КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2019-жылдын 11-марты ПЖ № 37
Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын тышкы саясат ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын тиркелген концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жээнбеков |