Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72, 2022- жылдын 30-марты № 177, 2022 жылдын 31-майындагы № 292, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 604, 2026-жылдын 3-февралындагы № 54, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы төмөнкүлөрдү тейлөөчү орган болуп саналат:
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча;
- (үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптерине жана эрежелерине ылайык дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу боюнча.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" жана "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерин, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөрү, штампы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык бланктары, банктык жана казыналык системаларда алыш-бериш, атайын жана башка эсептери бар.
4. Департаменттин өзүнүн аймактык бөлүнүшү бар, ал Департаменттин директору тарабынан бекитилген жобонун негизинде филиал укугунда иштейт.
5. Департаменттин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти" (кыскартылган аталышы: "ДКжМБД");
- расмий тилде: "Департамент лекарственных средств и медицинских изделий при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики" (кыскартылган аталышы: "ДЛСиМИ").
6. Департаменттин юридикалык дареги: 720000, Бишкек шаары, 3-линия көч., 25.
2-глава. Департаменттин ишинин максаты
7. Департаменттин ишинин максаты болуп дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу саналат.

3-глава. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- дары каражаттары жана медициналык буюмдар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган механизмдер аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуу;

4-глава. Департаменттин функциялары
9. Департамент өзүнүн милдеттерин ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) дары каражаттарын каттайт, каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана каттоону ырастайт, медициналык буюмдарды каттайт жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизет; дары каражатынын жана медициналык буюмдун каттоо күбөлүгүн берет, күчүн токтотот жана жокко чыгарат;
2) фармацевттик иштин субъекттеринин талаптагыдай фармацевттик практикалардын эрежелеринин талаптарына шайкеш келишине фармацевттик инспекцияларды өткөрөт;
3) дары каражаттарынын сапатына баа берет жана медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалайт;
4) Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык дары каражаттарынын өндүрүүчүлөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдарын аттестациялоодон өткөрөт;
5) фармакологиялык көзөмөлдүн талаптагыдай практикасынын эрежелерине ылайык фармакологиялык көзөмөл жүргүзөт;
6) медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
7) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө талаптардын аткарылышын контролдойт жана көзөмөлдөйт;
8) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып кирүү жана чыгаруу жаатындагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) актылары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте дары каражаттарын, ошондой эле медициналык буюмдарды ташып кирүү жана чыгаруу үчүн уруксат документин берет;
9) дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга бааларды жөнгө салууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
10) Кыргыз Республикасынын Жашоого маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмегин түзүүгө жана кайра карап чыгууга катышат;
11) Кыргыз Республикасында дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын клиникалык сыноолорун өткөргөн саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо боюнча ишти уюштурууга катышат;
12) бөлмөлөрдүн лицензиялык экспертизасын жүргүзөт, фармацевттик уюмдарда тийиштүү жабдуулардын болушун аныктайт жана лицензиялык талаптарга шайкеш келиши жөнүндө корутунду берет;
13) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү маалыматтык системаларды, анын ичинде ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык системаларын интеграциялоону камсыздоо үчүн керектүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын маалымат базаларын түзөт жана тейлөөгө алат;
14) жарнама максаттары үчүн дары каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө маалыматтык материалдарга адистештирилген экспертиза жүргүзөт;
15) жарнама жаатындагы мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасында колдонулган дары каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө калктын жана саламаттык сактоо адистеринин маалымдар болушун жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүргүзөт, анын ичинде басма материалдарын тираждоо, ошондой эле маалыматтык бюллетендердин, методикалык сунуштардын, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка материалдардын басып чыгарылышын уюштурат;
16) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү тартибин регламенттеген ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана Министрликке макулдашууга киргизет, ошондой эле дары каражаттары жана медициналык буюмдар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды ЕАЭБ эрежелерине жана милдеттенмелерине шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
17) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
18) Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду иштеп чыгат;
19) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
24) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25) катталган дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын мамлекеттик реестрин, ошондой эле сапатсыз жана жасалма дары каражаттарынын тизмесин түзөт жана жүргүзөт;
26) гуманитардык жардам аркылуу, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар программасы боюнча түшкөн дары каражаттарын сактоого алат жана коё берет;
27) Департаменттин кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын туруктуу негизде жогорулатууну уюштурат;
28) Департаменттин компетенциясына тиешелүү болгон бардык маселелер боюнча арыздарды жана даттанууларды карайт, ошондой эле ушул маселелер боюнча калкты кабыл алат;
29) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонуу боюнча нускамаларга, каттоо күбөлүктөрүнө жана таңгактарынын макеттерине мамлекеттик тилде лингвистикалык экспертиза жүргүзөт;
30) Департаменттин филиалын башкарат, анын ишин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздайт;
31) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт;
32) Министрликтин макулдашуусу боюнча эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат.
33) дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын киргизет жана жүргүзөт;
34) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды маркалоо боюнча улуттук оператор болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72, 2022 жылдын 31-майындагы № 292, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 604, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5-глава. Департаменттин директору
10. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Директордун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Департаменттин түзүмү Министрлик тарабынан бекитилет.
13. Департаменттин директору Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга, коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга, мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Департаменттин директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- Департаменттин кызыкчылыгын бардык мамлекеттик уюмдарда жана мекемелерде, соттордо, финансылык жана фискалдык органдарда ишеним катсыз көрсөтүүгө;
- Департаменттин функциясына жана директордун компетенциясына тиешелүү бардык маселелер боюнча Департаменттен чыгуучу документтерге кол коюуга;
- дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байланыштуу маалыматты жана материалдарды юридикалык жана жеке жактардан алууга;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жумушка кабыл алууга жана жумуштан бошотууга;
- Департаменттин бардык кызматкерлери тарабынан аткарууга милдеттүү буйруктарды чыгарууга, көрсөтмө берүүгө;
- кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тартиптик жаза салууга;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жана фонддору жөнүндө жоболорду жана Департаменттин, анын кызматкерлеринин ишин уюштурууну регламенттөөчү башка локалдуу актыларды бекитүүгө;
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жана локалдык актылары берген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек (анын ичинде мөөнөттүү) жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде зарыл болгон жумуштарды аткаруу үчүн юридикалык жана жеке жактарды белгиленген тартипке тартууга;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 30-марты № 177 токтомунун редакциясына ылайык)
- келишимдик негизде тышкы эксперттерди (адистерди) тартууга;

6-глава. Департаменттин финансы каражаттары
15. Департаменттин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- юридикалык жана жеке жактарга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын эсебинен түшкөн каражаттардан;
- басма ишинен түшкөн каражаттардан;
- эл аралык уюмдардан алынган гранттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кирешелерден.
16. Департаменттин каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
- Департаменттин ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоого;
- өндүрүштүк жана социалдык өнүктүрүү фондусун калыптандырууга;
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга;
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча конференцияларды, семинарларды, кеңешмелерди уюштурууга;
- Департаменттин кызматкерлерине жамааттык келишимге ылайык үстөк акы белгилөө жолу менен дем берүүгө;
- банктык кызмат көрсөтүү үчүн төлөөгө;
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү жаатындагы эл аралык кызматташууга.
- тышкы эксперттердин (адистердин) кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 30-марты № 177, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Департамент өз ишинде мамлекеттик менчикти, имараттарды, жабдууларды, шаймандарды жана башка мүлктүк баалуулуктарды бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
18. Иштин спецификасына, татаалдыгына жана интенсивдүүлүгүнө байланыштуу Департаменттин жекече шаттык ырааттамасы каралат.
7-глава. Эсепке алуу, отчет берүү жана контролдоо
19. Департаментте бухгалтердик эсепке алуу жана отчет берүү бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
20. Департаменттин финансылык-чарбалык ишин Министрлик жана тийиштүү мамлекеттик органдар контролдойт.
8-глава. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
21. Департаментти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
22. Департаменттин иши токтотулган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталат
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72, 2022- жылдын 30-марты № 177, 2022 жылдын 31-майындагы № 292, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 604, 2026-жылдын 3-февралындагы № 54, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218, 2026-жылдын 18-августундагы № 557 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

– Департаменттин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022- жылдын 30-марты № 177, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218, 2026-жылдын 18-августундагы № 557 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Департамент өз ишинде мамлекеттик менчикти, имараттарды, жабдууларды, шаймандарды жана башка мүлктүк баалуулуктарды бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат.
18. Иштин спецификасына, татаалдыгына жана интенсивдүүлүгүнө байланыштуу Департаменттин жекече шаттык ырааттамасы каралат.
181. Департаменттин кызматкерлерине эмгек акы төлөө тартиби Министрлик тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-августундагы № 557 токтомунун редакциясына ылайык)