Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-апрели № 201
"2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 201 токтому менен жактырылган
2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
1. 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү маселеси боюнча.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш.
2. Макулдашууну ратификациялоонун мүмкүн болгон финансы-экономикалык жана башка кесепеттери жөнүндө маселе боюнча.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети (2020-жылдын 1-апрелиндеги Комитеттин чечими), Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети (2020-жылдын 1-апрелиндеги Комитеттин чечими) жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (2020-жылдын 1-апрелиндеги Комитеттин чечими) тарабынан жактырылган.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-апрелиндеги № 118-б буйругу менен жактырылган жана 2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы COVID-19 пандемиясына каршы натыйжалуу жана ийкемдүү аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын даярдыгын күчөтүү үчүн жеңилдетилген финансылык жардам көрсөтөт.
Долбоордун 2 компоненти каралган:
1-компонент: "COVID-19 боюнча шашылыш аракеттенүү" өлкөдө инфекциянын жайылуусун токтотууга жана анын кесепеттерин төмөндөтүүгө багытталган (ооруну аныктоо, ырастоо жана эсепке алуу, байланышкан адамдарды көзөмөлдөө), бул иш өткөрүү пункттарынан тартып атайын бөлүнгөн ооруканаларга чейин эпидемиологиялык чынжырчанын бардык этаптарында жүргүзүлөт.
Макулдашууну ишке ашыруу медициналык персоналдын коопсуздугун камсыздоого жана аларга кошумча финансылык дем берүүгө, ошондой эле COVID-19 инфекциясын жуктурган бейтаптарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу менен коомдук саламаттык сактоо системасынын жана COVID-19 пандемиясынын шарттарында медициналык жардам көрсөтүү системасынын потенциалын чыңдоого мүмкүндүк берет.
Долбоор COVID-19 боюнча программанын алкагында каржылоо үчүн тандалып алынгандыгына карабастан, бул долбоор саламаттык сактоо секторун өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү ишти толуктап турат, анткени кызыкдар тараптар менен аракеттенүү жана калк үчүн маалыматтын ачык болуу принциптери менен, айрыкча өзгөчө кырдаалдар жана пандемия шарттарында саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга жетишүүнүн жогорку деңгээлин камсыздоо максаты бар.
2-компонент: "Долбоорду башкаруу, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо", Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен болгон ишти координациялоо, ошондой эле башкаруу жана сатып алуу иштерин уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүн колдоого багытталган.
COVID-19 боюнча шашылыш долбоорду жүзөгө ашырууга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча өнүктүрүү өнөктөштөрүнүн бири катары чыгып жаткан Дүйнөлүк банк 4,5 млн. атайын карыз алуу укугу өлчөмүндөгү грант (4,5 АКУ - 6,075 млн. АКШ долларына эквиваленттүү) жана 4,5 млн. атайын карыз алуу укугу өлчөмүндөгү кредит (4,5 АКУ - 6,075 млн. АКШ долларына эквиваленттүү) түрүндөгү жеңилдетилген финансы каражатын берет.
Макулдашууну ишке ашыруу кандайдыр бир терс экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, коомдук угууларды өткөрүүнү талап кылбайт.
Макулдашылган координациялык механизмдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аткаруучу агенттиктери болуп эсептелишет.
4,5 млн. АКУ өлчөмүндөгү грант (6,075 млн. АКШ долларына эквиваленттүү) кайтарымсыз жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт.
4,5 млн. АКУ өлчөмүндөгү кредит (6,075 млн. АКШ долларына эквиваленттүү) Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттык шарттарында жалпы 38 жылдык мөөнөткө берилет, ага 0,75%дык 6 жылдык жеңилдетилген мезгил кирет.