Загрузка документа…
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы (мындан ары - ИИМ КК) Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү, маанилүү, олуттуу жана башка объекттеринин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле менчигинин формасына карабастан объекттерди жана мүлктөрдү келишимдин негизинде күзөткө алуу иштерин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ИИМ КК мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Казыналык системасындагы эсептешүү эсеби бар, сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ИИМ ККнын иши мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана урматтоо, гумандуулук айкындуулук, контролдоо жана отчеттуулук, жеке башчылык жана баш ийүүчүлүк, кызматтык тартипти сактоо принциптерине негизделет.
4. ИИМ КК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин, конституциялык мыйзамдарын, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышуусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
5. ИИМ КК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын бөлүмдөрү, башка укук коргоо органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер менен өз ара аракеттенет, ошондой эле белгиленген тартипте эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк компетенттүү органдар менен кызматташат.
51. ИИБ катардагы жана жетекчи курамынын атайын наамдарына ээ ИИМ КК кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен регламенттелет.
ИИМ КК эркин жалданма курамынын кызматкерлеринин иштөө, эмгек акы төлөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен регламенттелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
2. ИИМ ККнын негизги милдеттери
6. ИИМ ККга төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
- жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салуулардан коргоо;
- Кыргыз Республикасындагы маанилүү режимдик объекттердин, тиричиликти жана жашоону камсыздоо объекттеринин коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык ИИМ ККга күзөткө берилбей турган объекттерден сырткары, мамлекеттик жана башка менчик формасындагы объекттерге, ошондой эле жеке адамдарга жана алардын мүлкүнө келишимдик негизде куралдуу күзөттү ишке ашыруу;
- чет элдик юридикалык жана жеке жактардын башка объекттерине (чектелген аймактарды, имараттарды жана курулмаларды ж.у.с.) менчигинин формасына карабастан куралдуу күзөттү уюштуруу;
- юридикалык жана жеке жактардын ташып чыгуучу материалдык жана акчалай баалуулуктарын, башка мүлкүн кылмыштуу кол салуулардан куралдуу коргоо, ошондой эле келишимде каралган башка күзөт кызматтарын көрсөтүү;
- күзөткө алынган объекттерде, жарандардын батирлеринде жана үйлөрүндө кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу;
- республиканын аймагында юридикалык жана жеке жактардын бардык формасындагы менчик объекттерин күзөткө алуунун бирдиктүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- юридикалык жана жеке жактардын бардык формадагы менчик объекттерин кылмыштуу аракеттерден коргоо боюнча чараларды көрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ИИМ ККнын функциялары
7. ИИМ КК жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
- ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди жана түрдүү формадагы менчик объекттерди куралдуу күзөткө алууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын чегинде ташылуучу жүктөрдү коштоо учурунда материалдык жана башка байлыктардын сакталышын камсыздайт;
- күзөткө алынган объекттердеги кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт;
- ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын кызматкерлерине кылмыштардын бетин ачууга, ошондой эле кылмыштарды жана укук бузууларды жасаган адамдарды кармоого көмөк көрсөтөт;
- мүлктүн ээлери же болбосо ээлик кылууга ыйгарым укук берилген жактар менен макулдашуу боюнча күзөттү уюштурууда анын түрүн аныктайт (милициянын, аскерлердин, кайтаруунун, борборлоштурулган күзөт пультунун жардамы менен);
- күзөт кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик, региондук жана башка программаларды жана иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышат;
- келишимдик негизде күзөт каражаттары жана кооптуулук сигнализациясы менен жабдуу боюнча долбоорлоо жана монтаждоо иштерин аткарат, аларды пайдаланууга кабыл алат, тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзөт;
- келишимдик негизде стационардык жана көчмө объекттердеги же жарандардагы кооптуулук сигнализация системасынан түшкөн айгай сигналдарын кабыл алат жана бул сигналдарга чара көрөт;
- мамлекеттик жана башка менчик формасындагы күзөткө алынган объекттерди техникалык чыңдоо, күзөт жана кооптуулук сигнализация каражаттары менен жабдуу боюнча талаптарды, нускамаларды жана техникалык шарттарды, ошондой эле күзөт функцияларын аткарууну жөнгө салуучу башка документтерди иштеп чыгат;
- коопсуздук системасынын интеграцияланган алдыңкы технологияларынын негизинде ИИМ КК түзүмдүк бөлүмдөрүнө колдонууга сунушталган техникалык күзөт каражаттарынын тизмегин иштеп чыгат;
- күзөт кызмат көрсөтүүлөрүн камсыздоо чөйрөсүндөгү атайын инспекциялык жана контролдук функцияларды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
4. ИИМ ККнын укуктары
8. ИИМ КК төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- күзөткө алынган объекттин кызматкерлеринен белгиленген тартипте бекитилген өткөрмө жана объект ичиндеги режимди, ошондой эле коомдук тартипти сактоону талап кылууга;
- жетиштүү негиздер болгон учурда күзөткө алынган имаратта же аймакта жүргөн жарандарды жеке текшерүүгө, ошондой эле кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатында алардын мүлкүн текшерүүгө;
- транспорт каражаттарын карап чыгууга жана күзөткө алынган объектинин аймагынан ташып чыгарылган материалдык байлыктардын товардык-транспорттук документтерге шайкештигин текшерүүгө;
- кызмат адамдарынан келишим боюнча материалдык байлыктардын сакталышын камсыздоого багытталган милдеттенмелеринин аткаруусун талап кылууга;
- келишимдердин негизинде күзөткө алынган объекттерде борборлоштурулган көзөмөлдөө пульту аркылуу күзөт жана кооптуулук сигнализация аппараттарын орнотууга;
- форс-мажордук жагдайлар (согуш, революция, массалык башаламандык, жер титирөө, суу каптоо, өрт чыгуу, террордук коркунучтар жана башка табигый кырсыктар) болгон учурда чарбалык субъекттерге ишин убактылуу токтотууну сунуштоого;
- тийиштүү чара көрүү үчүн кылмыштарды жана укук бузууларды жасаган адамдарды кармоого жана кызматтык күзөт бөлмөсүнө жеткирүүгө;
- эгерде күч колдонбогон ыкмалар ИИМ КК жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, " Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо үчүн, ошондой эле өзүн коргоо үчүн күчтү, атайын каражаттарды, куралды жана курал-жарактарды колдонууга;
- күзөткө алынган объекттерден мыйзамсыз ташып (алып) чыгарылуучу мүлктү табуу жана алуу, ошондой эле мыйзамсыз аракеттерди каттоо үчүн техникалык (жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген) каражаттарды колдонууга;
- объекттерди күзөткө алуу максатында кызматтык милдеттерди аткарууда кызматтык иттерди пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасы катышуусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги өлкөлөрүнүн аймагы боюнча ташылуучу жүктөрдү коштоодо материалдык жана башка байлыктардын сакталышын камсыздоого;
- күзөт кызматын көрсөтүүнү камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана чет мамлекеттин окуу жайлары менен өз ара аракеттенип, ИИМ ККнын кызматкерлерин кайра даярдоо жана кайра квалификациялоо окуу курстарын уюштурууга;
- мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түзүлгөн атайын каражаттардын эсебинен ИИМ КК кызматкерлерине материалдык дем берүүгө;
- ИИМ КК кызматкерлерин алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мөөнөтүнөн ашыкча иштөөгө тартууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
5. ИИМ ККнын ишин уюштуруу
9. ИИМ КК системасын Кыргыз Республикасында маанилүү режимдик объекттердин, ошондой эле келишимдик негиздеги объекттердин жана мүлктүн коопсуздугун камсыздоо жана кайтаруу боюнча башкаруу органдары жана бөлүмдөрү түзөт, ага башкармалыктар, бөлүмдөр, аймактык жана күжүрмөн бөлүмдөр кирет:
- аймактык бөлүмдөр башкармалыктардан, бөлүмдөрдөн, бөлүмчөлөрдөн жана күжүрмөн бөлүмдөрдөн турат.
- күжүрмөн бөлүмдөр бөлүмчөлөрдөн, взводдордон, роталардан, батальондордон, милиция полкунан турат.
10. ИИМ ККны анын начальниги жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунуштамасы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
10-1. ИИМ КК начальниги жок учурда анын милдеттерин функционалдык милдеттерине ылайык ИИМ КК начальнигинин орун басары аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын ИИМ ККнын бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын ИИМ ККнын начальнигинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри бекитет. Штаттык сан келишимдер боюнча күзөт кызматын көрсөтүүдөн түшкөн төлөмдөрдөн аныкталат.
12. ИИМ ККнын катардагы жана кенже жетекчи курамынын, аскерлешкен, кароолдук күзөттүн, ошондой эле эркин жалданган персоналдын штаттык санындагы өзгөртүүлөрдү ИИМ ККнын начальниги бекитет.
13. ИИМ ККнын начальниги:
- ИИМ ККга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- ИИМ ККнын ишин уюштурат, ИИМ ККнын кызматтык ишин камсыздоого, коюлган милдеттерди аткарууда дайыма даярдыкта болушуна жооп берет;
- орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт жана ИИМ ККнын аппаратынын кызматкерлеринин жана күзөт бөлүмдөрүнүн начальниктеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- өздүк курам менен кесиптик жана дене-тарбия даярдыктарын өткөрөт, баш ийген кызматкерлерин окутат жана тарбиялайт. Өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту алдын алуу боюнча чараларды көрөт;
- кадрларды тандоону жана жайгаштырууну камсыз кылат, белгиленген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык ИИМ КК аттестацияланган жана эркин жалданма курамын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык ИИМ КК аттестацияланган курамын кызмат ордуна дайындоо же кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет;
- өзүнүн номенклатурасына ылайык аттестацияланган курамга белгиленген тартипте атайын наамдарды ыйгарат, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине ИИМ КК өздүк курамына "милициянын майорунан" тартып жана андан жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуш киргизет;
- кызматкерлердин зарыл болгон жеке коопсуздук чараларын, курал-жарак, техникалык жана атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин сактоосун контролдойт;
- ИИМ ККда бухгалтердик эсепти уюштурууга, чарбалык операцияларды аткарууда мыйзамдардын сакталышына, ички эсеп системасына, отчеттуулукка жана контролдоого, милдеттүү аудит жүргүзүүнү камсыздоого жооп берет жана жоопкерчилик алат;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү бардык жол-жоболордун сакталышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында көрсөтүлгөндөй ИИМ ККнын кызматкерлерин сыйлайт жана аларга тартиптик жаза чарасын колдонот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ИИМ ККнын өздүк курамы тарабынан аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, күзөт кызматына типтүү келишимдерди бекитет;
- ИИМ ККнын Күзөт кеңешинин жана ыкчам кеңешмесинин, ошондой эле ИИМ ККнын милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө буйругуна ылайык башка комиссиялардын төрагасы болуп саналат;
- өзүнүн компетенциясына тиешелүү маселелерди карайт:
- күзөт кызматын камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгууга катышат;
- компетенциясынын чегинде күзөт кызматын камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кат алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
14. ИИМ ККнын өздүк курамы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жүктөлгөн милдеттерден тышкары, түзүлгөн келишимдерде каралбаган милдеттерди аткарууга тартылбайт.
Массалык башаламандык, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар болгон учурда, ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү учурунда ИИМ ККнын өздүк курамы ИИМ ККнын начальнигинин макулдашуусу боюнча оперативдүү начальниктин буйругунун негизинде ишке тартылат.
15. ИИМ КК кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда форма кийимдерин кийүүгө жана ИИМ ККга таандык экендигин күбөлөндүргөн документти алып жүрүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтому берилген өзгөртүүлөр 15-пунктунун расмий тилдеги редакциясына киргизилди.
16. ИИМ ККнын алдында кызматтык жана финансы-чарбалык маселелерде айрым башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн Күзөт кеңеши, ошондой кызматтык ишке байланышкан маселелерди коллегиялык чечүү үчүн ИИМ ККнын ыкчам кеңешмеси түзүлөт. ИИМ ККнын Күзөт кеңешинин жана ыкчам кеңешмесинин жоболорун жана курамын ИИМ ККнын начальниги бекитет.
6. ИИМ ККны каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
17. ИИМ КК өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн атайын каражаттардын, ошондой эле негизги фонддорду (имараттардан, курулмалардан, өткөрүп берүү түзүлүштөрүнөн тышкары) сатуудан түзүлгөн булактардын жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
ИИМ КК күзөт бөлүмдөрүнө белгиленген тартипте отчеттук жыл үчүн түзүлгөн келишимдерден түшкөн акча каражаттарынын кирешелер жана чыгымдар сметасынын планын белгилейт.
ИИМ КК өзүнүн казыналык эсебинде акчалай камсыздоо жана баш ийген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринчи кезектеги төлөмдөрү боюнча чыгымдар беренесинен тышкары, учурдагы жылга чыгымдар беренелерин борборлоштуруп каржылоо үчүн акча каражаттарын топтоого укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
18. ИИМ ККнын имараттары, курулмалары, жабдуулары, инвентарлары, башка баалуу материалдык каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат жана ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
19. ИИМ КК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык күзөт кызматы үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн өз алдынча иштеп чыгат жана бекитет. Тарифтер (баасы) күзөт кызматын көрсөтүү рыногунун талаптарына жараша күзөт бөлүмдөрүнө сарпталган чыгымдарды жабуу үчүн зарыл болгон минималдык баанын чегинде түзүлөт. Региондордун өзгөчөлүгүн эске алуу менен белгиленген тарифтер күзөт бөлүмдөрүнүн чыгымдарын жабуучу суммалардын чегинде гана колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
20. ИИМ ККга анын балансында турган негизги фонддорду сатып алуу жана башка бүтүмдөрдү жасоо боюнча ыкчам башкарууга укук берилет.
21. ИИМ КК финансы-чарбалык, келишимдик жана тышкы экономикалык иш боюнча маселелерди өз алдынча чечет.
22. ИИМ КК белгиленген тартипте чыгымдардын тиешелүү беренелеринин эсебинен кызматтык жайларды, турак үйлөрдү, негизги жана жүгүртүү каражаттарын курууга, сатып алууга укуктуу.
23. ИИМ КК жеке каражаттарынын эсебинен ИИМ КК кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууга байланышкан, бирок ички иштер органдарында андан аркы кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбоочу жаракат алуудан жана майып болуудан жеке камсыздандырууну ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Ден соолукка зыян шарттарда кызмат өтөгөн ИИМ ККнын кызматкерлери жана жумушчулары, күзөткө алынган объекттердин жумушчулары жана кызматкерлери менен бирдей тиешелүү жеңилдиктер менен пайдаланышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ИИМ ККнын ишин контролдоо жана жоопкерчилиги
25. ИИМ ККнын ишин көзөмөлдөө жана контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. ИИМ ККнын кызматкерлери мыйзамсыз аракеттери же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартышат.
8. ИИМ ККны жоюу
27. ИИМ КК Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлат.
28. ИИМ КК иши токтотулган учурда анын иштөө учурунда пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.