Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 254
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бекешев Д.Д. тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдү "билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштыруу, ошондой эле 14-беренесин 5-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери же жеңилгис күч жагдайлары пайда болгон учурларда билим берүү уюмдары билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча билим берүү ишин (толугу менен же жарым-жартылай) билимди аралыктан берүү технологияларын колдонуу менен жүргүзүүгө милдеттүү. Билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билим берүү уюмдары тарабынан билимди аралыктан берүү технологияларын колдонуусу жөнүндө чечимин жеңилгис күч жагдайларына байланыштуу келип чыккан кесепеттердин алдын алуу, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүү мезгилине узартууга укуктуу.".
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык ченемдик укуктук акт - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ экендигин белгилейбиз.
Мында укук ченеми деп адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери түшүнүлөт.
Демек, билимди аралыктан берүү технологияларын колдонуунун тартиби ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөлөрүнө ээ болот.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 5-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары укуктуу, ал эми билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу ченем жаратуучу органдардын тизмесине кирбейт.
Ошондой эле Билим берүү программаларын ишке ашырууда билимди аралыктан берүү технологияларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 токтому менен бекитилгенин маалымат иретинде билдиребиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүн кайрадан карап чыгууну зарыл деп эсептейбиз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-2-беренесин 2-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, анын алкагында билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга менчиктин түрүнө карабай бардык билим берүү уюмдары аткарууга милдеттүү болгон билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн акы төлөөгө жеңилдик берүү, мөөнөтүн узартуу же бөлүп төлөө маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу укугу берилет.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык билим берүү уюмдары уставдын, уюмдаштыруучулук келишиминин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын чегинде финансылык-чарбалык жаа башка маселелерди ишке ашырууда өз алдынчалыкка ээ.
Мында жеке менчиктеги билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга карата баа саясатын аныктоо, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны төмөндөтүү, төлөө мөөнөтүн узартуу же бөлүп төлөөнү белгилөө билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына кирбейт.
Жеке менчик түрүндөгү билим берүү уюмдарынын көпчүлүгү өзүнүн ишин кредиттин жана жайларды ижарага алуунун негизинде жүзөгө ашырат.
Бирок банк же кредиттик уюмдар, ошондой эле ижарага берүүчүлөр тарабынан өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал шарттарында пайыздык ставкаларды же жайларды пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны төмөндөтүү боюнча преференциялар берилбейт.
Акы төлөөнүн мөөнөтү жана төлөмдүн наркы билим берүү уюму менен окуучулардын же алардын ата-энелеринин (аларды алмаштыруучу адамдардын) ортосундагы келишимдерде (контракттарда) белгиленсе, анда акы төлөөнүн мөөнөттөрүн жана окуунун наркын өзгөртүү үчүн тиешелүү келишимдерге (контракттарга) түзөтүүлөрдү киргизүү керектигин белгилей кетүү зарыл.
Ошол эле учурда, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 6-пунктуна ылайык керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш жүзүндө алынган саны үчүн төлөөнүн накталай жана/же накталай эмес формасында акы төлөөгө укуктуу экенин белгилейбиз.
Эгерде сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүгө келишимде каралгандан аз өлчөмдө товар (иш, кызмат) берсе, мындай учурда, эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчү тарткан чыгымдын ордун толук төлөп берүүгө милдеттүү.
Өзгөчө абал режими киргизилген учурда аралыктан билим берүү формасына өткөн мамлекеттик билим берүү уюмдары ушундай окутуу үчүн эсептешүүнү алардын иш жүзүндө кетирген чыгымдарына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жөнүндө жобого ылайык жүргүзүшү керектигин маалымат иретинде билдиребиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейт.