Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 61
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Касымалиева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы № 61 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Касымалиева демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык Мыйзамдын долбоорунун максаты жана милдеттери болуп эрте курактагы балдарды колдоо жана аларды социалдык коргоо боюнча мыйзамдарды, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү механизмдерин жакшыртуу болуп саналат.
Атап айтканда, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-3-пункттарында төмөнкүлөр каралган:
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүн 4-пункт менен толуктоо, ага ылайык жөлөкпулдун "баланы кароо боюнча "балага жөлөк" ар айлык жөлөкпул" жаңы түрүн белгилөө сунушталууда;
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жаңы редакцияда баяндоо, ага ылайык 18 айга чейинки баланы кароо боюнча "балага жөлөк" ар айлык жөлөкпулду дайындоо жана ата-энеси (камкорчусу) саясий, атайын, жогорку, башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын, саясий жана жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлешкен, менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын, фирмалардын жана ишканалардын жетекчилери болгон, судьялар болгон, аскер бөлүктөрүнүн командирлери (башчылары), алардын орун басарлары болгон, аскер бөлүктөрүнүн түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн командирлери (башчылары) жана алардын орун басарлары болгон, ошондой эле ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын аймагынан сырткары эл аралык уюмдарда иштеген балдардан тышкары, үй-бүлөнүн кирешесинин деңгээлине карабастан 18 айга чейинки балдарга "балага жөлөк" ар айлык жөлөкпулду берүү белгиленүүдө;
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесин 18 айдан 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду берүү каралган жаңы редакцияда баяндоо.
Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес экендигин белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-1-беренесине ылайык мамлекеттик жөлөкпулду дайындоонун принциптеринин бири болуп даректүүлүк б.а. мамлекеттик жөлөкпулдарды конкреттүү алуучуларга алардын жеке өзгөчөлүктөрүн жана башка объективдүү себептерин (курагы, ден соолугунун абалы, жан башына бөлүнгөн орточо жыйынды кирешенин өлчөмү, багуучусунун жоктугу, мамлекеттик социалдык колдоого өтө муктаждык, оор турмуштук кырдаал) эске алуу менен берүү эсептелет.
Мындан улам Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда аталган беренелеринин жоболоруна каршы келерин, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын даректүүлүк принцибине дал келбей тургандыгын белгилей кетүү керек.
Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалым катка ылайык Мыйзамдын долбоорун ишке ашырууга 2020-жылы республикалык бюджеттен 700 млн. сом өлчөмүндө жана 2021-жылга 823,6 млн. сом өлчөмүндө кошумча каражат талап кылынат.
Бирок Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдын ала болжолдук эсептөөлөрүнө ылайык бул Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда 2020-жылы талап кылынуучу сумма 1780,7 млн. сомду түзөт.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигине көңүл буруу керек.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2020-жылга республикалык бюджет бекитилгенин жана жогоруда аталган каражаттар республикалык бюджетте каралбаганын белгилей кетүү зарыл.
2. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгү менен демилгеленген Мыйзамдын долбоору күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпулдарды алышкан адамдарда мурда дайындалган жөлөкпулду алуу укугу, ошондой эле демилгеленген Мыйзамдын долбооруна ылайык жөлөкпул алууну тандоо укугу сактала тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Сунушталган Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алууга документтерин тапшырган адамдарга мамлекеттик жөлөкпул ушул Мыйзамга ылайык арыз кайра сурап алынган жана кайра берилген учурлардан тышкары, сунушталган Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулуучу Мыйзамдын шарттарында дайындалат.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарга "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул жана "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул кире тургандыгын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболор жогоруда аталган Мыйзамдын 10-беренесинде белгиленген ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга жайылтыла тургандыгын тактоо зарыл.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш".
Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин каралып жаткан Мыйзамдын долбооруна шайкеш келтирүү тапшырылат.
Муну менен бирге бул Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдерин коомдук талкуулоо жүргүзүүнү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башка кызыкдар мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашууну кошкондо, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарды эске алуу менен кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүү үчүн убакыт талап кылына тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизиле тургандыгын эске алуу керек. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт.
Жогоруда баяндалганды эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2 жана 3-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилейбиз.
Бирок каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш ченемдик укуктук актылар тууралуу маалымат Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында көрсөтүлгөн эмес. Буга байланыштуу негиздеме-маалым катты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу же аларга тиешелүү оңдоолорду киргизүү зарылдыгы тууралуу маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун аталышы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 9 жана 86-пункттарынын талаптарына ылайык келбей тургандыгын белгилейбиз, буга байланыштуу аны жогоруда аталган Нускамага ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Жалпысынан Мыйзамдын долбоорунун жоболору дыкат толуктап иштеп чыгууга, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана жогоруда аталган Нускамада белгиленген ченем жаратуу техникасынын эрежелерине ылайык келтирүүгө муктаж экендигин белгилейбиз.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даректүүлүктү күчөтүү принцибинин негизинде мамлекеттик жөлөкпулду алууга муктаж балдарды камтууну көбөйтүү үчүн конкреттүү чараларды иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын маалымат иретинде билдиребиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда каралган ченемдерди практикалык ишке ашыруу уюштуруу жана финансылык чаралардын комплексин көрүүнү талап кыла тургандыгын жана өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүнкү күндө жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну эрте деп эсептейт.