Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну № 346
"Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр |
К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 346 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Бишкек шаарында 2020-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык ратификацияланууга тийиш.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы "2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгында көрсөтүлгөн мамлекеттик саясатты, атап айтканда "таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну тездетүү жана бул тармактарга тартылуучу ресурстарды көбөйтүү чараларын күчөтүү" зарылдыгы жөнүндө айтылган Жарлыктын 3-пунктун ишке ашырууга багытталган.
Ошондой эле аталган долбоордун алкагында жеңилдетилген кредиттерди берүү аркылуу айыл инфраструктурасын өнүктүрүүгө экономикалык колдоо көрсөтүү маселелери каралып жатканын белгилей кетүү керек. Мындай колдоо COVID-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу экономиканын төмөндөө мезгилинде дыйкандар жана фермерлер үчүн маанилүү жана зарыл болуп саналат.
Макулдашуунун максаты айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону эске алуу менен суу ресурстарын башкаруу аркылуу айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Долбоор ошондой эле кубаттуулуктарды көбөйтүүнүн (түшүм жыйноодон кийин), интеграцияны жана рыноктук байланыштарды күчөтүүнүн эсебинен айыл тургундары үчүн наркты түзүү чынжырчасында экономикалык кайтарымды жогорулатууга багытталган. Суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жакшыртуу, мелиорацияны жана айдоо алдындагы иштетүүнү өнүктүрүү боюнча иштер негизинен 4 райондо жүргүзүлөт: Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда; Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунда.
Долбоордун жалпы суммасы 59,5 млн. АКШ долларын түзөт.
Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорду каржылоосу 20,0 млн. АКШ доллары суммасында каралган. Кредит берүүнүн финансылык шарттары: кредит 7 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 25 жылдык мөөнөткө, жылдык 1,5% пайыздан ашпаган пайыздык ставка менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 5 жыл.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8,9 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кошумча каржылоосу каралган.
Бул долбоор 2017-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб Координациялык тобунун катышуусу менен өткөн тегерек столдун үчүнчү жыйынынын жүрүшүнө сунушталганын жана Координациялык топ тарабынан жактырылганын белгилей кетүү керек.
"Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан 2019-жылдын 6-августунда жактырылган.
Макулдашуу мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2020-жылдын 30-мартындагы № 6-1746и/20; Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2019-жылдын 18-декабрындагы № 6-7936и/19; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2019-жылдын 11-февралындагы № 6-737и/20) менен макулдашылган.
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 181-б буйругу менен жактырылган, 2020-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон.