Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014 жылдын 17 февралы № 99
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин
тизмегин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 98, 18 августа 2017 года № 508 , 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 604, 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 428, 2019-жылдын 9-январындагы № 5, 2020-жылдын 13-июлундагы № 380, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16 июлундагы №80, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203, 2022-жылдын 23-декабрындагы № 712, 2023-жылдын 10-январындагы № 2, 2023-жылдын 28-августундагы № 437 , 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 630, 2025-жылдын 30-майындагы № 291, 2025-жылдын 14-июлундагы № 410, 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 754, 2025-жылдын 3-декабрындагы № 775, 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 252, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 284, 2026-жылдын 18-майындагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилерин тартипке келтирүү жана категорияларга бөлүү максатында, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жана “Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын тиркелген Стратегиялык объектилеринин тизмеги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бир айлык мөөнөттө тиешелүү объектилерге алар Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизилгендиги жөнүндө билдирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 637 токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын “99” февралында № 99 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын
Стратегиялык объектилеринин тизмеги
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 98, 18 августа 2017 года № 508, 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 604, 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 428, 2019-жылдын 9-январындагы № 5, 2020-жылдын 13-июлундагы № 380, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16 июлундагы №80, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 203, 2022-жылдын 23-декабрындагы № 712, 2023-жылдын 10-январындагы № 2, 2023-жылдын 28-августундагы № 437, 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 630, 2025-жылдын 30-майындагы № 291, 2025-жылдын 14-июлундагы № 410, 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 754, 2025-жылдын 3-декабрындагы № 775, 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 252, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 284, 2026-жылдын 18-майындагы № 349 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекетти башкаруу үчүн мааниси бар объектилер | Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер | Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер |
"А" категориясы (өтө маанилүү объектилер) | ||
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объектилери убактылуу же туруктуу жайгашкан имараттар, курулмалар жана аларга жанаша жайгашкан аймактар, ошондой эле кайтарылуучу адамдарды андан ары жайгаштыруу үчүн арналган курулуп жаткан объектилер. 2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдалануучу мүлк, анын ичинде аскердик техника жана жабдуулар. 3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. 4. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү объектилери 6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имараттары (№ 1 жана № 2 корпустары)
| 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду. 2. "Кыргызаэронавигация" МИ. 3. Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропорту" ААКы жана анын Ош шаарындагы филиалы. 4. Кыргыз Республикасынын энерготутумдарын диспетчердик башкаруу борбору. 5. Телекөрсөтүүнүн жана радиоберүүнүн жана радиорелелик магистралдар республикалык өндүрүш бирикмеси. 6 Чыңалуусу 500 кВ жана андан жогору болгон "Кыргызстан УЭС" ААКы тутумдук көмөк чордондору. 7. Суу сактагычтар: Киров Орто-Токой Папан Орто-Токой (Касансай) Төрт-Күл 8. Ак-Суу (Исфара) дарыясында жайгашкан башкы суу топтоочу курулма (БСАК) ага жакын жайгашкан узундугу 19,7 км болгон суу агып келүүчү каналы менен | 1. "Электр станциялары" ААКы: Токтогул ГЭСи Таш-Көмүр ГЭСи Шамалды-Сай ГЭСи Күрп-Сай ГЭСи Үч-Коргон ГЭСи Ат-Башы ГЭСи Камбар-Ата ГЭС-1 Камбар-Ата ГЭС-2 Бишкек шаарынын ЖЭБи Ош шаарынын ЖЭБи. 2. "Кумтөр Голд Компани" ЖАО. 3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК. 4. “Учкун” ААК. 5. «Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы» ЖЧКсы |
"Б" категориясы (маанилүү объектилер) | ||
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын борбордук аппараттарынын администрациялык имараттары жана курулмалары. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук филиалдары. 3. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы. 4. Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү-ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы. 5. Түзөтүү жана тарбиялоо абактары, тергөө изоляторлору, түрмөлөр жана № 52 жатак абагы (Токтогул ш.) Эскертүү: Мамлекеттик органдын борбордук аппараты администрациялык имараттан жана курулмадан чыгып кеткен учурда тиешелүү имарат жана курулма стратегиялык объект статусун жоготот. | 1. "Улуттук" макамга ээ болгон саламаттык сактоо уюмдары, облустук бириктирилген ооруканалар, вакциналарды жана жабдууларды сактоочу кампалар. 2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 508 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 3. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКынын Жалал-Абад шаарындагы, Баткен шаарындагы жана Тамчы айылындагы филиалы. 4. "Кыргыз темир жолу" УК" МИсинин темир жол ташууларын камсыз кылуучу темир жол вокзалдары, көпүрөлөрү, жолдору жана башка кыймылсыз мүлктөрү. 5. "Кыргызтелеком" ААКы. 6. 1 млн. адамдан көп абоненттик базасы бар мобилдүү уюлдук байланыштын операторлору. 7. "Кыргызгаз" ААКы. 8. "Кыргызпочтасы" ААК жана анын тарамдары. 9. "ЭКК Банк" ААКы. 10. "Айыл Банк" ААКы. 11. "Түндүк электр" ААКы. 12. "Чыгыш электр" ААКы. 13. "Ош электр" ААКы. 14. "Жалал-Абад электр" ААКы. 15. Чыңалуусу 220 кВдан 500 кВга чейин болгон "Кыргызстан УЭС" ААКынын тутумдук көмөк чордондору. 16. Ичүүчү суу резервуарлары бар суу топтоочу курулмалар. 17. Суу сактагычтар: Базар-Коргон Сокулук Төмөнкү Ала-Арча Ала-Арча нугу Спартак Кара-Буура (Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 712 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Найман | 1. "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ААКы. 2. "Кыргызалтын" ААКы. 3. "Айдаркен сымап акционердик коому". 4. "Бишкек машина куруу заводу" ААКы. 5. "Бишкек штамптоо заводу" МИ. 6. "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ААКы. 7. "Озеро" БИ" ЖЧКсы. 8. "Улан" ААКы. 9. "Полигон" ЖАКы. 10. "Кыргызмунайгаз" ААКы. 11. "Кыргыз химия-металлургия заводу" ААКы. 12. "Дордой" соода-базар комплекси. 13. "Тураталы эл базары" соода-базар комплекси. 14. Тоо-кен металлургия өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайлары. 15. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 754 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 16. "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коому ". 17. «Имоту Энтерпрайз» ЖАК. 18. «Карабалта тоо кен компаниясы» ЖЧК.
|
"В" категориясы (олуттуу объектилер) | ||
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүнүштөрүнүн администрациялык имараттары жана курулмалары. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана анын илимий лабораториялары жана станциялары. 3. Улуттук архив фонду жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурастар объектилери. 4. Гидрометеорологиялык, сейсмологиялык жана экологиялык кызматтар тарабынан пайдаланылуучу мүлк 5. "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын автотранспорттук ишканасы" ММ. Эскертүү: Көрсөтүлгөн органдар жана мекемелер администрациялык имараттан жана курулмадан чыгып кеткен учурда тиешелүү имарат жана курулма стратегиялык объект статусун жоготот. | 1. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКынын Каракол, Талас жана Нарын шаарларындагы филиалы. 2. "Бишкек автовокзалы" МИ. 3. "Чыгыш автовокзалы" МИ. 4. "Бишкекжылуулуктарамы" ААКы. 5. "Бишкекжылуулукэнерго" КИ. 6. КИ "Ош жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасы. 7. "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" МИ. 8. Чыңалуусу 110 кВдан 220 кВга чейин болгон "Кыргызстан УЭС" ААКынын тутумдук көмөк чордондору. 9. Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 120 километриндеги көпүрө. 10. Бишкек-Ош автожолунун 316, 427, 435 жана 452-километрлериндеги көпүрөлөр. 11. Бишкек-Ош автожолунун 132-километриндеги (К.Көлбаев атындагы), 409, 411, 427, 453-километрлериндеги туннелдер. 12. Мөңгүлөр, дарыялар жана табигый көлдөр. 13. Токой фонду, токой чарбасынын улуттук корук, заказник, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактар макамына ээ болгон объектилери 14. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 410 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| 1. "Кант цемент заводу" ААКы. 2. "Түштүк-кыргыз цемент заводу" ЖАКы. 3. "Кадамжай сурма комбинаты" ААКы. 4. "Айнур" заводу" ААКы. 5. "Нур" заводу" ААКы. 6. КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 349 токтомуна ылайык күчүн жоготту. 7. "Чакан ГЭС" ААКы. 8. Санитария-эпидемиология жана карантин кызматтары пайдалануучу мүлк. 9. Көлөмү 2000 м.куб.дан жогору болгон мунайзат кампалары. 10. Пайдалуу кен чыккан жерлер: Талды-Булак Сол Жээк Жер-Үй Алтын Жылга Бозымчак Куру-Тегерек Трудовое Үч-Кошкон Кең-Суу Жетим Кутессай-2 Калесай Сандык Зардалек Тегене Туюк-Каргаша Миң-Куш Кара-Кече Сүлүктү (11-талаа) Көк-Жаңгак Көк-Кыя Иштамберди Чаарат Терек Тереккан Перевальное Жамгыр Үңкүрташ Каратөбө Ширальджин Талдыбулак Андаш Кадамжай Бел-Алма Хайдаркен Жаңы Тоголок Солтон-Сары. 11. Мунайды кайра иштетүүчү заводдор. 12. "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ААК. 13. "Токмок жылуулук" МИ. |