Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-октябры № 582
Кыргыз Республикасында асыл тукум-чарбаларды колдоо чаралары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 174, 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 220 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосунда 2010-жылдын 25-октябрында кол коюлган, Экономикалык реформаларды колдоо жана экономикалык өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине товардык - материалдык ресурстарды (айыл чарба техникасы, жабдуулар, асыл-тукум мал жана асыл-тукум материалдар) бере турганын эске алып, ошондой эле асыл-тукум малдардын генетикалык ресурстарын сактап калуу жана генетикалык фонд чарбаларын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген, Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик насыяларды товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, тиркелген тизме боюнча асыл-тукум жана фермердик чарбалар арасында грант катары ЮСАИД берген товардык-материалдык ресурстарды бөлүштүрүүнү жүргүзсүн;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго укук белгилөөчү документтердин түп нускаларын (техникалык паспорттор, өндүргүч букалардын паспорттору ж.б.), берилип жаткан товардык ресурстардын насыя-күрөө документтерин тариздөө үчүн өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте кайра кайтарылуучу каражаттарды республиканын асыл-тукум мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүүгө максаттуу пайдалансын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- товардык-материалдык ресурстарды алуучу чарба менен насыя-күрөө документтерин төмөнкү шарттарда тариздесин:
тандалып алынган асыл-тукум жана фермердик чарбаларды колдоо үчүн алынган товардык-материалдык ресурстардын наркын кайра кайтаруу мөөнөтү 15 жыл, кайра кайтарып берүү 11 жылдык жеңилдик мезгили менен кийинки 4 жыл ичинде бирдей үлүштөрдө жүргүзүлөт;
төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айып санкциялары ар бир өткөн күн үчүн 0,02 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
насыя каражаттары, ушул пункттун алтынчы абзацынан тышкары, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом түрүндөгү акча каражаты менен кайтарып берилет;
үрөнчүлүк чарба статусундагы чарбалар - товардык-материалдык ресурстардын алуучулары тарабынан насыя каражаттары, насыялык келишим боюнча болгон карыздын 70 пайызынан ашпаган суммасынын чегинде өздүк өндүрүштөгү артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган сорттук үрөнү түрүндө кайтарып берилиши мүмкүн. Мында насыя каражаттары өздүк өндүрүштөгү артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөнү түрүндө 2023-жылдын 31-декабрына чейин кайтарып берилиши мүмкүн;
- "Элита" айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык асыл-тукум станциясы" мамлекеттик ишканасына товардык-материалдык ресурстар гранттык негизде берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 174, 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 220 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) долбоору боюнча кайра төлөнүүчү каражаттарды республиканын асыл-тукум чарбаларын мындан ары колдоо үчүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын эсеп ачсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында чогулган каражаттар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча гана андан ары пайдаланылууга тийиш.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-октябрындагы № 582 токтомуна карата тиркеме |
Асыл тукум жана фермердик чарбалардын тизмеси
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Чарбалардын аталышы | Дареги |
Чүй облусу | ||
1 | Фермердик асыл тукум заводу "Чабрец" | Сокулук району, Фрунзе айылы, Набережная көчөсү, 34 |
2 | Фермердик асыл тукум заводу "Элдан Аталык" | Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы |
3 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 174 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
Ысык-Көл облусу | ||
4 | Фермердик асыл тукум фермасы "Рейна-Кенч" | Ак-Суу району, Тепке айылы |
Нарын облусу | ||
5 | Фермердик асыл тукум заводу "Сал-Эм" | Кочкор району, Семиз-Бел айылы |
Талас облусу | ||
6 | "Нур" дыйкан чарбасы | Бакай-Ата району, Түйтө айылы |
Жалал-Абад облусу | ||
7 | Фермердик асыл тукум фермасы "Бакыт" | Сузак району, Барпы айылы |
Ош облусу | ||
8 | Фермердик асыл тукум фермасы "Бекбоо" | Кара-Суу району, Мады айылы |
Баткен облусу | ||
9 | Фермердик асыл тукум фермасы "Миң-Чынар" | Кадамжай району, Миң-Чынар айылы |
Кыргыз Республикасы | ||
10 | "Элита" айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык асыл-тукум станциясы | Аламүдүн району, Байтик айылы, Пехотка участогу |