Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-майы № 255
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Масалисв, Ж.К.Акаев, Р.Ч.Момбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.А.Масалиев, Ж.К.Акаев, Р.Ч.Момбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын позициясын эске алуу менен төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун сунушталган ченемдерине ылайык шайлоочулардын электрондук тизмеси реалдуу убакыт режиминде добуш берүүгө келген шайлоочулар жөнүндө маалымат берүү үчүн Интернет тармагына туташтырылган, ошондой эле шайлоочулардын биометриялык маалыматтарын камтыган техникалык түзүлүштү элестетиши керек. Ушуга байланыштуу мындай жабдууну тармакка туташтыруу жарандардын биометриялык маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу коркунучун туудурат. Ушул себептен улам, азыркы учурда шайлоочуларды идентификациялоо үчүн колдонулган жабдуулар глобалдык тармакка туташтырылбастан автономдук режимде иштейт.
2. Конституциялык Мыйзамдын ченемдерин конкреттештирүү максатында идентификациялоо, смарт-карталарды активдештирүү жана берүү, ким экендигин ырастоочу документтерди сактоо тартибин мыйзам долбоорунда чагылдырууну сунуштайбыз.
3. Ушуну менен бирге долбоордун негиздеме-маалым катына ылайык бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбастан, тескерисинче мамлекеттик бюджеттин шайлоолорду өткөрүүгө чыгымдарын олуттуу түрдө кыскартат деп белгиленген. Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо эл аралык уюмдардын гранттарынын эсебинен ишке ашыруу пландалган.
Сунушталган конституциялык Мыйзамдын долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча учурдагы практиканы өзгөртүү сунушталууда, мисалы: буга чейин колдонулбаган смарт-карталарды, добуш берүү үчүн стационардык жана көчмө электрондук машиналарды пайдалануу каралган.
Ушуга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын долбоорунда сунушталган шайлоочуларды идентификациялоо жана смарт-карталарды пайдалануу менен добуш берүү боюнча андан аркы жол-жоболор жөнүндөгү ченемдерди ишке ашыруу үчүн шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жаңы жабдууну сатып алуу жана жаңы программалык камсыздоону иштеп чыгуу талап кылына тургандыгын белгилейбиз. Жаңы жабдууларды жана программалык камсыздоону сатып алуудан эл аралык уюмдар баш тартышы ыктымалдыгын эске алуу менен мамлекеттик бюджетке олуттуу түйшүк келтирилиши мүмкүн.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алышы мүмкүн экендигин көңүлгө алуу зарыл.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесине ылайык Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат, ал эми орус тили расмий тил катары колдонулат.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасындагы улут аралык мамилелердин да тили болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бөлүгүнүн жаңы редакциясында сунушталган жоболорду (конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту) тактоо зарыл, аларга ылайык экранга маалымат кыргыз, орус же болбосо Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы максатка ылайык деп эсептеген каалаган башка тилде чагылдырылышы мүмкүн.
5. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун жыйырма экинчи абзацына ылайык аймактык шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларына (мындан ары - УШК) электрондук машиналарды акт боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын жарымынан кем эмес мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүп берет. Бирок, чет өлкөлөрдө шайлоолорду өткөрүү үчүн УШКнын курамын түзүү, анын ичинде диаспоранын активдүү өкүлдөрүн курамга киргизүү менен байланышкан өзгөчөлүктөрдү эске алып, добуш берүүгө электрондук машиналарды УШКнын курамынын жарымынан кем эмес мүчөлөрүнүн катышуусунда УШКга өткөрүп берүү жөнүндөгү аталган ченемди ишке ашыруу татаал болуп саналат.
Долбоордун 1-беренесинин 3-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацына ылайык электрондук машиналар добуш берүү үчүн УШКга, добуш берүү күнүнө 1 календардык күн калганда өткөрүп берилиши керек. Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин алдында түзүлгөн УШКнын географиялык алыстыгын көңүлгө алуу менен чет өлкөдө иштеген УШКга электрондук машиналарды добуш берүү үчүн жөнөтүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтүн кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилейбиз.
Жогоруда белгиленген ченемдер Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин жана аларда түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын чет өлкөдө шайлоо процессин жүргүзүү, коопсуздук, Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын сактоо жана шифрлөө менен байланышкан ишин түздөн-түз козгойт, аларды чечүү үчүн кошумча финансы каражаттары талап кылынат.
Баяндалгандарды эске алуу менен чет өлкөлөрдө шайлоо процессин жүргүзүүнүн өзүнүн олуттуу өзгөчөлүгү бар, мисалы байланыштын жабык каналдарын камсыздоо, добуш берүү күнү коопсуздукту камсыздоо, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери жайгашкан имараттарды кайра профилдөө сыяктуу маселелер келип чыга тургандыгын көңүлгө алуу зарыл. Мисалга алсак, аталган иштерди аткаруу үчүн ошол өлкөнүн архитектура, курулуш жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарынын макулдугу талап кылынат.
Ушуга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын долбоору кошумча жана кыйла кылдат, комплекстүү мамилелер ыкмасы жана шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аянтчасында жана координациясында Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнүн арасынан жумушчу топту түзүү менен каралышы керек экендигин белгилейбиз.