Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-марты № 177
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733, 2012-жылдын 14-майындагы № 282, 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 788, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2014-жылдын 22-майындагы № 266, 2015-жылдын 27-октябры № 752, 2016-жылдын 23-августундагы № 452, 2018-жылдын 18-январындагы № 33, 2020-жылдын 10-февралындагы № 76, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ички аудит кызматы түзүлүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык;
- Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптар ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 33 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тизмеде аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мекемелери белгиленген:
- ички аудит кызматын түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ички аудит кызматынын иштеши бекитилген штаттык сандын жана аларды күтүүгө чыгымдардын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
4. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-мартындагы № 177 токтому менен бекитилген |
Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 490 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
2 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
3 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
4 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
5 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
6 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
61 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
7 | Бишкек шаарынын мэриясы |
8 | Ош шаарынын мэриясы |
2-тиркеме
Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 33, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата бул талаптар ички аудиторлордун кызматтык милдеттерин аткаруу жана ички аудиттин функцияларын натыйжалуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик сапаттарына карата белгиленет.
2. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптар
2. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) төмөнкүлөрдү билүүсү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
- "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтому менен бекитилген Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 721 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 722 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө жобону;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021-жылдын 25-августундагы № 80-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы № 212-Б буйругу менен бекитилген Кепилдиктер программасын түзүү жана ички аудиттин сапатын жогорулатуу боюнча колдонмону;
2) төмөнкүлөрдү аткара билүүсү:
- ички аудитти жүргүзүүнү пландоону жана уюштурууну;
- ички аудиттин объектисинин ишиндеги тобокелдиктерди башкаруу процессин баалоону жана жакшыртууну;
- ички аудиттин объектисиндеги ички контролдоо системасынын майнаптуулугун жана натыйжалуулугун баалоону;
- ички аудиттин объектисинин финансылык-чарбалык иши, иш процесстери жана ички контролдоо системасы жөнүндө маалыматты топтоону, талдоону, баалоону жана документтештирүүнү;
- иш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштурууну;
- ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду түзүүнү;
- ички аудиттин объектисинин кызматкерлерине ички аудит функцияларын түшүндүрүүнү;
3) төмөнкүдөй көндүмдөрдүн болуусу:
- маалыматтык системалар жана коопсуздукту камсыздоо, документтерди жиберүү жана башкаруу технологиялары менен иштөө;
- анкеталык сурамжылоо жүргүзүү жана талдоо;
- ички аудитти пландаштыруу, аудитордук тапшырмаларды аткаруу жана жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет даярдоодо программалык продуктуларды колдонуу.
3. Ички аудит кызматтарынын жетекчилеринин кесиптик деңгээлине карата төмөнкүдөй талаптар кошумча белгиленет:
1) төмөнкүлөрдү аткара билүүсү:
- ички аудит кызматтарынын ишин стратегиялык пландоону;
- ички аудит кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун камсыздоону;
- ички аудиторлордун ишин так пландоону жана алардын ишин объективдүү баалоону;
- ички аудит процессинде ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну;
- чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алууну жана чечүүнү.