Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 75
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы деп өзгөртүп атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы маанилүү режимдик объекттердин, жашоону жана тиричиликти камсыздоо объекттеринин коопсуздугун жана күзөтүн камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы" мекемеси "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы" мекемеси деп өзгөртүп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы тарабынан Ведомстволук күзөттү инспекциялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышындагы жана 1-пунктундагы "Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы" деген сөздөр "Күзөт кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы тарабынан Ведомстволук күзөттү инспекциялоо тартиби жөнүндө нускамада:
- аталышындагы "Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы" деген сөздөр "Күзөт кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктундагы:
"Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы" деген сөздөр "Күзөт кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы № 538 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы жөнүндө жобого" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын маселелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы (мындан ары - Күзөт башкы башкармалыгы)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы (мындан ары - Күзөт кызматы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы түрдүү жөндөмөдөгү "Күзөт башкы башкармалыгы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Күзөт кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1-главасынын VIII бөлүгүндө:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы (мындан ары - КР ИИМдин МАККББ жана анын бөлүнүштөрү)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы (мындан ары - ИИМдин Күзөт кызматы)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын маселелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8, 9, 10, 12 жана 17-пункттарындагы "КР ИИМдин МАККББ" деген аббревиатура "КР ИИМдин КК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 15-пунктундагы "dgusso_mvd_kr@mail.ru" деген сөздөр "so_mvd_kr@mail.ru" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-январындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы департаментин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына өзгөртүп түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоо жол-жоболорун жүргүзсүн;
- өз чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 18-февралындагы № 19(3091) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
| 2-тиркеме |
АКТ
20____-ж. "____" ______________________, шаар (район, посёлок, айыл)
Мен, _________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(кызмат орду, күзөт бөлүмү, наамы, аты-жөнү)
_________________________________________________________________________ катышуусунда
(инспекциялоого катышкандардын)
_____________________________________________________________________________________
(кызмат орду, администрациянын өкүлүнүн жана башка жактардын аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________________
20__-жылдын "____" ________________ тартып 20__-жылдын "____" ____________________ чейин
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(мекеменин аталышы , дареги)
ведомстволук (аскерлешкен, кароолдук, жеке) күзөткө инспекциялоо жүргүздүм.
Текшерүүдө төмөнкүлөр аныкталды: (ведомстволук күзөттү инспекциялоо, объекттеги
товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышын текшерүү жыйынтыктары, кызматты
уюштуруунун жана күзөт техникалык каражаттарын тейлөөнүн жана эксплуатациялоонун оң
тажрыйбасы, аныкталган кемчиликтер, киргизилген сунуштар, күзөт кызматын уюштурууда
аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча мурунку актыга киргизилген сунуштардын аткарылышы
ж.б. баяндалат).
Кемчиликтерди жоюу мөөнөтү - ___________________________________________ ичинде (күн, ай).
(керектүүсүн чийип коюу керек)
Акт _____ нускада түзүлдү.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу мөөнөтү күзөткө алынган мекеменин ээси менен макулдашылды
жана аткарууга алынды.
Инспекция жүргүзгөн адамдын
колу: _________________________________________________________________________________
Күзөткө алынган объектинин ээсинин өкүлүнүн
колу: _________________________________________________________________________________
Инспекциялоого катышкан башка адамдардын
колу: _________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)".