Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 15
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жаңы технологияларды ишке киргизүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана илгерилетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында климаттык каржылоо маселелерин координациялоо механизмин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-тиркемесинде:
- 68-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 109-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 124-пункт менен толукталсын:
"
124 | Климаттык технологиялар боюнча борбор жана тармак (CTC№) | Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 7-февралындагы № 12(3084) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |