Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-декабры № 740
"2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө корея тарапка кабарласын;
- аталган Протокол күчүнө киргенден кийин Эл аралык жарандык авиация уюмунда (ИКАО) каттоону жүргүзсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти