Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 30
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктунда:
- 1-пунктчасы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- алардын компетенциясына кирген маселелерди кароодо видеоконференция режиминде ЕЭКтин Коллегиясынын жыйындарына ар жума сайын катыша тургандыгы.";
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибинде:
- 2-7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы (мындан ары - Президенттин Администрациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын (мындан ары - ЕАЭБ органдары) жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча документтерди (материалдарды) алгандан кийин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын иш регламентинин 21 жана 68-пункттарына ылайык эки жумуш күндүн ичинде (кошумча маселелер боюнча келип түшкөн күндөн кечиктирбестен) жооптуу мамлекеттик органдардын матрицасын түзөт жана материалдарды төмөнкүлөргө жөнөтөт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине - ЕАЭБ органдарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позицияларынын долбоорун, ошондой эле Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына сүйлөөчү сөздөрдүн тезистерин түзүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине - өз компетенциясынын чегинде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган башка эл аралык-укуктук актыларга шайкеш келүүсүн кароо, андан ары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине позициясын берүү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине - өз компетенциясынын чегинде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкеш келүүсүн кароо, андан ары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине позициясын берүү үчүн;
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибинин 1-тиркемесине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бекитип берилген иш чөйрөлөр боюнча ыйгарым укуктуу органдарга - ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштамаларынын) долбоорлору, анын ичинде алардын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган эл аралык-укуктук актыларга шайкеш келүүсү боюнча позицияларды, ошондой эле ЕАЭБ органдарынын чечиминин долбоорунда белгилөөгө сунушталгандан башка эрежелерди камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын тизмесин даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине киргизүү үчүн;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга - ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун, андан ары кароонун жыйынтыгын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берүү менен, анын ичинде алардын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камтыган эл аралык - укуктук актыларга шайкеш келүүсүн, ошондой эле ЕАЭБ органдарынын чечиминин долбоорунда белгилөөгө сунушталгандан башка эрежелерди камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын тизмесин кароо үчүн.
3. Эгерде ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоору ишкердик субъекттеринин ишине таасир көрсөтсө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чечимдин мындай долбоорун тиешелүү чөйрөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулашат.
Бизнес-коомчулук менен талкуулоо жана коомдук талкуулоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен чечимдин долбоорун жеткире иштеп чыгуу стадиясында жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жиберилет жана ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формадагы позицияда көрсөтүлөт.
Жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулабаганы үчүн жоопкерчилик тартышат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар зарыл болгон учурда ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлорун башка кызыкдар болгон мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашат.
5. ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча позицияларды түзүүгө жооптуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын пикирлерин эске алуу менен позициясын даярдайт жана аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөндө белгиленген мөөнөттө киргизет:
- Жогорку Евразия экономикалык кеңештин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча - 3 (үч) жумуш күндүн ичинде;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча - 10 (он) жумуш күндүн ичинде.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоору боюнча позицияларды жалпылайт жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Кеңештин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындары болор күнгө чейин 5 (беш) жумуш күн мурда күн тартиби боюнча Президенттин Администрациясына макулдашууга жиберет;
2) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик органдар менен макулдашуу кеңешмелерин өткөрөт;
3) ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Президенттин Администрациясына мамлекеттик органдар менен макулдашуу кеңешмелерин өткөрүү жөнүндө сунуш киргизет;
4) зарыл болгон учурда айрым маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кароо үчүн Президенттин Администрациясына сунуш киргизет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлеген орун басарынын (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү) деңгээлиндеги макулдашуучу ведомстволор аралык жыйындардын жыйынтыгы боюнча, Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү 2 (эки) жумуш күндүн ичинде тиешелүү протоколду түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Президенттин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашылган ЕАЭБ органдарынын жыйындары боло турган күнгө чейин үч жумуш күн мурда позициясын Евразия экономикалык комиссиясына жиберет.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча позиция берилбесе, ошондой эле маселени бизнес-коомчулукта талкуулоо жөнүндө маалымат жок болсо, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул тууралуу Президенттин Администрациясына кабарлайт. ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) аткарылышы үчүн жоопкерчилик жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
7. ЕАЭБ маселелерин координациялоочу Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлеген орун басары (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү) менен макулдашуу боюнча:
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарына документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 2-тиркемеге ылайык ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелерди Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кароого жиберет;
- даярдалган документтерге (материалдарга) оңдоолорду киргизет жана киргизилген өзгөртүүлөрдү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашат;
- ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын акыркы позициясын түзүү үчүн макулдашылган материалдарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарына Жогорку Евразия экономикалык кеңештин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын боло турган жыйындарына 3 (үч) жумуш күн калганда берет;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда пикир келишпестиктер болсо, ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартиби маселеси боюнча ушул мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу кеңешмесин өткөрөт.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 2-тиркемеде көрсөтүлгөн Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ЕАЭБ органдарынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча жүйөлүү позициясын Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнө төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жиберүүгө тийиш:
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча - 5 (беш) жумуш күндүн ичинде;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча - 10 (он) жумуш күндүн ичинде.";
- 8-пунктунда:
биринчи абзацындагы "вице-премьер-министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацындагы "жактырат" деген сөз "макулдашат" деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"зарылдыгына жараша ЕАЭБ органдарынын чечимдеринин (буйруктарынын, сунуштарынын) долбоорлору боюнча позицияларды Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашат же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынынын кароосуна киргизет.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Президенттин Администрациясынын ЕАЭБ маселелерин координациялоочу түзүмдүк бөлүмү:
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Президенттин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет;
- Евразия өкмөттөр аралык экономикалык кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Президенттин Администрациясынын тышкы саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
- Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйындарына катышуу үчүн даярдалган документтерди (материалдарды) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ЕАЭБ маселелерин тейлеген орун басарына (Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсүнө) берет;
- Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жалпыланган позицияларын макулдашат жана ЕАЭБ органдарынын боло турган жыйынына төрт жумуш күн калганга чейин макулдашылган позицияны андан ары Евразия экономикалык комиссиясына жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтөт.";
- жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде:
"тиркеме" деген сөз "1-тиркеме" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЕАЭБ органдарынын жыйындары башталганга чейин 1 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна келип түшкөн документтер (материалдар), ошондой эле кызматтык пайдалануу үчүн документтер (материалдар) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөкөйлөтүлгөн түрдө берилиши мүмкүн.";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"ЕАЭБ органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйындарынын күн тартибинин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кароосуна кошумча келип түшкөн документтер (материалдар) боюнча мамлекеттик органдын позициясы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөкөйлөтүлгөн түрдө ыкчам тартипте берилет.";
- Тартип ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын жыйындарында кароо үчүн сунуштарды даярдоо тартибинде:
- 6-пунктундагы "он" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-пунктунда:
биринчи жана экинчи абзацтары "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацындагы "вице-премьер-министринин" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын/Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8, 9 жана 13-пункттары "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктундагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кабыл алган чечимдерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө сунуштарды даярдоо тартибинде:
- 2 жана 3-пункттары "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункту "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын, "Премьер-министрине" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр "Президентинин Администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бекитип берилген ИШ ЧӨЙРӨЛӨР
Иш чөйрөлөрү | Жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана кошо аткаруучулар |
Макроэкономикалык саясат | |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макулдашылган макроэкономикалык саясатын жүргүзүүнү координациялоо | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБди экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттары | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү | ЭКМ,УСК, УБ (макулдашуу боюнча), ФМ, АЧМ, ЭМ, ЖРЭТКМ, ТКМ, МБК, МСК |
Кезектеги финансылык жылга жана пландуу мезгилге ЕАЭБге мүчө мамлекеттерди социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн расмий болжолдорун даярдоо үчүн болжолдордун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилерин макулдашуу | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
Евразия экономикалык бирлигинин жамааттык азык-түлүк коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу | АЧМ |
Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн болжолдуу индикативдик көрсөткүчтөрүн, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары сырьёсу, пахта буласы жана жүн боюнча сурамдарынын жана сунуштарынын балансынын болжолдорун иштеп чыгуу | АЧМ, ЭКМ, УСК |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин бюджетинин маселелери | |
ЕАЭБдин бюджетинин маселелери боюнча иштерди жүргүзүү | ФМ,ЭКМ, УБ (макулдашуу боюнча), ЭП (макулдашуу боюнча) |
Интеграциялык саясат | |
Интеграциянын негизги багыттары | ЭКМ, ТИМ, ЮМ, ФМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Эл аралык иштин негизги багыттары | ТИМ, ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун өркүндөтүү | ЭКМ, ТИМ, ЮМ, ФМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тышкы жана өз ара сооданын статистикасы | |
Товарларды тышкы жана өз ара сатуунун статистикасы | УСК, ЭКМ, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы соодасынын бажы статистикасын жана өз ара соодасынын статистикасын жүргүзүү | МБК, МСК, УСК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКке расмий статистикалык маалыматты берүү | УСК, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча), ЭКМ, расмий статистикалык маалыматтарды түзүү функциялары жүктөлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин расмий статистикалык маалыматтарын түзүү методологиясы | УСК, ЭКМ, ФМ, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин статистикалык иштеринин программасы | УСК, ЭКМ, МБК, МСК, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБдин расмий статистикалык маалыматын жайылтуу | УСК, ЭКМ, ФМ, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча) |
Статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү программасы | УСК, ЭКМ, МБК, МСК, УБ (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара сооданын абалы жөнүндө баяндамалар | ЭКМ, УСК, УБ (макулдашуу боюнча), АЧМ, ФМ, МБК, МСК, МЭ, Ветеринардык кызмат |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Статистика боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | УСК, ЭКМ, ФМ, УБ (макулдашуу боюнча), СФ |
Калкты каттоо | УСК |
Ички рыноктордун иштөөсү | |
Тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү боюнча иштер | ЭКМ, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Ички рыноктордун иштөөсү боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Атаандаштык, монополияга каршы, бааны жөнгө салуу жана мамлекеттик жана (же) муниципалдык сатып алуулар | |
Атаандаштыктын жалпы эрежелери | ЭКМ, МКЖСК |
Келишимдин жана Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун (Келишимдин № 19 тиркемеси) “Атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери” XVIII бөлүмүнүн аткарылышын контролдоо | ЭКМ, МКЖСК |
ЕАЭБге башка мүчө мамлекет тарабынан бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимди талашуу жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кайрылууларын кароо | ЭКМ, МКЖСК |
Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды жүзөгө ашыруунун, анын ичинде сатып алууларды жүзөгө ашыруу аяктаганга чейин потенциалдуу жеткирүүчүлөр жөнүндө жашыруун маалыматтарды сактоо зарылдыгына байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруунун ЕАЭБге мүчө мамлекеттер белгилеген өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле товарлардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сатып алуунун өзгөчөлүктөрүн улуттук режимден алып салууларды, мамлекеттик сатып алуулар жаатында милдеттенмелерди бузууларды жокко чыгаруу маселелери | ФМ, ЭКМ, МКЖСК |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу, бааны мамлекеттик жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МКЖСК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Энергетика | |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун концепциясы | ЭМ |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун программасы | ЭМ |
ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү | ЭМ |
ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү | ЭМ |
ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү | ЭМ |
Газга, мунайга жана мунай продуктуларынын индикативдик (болжолдуу) баланстарын түзүү | ЭМ |
ЕЭКтин коллегиясынын алдындагы Электр энергетика боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭМ, ӨКМ |
ЕЭКТин Коллегиясынын алдындагы Мунай жана газ боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, ЭМ, ӨКМ |
Экология, климат, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо | |
Экология, климат, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо маселелери боюнча иштерди жүргүзүү | ЖРЭТКМ, ЭМ, МЭК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Транспорт жана инфратүзүм | |
Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясатты ишке ашыруу | ТКМ |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагында катталган ташуучулар ЕАЭБге башка мүчө мамлекеттин аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобиль менен ташууларды жүргүзүүсүн этап менен либералдаштыруу | ТКМ |
Автомобилдик транспорт жана транспорттук (автомобилдик) контроль, темир жол, аба жана суу транспорту бөлүгүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболорун ишке ашыруу | ТКМ, ӨКМ |
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин “Табигый монополиялар” XIX бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо | ЭМ, МКЖСК, ТКМ, ЭКМ, СӨМ |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Транспорт жана инфратүзүм боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ТКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МКЖСК, ТКМ, ЭМ, СӨМ |
Транспорт жаатында ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин кеңешине катышуу | ТКМ |
Өнөр жай жана агроөнөр жай саясаты | |
Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары | ЭКМ, АЧМ |
ЕАЭБдин алкагында өнөр жай субсидиялары | ЭКМ, АЧМ, ФМ |
Евразия өнөр жай кооперациясы жана субконтрактация тармагын түзүү | ЭКМ, АЧМ, СӨМ, ИӨА |
Евразия технологиялык платформалары | ТКМ, ЭКМ, АЧМ, СӨМ, ФМ |
Евразия технологиялар трансферинин тармагы | ЭКМ, АЧМ, Кыргызпатент, ИӨА |
Үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна мүчө мамлекеттердин биргелешип өндүрүлгөн өнөр жай продукциясын илгерилетүү | ЭКМ, АЧМ, ИӨА |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин ишиме катышуу | ЭКМ, АЧМ |
Агроөнөр жай саясатынын маселелери | АЧМ |
Макулдашылган (координацияланган) агроөнөр жай саясатынын негизги багыттары жана айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун чаралары | АЧМ, ФМ |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | АЧМ |
Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңештин ишине катышуу | АЧМ |
Техникалык жөнгө салуу. Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар | |
ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу пландары (программалары), мыядай пландарга (программаларга) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Стандарттарды иштеп чыгуу программалары жана мындай программаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажы бирлигинин, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин кабыл алуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жокко чыгаруу | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажы бирлигинин, ЕАЭБдин техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарынын аткарылышын координациялоо | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Аккредитациялоо чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү | ЭКМ |
Аккредитациялоо боюнча кеңештин ишине катышуу | ЭКМ, КАБ |
Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү | ЭКМ, МКЖСК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык- санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү | ЭКМ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечими менен техникалык регламенттерди ишке ашырууга жооптуу катары аныкталган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Санитардык чараларга тийиштүү маселелер | ССМ |
Ветеринардык-санитардык чараларга тийиштүү маселелер | АЧМ, Ветеринардык кызмат, ССМ |
Карантиндик фитосанитардык чараларга тийиштүү маселелер | АЧМ |
Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун системасы | ИИМ, СӨМ, ЭКМ |
Бажы-тарифтик жөнгө салуу, үчүнчү тараптарга карата соода режимдерин белгилөө | |
ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасын жүргүзүү | ЭКМ, МБК |
ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифин киргизүү, ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жана өзгөртүү, ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келүүчү (ташылып келген) товарларга карата тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө (улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташылып келүүчү товарлардын категорияларына карата тарифтик жеңилдиктерди берүүнү кошпогондо) | ЭКМ, МБК, ФМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө боюнча демилгелөөчү сунуштарды даярдоо | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташылып келүүчү товарлардын категорияларына карата тарифтик жеңилдиктерди берүү учурларын, шарттарын, тартибин белгилөө | ЭКМ, МБК, ФМ, ИӨА, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды ташып келүүгө тарифтик квоталарды белгилөө жана бөлүштүрүү | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик квоталарды киргизүү жана аларды бөлүштүрүүнүн тартибин белгилөө | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуу, анын ичинде төмөнкүлөрдүн тизмегин аныктоо: | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуучу-өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуучу- айрыкча начар өнүккөн өлкөлөрдүн | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдин бирдиктүү бажы аймагына ташып келүүдө аларга карата тарифтик жеңилдиктер берилген өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жана айрыкча начар өнүккөн өлкөлөрдө өндүрүлгөн товарлардын | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Соода режимдерин унификациялоо, үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тарифтик эмес жөнгө салуу | |
Үчүнчү өлкөлөр менен соодада ЕАЭБдин аймагында тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын киргизүү, колдонуу, узартуу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегин киргизүү | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Экспорттук жана (же) импорттук квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда мындай квоталарды бөлүштүрүү методдорун аныктоо | Тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бири мындай чараларды бир тараптуу тартипте киргизген учурда, тарифтик эмес жөнгө салуунун убактылуу чараларын киргизүү жана аларды колдонуу мөөнөтүн белгилөө | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Лицензиянын аракетин токтотуп туруу же токтотуу тартибин аныктоо, товарлардын тышкы соода чөйрөсүндө лицензиялоону колдонуу, лицензиянын | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
аткарылышы жөнүндө маалымкатты берүү тартибин жана формасын аныктоо, уруксаттын формасын бекитүү |
|
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Соода боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, АЧМ, ЭМ, МБК |
Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу | |
Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүгө чейин иликтөө жүргүзүү | ЭКМ, МКЖСК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу маселелери | ЭКМ, МКЖСК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Бажылык жөнгө салуу | |
ЕАЭБдин Бажы кодексинин ченемдерин сактоо маселелери | ЭКМ, МБК |
Эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналарда укук мамилелерин жөнгө салуу маселелери | ЭКМ, МБК |
Эркин кампаларда укук мамилелерин жөнгө салуу маселелери | ЭКМ, МБК |
Бажы өкүлдөрүнүн, бажы ташуучуларынын, убактылуу сактоочу кампалардын ээлеринин, бажы кампаларынын ээлеринин, бош кампалардын ээлеринин, алымдарсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрлерин жүргүзүү | МБК |
Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу маселелери | МБК, ЭКМ |
ЕАЭБдин бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу ЕЭКтин чечимдерине мониторинг жүргүзүү | ЭКМ, МБК |
Бажы инфратүзүмүн өнүктүрүү | МБК |
Товарларды электрондук декларациялоону өнүктүрүү | ЭКМ, МБК, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдары менен үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда маалымат алмашуу | МБК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МБК |
Кызмат көрсөтүү менен өз ара соода жүргүзүү жана инвестициялар | |
Ишкердик ишти жүргүзүүнүн шарттары жана инвестицияларды ишке ашыруу | ЭКМ, ИӨА, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Ишкердик маселелери боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин XV “Кызмат көрсөтүү менен соода жүргүзүү, уюштуруу, ишмердик жана инвестицияларды жүргүзүү” бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо | ЭКМ, ИӨА, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Кызмат көрсөтүү секторлорунун (секторчолорунун) тизмегин жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо, алар боюнча ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү либералдаштыруу пландарына ылайык ишке ашырылат (өткөөл мезгилдин ичинде) | ЭКМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕАЭБдеги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк | ЭКМ |
Интеллектуалдык менчик | |
Интеллектуалдык менчиктин объекттерин коргоо жана укуктарын коргоо | Кыргызпатент, МБК, МСК, БП (макулдашуу боюнча), тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | Кыргызпатент, МБК, МСК, МКЖСК, БП (макулдашуу боюнча) |
Эмгек миграциясы жана миграциялык саясат | |
Эмгек миграциясынын маселелери | ЭСКММ, ИИМ, ТИМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Миграциялык саясат боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭСКММ, ССМ, ИИМ, тим, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо | |
Пенсиялык камсыздоо маселелери | СФ, ЭСКММ, ССМ |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин социалдык камсыздоо, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик иши маселелери боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | СФ, ЭСКММ, ССМ, БИМ, ММКФ |
Финансы рыноктору (банк чөйрөсү, камсыздандыруу чөйрөсү, валюта рыногу, баалуу кагаздар рыногу). Валюта саясаты | |
Жалпы финансылык рынокту түзүү | Финкөзөмөл, ФМ, ЭКМ, УБ (макулдашуу боюнча), ФЧМК |
Банктык жөнгө салуу маселелери | УБ (макулдашуу боюнча) |
Валюталык жөнгө салуу маселелери | УБ (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ФМ |
Баалуу кагаздар рыногунун маселелери | Финкөзөмөл, ЭКМ, ФМ |
Аудит жаатында ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү | Финкөзөмөл |
Отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп тармагында ЕАЭБдин бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногун түзүү | Финкөзөмөл |
Камсыздандыруу чөйрөсүнүн маселелери | Финкөзөмөл |
Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү | ФЧМК, ИИМ, УКМК, МБК, БП (макулдашуу боюнча) |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Финансылык рыноктор боюнча консультативдик комитетке катышуу | Финкөзөмөл, УБ (макулдашуу боюнча), ФМ, ФЧМК |
Алкоголь рыногун жөнгө салуу маселелери | |
ЕАЭБдин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу маселелери | АЧМ, МСК |
Салык саясаты. Ташып келүү бажы алымдарын эсепке алуу жана бөлүштүрүү (эквиваленттүү мааниге ээ болгон башка алымдар, салыктар жана жыйымдар) | |
Салык саясаты | ЭКМ, МСК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Салык саясаты жана башкаруу боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МСК, МБК, СӨМ |
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүүдөгү бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүүнүн ченемдери | ФМ, ЭКМ, УСК, УБ (макулдашуу боюнча), МБК |
Ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын эсепке алуу жана бөлүштүрүү | ЭКМ, УБ (макулдашуу боюнча) |
Ташып келүү бажы алымдарынын (эквиваленттүү аракетке ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибинин аткарылышына контролду ишке ашыруу, аларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которуу | ЭП (макулдашуу боюнча) |
Дары-дармек каражаттарын жана медицина буюмдарынын жүгүртүүсүн жөнгө салуу | |
ЕАЭБдин чегинде дары-дармек каражаттарын жана медицина буюмдарын жүгүртүү | ССМ |
Дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун түзүү | ССМ |
Медицина буюмдарынын жалпы рыногун түзүү | ССМ |
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо | |
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү макулдашылган саясатты жүргүзүү | ЭКМ, МКЖСК |
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү саясаттын негизги багыттары | ЭКМ, МКЖСК |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | ЭКМ, МКЖСК |
Маалымат технологиялары | |
Санариптик күн тартибин ишке ашыруу | СӨМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
ЕЭКтин Коллегиясынын алдындагы Маалыматташтыруу, маалыматтык- коммуникациялык технологиялар жана маалыматты коргоо боюнча консультативдик комитеттин ишине катышуу | СӨМ, УКМК |
Жалпы процесстердин ишке ашырылышын координациялоо жана мониторингдөө | СӨМ |
Жалпы процесстерди ишке ашыруу | СӨМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Ишенимдин трансчек аралык мейкиндигин өнүктүрүү жана иштөөсү | СӨМ, тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар |
Тышкы аудит (контроль) | |
Тышкы аудит жүргүзүү | Эсептөө палатасы (макулдашуу боюнча) |
ЕАЭБ соту | |
ЕАЭБдин сотунун маселелери | ЮМ, СӨБ, ТИМ, ЭКМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
МКЖСК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |
ФЧМК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
Ветеринардык кызмат | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
Эсептөө палатасы | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
СӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору |
ИӨА | - | Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги “KADI” мамлекеттик мекемеси |
КАБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору.". |
|
| 2-тиркеме |
|
| "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жана Коллегиясынын жыйындарында документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартибине 2-тиркеме |
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө ишинин багыты боюнча бекитип берилген ИШ ЧӨЙРӨЛӨР
№ | Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттери | Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү |
1 | Интеграцияны өнүктүрүү департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
2 | Макроэкономикалык саясат департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү |
3 | Статистика департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
4 | Ишкердик ишти өнүктүрүү департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
5 | Финансылык саясат департаменти | Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
6 | Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаменти | Социалдык блокту тейлеген башкы эксперт |
7 | Өнөр жай саясаты департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
8 | Агроөнөр жай саясаты департаменти | Агроөнөр жай комплекси блогун тейлеген башкы эксперт |
9 | Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
10 | Ички рынокту коргоо департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
11 | Соода саясаты департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
12 | Техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
13 | Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаменти | Агроөнөр жай комплекси блогун тейлеген башкы эксперт, Социалдык блокту тейлеген башкы эксперт |
14 | Бажы инфратүзүмү департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
15 | Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу тажрыйбасы департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
16 | Транспорт жана инфратүзүм департаменти | Транспорт жана инфратүзүм блогун тейлеген башкы эксперт |
17 | Энергетика департаменти | ОЭК тейлеген башкы эксперт |
18 | Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт |
19 | Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт |
20 | Маалыматтык технологиялар департаменти | Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүм |
21 | Ички рыноктордун иштөө департаменти | Экономикалык блокту тейлеген башкы эксперт, Финансылык блокту тейлеген башкы эксперт ОЭК тейлеген башкы эксперт, Транспорт жана инфратүзүм блогун тейлеген башкы эксперт, Агроонөр жай комплекси блогун тейлеген башкы эксперт, Социалдык блокту тейлеген башкы эксперт |
".