Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-августу № 421
Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында электр байланыш кызмат көрсөтүүлөр рыногун натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана электр байланыш кызмат көрсөтүүлөр рыногунда адилет атаандаштыктын негизинде инфраструктураны өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында тармактар аралык биригүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-августундагы № 66(3138) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |