Кыргыз Республикасынын Президентинин
10-декабрындагы 2009-жылдын ПБ № 310 буйругуна
Ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-февралы ПБ № 40
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Орозбаева Лада Жантаевна Ислам өнүктүрүү банкында Кыргыз Республикасынан башкаруучунун альтернаты катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы № 105 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |