Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы № 421 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында тармактар аралык биригүүнү берген жана суранган Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
тармактар аралык биригүү жөнүндө келишим - электр байланыш операторлорунун ортосунда түзүлгөн, тармактар аралык биригүүнү уюштуруу жана трафикти өткөрүп берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим;
массалык чакырыктар/билдирүүлөрдү таратуу - бул бир электр байланыш операторунун тармагынан башка электр байланыш операторунун тармагына белгилүү бир убакыт аралыгында орто эсептен ашкан статистикалык чакырыктарды жиберүү же билдирүүлөрдү таратуу;
тармактар аралык канал - тармактар аралык биригүүнү берген оператордун түйүнү менен тармактар аралык биригүүнү суранган оператордун тармагын бириктирген байланыш линиясы;
тармактар аралык биригүү - бир электр байланыш операторунун абоненттерин/колдонуучуларын башка электр байланыш операторунун абоненттери/колдонуучулары менен байланыштырууга мүмкүндүк берген, электр байланыш тармактарынын ортосундагы биригүү;
тармактар аралык биригүүнү суранган оператор - байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар болгон, башка электр байланыш операторуна тармактар аралык биригүү берүүсүн суранган өтүнүч менен кайрылган электр байланыш оператору;
тармактар аралык биригүүнү берген оператор - электр байланыш жаатындагы ишке байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиясы бар, башка электр байланыш операторунун суранычы боюнча тармактар аралык биригүүнү берүү мүмкүнчүлүгүн караган, же башка электр байланыш операторуна тармактар аралык биригүүнү берген электр байланыш оператору;
роуминг абонент - чет өлкөлүк электр байланыш операторунун байланыш тармагынын номерине (номерлерине) ээ болгон, анын иш жүргүзгөн аймагынан Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторунун иш жүргүзүү аймагына орун которгон жана Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган роуминг байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуучу;
биргелешип жайгаштыруу - тармактар аралык биригүүнү берген электр байланыш операторлорунун, тармактар аралык биригүүнү суранган операторго тармактар аралык биригүү үчүн жабдуу же башка түзүлүштөрдү орнотууга мүмкүн болгон орун жана/же тиешелүү электр байланыш каражаттарын берүүсү;
электр байланыш каражаттары - стационардык, коммутациялык, линиялык-кабелдик жабдуу жана курулмалар, ошондой эле электр байланыш кызматтарын көрсөтүү үчүн колдонулган же колдонууга мүмкүн болгон башка байланыш линиялары;
чакыруунун терминделиши - бир электр байланыш операторунун тармагынан башка электр байланыш операторунун абоненттерине/колдонуучуларына жиберилген чакырыкты аяктоону камсыз кылуу;
тармактар аралык биригүү түйүнү - тармактар аралык биригүүнү суранган оператордун тармагы менен физикалык жана/же логикалык биригүү ишке ашырылган, тармактардын өз ара аркеттенүүсүн уюштурууга мүмкүнчүлүк түзгөн тармактар аралык биригүүнү берген электр байланыш операторунун тармагындагы биригүү орду;
транзиттик трафик - бир электр байланыш операторунун тармагынан чыккан, башка электр байланыш операторунун тармагынан транзит аркылуу өткөн жана үчүнчү электр байланыш операторунун тармагынан аяктаган трафик;
трафик - белгилүү бир убакыттын аралыгында тармак аркылуу өткөрүлгөн маалыматтардын көлөмү.
2-глава. Электр байланыш операторлорунун укуктары жана милдеттери
3. Электр байланыш операторлору ушул Эрежелерге ылайык тармактар аралык биригүү жөнүндө келишим милдеттүү түрдө түзүлгөн шартта трафикти өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Электр байланыш операторлорунун ортосундагы тармактар аралык биригүү жөнүндө келишим мөөнөтү чектелбестен түзүлөт.
4. Электр байланыш оператору трафикти өткөрүп берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү деңгээли жөнүндө милдеттенмелерге же тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимге киргизилген, бирок Кыргыз Республикасынын колдонуудагы электр байланышы жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарына каршы келбеген, айрым ченемдерге жана стандарттарга ылайык берүүгө милдеттүү.
5. Электр байланыш операторлору электр байланыш тармактары аркылуу жөнөтүлгөн маалыматтарды, ошону менен бирге чакырык жиберген абоненттин номери жөнүндө маалыматты (маалымат жоктугу, толук эмес маалымат же жок коддорду) басууга, модификациялоого жана башка ыкма менен өзгөртүүгө укугу жок, эгер мындай өзгөртүүлөр чакырык жиберген булактарды, багыттарды, анын баасын же тиешелүү чакырыктын башка мүнөздөмөлөрүн бурмалоого алып келе турган болсо.
6. Чакырык жиберген абоненттин номери модификацияланган же жок болгон учурда электр байланыш операторлору тармактар аралык трафикти кабыл албай коюуга же ага карата тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимде каралган атайын тарифти колдонууга укуктуу.
7. Байланыш операторлору чакырык жиберген абоненттин номерин жөнөтүүнүн төмөнкүдөй тартибин сактоого милдеттүү:
- чакырык жиберген абоненттин номери, шаар аралык же тармактар аралык телефон байланыштыруу жүргүзүлгөн учурда, тармактын коду жана чакырык жиберген абоненттин номери же географиялык номерлештирүү аймагынын коду жана чакырык жиберген абоненттин ички аймактык номери менен кошуп алганда он цифрадан туруусу керек. Ушул абзац роуминг-абоненттерге жайылтылбайт;
- Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторунун тармагында катталган роуминг-абоненттердин Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактарына жиберилген чакырыгына, Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тармактарынын ортосундагы локалдык чакырыктар үчүн колдонулган тарифтер колдонулат. Мында, телефондук байланыштыруу жүргүзүлгөндө чакырык жиберген роуминг-абоненттин номериндеги цифралардын саны, өлкөнүн коду жана чакырык жиберген роуминг-абоненттин улуттук номери менен бирге, он бирден он сегизге чейин белгиден турууга тийиш;
- Кыргыз Республикасынын аймагында же чек арадан сырткары турган электр байланыш операторлорунун абоненттери, роуминг-абоненттери электр байланыш операторлорунун тармагында чакырык жиберүүдө жана терминдөөдө, операторлор, өз кезегинде абоненттердин соңку каражаттарында номерди бөгөт коюу/аныктоого каршы кызмат көрсөтүүнүн жана/же мындай белгилерге ээ болгон абоненттердин маалыматтарынын купуялуулугун сактоо керектиги тууралуу бүтүм чыгарууга мүмкүндүк берген белгилерди камтыган номерлердин көрүнбөшүн камсыз кылууга тийиш.
8. Жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагына кошулган ар бир электр байланыш оператору, тармактар аралык трафиктин бардык түрлөрү боюнча өзүнчө отчет жана локалдык трафиктин ар бир түрү боюнча өздүк баага кошулган чыгымдардын бардык түрүнүн эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
9. Электр байланыш оператору байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кат жүзүндөгү суроо-талап алынган күндөн тартып 30 (отуз) календарлык күндөн кечиктирбестен тармактар аралык биригүүнү уюштурууга жана тармактар аралык трафиктин каалагандай түрүн өткөрүп берүүгө тиешеси бар кайсы болбосун маалыматты, анын ичинде анын өздүк баасы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамында каралган учурлардан сырткары, электр байланыш оператору байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген "коммерциялык сыр", "купуялуу", "өзгөчө купуялуу" деген белги коюлган бардык маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыктаганга болбойт.
3-глава. Тармактар аралык биригүүнү уюштуруу тартиби
10. Тармактардын өз ара байланыштуулугун уюштуруу максатында электр байланыш операторлору ушул Эрежелердин талаптарына ылайык тармактар аралык биригүүнүн, анын ичинде тиешелүү электр байланыш каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн шарттарын талкуулоого милдеттүү.
Электр байланыш операторлору, тармактар аралык биригүүнү камсыз кылууга зарыл болгон маалыматты тармактар аралык биригүүнү суранган/берген оператордон сурап алууга жана алынган маалыматты тармактар аралык биригүү берүү максатында гана колдонууга укуктуу.
Үстөмдүк абалга ээ болгон операторлор тармактар аралык биригүүнү суранган электр байланыш операторлорунун тармактары менен тармактар аралык биригүүгө берилген табыштамаларды, мындай шарттардын жана тартиптин негизинде, анын ичинде жөндүү жана тең укуктуу баага тийиштүү шарттар менен канааттандырууга милдеттүү. Тармактар аралык биригүүнү ишке ашырган электр байланыш оператору расмий сайтка жайгаштыруу жолу менен мындай шарттардын жана тартиптердин жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
11. Электр байланыш операторлору үчүн тармактар аралык биригүүнү уюштурууга техникалык мүмкүнчүлүк болгон учурда тармактар аралык биригүү жөнүндө келишим түзүүдөн баш тартууга жол берилбейт.
12. Тармактар аралык биригүүнү суранган оператор, тармактар аралык биригүүнү берген операторго, кызматташуунун коммерциялык шарттарын, колдонулган протоколдорго тиешелүү маалыматты, тармактар аралык биригүү түйүндөрүн, стандарттарды жана технологияларды жана тармактар аралык биригүүнү түз уюштурууга зарыл болгон техникалык интерфейстерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн камтыган кат жүзүндөгү суроо талап жиберет.
13. Тармактар аралык биригүүнү суранган оператордон кат жүзүндөгү суроо талап алгандан кийин тармактар аралык биригүүнү берген электр байланыш оператору 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде тармактар аралык биригүүнү суранган операторго, төмөнкүлөр тууралуу кат жүзүндөгү жооп жиберүүгө тийиш:
- тармактар аралык биригүүгө техникалык мүмкүнчүлүк бар же жок экендиги тууралуу (колдонулган протоколдорго тиешелүү маалыматты, тармактар аралык биригүү түйүндөрүн, стандарттарды жана технологияларды жана тармактар аралык биригүүнү түз уюштурууга зарыл болгон техникалык интерфейстерди колдонуу мүмкүнчүлүгү);
- сунушталган финансылык шарттарга макулдугу же макул эместиги жөнүндө жана макул болбогон учурда милдеттүү түрдө альтернативдүү шарттарды сунуштоо менен.
Тармактар аралык биригүү же тиешелүү каражаттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө суранычты канааттандыруу мүмкүндүгүн баалоо үчүн зарыл болгон кошумча маалымат алуу керек болгон учурда, тармактар аралык биригүүнү берген оператор тармактар аралык биригүүгө суроо-талап алган күндөн тартып 15 (он беш) иш күндөн кечиктирбестен тармактар аралык биригүүнү суранган операторго суроо-талап жиберет.
14. Тараптар тармактар аралык биригүү жөнүндө келишим түзүүнүн шарттарына макул болбогон учурда тармактар аралык биригүүнү берген оператор тармактар аралык биригүүнү суранган оператор менен талкуу жүргүзүүгө милдеттүү.
15. Тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимдин шарттарын талкуулоодо электр байланыш операторлору төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
- шарттарды талкуулоого тоскоол болууга же негизсиз себептер менен аны кийинкиге калтырууга;
- электр байланыш операторунун тармактар аралык биригүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдукка келишүү үчүн керектүү маалымат берүүдөн баш тартуусу, же суралып жаткан маалымат электр байланыш оператору менен үчүнчү электр байланыш операторунун келишимдик карым-катышын козгогон жана алардын ортосундагы түзүлгөн тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык, купуялуулук статусуна ээ болгон учурдан сырткары. Мындай учурда маалымат, электр байланыш оператору менен үчүнчү электр байланыш операторунун ортосундагы түзүлгөн тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимде каралган чектөөлөр менен берилет;
- тармактар аралык биригүүнү сураган операторду адаштырууга же көз көрүнөө пайдасыз шартта тармактар аралык биригүү жөнүндө келишим түзүүгө мажбурлоого.
16. Эгер электр байланыш оператору тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимде аныкталгандан башка түйүндөрдө тармактар аралык биригүүнү уюштурууну суранса же тармактар аралык биригүүнүн кайсы болбосун түйүнүндө тармактар аралык биригүү аркылуу кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү суранса, анда мындай тармактар аралык биригүү уюштурулушу керек.
Тармактар аралык биригүүнүн жаңы же кошумча түйүндөрүн уюштуруу ушул Эрежелердин 13-пунктунда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
17. Тармактар аралык биригүү тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимде аныкталган мөөнөттө, бирок тармактар аралык биригүү максатында ушул Эрежелердин 12-пунктуна ылайык жиберилген сураныч алынган күндөн тартып 90 (токсон) календарлык күндөн кеч эмес уюштурулушу керек.
18. Тармактар аралык биригүү уюшулгандан кийин, электр байланыш операторлору бир тараптан бардык байланыштырууларды толук бойдон же жарым-жартылай токтото албайт, ошондой эле төмөнкүдөй учурлардан сырткары, тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимди буза албайт:
1) тармактар аралык биригүү тармактар аралык каналды(-дарды) же абоненттик номерди(-лерди) бөгөт коюу жолу менен жарым-жартылай үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн:
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты болгон учурда;
- электр байланыш тармактары аркылуу жөнөтүлгөн абоненттин номери жөнүндө маалыматты басууга, модификациялоого жана/же башка ыкма менен өзгөртүү фактысы табылган учурда;
- электр байланыш операторлорунун ортосунда макулдашылбаган лотерея ойнотуу, добуш берүү, конкурстарды, викториналарды, сурамжылоолорду өткөрүү, массалык чакырыктарды же билдирүүлөрдү жиберүү, жарнамалык маалыматтарды жайылтуу фактылары табылган учурда;
2) тармактар аралык биригүү төмөнкүдөй учурларда толук токтотулат:
- тармактар аралык трафикти өткөрүп берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн үч айдын аралыгында карыздары болгон учурда;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты бар болгон учурда;
3) тармактар аралык биригүү жөнүндө келишим төмөнкү учурларда бузулат:
- электр байланыш жаатындагы лицензия токтотулган же жокко чыгарылган учурда;
- электр байланыш оператору ишин токтоткон учурда;
- тармактар аралык биригүүдө пайдаланылган номерлештирүү ресурсун толук бойдон алып койгон учурда;
-60 (алтымыш) календарлык күндүн ичинде колдонуучу трафик пайдаланылбаган учурда. Мында тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимди бузууну демилгелеп жаткан электр байланыш операторунда, 60 (алтымыш) календарлык күндүн ичинде колдонуучу трафик пайдаланылбагандыгын тастыктаган тармактар аралык каналды жүктөө боюнча маалыматтар, биллинг системасынын маалыматтары болууга тийиш.
19.Электр байланыш оператору ушул Эрежелердин 18-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди аткарууда байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алар аткарылган учурдан тартып кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.
20. Тармактар аралык трафикти өткөрүп берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө боюнча карыз болгон оператор карыздары топтолгон күндөн эки ай өткөндөн кийин байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
21.Тармактар аралык биригүүнү уюштуруу максатында тармактар аралык биригүүнү берген оператор тармактар аралык биригүүнү сураган операторго өзүнүн электр байланыш техникалык каражаттарын анын каражаттары менен бирге жайгаштыруу үчүн, анын ичинде биргелешип жайгаштыруу негиздүү жана техникалык мүмкүн болгон, имараттарды жана/же жабдууларды орнотууга башка жерлерди (жер тилкелерин жана чатырларды, кабелдик канализацияларды, таянычтарды жана жер алдындагы орнотмолорду) жайгаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Тармактар аралык биригүүнү берген оператор биргелешип жайгаштыруу үчүн төлөм алууга укуктуу.
22. Тармактар аралык биригүүнү суранган электр байланыш оператору тармактар аралык биригүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон электр байланыш каражаттарын мурда орнотулган электр байланыш каражаттарына же башка орнотмолорго (ошону менен бирге, бирок суу жана газ өткөргүчтөрү, нефть өткөргүчтөрү жана электр орнотмолору сыяктуу калкка коммуналдык кызматтарды берүүчү орнотмолор менен чектелбестен) ыңгайсыз жана жагымсыз таасир этпегидей орнотуусу керек.
23. Тармактар аралык биригүүнү суранган оператор тармактар аралык биригүү түйүндөрүн түзүүгө чыгымдарды, тармактар аралык биригүүгө кошумча линияларга чыгымдарды жана суралып жаткан тармактар аралык биригүүнү уюштурууга байланышкан башка чыгымдарды өзү төлөйт, эгер электр байланыш операторлорунун макулдашуусунда башка шарт каралбаса.
24. Тармактар аралык биригүүнү суранган оператор, тармактар аралык биригүү жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн тартып 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тармактар аралык биригүү жөнүндө түзүлгөн келишимдин бир нускасын берет.
Тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимдин шарттары өзгөргөндө өзгөртүүнү демилгелеген тарап байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тараптар кол койгон күндөн тартып 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимдин шарттарына өзгөртүү киргизүү тууралуу тиешелүү документтин бир нускасын берет.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган электр байланыш операторлорунан Тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнү же Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, ушул Эрежелерге жана лицензиялык талаптарга каршы келген Тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимдин кайсы болбосун шарттарын токтотууну талап кылууга укуктуу.
4-глава. Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун ортосундагы тармактар аралык биригүү жөнүндө талаш-тартыштарды чечүү
25. Электр байланыш операторлорунун ортосунда тармактар аралык биригүү, тиешелүү электр байланыш каражаттарына жетүү жөнүндө келип чыккан кандай болбосун талаш-тартыштар, электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана ушул Эрежелердин жоболоруна ылайык жөнгө салынууга тийиш.
26. Тармактар аралык биригүү жөнүндө талаш-тартыштар келип чыккан учурда байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганга чейин электр байланыш операторлору тармактар аралык биригүү жөнүндө келип чыккан талаш-тартышты жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде электр байланыш операторлорунун ыйгарым укуктуу органдарынын колу коюлган расмий каттарды жөнөтүүгө милдеттүү, бирок муну менен чектелбеши керек.
27. Электр байланыш операторлору келип чыккан талаш-тартыштарды жөнгө салуу же бейтарап кароо үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сотко чейинки тартипте кайрылууга укуктуу.
28. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талаш-тартыштарды чечүүдө тармактар аралык биригүүдө келип чыккан талаш-тартыш жөнүндө электр байланыш операторунан кайрылуу алган учурдан тартып алты айдын аралыгында чечим чыгарат.
29. Тармактар аралык биригүү шарттары боюнча талаш-тартыштарды чечүү үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) эгер тармактар аралык биригүүнү суранган оператор жана тармактар аралык биригүүнү берген оператор тармактар аралык биригүү жөнүндө алгачкы суроо-талап бергенден тартып 90 (токсон) календарлык күндүн ичинде макулдукка келбесе;
2) эгер тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимдин тараптары колдонуудагы тармактар аралык биригүү жөнүндө келишимдин алкагында макулдукка келе албаса, финансылык шарттарды кайра кароо жөнүндө суроо-талап алынган күндөн тартып 30 (отуз) календарлык күн өткөндөн кийин, ал убакыттын ичинде келишимдин тараптары трафикти өткөрүп берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин аныктоо боюнча макулдукка келбесе;
3) эгер тармактар аралык биригүүдөн баш тартылса.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талаш-тартыштарды карап жаткан учурда тармактар аралык биригүүнү толук бойдон токтотууга болбойт.
30. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кандай болбосун чечимине Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанууга болот.