Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-апрели № 220
Кыргыз Республикасында асыл тукум чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, бюджеттик насыяларды өз убагында кайтарып берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Насыя каражаттарын алган үрөнчүлүк чарба статусундагы чарба субъекттерине насыялык карызды, насыя келишими боюнча болгон карыздын 70 пайызынан ашпаган суммасынын чегинде өздүк өндүрүштөгү артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган сорттук үрөнү түрүндө 2023-жылдын 31-декабрына чейин кайтаруу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 582 "Кыргыз Республикасында асыл-тукум чарбаларды колдоо чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктунда:
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"насыя каражаттары, ушул пункттун алтынчы абзацынан тышкары, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом түрүндөгү акча каражаты менен кайтарып берилет;";
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"үрөнчүлүк чарба статусундагы чарбалар - товардык-материалдык ресурстардын алуучулары тарабынан насыя каражаттары, насыялык келишим боюнча болгон карыздын 70 пайызынан ашпаган суммасынын чегинде өздүк өндүрүштөгү артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган сорттук үрөнү түрүндө кайтарып берилиши мүмкүн. Мында насыя каражаттары өздүк өндүрүштөгү артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөнү түрүндө 2023-жылдын 31-декабрына чейин кайтарып берилиши мүмкүн;".
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине ылайык бюджеттик насыяларды кайра түзүмдөштүрүү маселесин макулдашуу жол-жоболорунан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга байланыштуу чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми 1 жана 2-пункттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен бюджеттик насыяларды кайра түзүмдөштүрүү маселеси макулдашылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Караңыз:
КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 3704-VI "Кыргыз Республикасында асыл тукум чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 220 токтому тууралуу" токтому
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30 (3102) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |