Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги N 197 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2020-жылдын 17-марты № 165

"Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу жөнүндө

"Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бир терезе" принциби боюнча эл аралык чукул жардам көрсөтүүчү көмөктөшүү тобу жөнүндө" жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абдылгазиев