Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-майы № 250
"2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-майындагы № 250 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-майындагы № 157-б буйругу менен жактырылган.
COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо боюнча сунушталган программа коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пандемиясынын ден соолукка, социалдык жана экономикалык чөйрөгө тийгизген олуттуу терс таасирлерин жумшартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыкчам аракеттерин колдоого багытталган Азия өнүктүрүү банкы тарабынан көрсөтүлүүчү комплекстүү көмөктөшүү пакетинин бир бөлүгү болуп саналат.
Аталган программаны ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 50,0 млн. АКШ доллары суммасында берилет, анын ичинде:
- Азия өнүктүрүү банкынын гранты - 25,0 млн. АКШ доллары;
- Азия өнүктүрүү банкынын кредити - 25,0 млн. АКШ доллары.
Азия өнүктүрүү банкынын кредити 24 жылдык мөөнөткө берилүүдө, анын ичинде 8 жыл - жеңилдетилген мезгил, узартуу берилген мезгилде пайыздык ставка - жылына 1% жана ар бир кийинки жылы - 1,5%. Кредиттик каражаттар Кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык республикалык бюджеттен финансы каражаттарын тартуу менен төлөнөт.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.