Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-февралы № 76
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана максаттуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмесинде:
- 21-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 (3095) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |