкүлдөрдү жиберишет.
3. Көмөктөшүү тобунун максаты, негизги милдеттери жана функциялары
10. Көмөктөшүү тобунун максаты болуп келип түшүүчү эл аралык чукул жардамдарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу тездетип өткөрүүнү камсыз кылуу эсептелет.
11. Көмөктөшүү тобунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу келип түшүүчү эл аралык чукул жардамды жайгаштырууда эл аралык көмөктөшүү субъекттерин тездетип өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;
2) "бир терезе" принцибин колдонуу аркылуу мамлекеттик бийлик органдарынын күчтөрүн жана иш-аракеттерин макулдашууну консолидациялоо.
12. Көмөктөшүү тобунун функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүү укугуна берилүүчү коштоочу документтерди жана жарактуу документтерди борборлоштуруп кабыл алуу, тууралыгын жана комплекттүүлүгүн алдын ала текшерүү;
2) эл аралык чукул жардам көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптары жөнүндө эл аралык көмөктөшүү субъектине маалымдоо жана консультация берүү;
3) жолугушууларды, эл аралык көмөктөшүү субъекттеринин, авариялык-куткаруу кызматтарынын жана түзүлүштөрдүн, медициналык түзүлүштөрдүн (медициналык жардамдын мобилдүү бригадаларынын, мобилдүү медициналык госпиталдардын, тез жардам жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү станцияларынын, санитардык авиациянын, адистештирилген врачтардын бригадаларынын) келген персоналын убактылуу жайгаштыруу пункттарын уюштуруу;
4) көмөк көрсөтүү:
- персонал, эл аралык көмөктөшүүчү субъекттер, авариялык-куткаруу кызматтары жана түзүлүштөр, медициналык түзүлүштөр үчүн визалык колдоону тариздөө маселелерин чечүүдө;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү жана (же) башка документтерди алууда;
- издөө жабдууларын, товарларды, медициналык жабдууларды, жабдуу предметтерин жана эл аралык чукул жардамдын башка түрлөрүн ташууда;
5) эл аралык чукул жардамды алуудан баш тарткан учурда, эл аралык көмөктөшүүчү субъектке мотивациялык түшүндүрмөлөрдү берүү.
13. Көмөктөшүү тобу өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча башка функцияларды жана милдеттерди аткарат.
4. Көмөктөшүү тобунун ыйгарым укуктары жана иш тартиби
14. Көмөктөшүү тобунун ишине жалпы жетекчилик кылуу, координациялоо жана контролдоо Көмөктөшүү тобунун жетекчисине жүктөлөт, ал Жарандык коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын өкүлү болуп саналат.
15. Көмөктөшүү тобунун жетекчисинин орун басарлары болуп бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү эсептелет.
16. Көмөктөшүү тобунун жетекчиси:
- Көмөктөшүү тобуна жүктөлгөн функциялардын жана милдеттердин аткарылышы, Көмөктөшүү тобунун кызматкерлеринин иштөө режимин, эмгек жана аткаруучулук тартибин сактоолору үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Көмөктөшүү тобунун мүчөлөрүнүн өз ара алмашуусун камсыз кылууну контролдойт;
- Көмөктөшүү тобуна жүктөлгөн функцияларды аткарууну камсыз кылуу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет;
- Көмөктөшүү тобунун компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
- иштөө графигин бекитет жана Көмөктөшүү тобунун кызматкерлеринин ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- Көмөктөшүү тобунун катчысын дайындайт;
- Көмөктөшүү тобунун протоколдук чечимдерине кол коёт;
- Көмөктөшүү тобуна жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
17. Көмөктөшүү тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Жарандык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.
18. Көмөктөшүү тобунун катышуучулары өзүнүн өкүлүн компьютердик техника, уюлдук байланыш каражаттары, канцелярдык товарлар жана Көмөктөшүү тобуна жүктөлгөн милдеттерди толук аткаруу үчүн зарыл болгон башка куралдар менен камсыз кылат.
19. Көмөктөшүү тобунун өзгөчө кырдаалдар жана анын кесепеттерин жоюу мезгилиндеги иши күн-түнкү режимде, тыныгуусуз жана дем алышсыз жүзөгө ашырылат.
20. Көмөктөшүү тобунун ишке тартылган кызматкерлерине ченемден ашык иши, дем алышсыз жана жумуш эмес майрам күндөрү, түнкү убакта иштегендиги үчүн эмгек акы төлөө, ошондой эле кызматтык иш сапарга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Көмөктөшүү тобунун катышуучуларынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.