Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 94
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандардын укуктарын коргоону жана саламаттыгын сактоону камсыз кылуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) калктын жашоосу, ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн коркунуч жараткан фактыларга карата жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча, ошондой эле эмгек укуктарынын бузулушу жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиши;";
- 5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизилген энергетика тармагындагы ишкердик субъекттеринин жана жер казынасын изилдеген жана иштеткен ишкердик субъекттеринин монополияга каршы талаптарын, ошондой эле экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо маселеси боюнча;":
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |