Загрузка документа…
КР Президентинин
2010-жылдын 16-августундагы № 60-п буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-декабры ПБ № 310
1. Кыргыз Республикасынан башкаруучунун милдеттерин аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
- Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;
- Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык гарантиялоо агентствосунда - Кыргыз Республикасынын финансы министрине;
- Азия өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын финансы министрине;
- Ислам өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары У.А.Ташбаевге;
- Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкында - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары А.А.Елисеевге.
2. Төмөнкүлөр башкаруучунун Альтернаты катары аныкталсын:
- Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчиси;
- Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык гарантиялоо агентствосунда - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары К.К.Асангулов;
- Азия өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары К.К.Асангулов;
- Ислам өнүктүрүү банкында - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин Суеркул;
- Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкында - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы.
3. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары А.Ш.Дикамбаев Европа Союзу менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор катары аныкталсын.
4. Европа Союзу менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү буйруктары күчүн жоготту деп табылсын:
- 1999-жылдын 23-февралындагы № 106;
- 2001-жылдын 16-январындагы № 32;
- 2002-жылдын 31-январындагы № 19;
- 2005-жылдын 12-майындагы № 174;
- 2006-жылдын 27-февралындагы № 54;
- 2006-жылдын 15-майындагы № 185;
- 2007-жылдын 2-апрелиндеги № 67;
- 2007-жылдын 8-майындагы № 104;
- 2007-жылдын 31-июлундагы № 161;
- 2009-жылдын 19-февралындагы № 40.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин.
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-декабрындагы № 310 буйругу менен бекитилген
|
1. Европа Союзу менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатордун (мындан ары - Улуттук координатор) ишинин негизги максаты болуп Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун (мындан ары - ЕС) ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана ЕС көрсөтүүчү жардамды координациялоо саналат.
2. Улуттук координатор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
3. Улуттук координатор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Сүйлөшүүлөр жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин карамагына кирген документтерге кол коюу Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги менен кеңешип, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында аталган министрлик тарабынан ишке ашырылат.
5. Улуттук координатордун негизги милдеттери болуп белгиленген тартипте төмөнкүлөр саналат:
- ЕС көрсөтүүчү жардамды Кыргыз Республикасынын атынан координациялоо;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ЕС көрсөтүүчү жардамды тартуу жана колдонуу боюнча ишине контролдукту камсыз кылуу;
- ЕСтин жол-жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырылуучу ЕСтин долбоорлорунун жана программаларынын ишине контролдук жүргүзүү процессинде ЕСтин Өкүлчүлүгүнө жана кызматтарына көмөк көрсөтүү;
- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин региондук стратегиялык документтерин жана Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерине (Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы, улуттук жана мамлекеттик программалар ж.б.) негизденген Кыргызстан үчүн ЕСтин стратегиялык документтерин андан аркы индикативдик программаларды иштеп чыгуу үчүн негиз катары иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын атынан катышуу;
- Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ЕСтин региондук стратегиялык документтеринин, Кыргызстан үчүн ЕСтин стратегиялык документтеринин, финансылык макулдашуулардын, индикативдик программалардын, иш-аракеттер программаларынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын атынан талкуулоолорду жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аларга белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан кол коюу;
- мамлекеттик органдардын жана репрезентациялык топтордун (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишкердиктин, НПОлордун өкүлдөрү ж.б.) ой-пикирлерин эске алуу менен программага чейинки документтерди жана долбоордук билдирүүлөрдү даярдоо жана ал документтерди ЕСтин Өкүлчүлүгүнө сунуш кылуу;
- иш-аракеттер программаларынын долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын атынан талкуулоолорду жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде ЕС менен талкуулоо үчүн долбоордук сунуштарды аныктоо, алдын ала тандап алуу, кол коюу жана кароого сунуш кылуу, ошондой эле иш-аракеттер программалары боюнча макулдашууларга кол коюу;
- ЕС менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан башка функцияларды аткаруу.
6. Улуттук координатор өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- ЕС менен кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү катары чыгууга;
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдарынан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- мамлекеттик органдардын маалыматтар банкын пайдаланууга;
- мамлекеттик органдар, мекемелер, ошондой эле башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууга;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин, окумуштууларды жана адистерди, башка уюмдардын өкүлдөрүн Улуттук координатордун карамагында турган маселелерди чечүүгө катышууга тартууга, анын ичинде келишимдик негизде тартууга.
7. Улуттук координатордун иши Улуттук координациялык бюро тарабынан камсыз кылынат, анын функциясын Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин тышкы экономикалык байланыштар кызматы аткарат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |