Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-апрели № 226
“1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуу Жеңишке кошкон эбегейсиз салымын даңазалоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалынын сүрөттөлүшү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомду жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалын жасап чыгаруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте юбилейлик медалды тапшырууну уюштурсун.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
|
“1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө
жобо
1. Ушул жобо “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалын тапшыруу тартибин аныктайт.
2. “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы (мындан ары - юбилейлик медаль) төмөнкүлөргө тапшырылат:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майданында СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында күжүрмөн аракеттерге катышкан аскер кызматчыларына жана эркин жалданган курамдагы адамдарга;
- СССРдин убактылуу оккупацияланган аймактарында Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде иштеген жашыруун уюмдардын мүчөлөрүнө жана партизандарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана эркин жалданган курамдагы адамдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттонун жана башка мажбурлап кармоочу жерлердин туткундарына, анын ичинде жашы жетпегендерге;
- “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизацияланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга.
3. Юбилейлик медаль көкүрөктүн сол жагына тагылат жана “70 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 г.г.” юбилейлик медалынан кийин жайгаштырылат.
4. Юбилейлик медаль ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын (макулдашуу боюнча), аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү тарабынан аскердик эсепке алынган жери боюнча жана юбилейлик медаль менен сыйлануучу жарандардын тизмеси боюнча тапшырылат.
5. Медаль менен сыйлануучу жарандардын тизмеси жашаган жери боюнча түзүлөт, аларды түзүүгө жооптуу аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары тарабынан кол коюлат. Медалды тапшыруу тууралуу сыйлануучулардын тизмесинде медалдын күбөлүгүнүн номери көрсөтүлүп, аскер комиссарынын колу коюлуп, тийиштүү жазуу калтырылат.
6. Медаль менен сыйлануучу жарандардын тизмесин түзүү үчүн негиз болуп сыйлануу укугун ырастоочу төмөнкү документтердин бири эсептелет:
- аскердик каттоо документи;
- аскер бөлүгүнүн командачылыгы же тиешелүү архив органдары тарабынан берилген аскердик кызматты өтөгөндүгү жөнүндө маалым кат;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында алган жаракат (контузия) жөнүндө маалым кат;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде аракеттеги армиянын курамына кирген аскердик бөлүктөрдүн эркин жалданган курамындагы адамдарга берилген жеңилдиктерге укугу жөнүндө күбөлүк.
7. Күбөлөрдүн көрсөтмөсү жарандарды медаль менен сыйлануучулардын тизмесине киргизүү үчүн негиз боло албайт.
8. Сыйлангандардын тизмеси мезгил-мезгили менен аскер комиссариаттары тарабынан такталып турууга тийиш.
9. Медаль тапшырылгандан кийин медаль менен сыйлангандардын тизмеси аскер комиссариатында белгиленген тартипте туруктуу сакталууга тийиш.
10. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучусунун үй-бүлөсүнө медаль жана анын күбөлүгү берилбейт.
11. Аскер комиссариаттары медаль менен сыйлагандыгы жөнүндө маалыматты ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык формада белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине беришет.
12. Берилбей калган медалдарды аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине тапшырышат.
| “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө жобого 1-тиркеме |
“1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлангандардын
тизмеси
_______________________________________________________ (аскер комиссариатынын аталышы)
№ | Аты-жөнү | Туулган жылы | Үй дареги | Сыйлоо үчүн негиз (документтин аталышы жана номери) | Тапшыруу жөнүндө белги, тапшыруу күнү, күбөлүктүн номери | Тапшырууга жооптуу адамдын колу | Эскертүү (тапшырбай калуунун себептери жөнүндө белги) |
|
|
|
|
|
|
|
|
Аскер комиссары_____________________________________________
(аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
М.О.
| “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө жобого 2-тиркеме |
“1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлоо жөнүндө
маалымат
______________________________________________________боюнча
(аскер комиссариаты)
1. 20__ ж. ________тартып _______ чейин _________ адам сыйланды.
2. Отчеттук мезгилде ___________________________юбилейлик медаль тапшырылды.
3. Сыйлангандардын ичинен ______адамга медаль тапшырыла элек.
Аскер комиссары_____________________________________________
(аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
М.О.