Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу алдындагы "Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө" жобо
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675, 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун (мындан ары - Борбор) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбор практикалык эксперттик жана социалдык-медициналык ишти, ошондой эле медициналык-социалдык экспертиза мекемелерин илимий-методикалык жана окутуу-методологиялык коштоону жүргүзгөн, көп багыттуу эксперттик мекеме болуп эсептелет.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбор өзүнө бекитилип берилген мүлктү түздөн-түз башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
5. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында эсептешүү (анын ичинде валюталык) эсеби болот. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк мекемелеринде жаңы эсептерди ачууга укуктуу.
Борбордун расмий толук аталышы:
мамлекеттик тилде - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору;
расмий тилде – «Учреждение «Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики».
Борбордун кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Республикалык МСЭ Борбору";
расмий тилде: "Республиканский центр МСЭ".
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, 2021-жылдын 17-декабря № 318 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Борбордун юридикалык дареги: Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 144A.
8. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды экспертизалоо жана реабилитациялоо маселелери боюнча Борбордун корутундусун менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар, уюмдар аткарууга милдеттүү.
II. Борбордун максаты жана милдеттери
9. Борбордун максаты медициналык-социалдык экспертизалоону өз убагында жана сапаттуу камсыздоо, ишке жөндөмдүүлүгүн баалоо жана организмдин функцияларынын туруктуу бузулгандыгына байланыштуу жашоо-турмушу чектелгендигин баалоонун негизинде, адамдын социалдык коргоо чараларына муктаждыгын белгиленген тартипте аныктоо болуп эсептелет.
10. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жашоо-турмуштун чектелүү түзүмдөрүн жана даражасын белгилөө жана күбөлөндүрүүдөн өтүп жаткан адамдын социалдык коргоонун ар кандай чараларына, анын ичинде реабилитациялоого муктаждыктарын аныктоо. Жашоо-турмушту чектөөлөр - бул организмдин түзүлүшүнүн жана функцияларынын ишиндеги жекече бузулуулардан арылууда адам кабылган, активдүүлүктү ишке ашыруудагы кыйынчылыктар;
- ден соолугунун абалына ылайыктуу кесипти тандап алуу үчүн күбөлөндүрүлүп жаткан адамдын кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын баалоо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген конкреттүү адам үчүн иш ордун ылайыктоо;
- медициналык-социалдык экспертизалоонун сапатын өркүндөтүү.
III. Борбордун функциялары
11. Борбор төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- республиканын жарандары ден соолугунун абалын гана эмес, адамдын психологиялык жана социалдык бейпилдигин баалап, майыптуулукту белгилөө үчүн республикалык бардык жарандарынын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөгү бирдей мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле социалдык коргоонун ар кандай чараларына муктаждыгын белгиленген тартипте аныктоону камсыздайт;
- күбөлөндүрүүдөн өткөн жана райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын чечимине макул болбогон жарандардын даттанууларын карап чыгат, алар негиздүү деп табылган учурда бул чечимдерди өзгөртөт же жокко чыгарат;
- райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын чечимине даттанган же алардын жолдомосу боюнча жогорку кесипкөй адистердин кеңеш берүүсүн, изилдөөнүн өзгөчө татаал атайын түрлөрүн колдонууну талап кылган учурларда жарандарды күбөлөндүрүүдөн өткөрөт;
- өз демилгеси боюнча райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын эксперттик курамдарында күбөлөндүрүүдөн өткөн жарандарды кайтадан күбөлөндүрүүнү өткөрөт жана жетиштүү негиздер болгондо алардын чечимин өзгөртөт же жокко чыгарат;
- күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда:
а) майыптуулук фактысы бардыгын, майыптуулуктун келип чыккан себептерин, мөөнөтүн жана убактысын белгилейт;
б) кесиптик эмгек жөндөмдүүлүгүн жоготуунун деңгээлин аныктайт (пайыз менен);
в) өндүрүштө бөөдө кырсыктардан жабыркагандардын жана кесиптик ооруулардын медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитациялоого, ошондой эле жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыктарын аныктайт;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө илимий изилдөөнү жүргүзөт;
- медициналык-социалдык экспертиза жаатында адистерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга методологиялык жана уюштуруу-методикалык жардам көрсөтөт, медициналык-социалдык экспертиза жана иштин белгиленген чөйрөсүндө майыптарды социалдык колдоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бирдей колдонууну камсыздайт;
- медициналык-социалдык экспертизадан өткөн жарандар тууралуу электрондук маалыматтар базасын түзөт, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын демографиялык курамына мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзөт;
- майыптуулукка алып келген факторлордун себебин изилдөөгө катышат жана калк арасында майыптуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуш киргизет;
- медициналык-социалдык экспертиза кызматынын практикалык ишине илимий иштеп чыгуулардын, эксперттик-реабилитациялык диагностиканын жаңы технологияларын, ошондой эле Борбордун алдыңкы тажрыйбасын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, соиалдык камсыздоо жана миграция министрлигине сунуш киргизет;
- медициналык-социалдык экспертиза боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өткөрүүгө мамлекеттик тапшырыкты түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине сунуш киргизет;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын комплекстүү реабилитациядан өтүүсүнө көмөк көрсөтүү, анын ичинде медициналык реабилитациялоо жана дарылоо-профилактикалык адистештирилген жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- аймактык социалдык коргоо органдары, саламаттык сактоо уюмдары, жумуштуулук кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, медициналык-социалдык экспертиза жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн окуу жайлары, уюмдар менен өз ара аракеттенип иш жүргүзөт;
- Борбордун иш багыттары боюнча саламаттык сактоонун дарылоо-профилактика уюмдары үчүн конференцияларды, семинарларды, лекцияларды өткөрөт;
- райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишин координациялайт жана контролдойт;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоого тиешелүү маселелерди Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиясынын кароосуна киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372, 17 декабря 2021-жылдын № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Борбордун укуктары
12. Борбор төмөнкү укуктарга ээ:
- саламаттык сактоо органдарынан жана мекемелеринен, ишканалардан, администрациялардан жана башка органдардан комиссиялардын иши жана медициналык-социалдык эксперттик чечимди кабыл алуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга;
- күбөлөндүрүүдөн өтүүчү адамдарды диагнозун тактоо жана калыбына келтирүүчү дарылоо, кошумча медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн дарылоо-профилактикалык мекемелерине, ошондой эле медициналык-социалдык реабилитациялоо борборлоруна жиберүүгө;
- саламаттык сактоо уюмдарынан райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга жиберилген медициналык документтерди талаптагыдай жол-жоболоштурууну жазуу түрүндө талап кылууга, кайра текшерүү жолу менен алардын аныктыгын жана объективдүүлүгүн контролдоого;
- менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга белгиленген тартипте барууга, баа берүү үчүн иштин өндүрүш орундарын, өндүрүштүк жана кызмат жайларын карап чыгууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген конкреттүү адамга иш ордун ылайыктоого;
- медициналык-социалдык комиссиялардын ишине тиешелүү маселелер боюнча отчеттор, статистикалык жана башка материалдар менен таанышууга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык абалынын жакшыруусун жана алардын социалдык жеңилдиктерди алуусун контролдоого активдүү катышууга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын кысымга алган, реабилитациянын жеке программаларын, анын ичинде ишке орноштуруунун сунушталган мүнөзүн аткарбаган ишканалардын, уюмдардын кызмат адамдарына администрациялык жана экономикалык таасир берүү үчүн укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- Борбордун ишинин маселелери боюнча ишканалар, мекемелер, уюмдар жана жарандар менен келишим түзүүгө;
- райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын эксперттик кеңештеринин жыйындарына катышууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Борбордун ишин уюштуруу
13. Борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Борбордун жогору турган органы болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Борборду жогорку медициналык билими, саламаттык сактоо уюмунда иштеген стажы бар, анын ичинде медициналык-социалдык экспертиза уюмдарында иштеген стажы 10 жылдан кем эмес; министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу директор жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Борбордун директору:
- жалпы жетекчиликти ишке ашырат, Борбордун бардык бөлүмдөрүнүн ишин өз учурунда жана сапаттуу аткаруусун уюштурат жана камсыздайт;
- райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын төрагаларын жана кызматкерлерин, ошондой эле Борбордун башкармалыгынын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын төрагаларына жана кызматкерлерине, ошондой эле Борбордун борбордук аппаратынын кызматкерлерине компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жазалоо жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Борбордун ишинин маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
- иштеги жетишкендиктери жана көрсөткөн демилгеси үчүн Борбордун кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Борбордун каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Борбордун кызматкерлеринин ички тартип эрежелерин сакташын камсыз кылат;
- бардык уюмдарда, соттук жана башка инстанцияларда Борбордун өкүлү катары чыгат;
- Борбордун борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жана райондор аралык, шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын кызматтык нускамаларын бекитет;
- тажрыйбалуу дарыгер-эксперттерден турган, күбөлөндүрүүнүн талаш (комиссиянын чечими менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын макул эместиги) жана жогорку кесипкөй адистердин кеңеш берүүсүн жана изилдөөнүн атайын түрлөрүн колдонууну талап кылган учурларды караган, эксперттик комиссияны бекитет;
- Борбордун иш планын жана кызматкерлердин эмгектик өргүү графиктерин бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Борбор саламаттык сактоо уюмдарынын дарылоо-профилактикалык жана окуу мекемелеринин жайларында же ижара акысын төлөөсүз, райондор аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларынын иши үчүн керек болгон шарты бар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген жайларда жайгашат.
18. Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы болуп жогорку медициналык билими бар, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон адам бир үч жылдык мөөнөткө дайындалат.
Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын төрагасы үч жылдык мөөнөткө бир гана жолу дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372, 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Борбор өз ишинде белгиленген тартипте бекитилген баштапкы эсептик-отчеттук документтер формасын жана бланктардын формаларын пайдаланат.
VI. Борборду каржылоо
20. Борборду каржылоо республикалык бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы келип түшүүлөрдүн; демөөрчүлөр жардамынын, гранттардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
21. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
22. Борбордун кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
VII. Борборду өзгөртүп түзүү жана жоюу
23. Борбордун иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
24. Борбор жоюлган учурда документтер "Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланат.