Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 175
"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү
жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 2 (2) 79-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
243-беренесиндеги "II категориядагы" деген сөздөр "III категориядагы" деген сөздөр менен алмаштырылсьн.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти