Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-июну № 352
"2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 (1441H-2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 (1441H-2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 (1441H-2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 (1441H-2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 (1441Н-2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 352 токтому менен жактырылган |
2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 (1441Н-2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
2020-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы COVID-19 (1441H-2020G) байланыштуу каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ратификацияланууга тийиш.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 7-беренесине ылайык Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-июнундагы № 221-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык Макулдашуу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын COVID-19 пандемиясына натыйжалуу жана ийкемдүү аракеттенүү боюнча даярдыгын күчтөндүрүү үчүн кредиттик каржылоо берет.
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда түзүлгөн Каржылоо жөнүндө айрым макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү шарттарында, COVID-19 пандемиясына карата Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун (ИӨБТ) Стратегиялык даярдык жана аракеттенүү программасынын активдерин каржылоо үчүн үнөмдөлгөн каражаттарды колдонуунун эсебинен 15,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кредиттик каржылоо берет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги долбоордун аткаруучу агенттиги болуп саналат.
Ислам өнүктүрүү банкынын кредиттик каражаттары төмөнкүдөй шарттарда берилүүдө: кредитти төлөө мөөнөтү - 25 жылга чейин, пайыздык ставкасы - жылдык 1,5%га чейин, жеңилдетилген мезгил - 7 жылга чейин. Төлөө Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы негизги кредиттик макулдашууларды тейлөө шарттарына ылайык жүргүзүлөт.