Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-марты № 144
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тышкы саясат иштерин активдештирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Тышкы саясаттын концепциясында аталган милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 164 |
анын ичинде: |
|
- борбордук аппарат | 29 |
- аймактык бөлүнүштөр | 5 |
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелери(*) | 130 |
";
- эскертүүнүн (*) биринчи абзацындагы "42,5" жана "67,5" деген цифралар тиешелүү түрдө "55" жана "75" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин штаттык санынын көбөйүшүнө байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 2020-жылга жана кийинки жылдарга бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30 (3102) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |