Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 347
"2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашууга (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууга (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
К.А. Боронов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашуу (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашуу (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 347 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашууга (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууга (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредит берүү жөнүндө макулдашуу (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашуу (COVID-19) пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор) (мындан ары - макулдашуулар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жалпысынан шайкеш келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 467-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууларга 2020-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон.
Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын COVID-19 пандемиясына натыйжалуу жана терең таасир этүүгө даярдыкты күчөтүү үчүн каржылоо берет.
Азия өнүктүрүү банкы учурдагы объекттерди COVID-19 пандемиясын дарылоо борборлоруна өзгөртүп түзүүгө, инфекцияларды профилактикалоону өркүндөтүүгө жана каражаттарды операциялык колдоо көрсөтүү максаттарына которуу аркылуу ага каршы күрөшүүгө, анын ичинде медицина кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк төлөөгө, оор шарттарда иштелгендиги үчүн үстөк төлөөгө, ооруканалардагы майда оңдоо иштерине, жеке коргонуу каражаттарын, бейтаптарды дарылоо үчүн медициналык жабдууларды, тез жардам машиналарын жана чыгымдалбоочу материалдарын сатып алууга, долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн улуттук консультанттарды тартууга арналган негизги чыгымдоо беренелерин каржылайт.
Долбоордун төмөнкүдөй натыйжалары каралган:
1-натыйжа. Коронавирустук инфекцияны (COVID-19) диагностикалоо жана дарылоо максатында саламаттык сактоо уюмдарынын ишин жакшыртуу. Бул натыйжа коомдоштуктардын деңгээлинде инфекцияларды туруктуу жуктурууда пандемиянын кесепеттерин клиникалык жардам көрсөтүү, негизги кызматтардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана социалдык соккуларды азайтуу аркылуу жумшартуу боюнча максаттарга шайкеш келет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин планына ылайык стационардагы оорулуулардын саны кескин түрдө көбөйгөндүгүнө байланыштуу, долбоордун алкагында коронавирустук инфекцияга (COVID-19) чалдыккан оорулууларды дарылоо үчүн 8 ооруканага колдоо көрсөтүлөт. Саламаттык сактоо уюмдарында реанимация/интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө орундардын санын көбөйтүү шартталууда.
Бул натыйжанын алкагында саламаттык сактоо уюмдарын кайра жабдуу, анын ичинде инфекцияларды профилактикалоо жана ага каршы күрөшүү боюнча чаралар, ошондой эле оор шарттарда иштөө үчүн үстөк түрүндө кызматкерлерге сый акы төлөө боюнча колдоо көрсөтүлөт. Долбоордун алкагында бет кап жана калканча менен жеке коргонуу каражаттары (ЖКК); негизги жабдуу, анын ичинде өпкөгө жасалма жол менен желдетүү (ӨЖЖ) аппараттары, кычкылтек аппараттары, мониторлор, медициналык буюмдар, ошондой эле тез жардам автомобилдери сатып алынат.
2-натыйжа. Коронавирустук инфекцияны (COVID-19) байкоо жана ага чара көрүү жаатында потенциалды күчөтүү. Долбоор коронавирустук инфекцияга (COVID-19) шектелген учурлар, контактка кирген адамдар, ошондой эле коронавирустук инфекциянын (COVID-19) таасирине дуушар болгон медициналык кызматкерлер боюнча скрининг жана тестирлөө масштабдарын кеңейтүүнү колдойт. Бул иш-чара лабораториялык жабдууларды, тесттерди жана башка зарыл болгон товарларды сатып алууну каржылоого мүмкүндүк берет.
Долбоор коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча программанын алкагында каржылоо үчүн тандап алынгандыгына карабастан, ал өзү менен саламаттык сактоо секторун өнүктүрүү иштерин толуктайт, анткени өзгөчө кырдаалдын (пандемия) шарттарында калк үчүн маалыматтын ачыктыгы, кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү принциби менен саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүн кеңири жайылтууга жетишүү үчүн жогорку деңгээлдеги максаттары бар.
Жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашыруу коронавирустук инфекциянын (COVID-19) шарттарында медициналык жардам көрсөтүү системасынын потенциалын күчөтүүгө жардам берет, мында медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоого жана аларга кошумча финансылык дем берүүгө, ошондой эле коронавирустук инфекцияга (COVID-19) чалдыккан бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. Жогоруда аталган долбоор эпидемиологиялык көзөмөлдү жакшыртууга багытталган, анын натыйжасында өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга жөндөм түзөт.
Долбоорду аткаруучу агенттиктер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду болуп саналат, алар макулдашылган координациялык механизмдердин негизинде иштешет.
Жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттарды бөлүп берет, алардын ичинен 10 млн. АКШ доллары - кредит түрүндө, 10 млн. АКШ доллары - грант түрүндө берилет.
10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредит 40 жылдык жоюу мөөнөтү менен берилет, пайыздык ставкасы - 1 пайыз, мында 10 жыл жеңилдетилген мезгил.
10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү грант - кайтарымсыз жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.
Макулдашууларды ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен чыгымдарды талап кылбайт.