Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 569 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-марты № 174
Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн (реэкспорттон, транзиттен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдан тышкары) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ушул токтом күчүнө киргенден тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды экспорттоого убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын;
- ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенден тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууну (экспорттоону) токтотууга багытталган зарыл болгон чараларды көрүшсүн;
- ЕАЭБ ТЭИ ТН коддордун, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунда аталган тизмеге ылайык товарлардын аталыштарын жетекчиликке алышсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
Кыргыз Республикасынан үчүнчү мамлекеттерге ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын түрлөрүнүн тизмеги
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1. | Буудай жана меслин | 1001 |
2. | Буудай уну | 1101 00 |
3. | Өсүмдүк майы | 1512ден |
4. | Куруч | 1006дан |
5. | Макарон азыктары | 1902*ден |
6. | Кум шекер | 1701 99 |
7. | Tooк жумурткасы | 0407 11 000 0, 0407 21 000 0 |
8. | Йоддолгон тамак-аш тузу | 2501 00 91 |
9. | Тоют (чөп, саман, комбикорм, кебек жана дан тоюттары | 1214 90 900 0, 2302ден, 2309*дан |
10. | Бактерияга каршы каражаттар | 3401 20 900 0** |
11. | Дезинфекциялоочу каражаттар | 3808ден, |
Эскертүү:
(*) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 1902ден коду менен классификацияланган тез даярдалуучу кесмелерди жана ЕАЭБ ТЭИ ТН 2309дан коду менен классификацияланган башка тоют концентраттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгуу (экспорттоо) төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- ташып чыгарылуучу товарлардын ар бир партиясына берилген ташып чыгуунун (экспорттоонун) максатка ылайыктуулугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин корутундусунун;
- товардын Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын;
(**) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ ТЭИ ТН 3401 20 900 0 коду менен классификацияланган бактерияларга каршы каражаттарды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгаруу (экспорттоо) төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- ташып чыгарылуучу товарлардын ар бир партиясына берилген ташып чыгуунун (экспорттоонун) максатка ылайыктуулугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин корутундусунун;
- товардын Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын.