Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-февралы № 63
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
29-главасында:
1) Эскертүүнүн 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн алкагында мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан каралган 217-беренесинин 2-бөлүгүнөн тышкары, ушул Кодекстин 217-2175-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.";
2) 217-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "баланстарды," деген сөздөн кийин "салык отчётторун," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү "кирешени же" деген сөздөрдөн кийин "кылмыштын же жоруктун белгилери камтылбаган" деген сөздөр менен толукталсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 20171 - 20175-беренелери менен толукталсын:
2171-берене. Контрабанданын белгилери жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу тиешелүү документтерсиз товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу тиешелүү документтерсиз товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2172-берене. Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын кайталап пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып кирүү, ага тете тиешелүү идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды идентификациялоо каражаттарын түшүрбөстөн сактоо жана сатуу
Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын кайталап пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып кирүү, ага тете тиешелүү идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларды идентификациялоо каражаттарын түшүрбөстөн сактоо жана сатуу -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2173-берене. Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз анча көп эмес өлчөмдө өндүрүү, импорттоо жана сатуу
Эгерде мындай бузууларда кылмыштын же жоруктун белгилери камтылбаса, алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз өндүрүү, импорттоо жана сатуу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул беренеде анча көп эмес өлчөмдө деп акциздик марка менен маркаланууга тийиш болгон алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын элүү бирдиктен ашпаган өлчөмү түшүндүрүлөт.
2174-берене. Сигареттерди минималдуу чекене баадан төмөн баада сатуу
Сигареттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң жана чекене баадан төмөн баада сатуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2175-берене. Мунайзаттарды сатуу тартибин бузуу
Кыргыз Республикасында мунайзаттарды сатуу тартибин бузуу -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
4) 220-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
220-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү
Контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү, ага тете кассалык чекти чыгарбоо, сатып алуучуга (кардарга) кассалык чекти бербөө же төлөнгөндөн аз сумманы көрсөтүү мекен кассалык чекти берүү -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4) 222-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"222-берене. Бирдиктүү салык декларациясын бербөө жана салык төлөбөө
Бирдиктүү салык декларациясын бербөө, ага тете бирдиктүү салык декларациясын так эмес, толук эмес же бурмаланган маалыматтар менен берүү же белгиленген мөөнөттө салык төлөбөө -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул берененин колдонулушу "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык декларация тапшырууга милдеттүү болгон жактарга жайылтылбайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.