Загрузка документа…
| 4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 токтомуна) |
|
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кабыл алган чечимдерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө сунуштарды даярдоо тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы (мындан ары - ЕЭК Коллегиясы) кабыл алган чечимдерди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө сунуштарды даярдоо тартиби белгиленет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЕЭК Коллегиясы кабыл алган чечимди жокко чыгаруу (өзгөртүү) зарылдыгы пайда болгон учурда, мындай чечим жарыяланган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен, ал эми жайылтуусу чектелген документтерге карата чечим - ал кабыл алынган күндөн тартып, бирок чечим күчүнө кирген мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине чечимди жокко чыгаруу (өзгөрүү) зарылдыгын негиздөө менен ЕЭК Коллегиясынын чечимин (мындан ары - сунуш) жокко чыгаруу (өзгөрүү) жөнүндө сунушун жана мындай чечимди жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоорун киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги үч жумуш күндүн ичинде сунуштун Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктары эске алынган бөлүгүн карап чыгат жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген сунуш жана материалдарды Евразия экономикалык кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын мүчөсүнө жөнөтөт (мындан ары - Кыргыз Республикасынын ЕЭК Кеңешиндеги мүчөсү);
- ЕЭК Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын мүчөсүнүн кароосуна ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен карама-каршылыктар пайда болгондо талаш-тартыш маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан чечимди киргизүү.
Зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан кошумча документтерди (материалдарды) же киргизилген сунушка карата түшүндүрмө суратууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
4. ЕЭК Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын мүчөсү:
- сунушту четке кагууга укуктуу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен карама-каршылыктар пайда болгон учурда талаш-тартыш маселелер боюнча жыйынтыктоочу чечим кабыл алат;
- сунуш менен макул болгон учурда, аталган маселени ЕЭК Кеңеши тарабынан карап чыгуу жөнүндө сунушу менен ЕЭК Коллегиясына жөнөтөт.
5. ЕЭК Кеңеши сунушту карап чыккандан кийин жана ЕЭК Коллегиясынын чечимин жокко чыгаруудан (өзгөртүүдөн) баш тарткан же ЕЭК Кеңеши тарабынан арыздарды карап чыгуу үчүн белгиленген мөөнөтү өтүп кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий жарыяланган күндөн тартып, 25 календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми ЕЭК Коллегиясынын чечимине карата Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндө жобонун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 1 тиркемеси) 16-пунктунун биринчи абзацында белгиленген мөөнөткө караганда кыска мөөнөттүн ичинде күчүнө кирүүсү каралган - ЕЭК Коллегиясынын чечими күчүнө киргенге чейин ЕЭКге аны жокко чыгаруу (өзгөртүү) жөнүндө жобону киргизүүгө мүмкүндүк берген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ЕЭК Коллегиясынын чечимин жокко чыгаруу (өзгөртүү) зарылдыгын негиздөө менен сунушту жана мындай маселени Евразия өкмөттөр аралык кеңешке жана (же) Жогорку Евразия экономикалык кеңешине кароого киргизүү жөнүндө сунушу менен ЕЭКке каттын долбоорун киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы ЕЭК Коллегиясынын чечимин жокко чыгаруу (өзгөртүү) менен макул болсо, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы бул маселени Евразия өкмөттөр аралык кеңешке жана (же) Жогорку Евразия экономикалык кеңешине кароого киргизүү жөнүндө сунушу менен катты ЕЭКке ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий жарыялангандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми ЕЭК Коллегиясынын чечимине карата Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндө жобонун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 1 тиркемеси) 16-пунктунун биринчи абзацында белгиленген мөөнөткө караганда кыска мөөнөттүн ичинде күчүнө кирүүсү каралган мөөнөттө жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)