Загрузка документа…
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 токтомуна) |
|
Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды даярдоо тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип менен Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) органдарынын жыйындарында кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын сунуштарын даярдоо эрежеси белгиленет.
2. ЕАЭБ органдарынын жыйындарында кароо үчүн демилгелүү сунуштар (мындан ары - демилгелүү сунуштар) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өз алдынча же башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана ишкердик субъекттердин өкүлдөрүнүн сунушу боюнча түзүлөт.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар демилгелүү сунуштарды даярдоодо Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентинин ченемдерин, ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 45 чечими менен бекитилген, Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташып киргизүү бажы алымдарынын (анын ичинде сезондук) ставкасын, тарифтик квоталарды, тарифтик жеңилдиктерди берүү шарттарын жана учурларды белгилөө жөнүндө сунуштарын киргизүү тартибин, ЕЭК Коллегиясынын 2013-жылдын 2-декабрындагы № 284 чечими менен бекитилген, Евразия экономикалык комиссиясынын товарлардын айрым түрлөрүнүн квалификациясы жөнүндө чечим кабыл алуу тартибин, ЕЭК Кеңешинин 2012-жылдын 20-июнундагы № 48 чечими менен бекитилген, Бажы бирлигинин техникалык регламентин иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүү киргизүү жана жокко чыгаруу жөнүндө жобону, Евразия экономикалык бирлигинин башка актыларын эске алышы керек.
4. Демилгелүү сунуштарда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- кароого сунушталган маселелердин маңызын баяндоо менен берилген маалым кат жана ЕАЭБ органдары сунушталган чечимди кабыл алуу зарылдыгына негиздеме;
- демилгелүү сунуштарды ишке ашыруудан экономикалык натыйжаны жана анын Кыргыз Республикасынын бюджетине тийгизген таасирин баалоону камтыган эсептөөлөр жана финансылык-экономикалык негиздеме;
- ушул маселе боюнча 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде, Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык келишимдерде жана ЕАЭБ органдарынын чечимдеринде каралган документтер;
- ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштамаларынын) долбоорлору;
- башка кошумча материалдар.
5. Демилгелүү сунуш ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга макулдашууга жөнөтүлөт.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка уюмдар демилгелүү сунуштарды алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде тиешелүү сунушту демилгелеген органга демилгелүү сунуштарды өзүнүн компетенциясында макулдашуу жөнүндө маалыматын жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Макулдашылган демилгелүү сунуш, сунушту демилгелеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине даярдалган тиешелүү документтер (материалдар), Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын (Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсүнүн) атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасына, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсүнүн атына каттардын долбоорлору, ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 4-пунктунда камтылган шарттарды бузуу менен даярдаган демилгелүү сунуштарын кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарып берүү;
- зарылдыгына жараша ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан кошумча материалдарды (документтерди) же берилген демилгелүү сунушка карата түшүндүрүүлөрдү суратуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги беш жумуш күндүн ичинде демилгелүү сунуштун Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу бөлүгүн карап чыгат жана макул болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар сунуштаган демилгелүү сунушту ЕЭК Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын мүчөсүнө жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
10. ЕЭК Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын мүчөсү демилгелүү сунуштарды алгандан кийин:
- демилгелүү сунушту жактырат;
- демилгелүү сунушту жокко чыгарат;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пайда болгон талаш-тартыш маселелер боюнча акыркы чечим кабыл алат;
- ЕЭК Коллегиясынын төрагасына жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрүнүн даректерине демилгелүү сунушун жөнөтөт.
11. Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү ЕЭК Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын мүчөсү тиешелүү чечимди кабыл алгандан кийин, кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалымат берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Сунуштарды демилгелеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар демилгелүү сунуштардын илгерилөөсү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан каралуусу боюнча чараларды көрөт.
13. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги демилгелүү сунуштарды эсепке алууну жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)