Загрузка документа…
|
Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибине карата талаптар
1. Ушул Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүгө, актуалдаштырууга жана пайдаланууга карата талаптар "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү, жүргүзүү жана пайдалануунун шарттарын аныктайт, ошондой эле жеке маалыматтар субъекттеринин укуктарын сактоону камсыз кылууга багытталган чаралардын тизмегин жана маалыматты коргоо боюнча чараларды, анын ичинде базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы (мындан ары - базалык ресурстар) купуя маалыматтарга жетүүнү чектөө боюнча чараларды камтыйт.
2. Базалык ресурстар электрондук башкарууда актуалдуу, так жана толук маалыматты пайдалануу; маалыматты бир жолку топтоо жана Кыргыз Республикасында көп жолу пайдалануу максатында түзүлөт. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башка жактардан базалык ресурстарда болгон маалыматтарды базалык ресурстардагы маалыматтарды актуалдаштыруу максатында гана сурап алууга укуктуу.
3. Базалык ресурстар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү же мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткаруу максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө пайдалануу үчүн багытталган.
4. Базалык ресурстар түзүлгөн жана түзүлө турган базалык ресурстарда эталондук маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен түзүлөт.
5. Ушул талаптарда пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:
базалык ресурстун ээси - техникалык каражаттарды сатып алуу, маалыматтык технологияларды сатып алуу же иштеп чыгуу аркылуу базалык ресурсту түзүүнү жана пайдаланууну, маалыматтык базаларды түзүүнү жана жүргүзүүнү уюштурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы.
Базалык ресурстун ээси аны өз алдынча пайдалана алат, же болбосо бул функцияны базалык ресурстун операторуна жүктөйт;
мета маалыматтар (metadata) - аны Базалык ресурстардын реестринде идентификациялоо, издөө жана башкаруу максатында базалык ресурсту мүнөздөөчү структураланган маалыматтар.
Мета маалыматтардын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Title/Аталышы (маалыматтык ресурстун аталышы);
- Creator/Түзүүчү (маалыматтык ресурсту түзүүгө же жүргүзүүгө алгачкы жоопкерчилик тарткан жак (жеке же юридикалык);
- Subject/Предмет (маалыматтык ресурстун мазмуну, эреже катары ресурстун тематикасын аныктаган негизги сөз, фраза же классификациялоочу код түрүндө болот);
- Description/Баяндама (ресурстун мазмунуна сереп аннотацияны, мазмунду, мазмундун графикалык берилишине шилтемени, толук тексттеги рефератты же аннотацияны, ошондой эле башка маалыматтарды камтышы мүмкүн);
- Publisher/Басып чыгаруучу (пайдалануучуларга ресурсту берүүгө жооптуу жак жеке жак же уюм болушу мүмкүн; эреже катары маалыматтардын бул элементи басып чыгаруучуну идентификациялоого тийиш);.
- Contributor/Кошо аткаруучу (ресурстун мазмунуна жооптуу жак жеке жак же уюм болушу мүмкүн; эреже катары маалыматтардын бул элементи ошол жакты идентификациялоого тийиш);
- Date/Дата (ресурс түзүлгөн же пайдаланууга берилген дата; датаны ЖЖЖ-АА-КК формасында белгилөө сунушталат);
- Type/Ресурстун тиби (ресурстун мазмуну өзүнө жалпы категорияларды баяндаган терминдерди, ресурстун мазмунун агрегациялоо деңгээлин камтыйт);
- Format/Формат (ресурсту физикалык же форматтык сунуштоо; эреже катары сактагычтын тибин же ресурстагы маалыматтардын өлчөмүн аныктайт. Формат программалык жана техникалык камсыздоону идентификациялоо же ресурсту кайра чагылдыруу же аны менен иштөө үчүн кошумча жабдуу пайдаланылышы мүмкүн. Ресурстун өлчөмү кайра чагылдыруу көлөмү же узактыгы жөнүндө маалыматтарды, компьютердик маалымат сактагычтардын форматтарын камтыйт);
- Identifier/Pecypcтун идентификатору (ошол контексттин чегиндеги бир маанидеги ресурска шилтеме; ресурсту цифралардын тизмеги же формалдуу идентификациялоо системасына ылайык сан менен белгилөө сунушталат);
- Source/Булак (маалыматтардын булагы болгон ресурска шилтеме; бул ресурсту цифралардын тизмеги же формалдуу идентификациялоо системасына ылайык сан менен белгилөө сунушталат);
- Language/Тили (ресурстун интеллектуалдык мазмунунун тили; факультативдик подтэгдери менен тилдин эки же үч тегдерин пайдалануу сунушталат. Мисалы: англис тили үчүн "en" же "eng" же Улуу Британияда колдонулуучу англис тили үчүн "en-GB");
- Relation/Байланыш (байланышкан (тектеш) ресурска шилтеме; байланышкан ресурсту цифралардын тизмеги же формалдуу идентификациялоо системасына ылайык сан менен белгилөө сунушталат);
- Coverage/Камтуу (ресурстун тематикасын локалдаштыруу же чектери; эреже катары мейкиндик локалдаштырууну (географиялык аталышы же координаттары), убакыттын бөлүгүн (мезгилдин аталышы, дата же даталардын интервалы) же юрисдикцияны (административдик бирдиктин аталышы) аныктайт. Цифралык белгилөөлөрдү же даталардын жана координаттардын диапазонун эмес сөз жүзүндөгү аталыштарын пайдалануу сунушталат);
- Rights/Укуктар (ресурсту пайдалануу жана башкаруу укуктары жөнүндө маалыматтар; эреже катары элемент ресурсту башкаруу жөнүндө жобону же ушул маалыматты алууга мүмкүн болгон кызматка шилтемени камтыйт. Укуктар жөнүндө маалыматтар көп учурда интеллектуалдык менчик укугун, башка мүлк укуктарын камтыйт. Укук элементинин жоктугу ресурсту пайдалануу жана башкаруу укугу жөнүндө кандайдыр бир тыянактар үчүн негиз боло албайт);
машинада окулуучу баяндама - маалыматты берүү (сактоо) формасынан аны декоддоо, машина же компьютер менен окуу (б.а. сканерлөө же кабылдоо) мүмкүнчүлүгүнө ылайык келген жана алдын ала иштеп чыкпастан машина же компьютерде иштеп чыгууга жарактуу (сактагычтардын белгилүү бир түрүндө, белгилүү бир форматта, ж.б.у.с.) эталондук маалыматтардын баяндамасы;
эталондук маалыматтар - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максатында электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө пайдаланууга багытталган объект же болбосо субъект жөнүндө (жеке же юридикалык жак жөнүндө) уникалдуу маалыматтар (структураланган маалыматтар).
6. Базалык ресурстардын ээлери төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) тиешелүү ченемдик укуктук актыларда жана Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарга ылайык базалык ресурста камтылган маалыматтарга, анын ичинде "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын пайдалануу менен базалык ресурста камтылган маалыматтарга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетүүсүн;
2) жаран берген документтерге ылайык базалык ресурсту түзгөн маалыматтардын актуалдуулугун.
7. Базалык ресурстун ээси базалык ресурстан маалыматты "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын пайдалануунун негизинде алуу мүмкүндүгүн камсыз кылат. Базалык ресурстан маалымат өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө макулдашууда белгиленген тартипте жана мөөнөттө "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилүүгө тийиш.
8. Базалык ресурстан маалыматты берүүдөн баш тартууга ошол базалык ресурста суралган маалымат жок болгон учурда гана, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жол берилет.
9. Суралган маалыматтын курамын же маалыматты алуучуну бир жактуу аныктоо мүмкүн болбогон суроо-талап алынган учурда базалык ресурстун ээси суроо-талап жиберген жактан такталган маалыматтарды сурайт.
10. Базалык ресурстан маалымат акы төлөнүүчү жана акысыз негизде берилет. Базалык ресурстан маалыматты берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык аныкталат.
11. Жеке жана юридикалык жактар базалык ресурстардан маалыматтарды алууга укуктуу.
12. Базалык ресурстар менен иштер ушул Талаптарда белгиленген тартипте жүргүзүлүүгө тийиш, же болбосо базалык ресурстун ээсинин бекитилген ведомстволук актысы менен регламенттелүүгө тийиш.
13. Базалык ресурстун ээсинин базалык ресурстарды түзүү, актуалдаштыруу жана пайдалануу тартибин регламенттеген ведомстволук акты төмөнкүлөрдү да камтууга тийиш:
- базалык ресурсту жүргүзүү тартибинин сакталышы үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн кызмат адамдарынын тизмегин;
- базалык ресурста камтылган эталондук маалыматтардын тизмегин, алардын структураланган машинада окулуучу баяндамасын, анын ичинде маалыматтардын схемаларын (өз ара жайгашуусу жана маалыматтардын иерархиясы, кодировка, белгилөөлөр, жол берилген типтери жана маанилери жөнүндө маалыматтар);
- базалык ресурстарда камтылган эталондук маалыматтарга жетүү тартибин, анын ичинде жалпыга жеткиликтүү маалыматтарга жетүү тартибин, мыйзам менен жетүү чектелген маалыматтарга жетүү тартибин жана автоматташтырылган маалымат алмашуунун техникалык каражаттарын пайдалануу менен жетүү тартибин;
- эталондук маалыматтарды, анын ичинде жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу тартибин;
- базалык ресурста камтылган архивдик эталондук маалыматтарга жетүү тартибин;
- базалык ресурста камтылган объект жөнүндө, субъект жөнүндө (жеке же юридикалык жак жөнүндө) эталондук маалыматтар менен кызыкдар органдын карамагында турган же болбосо алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө алган маалыматтардын ортосунда аныкталган карама-каршылыктар тууралуу кабарлоолорду кароо тартибин, ошондой эле мындай кабарлоолорду кароо жана базалык ресурста камтылган объект жөнүндө, субъект жөнүндө (жеке же юридикалык жак жөнүндө) эталондук маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдерди кабыл алуу мөөнөтүн, ал 3 иш күндөн ашык болбошу керек.
14. Базалык ресурстарда камтылган маалыматтар, анын ичинде купуя маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарына ылайык корголууга тийиш.
15. Базалык ресурстардын коопсуздугу уюштуруу-техникалык чаралардын комплекси жана маалыматты коргоонун программалык-аппараттык каражаттары менен камсыз кылынат.