Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктурүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жобо
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо медициналык-социалдык экспертизанын мамлекеттик кызматынын мекемелер системасынын баштапкы деңгээли болуп саналган, аймактык принцип боюнча балдарды жана чоң кишилерди эксперттик жактан тейлеген аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭК) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) аймактык бөлүмдөрү болуп саналат.
3. Аймактык МСЭКтер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Аймактык МСЭК юридикалык жак болуп саналат.
МСЭКтин уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
5. Аймактык МСЭКтин өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилде жазылган штампы жана мөөрү болот.
2. Аймактык МСЭКтердин максаттары жана милдеттери
6. Аймактык МСЭКтердин максаты турмуш-тиричилигинин категорияларынын бузулуу даражасы бар же жоктугу жагынан жарандарды өз убагында жана сапаттуу күбөлөндүрүүнү камсыз кылуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык коргоо жана реабилитациялоо чараларына муктаждыгын аныктоо болуп саналат.
Аймактык МСЭКтердин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- майыптыктын түзүлүшүн өз убагында жана сапаттуу эсепке алууну жана талдоону камсыз кылуу.
3. Аймактык МСЭКтердин функциялары
7. Аймактык МСЭКтердин функциялары:
- жарандардын эмгекке жарамдуулугун убактылуу жана туруктуу жоготушуна медициналык-социалдык экспертиза (мындан ары - экспертиза) жүргүзүү, майыптыгынын бар экендигин белгилөө, майыптыктын тобун, себептерин (келип чыккан кырдаалдарды жана шарттарды), майыптык келип чыгышынын мөөнөттөрүн жана убактысын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүнө муктаждыгын аныктоо;
- мертинген же эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу ден соолугунун башкача бузулганын адамдардын кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготушунун даражасын (пайыз менен) белгилөө;
- эмгектик мертинүүдөн же кесиптик оорудан жабыркаган, майыптыгы бар жарандардын жардамдын кошумча түрлөрүнө, реабилитациялоонун техникалык каражаттарына, медициналык жана кесиптик реабилитациялоого муктаждыгын аныктоо;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын кошумча кыймыл каражаттарына (кресло-коляскаларга, велоколяскаларга) муктаждыгын аныктоо;
- экспертиза маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарына консультациялык жардам көрсөтүү, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана оорулуу адамдарды консультациялык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышын контролдоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды ишке орноштуруунун аймактык МСЭКтердин сунуштарына ылайыктыгын баалоо;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн алардын ден соолугунун абалына ылайыктуу эмгек, иш жана кесип шарттары менен түрлөрүн, ошондой эле эмгекке жарамдуулугунун бузулушун калыбына келтирүүгө же жогорулатууга жардам бере турган шарттар менен ыкмаларды аныктоо;
- тейлөө аймагында майыптыктын абалын жана себептерин иликтөө жана талдоо, майыптыктын абалы жөнүндө ыйгарым укуктуу органга, саламаттык сактоо уюмдарына отчет берүү;
- саламаттык сактоо уюмдары жана иш берүүчүлөр менен бирге майыптыктын алдын алуунун комплекстүү программаларын иштеп чыгууга катышуу;
зарыл медициналык документтер болгон учурда социалдык өнүгүүнүн аймактык бөлүмдөрүнүн жолдомосу боюнча:
а) ырастоону талап кылган майыптуулуктун белгилери бар же жоктугу жагынан көзү өткөндөн кийинки экспертиза жүргүзүү;
б) жөлөкпулдарды төлөө үчүн өткөн мезгилге майыптыкты белгилөө;
в) үй-интернаттын тиби жөнүндө корутунду берүү;
г) жашаган жери аныкталбаган адамдарды күбөлөндүрүү;
медициналык документтер жана эмгектик мертинүүдөн жабыркаган адамдын тиричилигиндеги чектөөлөрдүн же эмгектик милдеттерин аткарууга байланышкан ден соолугунун башкача бузулушунун байланышы бардыгын ырастаган документтер болгон учурда иш берүүчүнүн жолдомосу боюнча өткөн мезгил үчүн маселелерди кароо:
а) көрсөтүлгөн мезгил үчүн майыптыктын белгилеринин болушу, майыптыктын себеби жөнүндө;
б) майыптык келип чыккан мөөнөттөр жана убакыт жөнүндө;
в) кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы, жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык жөнүндө;
г) ден соолугу боюнча жеткиликтүү эмгектин жана кесиптин шарттары жана түрлөрү жөнүндө.
4. Аймактык МСЭКтердин укуктары
8. Аймактык МСЭКтер төмөнкүлөргө укуктуу:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын экспертизасы чөйрөсүндө ишти ишке ашырууга реабилитациялоо чараларын иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын контролдоого;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан, саламаттык сактоо уюмдарынан, иш берүүчүлөрдөн экспертизаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан адамдардын эмгегинин мүнөзү жана шарттары жөнүндө маалыматтарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу жөнүндө сунуштарды аткаруу жана аларды ишке орноштуруу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтарды суратууга жана алууга;
- реабилитациялоонун жекече программаларында каралган иш-чаралардын аткарылышына байкоо жүргүзүү үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды контролдук күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө;
- социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) МСЭКтин ишин жакшыртуу, майыптыктын алдын алуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоо жана ишке орноштуруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- аймактык МСЭКтин жыйналышына саламаттык сактоо уюмдарынын, кесиптик бирликтердин, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн чакырууга;
- майыптыктын алдын алуу жана реабилитациялоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин саламаттык сактоо уюмдары менен бирдикте иликтөөгө, маселелерди облустук саламаттык сактоо уюмдарынын коллегиясынын биргелешкен жыйналыштарынын кароосуна коюуга;
- акы албастан Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн негизинде кызматкерлердин квалификациясын, аларды кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жогорулатууга;
- адистик боюнча квалификациялык категорияны берүү үчүн аттестациялоо документтерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берүүгө.
5. Аймактык МСЭКтердин милдеттери
9. Аймактык МСЭКтерге төмөнкүдөй милдеттер жүктөлгөн:
- күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан адамдардын клиникалык-функциялык диагнозун тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоону жүргүзүү үчүн аларды саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүүгө;
- аймактык МСЭКтерге жөнөтүлүүчү медициналык документтерди талаптагыдай толтурууну саламаттык сактоо уюмдарынан талап кылууга, алардын объективдүүлүгүн контролдоого.
6. Аймактык МСЭКтин ишин уюштуруу
10. Ыйгарым укуктуу орган аймактык МСЭКтин материалдык базасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт, аймактык МСЭКтердин иш пландарын, графиктерин карап чыгат жана бекитет.
11. Аймактык МСЭКти ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу төрага башкарат. Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы болуп жогорку медициналык билими бар жана адистиги боюнча иш стажы 7 жылдан кем эмес адам дайындалат.
Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы үч жылдык мөөнөткө бир гана жолу дайындалат.
12. Аймактык МСЭКтин төрагасы комиссиянын ишин уюштуруу, өз учурунда жана сапаттуу аткаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, медициналык документтердин жана архивдин абалы жана сакталышы үчүн, жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте иретке салуучу, администрациялык, жазык жоопкерчилигин тартат:
- комиссиянын ишин өз убагында жана сапаттуу аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
- аймактык МСЭКтин кызматкерлери ички тартип эрежелерин жана эмгек тартибин сактоосу;
- экспертиза маселелерин ыйгарым укуктуу органдын кароосуна киргизүү.
Төрага бардык уюмдарда, сот жана башка органдарда аймактык МСЭКтин атынан чыгат.
13. Аймактык МСЭКтер ижара акысын төлөбөстөн саламаттык сактоонун дарылоо жана окуу уюмдарынын оорулууларды ар тараптан текшерүү үчүн зарыл шарттары (ар кыл адистиктеги врачтары, диагностикалык кабинеттери, лабораториялары) бар имарат-жайларында жайгашат.
14. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аймактык МСЭКтерге берген жайлар өрткө каршы талаптарга ылайык келүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн эркин киргидей болууга, санитардык-гигиеналык талаптарга жана коопсуздук техникасынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги МСЭКтин кызматтарына берген жайлар: күтүү үчүн бөлмө, эксперт врачтардын кабинети, каттоо бөлүмү, архив болушун карайт.
15. Аймактык МСЭКтерди жайгаштыруу үчүн саламаттык сактоо уюмдары берген жайлардын аянты төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ылайык келүүгө тийиш:
- күтүү үчүн бөлмө - кеминде 24 чарчы метр;
- каттоо бөлүмү - кеминде 24 чарчы метр;
- эксперт врачтар кабинети - кеминде 30 чарчы метр;
- архив үчүн жай - кеминде 24 чарчы метр.
16. Аймактык МСЭКтер катуу оорулууларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды үйүндө күбөлөндүрүү, көчмө жыйналыштарды өткөрүү үчүн атайын транспорт менен камсыз кылынат.
17. Оорунун жана майыптыктын түзүмүнүн (курамдын сапаттык көрсөткүчү) деңгээлине (интенсивдүү көрсөткүч калктын белгиленген санына эсептелет) жараша төмөнкүдөй эксперттик комиссиялар түзүлөт: жалпы профилдеги, кургак учук менен ооруган, психикасы бузулган, көрүү органдары ооруган, кан айлануу органдары ооруган адамдарды күбөлөндүрүү үчүн атайын профилдеги жана аралаш профилдеги. 18 жашка чейинки курактагы адамдардын экспертизасын өткөрүү үчүн педиатриялык МСЭКтер түзүлүшү мүмкүн.
18. Медициналык-социалдык экспертиза кызматтары калктын санын эске алуу менен түзүлөт. Жалпы профилдеги аймактык (район аралык) МСЭКтер 100-120 миң чоң кишиге (18 жаш жана андан улуу курактагы) бир комиссия же жалпы 70-90 миң кишиге бир комиссия түзүлөт.
Эрежеден тышкары тартипте, географиялык, демографиялык жана башка өзгөчөлүктөрдү (калктын жыштыгы, алыстык, оорунун жана майыптыктын деңгээли) эске алуу менен азыраак сандагы калкка (белгиленген ченемдин кеминде 75%ы) комиссия түзүлүшү мүмкүн.
19. Аймактык МСЭКтердин эксперт врачтарына квалификациялык талаптар - жогорку медициналык билим, адистиги боюнча кеминде 3 жыл иш стажы.
Кызматкерлердин ээлеген кызматына кесиптик ылайыктыгы үч жылда бир жолу өткөрүлүүчү аттестациялоо аркылуу аныкталат.
20. Эксперттик чечим кабыл алуучу аймактык МСЭКтер 3-4 жана андан ашык эксперт врачтан турат (терапевт, невропатолог, хирург, реабилитолог). 18 жашка чейинки курактагы адамдарды экспертизалоо үчүн комиссиялардын курамына педиатр врачтар кирет.
21. Адистешкен (медицинанын айрым тармагында атайын билимдерди талап кылган) профилдеги комиссияга адистиги комиссиянын профилине ылайык келген 3-4 врач кирет.
22. Комиссияларда улук медициналык айымдын, медициналык каттоочунун, санитарканын кызмат орду каралат, ал эми адистешкен психиатриялык комиссияларда кошумча түрдө көзөмөл боюнча санитардын кызмат орду каралат. Транспорт болсо айдоочунун кызмат орду каралат.
23. Аймактык МСЭК жайгашкан аймактагы анын бир жыйналышында төмөнкүлөр каралат:
- жалпы профилдеги оорулууларды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды күбөлөндүрүү - аралаш (балдарды жана чоң кишилерди) кабыл алуу учурунда бир жумушчу күндө 12 адам же чоң кишилерди кабыл алуу учурунда бир иш күндө 15 адам;
- адистештирилген аймактык МСЭКтер үчүн аралаш (балдарды жана чоң кишилерди) кабыл алган учурда бир жумушчу күндө 8 адам, чоң кишилер кабыл алынган учурда бир иш күндө 10 адам;
- педиатриялык аймактык МСЭК үчүн бир иш күндө 6-8 адам.
Шаарда үйүндө же стационарда бир оорулууну күбөлөндүрүүгө - 2 саат, айыл жеринде 3 саат бөлүнөт.
24. Жылдык иш - бир комиссиянын бир жылда күбөлөндүрүшүнүн саны төмөнкүлөрдү түзөт:
- чоң кишилердин жалпы профилдеги аймактык МСЭКтери үчүн - 1800-2000 адам;
- адистештирилген аймактык МСЭКтер үчүн - 1200-1400 адам;
- педиатриялык аймактык МСЭКтер үчүн - 1000-1300 бала.
25. Бардык деңгээлдердеги аймактык МСЭКтер ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен пландар жана графиктер боюнча иштейт.
26. Аймактык МСЭК методикалык ишти аткаруу үчүн эксперттик комиссияга жумасына бир иш күндү белгилөөгө укуктуу.
27. Аймактык МСЭКтер өз ишин аймактык социалдык коргоо органдары, саламаттык сактоо уюмдары, ишке орноштуруу кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окуу жайлары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо чөйрөсүндөгү иш жүргүзгөн уюмдар менен өз ара байланышта аткарат.
28. Майыптыкты белгилөө жөнүндө чечим комиссиянын экспертизаны жүргүзгөн мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен коллегиялуу түрдө кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда аймактык МСЭКтин төрагасы берген добуш чечүүчү болуп саналат.
29. Аймактык МСЭКтин төрагасы өзүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берет.
30. МСЭК өзүнүн ишинде белгиленген тартипте бекитилген баштапкы эсептик-отчеттук документтердин жана так отчет бланктары формасын пайдаланат.
31. Аймактык МСЭКтин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо (мындан ары - экспертизалоо) жана реабилитациялоо маселелери боюнча корутундусу МСЭКтин маалымкаты жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө менен таризделет жана аны менчигинин түрүнө карабастан бардык мекемелер, ишканалар, уюмдар аткарууга милдеттүү.
7. Аймактык МСЭКти финансылоо
32. Аймактык МСЭК республикалык бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын (демөөрчүлүк жардамдын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын) эсебинен каржыланат. Аймактык МСЭКтерди каржылоо ыйгарым укуктуу органдын финансылык маселени тейлеген түзүмдүк бөлүмү аркылуу ишке ашырылат.
33. Аймактык МСЭКтердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
34. Аймактык МСЭК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчет берет.
8. Аймактык МСЭКти өзгөртүп түзүү жана жоюу
35. Аймактык МСЭКтин иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
36. Аймактык МСЭКтер жоюлган учурда документтер "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.".