Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана
компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана
төлөөнү контролдоо боюнча
нускама
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июнундагы № 319, 2024-жылдын 3-июлундагы № 349, 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул нускама бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн, төлөөнүн, өндүрүүнүн, кайтаруунун, аларды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн, ошондой эле бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун тартибин аныктайт.
Бажы төлөмдөрүнө "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 40-беренесинде аталган милдеттүү төлөмдөр кирет.
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) бажы чек арасы аркылуу ташып өтүүдө бажы төлөмдөрүн өндүрүү бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге, актыларга (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан ишке ашырылат.
3. Ушул Нускамада түшүнүктөр бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
4. Жеке жактар тарабынан ташып өткөрүлүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүн өндүрүү бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана актылардын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Эл аралык почта жөнөтүүлөрү аркылуу бажы аймагына ташып киргизилүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүн колдонуу Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин (мындан ары - Кодекс) 266-беренесине, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5. Товарларды бажы чек арасы аркылуу ташып өтүүдө бажы төлөмдөрүн, атайын демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелер Мыйзамдын 53 жана 85-беренелерине ылайык пайда болот жана токтотулат.
Жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн бажы аймагына ташып киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенме Кодекстин 268 жана 269-беренелерине ылайык пайда болот жана токтотулат.
6. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар Кодекстин 54- беренесинин 4-пункту, 72-беренесинин 4-пункту, Мыйзамдын 41- беренесинин 3-бөлүгү менен аныкталган учурларда төлөнбөйт.
7. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын төлөө үчүн жооптуу жактар болуп төлөөчүлөр саналат.
Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүлөр болуп декларант же бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон башка жактар саналат.
Ар адам бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүнүн пайдасына төлөөгө укуктуу.
II. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге
каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнүн
мөөнөттөрү
8. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар Кодекстин 57 жана 74-беренелери жана Мыйзамдын 44-беренеси менен белгиленген мөөнөттөрдө төлөнөт.
9. Кубур түтүк транспорту жана электр берүү линиялары аркылуу ташылуучу товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү Мыйзамдын 117 жана 118-беренелеринде белгиленген.
10. Бирликтин бажы чек арасы аркылуу чогултулбаган же чачылган түрүндө, анын ичинде комплекттелбеген жана аягына чейин чогултулбаган түрүндө ташып келинген товарларга бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү чогултулбаган же чачылган түрүндө, анын ичинде комплекттелбеген жана аягына чейин чогултулбаган түрүндө ташып келинген товарлардын биринчи компонентине карата декларацияны каттоо күнү болуп саналат.
11. Мыйзамсыз ташып өткөрүлүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү болуп Кодекстин 74-беренесинин 2-пункту, 56- беренесинин 4-пункту, Мыйзамдын 44- беренесинин 7-бөлүгү, 56 жана 87-беренелери менен белгиленген дата саналат.
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча
жеңилдиктер берилген товарларды колдонуу
жөнүндө жоболор
12. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге, актыларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилген шарттуу чыгарылган товарлар берилген жеңилдиктердин шарттарына ылайык келген максаттарда гана колдонулат.
Аталган товарларды жеңилдиктер берилгенден (сатуу, ажыратуу) башка максаттарда колдонуу, Кыргыз Республикасына берилген гранттар формасында финансылык жардамдын каражаттарына сатып алынган товарларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети караган тартипте колдонгон учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүнүн шарттуу түрдө эсептелинген суммасын төлөө шартында бажы органынын уруксаты менен жол берилет.
Эгерде Кыргыз Республикасына мурда берилген гранттар жана кредиттер формасындагы финансылык жардамдын каражаттарына сатып алынган товарларга карата ички керектөө үчүн чыгарууда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилсе, бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелинген суммаларын төлөө боюнча милдеттенме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен аларды мындан ары максаттуу колдонуунун тартибин белгилеген күндөн тартып токтотулат.
Шарттуу чыгарылган товарларды максаттуу пайдалануусуна бажы контролун жүргүзүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып жүргөн жеке менчик же жеке ишкер катары ишкердик ишин жүзөгө ашырган жак ишин токтоткондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлганда бул товарларга ээлик кылуу, анын ичинде уюмдун милдеттенмелери боюнча аларга карата кайрылуу бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелинген суммасын төлөө шартында бажы органынын уруксаты менен жол берилет.
14. Мурда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен ташып өткөрүлгөн товарларды бажы аймагынан кайра ташып кирүү милдеттенмелери жок ташып чыгууда бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелинген суммасы төлөнбөйт.
Мурда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен ташып өткөрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бирликтин мүчө мамлекеттеринин аймагына кайра ташып кирүү милдеттенмелери жок ташып чыгаруу учурунда салыктардын шарттуу эсептелген суммасы төлөнбөйт.
15. Анык жана документтер менен ырасталган кадимки эксплуатациялык эскирүүнүн, эксплуатациялоо (колдонуу) мөөнөтү аяктоонун натыйжасында товарларды эсептен чыгарууда, бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелген суммалары максаттуу колдонуусу объективдүү аяктаганына байланыштуу алынбайт. Мында эсептен чыгарылган товарларды сатууда, бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелген суммасы мындай товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзгөн бажы органына төлөнөт.
2. Бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди
берүүнүн тартиби
16. Гуманитардык жардам катары товарларды ташып кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам мүнөзүндөгү ташып өткөрүлгөн товарлар, ошондой эле гуманитардык жүктөрдү жеткирүүчү транспорт каражаттары бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.
Кыргыз Республикасынын аймагына мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана финансылык мекемелер эл аралык келишимдерге, актыларга жана мыйзам менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эл аралык документтерге ылайык грант катары товарларды ташып кирүүдө бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган адамдарга жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ушул главада колдонулуучу "гранттар" деген түшүнүк Кыргыз Республикасына мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана финансы мекемелери тарабынан берилүүчү гранттар жана кредиттер түрүндөгү финансылык жана техникалык жардамды билдирет.
19. Грант катары ташып келинген товарларды декларациялоого байланышкан бажы операциялары жүргүзүлгөн жердеги бажы органы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди берүү менен товарларды шарттуу түрдө чыгарат.
20. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен макул болбогон учурда товарларга ээлик кылуу, колдонуу жана (же) башкаруу укугуна ээ болгон адам чечимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттана алат.
21. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды грант катары ташып кирүүнүн ар бир фактысы боюнча өзүнчө чыгарылат.
22. Грант катары товарларды ташып кирүүдө бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди ырастоо үчүн бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна төмөнкү документтер киргизилет:
- Кыргыз Республикасы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, актылар, эл аралык документтер;
- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык берилүүчү жеңилдиктердин аныктыгын ырастоо жөнүндө бажы жана салык саясатын жүргүзүү, бажы, салык укуктук мамилелерин жөнгө салуу боюнча функциялары жана ыйгарым укуктары бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каты;
- башкы подрядчылар/консультанттар менен контракттар, жеткирүүлөргө тышкы соода контракттары жана эгерде каралган болсо аларга толуктоолор (тиркемелер);
- эл аралык келишимдердин жана башка актылардын жоболоруна ылайык бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктер менен колдонгон башкы подрядчы/консультант же башка адам катары товарларды алуучу жактын ишин ырастоочу документ;
- ташып кирүүчү товарлардын аталыштары, саны, наркы жана жеткирүүнүн шарттары көрсөтүлгөн эсеп-фактуралар (инвойстор)/(эсеп-проформалар);
- грант катары ташып киргизилген товарларга тиешелүү башка документтер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Товарларга ээлик кылууга, колдонууга жана (же) тескөөгө укугу бар адамдын мотивациялык кайрылуусу боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими буга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана белгиленген тартипте чыгарылган товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө менен чыгарылышы мүмкүн.
24. Аталган учурда товарларга ээлик кылууга, колдонууга жана (же) тескөөгө укугу бар адам ушул Нускаманын 22-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, кошумча дагы төмөнкү документтерди жана маалыматтарды көрсөтөт:
- эл аралык уюмдун, анын Кыргыз Республикасында өкүлчүлүгүнүн эл аралык келишимин (макулдашуусун) ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик (муниципалдык) органдын товарлар бажы төлөмдөрүн төлөө менен белгиленген тартипте чыгарылганын, ошондой эле аталган товарлар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимин ишке ашыруу максатында ташып киргизилген жагдайын ырастоочу каты;
- товарларды чыгарууга негиз болгон товардык декларациясы.
25. Бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктердин аныктыгын ырастоо максатында көрсөтүлүүчү документтер зарыл болгон кол тамгаларды жана мөөрлөрдү, номерлерди жана даталарды, сатуучунун жана сатып алуучунун так реквизиттерин камтышы керек. Документтердеги кароого берилген маалыматтар конкреттүү грантка карата өз ара түз байланышта болууга тийиш.
26. Жалган, жасалма, так эмес, туура эмес маалыматтарды камтыган, башка товарларга тиешелүү документтерди, ошондой эле мыйзамсыз жол менен алынган документтерди көрсөткөн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
Бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктердин аныктыгын ырастоочу документтерди берүүгө байланышкан бардык чыгымдарды товарларды ташып өтүүчү жак тартат.
27. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим кабыл алганга чейин товар бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убактылуу сактоого коюлат.
28. Товарларды декларациялоо менен байланышкан бажы операцияларын өзүнүн регионунда жүзөгө ашырган бажы органынын чечими боюнча ташып киргизилүүчү товарлар бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу шартында товарларды ташуучу адамга колдонууга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди берүү менен чыгарылган товарлар Кодекске ылайык шарттуу чыгарылган болуп саналышат.
III. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге
каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнүн
тартиби
1. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге
каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө
29. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө максаттары үчүн Кодекстин 56-беренеси менен белгиленген учурларды кошпогондо, товарларга декларацияны каттаган күнгө карата колдонулган бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын ставкалары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген валюта курсу колдонулат.
30. Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып өтүүдө же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүнүн шарттарына ылайык келбеген максаттарда товарларды колдонгон учурда, аларды эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен белгиленген талаптарды жана шарттарды бузуп, бажы аймагына ташып келинген товарларга карата, ошол товарлар Бирликтин бажы чек арасынан өткөн күнү колдонулган ставкаларга жараша, эгерде мындай күн аныкталбаса - мындай товарларды мыйзамсыз ташып өтүүнүн фактысын аныктаган күнгө карата;
- бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык ташып өткөрүлүүчү же убактылуу сактоодо турган товарларды жоготкон, жеткирбеген же бажы органдарынын уруксаты жок берген учурда товарларды тиешелүү бажы жол-жобосуна койгон күнү колдонулган ставкага жараша;
- бажы аймагынан товарларды мыйзамсыз ташып чыгууда, төлөнүүгө тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн суммалары товарларды бажы аймагынан ташып чыккан күнгө карата колдонулган ставкаларга жараша эсептелинет, ал эми ушундай күн белгиленбесе, товарлар чыгарылган айдын башына карата же товар чыгарылган ай такталбаган учурда жылдын биринчи айынын башына карата;
- шарттуу чыгарылган товарларды бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулгандан башка максаттарда колдонгон учурда, товарларга декларацияны бажы органы каттаган күндөгү ставкалар колдонулат.
31. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар Кодекс менен каралган учурларды кошпогондо, декларант тарабынан өз алдынча эсептелинет.
32. Төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын эсептөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөдө алынган суммалар үтүрдөн кийинки экинчи белгиге чейин тегеректөө эрежеси боюнча тегеректелет.
2. Бажы жыйымдары
33. Бажы жыйымдары болуп товарларды чыгаруу, товарларды жана Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу менен транспорт каражаттарын бажылык коштоо менен байланышкан аракеттерди жасагандыгы, ошондой эле товарларды классификациялоо боюнча алдын ала чечимдерди кабыл алуу жана товарлардын өндүрүлгөн жери тууралуу алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн бажы органдары тарабынан алынуучу төлөмдөр саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Бажы жыйымдарына төмөнкүлөр кирет:
- товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын бажы органдары тарабынан жүргүзүү үчүн жыйымдар;
- бажылык коштоо үчүн жыйымдар;
- алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйымдар;
- навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн жыйымдар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Ушул пункттун экинчи абзацы менен белгиленген учурларды кошпогондо, товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын бажы органдары тарабынан жасагандыгы үчүн бажы жыйымдарын төлөөчүлөр эсептейт.
Товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын бажы органдары жасагандыгы үчүн бажы жыйымдары белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммалары жөнүндө кабарламаны жөнөтүүдө, ошондой эле өзү пайдалануу үчүн товарларга карата бажы жыйымдарын эсептөөдө бажы органдары тарабынан эсептелет.
36. Бажы органдары тарабынан товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы жыйымдары, бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды чыгарууну кошпогондо, бажы декларациясын берүү менен бир убакта төлөнөт.
Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарууда бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасындагы Бирликтин аймагынан бажы транзитинин бажы жол-жобосу аяктаганга чейин каалаган учурда төлөнөт.
Бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн жыйымдар баруучу бажы органында бажы коштоосу жана/же навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу иш жүзүндө башталганга чейин да, бажы коштоосу жана/же навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу аяктагандан кийин да төлөнүшү мүмкүн.
Алдын ала чечим чыгаруу үчүн бажы жыйымдары арыз берүү менен бир убакытта же ага чейин төлөнүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 349, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
37. Бажы жыйымдары төмөнкү учурларда төлөнөт:
1) тандалган бажы жол-жобосуна ылайык товарларды жана транспорт каражаттарын чыгарууга байланышкан аракеттерди жасоодо;
2) бажылык коштоодо;
3) Мыйзамдын 3-главасына ылайык товарларды классификациялоо боюнча алдын ала чечимди кабыл алууда;
4) Мыйзамдын 4-главасына ылайык товарлардын чыккан жери тууралуу алдын ала чечимди кабыл алууда;
5) навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууда.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы жол-жоболоруна коюуга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы операцияларына бажы жыйымдары бажы транзитинин бажы жол-жобосуна товарларды жана транспорт каражаттарын коюу учурларын кошпогондо, бажы наркынын 0,4 пайыз өлчөмүндө, бирок 5 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн кем эмес жана 2500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн ашык эмес өлчөмдө алынат.
Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы транзитинин бажы жол-жобосуна коюуга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы операцияларына бажы жыйымдары берилген нарктан 0,4 пайыз өлчөмүндө, бирок 5 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн кем эмес жана 2500 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн ашык эмес өлчөмдө алынат.
Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн бажы жыйымдары төмөнкү учурларда алынбайт:
- товарларды андан ары башка бажы жол-жоболоруна коюу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосун аяктоо менен келген жериндеги бажы органынан Кыргыз Республикасынын ички бажы органына чейин ташуу;
- товарларды андан ары башка бажы жол-жоболоруна коюу үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосун аяктоо менен бир ички бажы органынан башка ички бажы органына ташуу;
- Бирликтин товарларын Бирликтин бажы органдарынын ортосунда Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташуу;
- чет өлкөлүк товарларды үчүнчү өлкөнүн аймагынан ошол эле өлкөнүн аймагына Кыргыз Республикасында Бирликтин аймагы аркылуу товарларды өткөрүү жайлары болуп саналган башка жайлар аркылуу ташуу.
Товарлардын классификациясы жана товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алгандыгы үчүн он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө бажы жыйымдары алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
381 .Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн адистештирилген товарларга карата бажы органдары тарабынан товарларды чыгаруу менен байланышкан операцияларды жүргүзүү үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесине ылайык төмөнкүдөй шарттарда төлөнбөйт:
- бажылык жол-жоболоштурууну жүргүзгөн бажы органына социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аталган товар майыптар үчүн адистештирилген товарларга таандык экендиги тууралуу ырастама берилсе;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси аталган товарларды алуучу болуп саналса.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-июлундагы № 349 токтомунун редакциясына ылайык)
382. Жеке адам тарабынан жеке пайдалануу үчүн сатып алынган электрондук соода товарларын чыгаруу менен байланышкан аракеттердин бажы органдары тарабынан жасалышы үчүн 1 кг брутто үчүн 6 сом өлчөмүндө бажы операциялары үчүн бажы жыйымдары алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
383. Жеке жактар тарабынан автомобиль транспортун ички жүгүртүү үчүн чыгарууга байланышкан аракеттери үчүн бажы жыйымдары 22 (жыйырма эки) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Мыйзамдын 42-беренесинде белгиленген учурларда бажы органдары бажылык коштоону, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууга укуктуу.
Товарларды ташыган ар бир транспорт каражатын жөнөтүүчү бажы органынан баруучу бажы органына чейин бажылык коштоону жана навигациялык (электрондук) пломбаны колдонгондугу үчүн аралыктын ар бир толук жана толук эмес километри үчүн эсептик көрсөткүчтүн ондон бир бөлүгү өлчөмүндө, бирок беш эсептик көрсөткүчтөн кем эмес бажы жыйымдары алынат.
Бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда эсептелген жөнөтүүчү бажы органы менен баруучу бажы органынын ортосундагы аралык глобалдык навигациялык спутник системаларын колдонуу менен алынган маалыматтардын негизинде аныкталат.
"Жөнөтүүчү бажы органы" жана "баруучу бажы органы" деген түшүнүктөр Бирликтин бажы чек арасында товарларды өткөрүү жерлери, Бирликтин бажы чек арасында товарларды өткөрүүнүн башка жерлери, бажы органынын бажылык тариздөө жайы, ошондой эле бажы операциялары башталган (аяктаган) товарларды сактоонун башка жерлери дегенди түшүндүрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бажы алымы
40. Бажы алымы - товарларды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу ташып өтүүгө байланыштуу бажы органдары тарабынан алынуучу милдеттүү төлөм.
41. Тарифтик жеңилдиктерди берүүнүн учурлары жана шарттары Бирлик жөнүндө келишимде аныкталат.
42. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасы бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу же ташып кирүү бажы алымдарынын ставкаларын төмөндөтүү түрүндөгү тарифтик преференцияларды берет.
Товарлардын партияларын ташып кирүүдө (бажылык наркы 5000 АКШ долларына чейин) тарифтик преференцияларды колдонуу максатында өндүрүүчү, сатуучу же товарды ташуучу жак тарабынан коммерциялык документинде же товарга тиешелүү башка документинде товардын келип чыккан өлкөсү тууралуу арыз түрүндө болгон товардын келип чыгышы жөнүндө декларацияны берүүсү мүмкүн.
Чыгарган өлкөсү СССРдин курамына кирген жана учурда Кыргыз Республикасы менен эркин соода зонасын түзүүчү республикалардан келип чьискан товарларды ташып кирүүдө, тарифтик преференцияларды колдонуу үчүн декларант товардын келип чыгышын өз алдынча жарыялайт. Иштеген регионунда бажы операциялары жүргүзүлгөн бажы органы ташып келинген товар чынында СССРдин курамына кирген республикада чыгарылганын жана учурда Кыргыз Республикасы менен эркин соода зонасын түзүүчү өлкөдө өндүрүлгөнүн ырастоо максатында товарда көрсөтүлгөн маркировкасын салыштыруу, фотосүрөтүн тиркөө ж.б. жолдор менен бажылык текшерип карайт. Мында милдеттүү шарт болуп 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз мамлекеттер ширектештигинде товарларды чыгарган өлкөнү аныктоо эрежелери жөнүндө макулдашууда кабыл алынган товарлардын келип чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелеринин 5-бөлүгүнө ылайык Көз карандысыз мамлекеттер ширектештигинин өлкөлөрүнөн ташып келүүчү товарларга карата "түздөн-түз сатып алуу жана түз жеткирүү" эрежесин сактоо саналат.
Өнүккөн жана анча өнүкпөгөн өлкөлөрдөн товарларды ташып киргизген учурда тарифтик преференцияларды колдонууда милдеттүү шарты болуп Евразия экономикалык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) белгилеген эрежелерге ылайык "түздөн-түз сатып алуу жана түз жеткирүү" эрежесин сактоо болуп саналат.
43. Кыргыз Республикасына үчүнчү өлкөлөрдөн чыгарылган жана ташып келинген товарларга карата Бирликтин Бирдиктүү бажы тарифтерине ылайык колдонулуучу ташып кирүү бажы алымынын ставкасына салыштырганда товардын белгилүү санын (накталай же нарктык көрүнүштө) ташып кирүүдө ташып кирүү бажы алымынын кыйла төмөн ставкасын белгилүү мезгилдин ичинде колдонууну караштырган тарифтик квота түрүндө ташып кирүүнү жөнгө салуу чарасы колдонулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасына белгиленген көлөмдөн (квоталардан) жогору ташып өткөрүлгөн товарларга карата Бирликтин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык ташып кирүү бажы алымынын ставкасы колдонулат.
Киргизилүүчү товарларга карата тышкы экономикалык иштин катышуучулары арасында тарифтик квотаны бөлүштүрүүнүн көлөмүн, ыкмасын жана тартибин, ошондой эле, зарыл болгон учурда, үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квотаны бөлүштүрүү Комиссия тарабынан аныкталат, ал эми Комиссия тарабынан белгиленген учурларда - Бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө протоколго ылайык (2014-жылдын 29-майындагы Бирлик жөнүндө келишимге 6-тиркеме) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Бирликтин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуучу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн чыккан жана Комиссия бекиткен тизмекке ылайык бажы аймагына киргизилген товарларга карата Бирликтин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып кирүү бажы алымдарынын тиешелүү ставкаларынан 75 пайыз өлчөмүндө ташып кирүү бажы алымдарынын ставкалары колдонулат.
Тарифтик преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонуучу анча өнүкпөгөн өлкөлөрдөн чыккан жана ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн товарлардын тизмесине камтылган, бириккен бажы аймагына ташып киргизилген товарларга карата ташып кирүү бажы алымдарынын нөлдүк ставкалары колдонулат.
45. Ташып кирүү бажы алымдарын салуу объектиси болуп Бирликтин бажы чек арасы аркылуу ташып өткөрүлүүчү товарлар саналат.
Ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкалары бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга карата ташып чыгуу бажы алымын киргизүү зарылдыгы жөнүндө чечими кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкалары товарларды бажы аймагынан ташып чыгууга байланыштуу бажы органына берилүүчү товарларга декларацияны каттаган күнү колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Акциз салыгы
46. Тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген бажы аймагына ташып киргизилүүчү товарларга карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык акциздер төлөнүүгө тийиш.
47. Акциз салыгынын базалык ставкалары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети базалык ставканын белгиленген өлчөмдөрүнүн чегинде акциз салыгынын ставкаларын өзгөртүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө акциздерди төлөөдөн бошотуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Кошумча нарк салыгы
49. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажы аймагына ташып келүүчү товарларга кошумча нарк салыгы (мындан ары -КНС) салынат.
50. КНСти эсептөө үчүн база товарлардын бажылык наркынын, ташып кирүү бажы алымынын, акциздин (акциз алдындагы товарлар боюнча) суммасы катары эсептелет.
51. Кайра иштетүүнүн продуктусу болуп саналган бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү боюнча операциялар жүргүзүлгөн товарларды ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна коюуда КНС Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген ставка боюнча эсептелүүгө тийиш. Мында КНСти эсептөө үчүн база болуп кайра иштетүү продуктуларынын бажылык наркынын, ташып кирүү бажы алымынын, акциздин (акциз алдындагы товарлар боюнча) суммасы саналат.
Бажы органы тарабынан администрациялануучу эркин бажы зонасы жана эркин кампа бажы жол-жоболоруна коюлган Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын жана эркин кампалардын аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүчү Бирликтин товарларын кошпогондо, Бирликке мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып киргизилген товарларга КНС салыгын салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
52. Товарларды бажы аймагына ташып кирүүдө КНСти төлөөдөн бошотуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
53. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы режимин колдонгон субъект же КНС төлөөчү катары катталган чарба субъекттери тарабынан түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттары үчүн негизги каражаттар катары бажы аймагына ташылып келинген товарлар, ошондой эле исламдык каржылоого ылайык мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган товарлар шарттуу чыгарылган товарлар болуп эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 301-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган негизги каражаттар КНС төлөөчүлөр катары ушул адамдарды каттоо фактысына карабастан КНСти төлөөдөн бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Амортизацияга тиешелүү эмес каражаттарга товардык-материалдык запастар, салык төлөөчү тарабынан өндүрүштө жана/же товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө колдонулбаган негизги каражаттар, наркы аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын даяр продукциясынын наркына учурдагы салык жылында толук өткөрүлгөн мүлк кирет.
56. КНС салыгын төлөөчү же бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын режимин колдонгон субъект тарабынан жеке өндүрүштүк максаттары үчүн арналган импорттолуучу негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо, Бирликке мүчө мамлекеттердин аймактарынан импортту кошпогондо, бажы органына төмөнкүлөр берилет:
- ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча уюмдун фирмалык бланкында басылган, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан бекитилген жана колу коюлган, товардын бухгалтердик эсепке алына тургандыгы жана баланстык эсепке коюла тургандыгы тууралуу милдеттенме. Чарбакер субъектте юридикалык жак катары каттоосу жок болсо, бажы органына товардын түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн колдонула тургандыгы тууралуу эркин формада жазылган жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилет;
- ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча салык төлөөчү катталган жер боюнча салык органы тарабынан берилген, берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде жарактуу болуп саналган КНС боюнча каттоо жөнүндө маалымкаттын түп нускасы же бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын режимин колдонгон субъектти каттоо жөнүндө маалымкаттын түп нускасы.
КНС же бирдиктүү салык боюнча каттоо жөнүндө маалыматтарды ырастоо мамлекеттик органдардын "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Айыл чарба өндүрүүчү, айыл чарба кооперативи, анын ичинде кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн, машиналык-трактордук станциялары, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору, зер буюмдарын өндүрүүчүлөр тарабынан, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин аймактарынан импортту кошпогондо, импорттолуучу негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо бажы органына төмөнкүлөр берилет:
- уюмдун фирмалык бланкында басылган, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан бекитилген жана колу коюлган, алар жүргүзүп жаткан иш Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 301-беренеси менен белгиленген ишке ылайык келүүсүн, ошондой эле товар бухгалтердик эсепке алынып, баланстык эсепке берилиши тууралуу милдеттенме (1-тиркеме). Чарбакер субъектиде юридикалык жак катары каттоосу жок болсо, бажы органына товар түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн колдонула тургандыгы тууралуу эркин формада жазылган жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилет;
- ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бул субъекттин салык органдарында катталгандыгын ырастоочу, чарбакер субъект катталган жер боюнча салык органы тарабынан берилген, берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде жарактуу болуп саналган маалымкаттын түп нускасы.
Импорттолуучу негизги каражаттарды бажылык декларациялоодо, Бирликке мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттоону кошпогондо, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча чарбалык субъекти же исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик тарабынан бажы органына төмөнкүлөр берилет:
- уюмдун фирмалык бланкында басылган, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан бекитилген жана колу коюлган, товар бухгалтердик эсепке алына тургандыгы жана баланстык эсепке коюла тургандыгы тууралуу милдеттенме (1-тиркеме). Чарбакер субъектиде юридикалык жак катары каттоосу жок болсо, бажы органына товар түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттар үчүн колдонула тургандыгы тууралуу эркин формада жазылган жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилет;
- чарбакер субъекти катталган жери боюнча салык органы тарабынан берилген, ушул субъект салык органдарында катталганын ырастоочу маалым каттын түп нускасын (3-тиркеме), ал 30 (отуз) календардык күндүн ичинде жарактуу болуп саналат.
Бул субъекттин салык органдарында катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастоо мамлекеттик органдардын "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Баланстык эсепке коюу, инвентардык номери ж.б. тууралуу ырастоочу документтер баланстык эсепке койгон күндөн тартып 5 (беш) календардык күндөн кечиктирбей бажы органына берилүүгө тийиш. Юридикалык жак катары катталбаган чарбакер субъектке карата бул милдеттенме жайылтылбайт.
Юридикалык дареги, товардын жайгашкан жери, байланыш маалыматтары өзгөргөн учурда импорттоочу 5 (беш) календардык күндөн кечикпей бажы органына кабарлоого тийиш.
КНСти төлөө боюнча субъекттин милдеттенмеси ички керектөө үчүн чыгаруунун жана (же) реимпорттун бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарган күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийин, эгерде ушул мезгилдин ичинде КНСти төлөө мөөнөтү келбесе, негизги каражаттарга карата токтотулат.
Товар шарттуу чыгарылган болуп эсептелген мөөнөттүн ичинде (же товар чет элдик статусун сактаган мөөнөттүн ичинде) негизги каражаттарды Кодекс тарабынан белгиленген мөөнөткө чейин ажыраткан учурда субъект КНСти товарды чыгарган бажы органына төлөйт.
Импорттолуп жаткан товарларды бажылык декларациялоодо Бирликке мүчө мамлекеттердин аймактарынан импортту кошпогондо, исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча андан ары сатуу үчүн банк тарабынан бажы органына банк тарабынан фирмалык бланкта басылып чыккан, жетекчи тарабынан бекитилген жана кол коюлган, мындай товарлар чыгарылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишимин берүү жөнүндө эркин формадагы милдеттенме берилет.
Исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн чарба субъекти тарабынан бажы органына төмөнкүлөр берилет:
– уюмдун фирмалык бланкында басылып чыккан, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан бекитилген жана кол коюлган товарды бухгалтердик эсепке кабыл алуу жана баланстык эсепке киргизүү жөнүндө милдеттенме (1-тиркеме). Чарба субъектинин юридикалык жак катары каттоосу жок болсо, бажы органына эркин формада товар түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттары үчүн колдонуларын ырастаган жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилет;
– бул субъекттин салык органдарында катталганын ырастаган чарба субъекти катталган жердеги салык органы тарабынан берилген жана берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде колдонулган маалымкаттын түп нускасы (3-тиркеме).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
58. Бажы алымдарын жана акциздерди төлөөдөн бошотууда кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн негиз катары бажы алымдарынын жана акциздердин шарттуу эсептелген суммалары кошулбайт.
Эсепке алуу максаттары үчүн КНС төлөөдөн бошоткон учурда КНСти эсептөө үчүн негиз катары бажы алымдарынын жана акциздердин шарпуу эсептелген суммалары киргизилет.
581. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
6. Атайын, демпингге каршы жана
компенсациялык алымдар
59. Бирлик жөнүндө келишимге ылайык колдонулуучу атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Бирликтин алкагында акча каражаттарынын түшүүсү үчүн арналган бирдиктүү казыналык эсепке төлөнөт жана Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды чегерүү жана бөлүштүрүү жөнүндө жобого (2014-жылдын 29-майындагы Бирлик жөнүндө келишимге № 8 тиркеме) ылайык Бирликке мүчө мамлекеттердин бюджеттерине чегерилүүгө жана бөлүштүрүлүүгө тийиш.
60. Бирлик жөнүндө келишимге ылайык колдонулуучу атайын алдын ала, демпингге каршы алдын ала жана компенсациялык алдын ала алымдар Кыргыз Республикасынын казыналык бюджеттик эсебине төлөнөт. Эгерде атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн алдындагы иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды киргизүү үчүн негиздер жок болгону белгиленсе, атайын алдын ала, демпингге каршы алдын ала жана компенсациялык алдын ала алымдардын төлөнгөн суммалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте төлөөчүгө кайтарылууга тийиш. Эгерде аталган иликтөөнүн натыйжасы боюнча атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса, атайын алдын ала, демпингге каршы алдын ала жана компенсациялык алдын ала алымдардын суммалары Бирликке мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда кийин бөлүштүрүү үчүн Бирликтин алкагында акча каражаттарынын түшүүсү үчүн арналган бирдиктүү казыналык эсепке чегерилүүгө тийиш.
61. Кыргыз Республикасында бир тараптуу тартипте колдонулуучу атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар, ошондой эле Кыргыз Республикасында бир тараптуу тартипте колдонулуучу атайын алдын ала, демпингге каршы алдын ала жана компенсациялык алдын ала алымдар Кыргыз Республикасынын казыналык бюджеттик эсебине төлөнөт. Эгерде атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн алдында иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды киргизүү үчүн негиздер жок болгону белгиленсе, атайын алдын ала, демпингге каршы алдын ала жана компенсациялык алдын ала алымдардын төлөнгөн суммалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте төлөөчүгө кайтарылууга тийиш.
7. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы,
компенсациялык алымдарды төлөөнүн ыкмалары
62. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында Кыргыз Республикасынын казыналыгынын эсебине төлөнөт.
Тиешелүү банк мекемелеринин жумуштан тышкары убактысында жана/же көчмө кассалары жок болгон учурда, же төлөө терминалдары жок болсо, бажы төлөмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кассасына акча каражаттарын берүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
63. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө накталай акча каражаттарын кабыл алуу (берүү) мүмкүндүгүсүз, төлөөнүн электрондук каражаттарын колдонуу менен операцияларды ишке ашыруу үчүн арналган каражаттар (мындан ары - электрондук терминалдар), ошондой эле төлөө терминалдары же банкоматгар аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Бажы төлөмдөрүн ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн электрондук ыкма менен төлөгөн учурда, төлөмдү жүргүзүү фактысын ырастоо болуп банктык маалымат системаларынан, анын ичинде төлөө системаларынын операторлорунун маалымат системаларынан (процессинг борборлорунан) Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасына (мындан ары - БАМС) бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө электрондук маалыматтын келиши саналат.
БАМС жана банктык маалымат системалары, анын ичинде процессинг борборлорунун ортосундагы бажы төлөмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу маалымат алмашуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен банктар жана/же процессинг борборлорунун ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде жана шифрлөө ыкмаларын колдонуу менен байланыштын корголгон каналдары боюнча жүзөгө ашырылат.
Бажы төлөмдөрүн төлөөчү төлөгөндүгүнүн натыйжасында электрондук терминал, төлөө терминалы же банкомат менен түзүлгөн карт-чек бажы төлөмүн төлөө фактысын ырастоочу кагаз жүзүндөгү документ болуп саналат. Маалыматы БАМСка келип түшкөн бажы төлөмдөрүн төлөө тууралуу электрондук маалыматка ылайык келген ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык форма боюнча карт-чекти төлөөчүнүн көрсөтүшү товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
Бажы төлөмдөрүн ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн электрондук ыкма менен төлөөдө, электрондук төлөм тууралуу маалымат товарга декларациянын (мындан ары - ТД), транзит декларациясынын жана бажылык кириштөө ордеринин (мындан ары - БКО) электрондук нускасы менен бирге БАМСта сакталат.
64. Бажы төлөмдөрүнүн суммаларын накталай акча каражаттары менен бажы органынын кассасына төлөгөн учурда, төлөмдү ырастоочу кириштөө кассалык ордеринин көчүрмөсү ТД же БКО биринчи нускасы менен бажы органынын архивинде сакталат.
65. Төлөөчүнүн талабы боюнча бажы органдары ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык форма боюнча, бирок ушул талапка чейинки үч календардык жылдан ашырбай бажы төлөмдөрүн төлөгөндүгүн ырастоочу жазуу жүзүндөгү ырастаманы берүүгө милдеттүү. Ырастама эки нускада түзүлөт, алардын бирөөсү төлөөчүгө берилет, экинчиси - бажы органында калат.
66. Бажы төлөмдөрүнүн бюджетке түшүүсүн эсепке алуу тартиби, ошондой эле төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык форма боюнча жүзөгө ашырылат.
IV. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди
колдонуусу боюнча шарттардын жана өткөөл жоболордун
алкагында бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы,
компенсациялык алымдарды төлөөнүн тартиби
67. Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди колдонуусу боюнча шарттардын жана өткөөл жоболордун алкагында бажы төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди колдонуусу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) кошулуусуна байланыштуу Бирликтин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерге жана Бирликтин органдарынын актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
68. Келишим күчүнө киргенге чейин шарттуу чыгарылган товарлар боюнча бажы алымдарын төлөгөн учурда бажы алымынын төлөнгөн суммасы мамлекеттик бюджеттин кирешесине чегерүү үчүн Кыргыз Республикасынын казыналык бюджеттик эсебине которулат.
69. Келишим күчүнө кирген датадан Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифин (мындан ары - ЕАЭБ ББТ) колдонуп баштаган датага чейин шарттуу чыгарылган товарлар боюнча бажы алымын төлөөдө мамлекеттик бюджеттин кирешесине чегерүү үчүн бажы алымынын төлөнгөн суммасы Кыргыз Республикасынын казыналык бюджеттик эсебине которулат.
70. ЕАЭБ ББТ менен белгиленген ставкалардан айырмаланган ставкалар боюнча төлөнгөн бажы алымдары Кыргыз Республикасы тарабынан ЕАЭБ ББТны колдонуп баштаган датадан тартып чыгарылган жана шарттуу чыгарылган товарлар боюнча бажы алымдарын төлөгөн учурда бажы алымынын төлөнгөн суммасы ушул Нускаманын 72-пунктуна ылайык Бирликке мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү жана чегерүү үчүн Бирликтин алкагында акча каражаттарынын түшүүсүнө арналган бирдиктүү казыналык эсепке которулат.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн товарларга карата, аларды Бирликтин башка мүчө мамлекеттеринин аймагына ташып кирүүдө төлөнгөн бажы алымдарынын суммасынын жана ЕАЭБ ББТ менен белгиленген ставкалар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын суммаларынын ортосундагы айырма Кыргыз Республикасында же Бирликтин башка мүчө мамлекетинде төлөнүшү мүмкүн.
71. Келишим күчүнө кирген датага чейин төлөнгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Кыргыз Республикасынын казыналык бюджеттик эсебине бюджеттин мамлекеттик кирешесине чегерүү үчүн которулат.
72. Ташып кирүү бажы алымдары, ошондой эле атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Бирликке мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү жана чегерүү үчүн Бирликтин алкагында акча каражаттарынын түшүүсү үчүн арналган бирдиктүү казыналык эсепке которулууга тийиш.
V. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы,
компенсациялык алымдарды кайтаруу
73. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Мыйзамдын 9 жана 10-главаларында аныкталган тартипте жана Нускаманын ушул бөлүмүнө ылайык кайтарылат.
74. Бажы алымдарын, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды ашыкча төлөө күнү деп төмөнкүлөр эсептелет:
- накталай акча каражаттары менен төлөөдө банктын жана бажы органынын кассасына акча каражаттарын кабыл алган күн;
- Кыргыз Республикасынын казыналык эсебине накталай эмес формада төлөөдө төлөөчүнүн банктагы эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгарган күн;
- аванс төлөмдөрүн же акчалай күрөөнү эсептөө жолу менен төлөөдө бажы органы тарабынан эсептетүү жөнүндө буйрук алган күн.
75. Бажы алымдарын, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды ашыкча өндүрүп алуу күнү деп төмөнкүлөр эсептелет:
- төлөөчүнүн эсебинен банк мекемеси тарабынан акча каражаттарын эсептен чыгарган күн;
- бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар төлөнбөгөн товарларга болбосо күрөө предметине же төлөөчүнүн башка мүлкүнө карата өндүрүүнү айландырууда, ошондой эле банк кепилдигине же камсыздандыруу келишимине ылайык банк же камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик келишимине ылайык кепилдик берүүчү тарабынан төлөнгөн акча каражаттарын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнүн эсебинен эсептөөдө бажы органынын эсебине акча каражаттары түшкөн күн;
- аванстык төлөмдөрдүн же акчалай күрөөнүн талап кылынбаган суммаларынын сарпталбаган калдыктарынын эсебинен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүүдө бажы органы тарабынан мындай эсептөө жөнүндө чечимди кабыл алган күн.
76. Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммалары төлөөчүнүн арызы боюнча бажы органы тарабынан кайтарылууга тийиш. Аталган арыз көрсөтүлгөн суммалар төлөнгөн күндөн үч жылдан кечиктирбей эсебине түшкөн бажы органына берилет.
77. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтарып берүү эсебине бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммалары түшкөн бажы органынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
Кайтарып берүү жөнүндө арызды кароонун, кайтарып берүү жөнүндө чечимди кабыл алуунун жалпы мөөнөтү жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайтарып берүү кайтарып берүү жөнүндө арызды жана бардык зарыл болгон документтерди берген күндөн тартып 30 (отуз) календарлык күндөн ашпоого тийиш.
Аталган мөөнөттү бузууда белгиленген мөөнөттө кайтарылбаган ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммасына Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен кайтаруу мөөнөтүн бузган ар бир күн үчүн пайыздар эсептелет. Пайыздык ставка кайтаруу мөөнөтүн бузган мезгилде колдонууда болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкасына барабар болот.
78. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайтарып берүү жөнүндө чечим төмөнкүдөй документтерди милдеттүү түрдө берүүдө кабыл алынат:
- ушул Нускаманын 7-тиркемесине ылайык форма боюнча кайтарып берүү (эсептөө) жөнүндө арыз;
- бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар эсептелинген жана/же өндүрүлгөн документтер;
- бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын тиешелүү суммаларын төлөөнү ырастоочу төлөм документтери;
- бажы органы менен субъекттин ортосундагы өз ара эсептерди салыштыруу акты;
- кайтарып берүүнүн негиздүүлүгүн ырастоо үчүн телөөчү тарабынан берилүүчү башка документтер (*).
79. (*) Товарды саны жана/же сапаты боюнча контракттагыдан айырмалап өзгөртүү, ички керектөө үчүн чыгарууда товарлардын бажылык наркын оңдоо төмөнкүдөй шарттарды бир убакытта сактоо менен жүргүзүлөт:
1) эгерде бул товардын саны жана/же сапаты боюнча дооматтарды жөнгө салуу боюнча контрактта төмөнкүлөр эскертилсе:
а) товарды кабыл алуу мөөнөтү;
б) товарды кабыл алуу актысын күбөлөндүрүүгө ыйгарым укуктуу жактардын катышуусу;
в) товардын саны жана/же сапаты боюнча дооматтарды коюунун шарттары жана мөөнөтү;
2) ыйгарым укуктуу адамдар, ташуучу жана бажылык текшерип кароо үчүн жооптуу болгон бажы органынын кызмат адамы тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган контракттан айырмаланган товардын саны жана/же сапаты боюнча жетишсиздигин ырастоочу актынын болушу;
3) сатып алуучунун (алуучунун) товардын саны жана/же сапаты боюнча дооматтарын сатуучунун (жөнөтүүчү же ташуучу) моюнга алуусун жөнгө салуучу жана ырастоочу документ, мында сатуучу товарды кошумча жеткирүү, алмаштыруу же акча каражатын кайтарып берүү жолу менен товардын саны жана/же сапаты боюнча кемчиликтерди жоюуга милдеттенет. Сатуучунун (жөнөтүүчү же ташуучу) сатып алуучунун (алуучунун) дооматтарын моюнга алууда төмөнкү ыкмалардын бири иш жүзүндө аткарылгандан кийин оңдоо жүргүзүлөт:
а) бажы операцияларын жүзөгө ашыруучу бажы органына уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан кол коюлган, герби бар мөөр менен күбөлөндүрүлгөн ырастоочу документти (төлөө документи, ККО, акча каражатынын түшкөндүгү тууралуу банктан көчүрмө) берүү жолу менен товарга карата төлөнгөн төлөмдөрдү (айырмасын) кайтарып берүү;
б) товарды алмаштырып берүү;
в) товарды кошумча жеткирүү.
80. Сатуучу (жөнөтүүчү же ташуучу) сатып алуучунун (алуучунун) контракттан айырмаланган товардын санынын жетишсиздиги жана/же сапатынын ылайык келбегендиги боюнча дооматын моюнга албаса, бажы органы тарабынан товардын наркы боюнча оңдоолор жүргүзүлбөйт жана акча каражатын кайтарып берүү жөнүндө маселе каралбайт.
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтарып берүү жөнүндө чечим ушул Нускаманын 8-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алынат.
81. Арызда маалыматтар болбогон жана ушул Нускаманын 78-пунктунда аталган документтерди бербеген учурда арызды кайтаруунун себебин жазуу жүзүндө көрсөтүү менен арыз төлөөчүгө каралбастан кайтарылат. Арыз бажы органына түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей кайтарылат. Арыз кайтарылган учурда төлөөчү ашыкча төлөнгөн же ашыкча кайтарылган бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтаруу жөнүндө арыз менен кайрадан кайрылууга укуктуу.
82. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, эгерде арызда башкасы каралбаса, төлөө же өндүрүү жүргүзүлгөн төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине кайтарылат. Эгерде төлөөчүнүн пайдасына бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнү башка адам жүргүзсө, анда ошол адамга кайтарылат.
Эгерде төлөөчүнүн ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтаруу (эсептешүү) жөнүндө арызын кароодо бажы органы тарабынан ашыкча төлөө же ашыкча өндүрүү фактылары аныкталбаса, бажы органы тарабынан ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтаруудан баш тартуу тууралуу мотивацияланган чечим кабыл алынат.
83. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтарууда ошондой эле кайтарылуучу бажы төлөмдөрдүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммасынан төлөнгөн же өндүрүлгөн туумдардын жана пайыздардын суммалары да кайтарылууга тийиш.
84. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар төмөнкүдөй учурларда кайтарылбайт:
1) төлөөчүдө кайтарууга тиешелүү суммага барабар болгон же ашкан өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карызы болсо;
2) Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрү аяктаганда бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайтаруу жөнүндө арыз бергенде.
85. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрү төлөөчүнүн каалоосу боюнча бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын жана конкреттүү түрлөрүн, ошондой эле туумдарын, пайыздарын же айыптарын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебинен чегерүү формасында кайтарылышы мүмкүн. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар ушул бөлүмгө ылайык кайтаруу тартиби боюнча чегерилет.
Алдыда төлөнүүчү бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын эсебинен акча каражаттарын чегерүү жөнүндө чечим ушул Нускаманын 9-тиркемесине ылайык форма боюнча кабыл алынат.
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды чегерүү, кайтаруу ушул Нускаманын 10-тиркемесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
86. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды жана пайыздарды төлөө боюнча карыздар болгон учурда бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын эсебинен өз алдынча жабууга укуктуу. Бажы органы чегерүүнү ишке ашырган күндөн тартып үч күндүн ичинде чегерүү боюнча төлөөчүгө кабарлоого тийиш.
87. Ушул Нускаманын 72-пунктуна ылайык Бирликтин алкагында акча каражаттарынын түшүүсү үчүн арналган бирдиктүү казыналык эсепке которулган ташып кирүү бажы алымдары 2014-жылдын 29-майындагы Бирлик жөнүндө келишимдин № 5 тиркемесине ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, ошондой эле туумдарды (пайыздарды) төлөө боюнча төлөөчүнүн карыздарды жабуу эсебине чегерүүдөн тышкары, башка төлөмдөрдү төлөө эсебине чегерилиши мүмкүн.
VI. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы
жана компенсациялык төлөмдөрдү өндүрүү
88. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар төмөнкүдөй кезектүүлүк тартиби менен өндүрүлөт:
а) биринчи кезекте төмөнкүлөр өндүрүлөт:
- бажы алымы;
- атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар;
- салык салынуучу импорттон кошумча нарк салыгы;
- акциз салыгы;
- жыйынды бажы төлөмү жана бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы;
- бажы жыйымдары;
б) экинчи кезекте төмөнкүлөр өндүрүлөт:
- бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн узартуу же жылдыруу үчүн пайыздар;
-туумдар;
в) үчүнчү кезекте бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн айып санкциялары өндүрүлөт.
89. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурларда бажы органдары Мыйзамдын 77-81, 90-беренелеринде аныкталган тартипте жана Нускаманын ушул бөлүмүнө ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу адамдардан мындай бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды өндүрүп алышат.
90. Мында салыктын калдыгы (негизги карыз) болуп бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын төлөнбөгөн суммасы саналат. Ушул Нускаманын максаттары үчүн карыз деп салыктын калдыктарын, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды камтыган, төлөөчүлөр тарабынан төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн же болбосо бажы органдары менен өндүрүлбөгөн акча каражатынын суммасы түшүндүрүлөт.
91. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды мажбурлап өндүрүү боюнча чараларды колдонууга чейин бажы органы төлөөчүгө белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммалары жөнүндө ушул Нускаманын 11-тиркемесине ылайык форма боюнча кабарландыруу (мындан ары - кабарландыруу) жөнөтөт.
92. Кабарландыруу бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн же жеткире төлөнгөн суммасы, ошондой эле бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын, туумдардын жана/же пайыздардын төлөнбөгөн суммасын ушул Кабарландырууда белгиленген мөөнөттө төлөө милдеттенмеси тууралуу бажы органынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү. Кабарландыруу эки нускада түзүлөт, Кабарландыруунун биринчи нускасы төлөөчүгө жөнөтүлөт, экинчи нускасы эсепке алуу үчүн бажы органында калат.
93. Кабарландырууда көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар, Кабарландырууну жөнөтүүнүн тартиби, мөөнөтү, Кабарландырууда аталган талаптарды аткаруунун мөөнөттөрү, Кабарландыруу бажы органдары тарабынан жөнөтүлбөгөн учурлар Мыйзамдын 54-беренесинин 7-13 бөлүктөрүндө жана 86-беренесинин 3 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген.
94. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча карыздар Мыйзамдын 83-беренесинде аталган учурларда өндүрүлгүс карыз болуп саналат жана ушул Нускаманын 12-тиркемесинде белгиленген тартипте эсептен чыгарылат.
95. Кабарландыруу бажы органы тарабынан төмөнкүлөргө ылайык чакыртылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечимине;
- Кыргыз Республикасынын кабыл алынган ченемдик укуктук актысына жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка чечимине, анда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет жокко чыгарылат;
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине.
Көрсөтүлгөн учурларда мурда Кабарландыруу жиберилген төлөөчүгө кат жүзүндө кабарланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы
жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча
милдеттерди аткарууну камсыз кылуу
1. Жалпы жоболор
96. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыздалат:
1) бажы органынын эсебине акча каражаттарын салуу (депозит);
2) банк кепилдиги;
3) кепилдик;
4) товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу;
5) камсыздандыруу келишими.
97. Ушул Нускаманын 79-пунктунун 5-пунктчасында каралган бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыздоонун ыкмасы бажы иши чөйрөсүндө бажы өкүлдөрү, бажы ташуучулары, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, эркин кампалардын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары иштеген жактардын реестрине киргизүүдө гана колдонулат.
Башка учурларда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпинге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыздоо ушул Нускаманын 96-пунктунда аталган каалаган ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт.
98. Ушул главада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) милдеттенмени аткаруунун мөөнөтү - бажы органдарынын алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөтү, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу ыкмасынын бири, бул мөөнөттүн ичинде аталган милдеттенме аткарылууга тийиш;
2) банк кепилдигинин суммасы - банк кепилдиги берилген сумма, анын чегинде бажы органы принципалдын карызын төлөөнү талап кылууга укуктуу;
3) депозиттик сертификат - бажы органы берген жана камсыздоо өлчөмүн камтыган, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды акчалай күрөө түрүндө төлөө боюнча милдеттерди аткарууну ырастоочу документ;
4) бажы тил каты - бажы органы берген жана камсыздоо өлчөмүн камтыган, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды банк кепилдиги, күрөө келишими, кепилдик түрүндө төлөө боюнча милдеттерди аткарууну ырастоочу документ;
5) принципал - бажы иши чөйрөсүндө иштеген декларант же жак.
99. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу Мыйзамдын 63-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 88-беренесинде белгиленген учурларда камсыздалат.
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу Мыйзамдын 63-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташып өтүүдө (транспорттоодо) навигациялык (электрондук) пломба колдонууда берилбейт.
Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу Кодекстин 62-беренесинин 3-пунктунда аталган жактарды тандоо боюнча бир нече ыкмалар менен камсыздалышы мүмкүн.
Бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыздаган адам эгерде бажы алымын, салыктарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун алмаштырылуучу камсыздоосуна Кодекстин 11-главасына жана Мыйзамдын 77-80-беренелерине ылайык өндүрүү айландырылбаса, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте бажы алымын, салыктарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыздоонун бир ыкмасын башка ыкмага алмаштырууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүүсү:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр ушул Нускаманын 100-пунктунун биринчи абзацынын электрондук версиясынын түп нускасына ылайык
101. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу төмөнкүдөй учурларда камсыздалат:
- жактар Кодекстин 436-беренесинде аныкталган суммадагы ишти ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары ишке ашырганда;
- жактар кеминде 10000 (он миң) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммадагы ишти убактылуу сактоо кампасынын, бажы кампасынын, эркин кампанын, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары ишке ашырганда;
- жактар тарабынан кеминде 200000 (эки жүз миң) евро суммасында бажы ташуучу катары ишти жүзөгө ашырганда;
- жактар Комиссия тарабынан аныкталган суммада бажы өкүлү катары ишти жүзөгө ашырганда, ал эми бажы өкүлү катары иш чөйрөсү ташып кирүү бажы алымдары салынбаган жана экспорттун бажы жол-жобосуна коюлган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен чектеле турган юридикалык жакка карата - эсептик көрсөткүчтүн 10000 (он миң) өлчөмүндө.
102. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыздоону кабыл алуу жөнүндө чечим камсыздоо милдети пайда болгон бажы органы же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
103. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыздоону кабыл алгандыгын ырастоо максатында бажы органдары тарабынан депозиттик сертификат же бажы тил каты таризделет, аларды пайдалануунун формасы жана тартиби ушул Нускаманын 17-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат.
104. Бажы транзити бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыздоону кабыл алгандыгын ырастоочу документ болуп бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыздоону кабыл алган бажы органы тарабынан катталган жана берилген бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыздоо сертификаты (мындан ары - сертификат) эсептелет.
Сертификаттын формасы жана аны толтуруунун тартиби Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишим менен аныкталат.
105. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыздоонун өлчөмү Мыйзамдын 71 жана 88-беренелерине ылайык аныкталат.
106. Эгерде бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыздоонун өлчөмүн белгилөөдө бажы органына товардын мүнөзү, алардын аталышы, саны, келип чыккан жери жана бажы наркы тууралуу так маалыматтарды бербегенге байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммасын так аныктоо мүмкүн болбосо, камсыздоонун өлчөмү товарлардын наркына жана/же алардын накталай белгисиндеги физикалык мүнөздөмөлөрүнө (саны, массасы, көлөмү жана башка мүнөздөмөлөргө) пайдалануу тартиби Комиссия тарабынан аныкталуучу, колдонуудагы маалыматтардын негизинде белгиленүүчү бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын жогорку чоңдугуна карата белгиленет.
107. Эгерде товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун белгиленген өлчөмү белгиленсе, мындай чечим бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы органдарына тааныштырылат.
108. Эгерде убакыттын белгилүү бир мезгилинде бир эле адам тарабынан бир нече бажы операциялары жүргүзүлсө, иштеген аймагында мындай операциялар жүргүзүлгөн бажы органына бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну башкы камсыздоо берилиши мүмкүн.
109. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууга башкы камсыздоо төлөөчү же төлөөчүнүн пайдасына башка бир жак тарабынан берилет жана бир же бир нече бажы органына берилиши мүмкүн.
Жактын тандоосу боюнча башкы камсыздоо акчалай күрөө, кепилдик же банк кепилдиги түрүндө берилиши мүмкүн.
Башкы камсыздоо бир жылдан кем эмес убакытка берилет. Башкы камсыздоонун суммасы төмөнкүдөй жолдор менен көбөйүшү мүмкүн:
- кошумча акчалай күрөө берүү;
- банк кепилдигин кайра тариздөө (алмаштыруу), аны колдонуу мөөнөтү мурда бажы органы тарабынан башкы кепилдик катары кабыл алынган банк кепилдигинин колдонуу мөөнөтүнөн аз болбоого тийиш;
- кепилдик келишимине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.
110. Башкы камсыздоону пайдаланууну контролдоо мындай камсыздоону кабыл алган бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
111. Башкы камсыздоо эсебинен өндүрүү учурунда өндүрүүнү ишке ашырган бажы органы башкы камсыздоону берген жакка өндүрүүгө айландырган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
112. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти алып келген жактын милдеттенмелерин аткаруусун бузууну аныктаган бажы органы аткарылышы кепилдик же банк кепилдиги менен камсыздалган кепилдик берүү жөнүндө келишимде же банк кепилдигинде кредитор (бенефициар) катары башка бажы органы аталган болсо да, кредитордун укуктарынын толук көлөмү менен кредитор (бенефициар) катары чыгууга укуктуу.
113. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнү башкы камсыздоонун өлчөмү Кодекстин 65-беренесинде белгиленген талаптарды эске алуу менен бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын төлөнүүгө тийиш болгон суммаларына негизденип аныкталат.
114. Башкы камсыздоону кабыл алган бажы органы ушул Нускаманын 13-тиркемесине ылайык форма боюнча башкы камсыздоону берүү жөнүндө ырастоону (мындан ары - ырастоо) берет.
115. Ырастоодо төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт:
1) башкы камсыздоону кабыл алган бажы органы жөнүндө;
2) башкы камсыздоону берген адам жөнүндө;
3) кабыл алынган башкы камсыздоонун өлчөмү жөнүндө;
4) кабыл алынган башкы камсыздоонун колдонуу мөөнөтү жөнүндө, ал мөөнөттө өндүрүүнү башкы камсыздоого айландыруу жолу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөөдө карыздарды өндүрүү боюнча чараларды өз убагында көрүү мүмкүн;
5) бажы операциялары жөнүндө, аларды жүргүзүү үчүн башкы камсыздоо берилген.
116. Иштеген регионунда бажы операциялары жүргүзүлө турган бажы органын башкы камсыздоону кабыл алган бажы органы кабарлайт.
117. Иштеген регионунда убакыттын белгилүү бир мезгилинде бир нече бажы операциялары жүргүзүлгөн бажы органы бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруусун камсыздоочу бажы операцияларын жүргүзүүдө зарыл болгон сумманы резервделбеген башкы камсыздоонун суммасынан же суммасынын бир бөлүгүнөн башкы камсыздоонун колдонуу мөөнөтү мындай милдеттенмени аткарбаган учурда ушул бажы органынын алдында кабыл алынган милдеттенмени аткаруу тууралуу талапты бажы органы тарабынан өз убагында жөнөтүү үчүн жетиштүү болгон шартта резервге алат.
118. Башкы камсыздоо менен камсыздалган милдеттенмени аткарган учурда башкы камсыздоонун резервделген суммасы бажы органы камсыздалган милдеттенмеси аткарылгандыгына ынанган шартта бошотулат (резервден чыгарылат).
119. Башкы камсыздоо менен камсыздалган милдеттенмени аткарбаган учурда аткарылбаган милдеттенме алдында турган бажы органы Мыйзамдын 77-81-беренелерине жана ушул Нускаманын 6-бөлүмүнө ылайык өндүрүүнү берилген башкы камсыздоого айландырат.
120. Бажы органдарынын техникалык мүмкүндүгү болсо жана башкы камсыздоону берген жактын каалоосу боюнча башкы камсыздоону колдонуу ырастоо бербестен маалыматтык системаларды пайдалануу менен эсепке алынат жана контролдонот.
Мындай учурда башкы камсыздоону колдонуу мөөнөтү мындай милдеттенмени аткарбаган учурда ушул бажы органынын алдында кабыл алынган милдеттенмени аткаруу тууралуу кабарлоону бажы органы тарабынан өз убагында жөнөтүү жетиштүү болгон шартта, убакыттын белгилүү бир мезгилинде бир нече бажы операциялары жүргүзүлгөн бажы органы, бажы органдарынын маалыматтык системалары аркылуу бажы операцияларын жүргүзүүдө зарыл болгон бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыздоо суммасын резервделбеген башкы камсыздоонун суммасынан же суммасынын бир бөлүгүнөн резервдейт.
Башкы камсыздоону берген адамдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, бирок айына бир жолу башкы камсыздоону кабыл алган бажы органы аталган адамга башкы камсыздоону пайдаланганы тууралуу, бирок арызга чейинки үч жылдан ашпаган мезгилге отчет берет (14-тиркеме).
121. Банк кепилдиктерин, күрөө, камсыздандыруу жана кепилдик келишимдерин бажы органы эсепке алат. Банк кепилдиктери, күрөө, камсыздандыруу, кепилчилик келишимдери финансылык так отчеттуулук бланктарын сактоо үчүн белгиленген тартипке ылайык сакталат.
122. Бажы органдары бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыздоо катары банк кепилдиктеринин, күрөө, камсыздандыруу жана кепилдик келишимдеринин түп нускаларын кабыл алышат.
123. Банк кепилдиги, күрөө, камсыздандыруу жана кепилдик келишимдери эгерде башкасы каралбаса, аларды берген (кол койгон) күндөн тартып күчүнө кирет. Банк кепилдигинин, күрөө, камсыздандыруу жана кепилдик келишимдеринин колдонуу мөөнөтү бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык мезгилге белгиленүүгө тийиш.
124. Банк кепилдигин, күрөө, камсыздандыруу жана кепилдик келишимдерин кайтаруу жөнүндө арыздарды кароонун мөөнөтү аны берген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпоого тийиш. Бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бажы органынын бөлүмү принципал бажы органынын алдындагы милдеттенмелердин аткарылышын, ошондой эле банк кепилдигин, күрөө, камсыздандыруу, кепилдик келишимдерин кайтарып алуу үчүн башка негиздердин болушун текшерет.
Банк кепилдигин, күрөө, камсыздандыруу жана кепилдик келишимдерин кайтарып алуу жөнүндө чечимди бажы органы кабыл алат. Баш тартуу арызга тиешелүү резолюцияны коюу аркылуу баш тартуунун негизин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен таризделет.
125. Гарант тарабынан бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыздоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу принципалды бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды жана пайыздарды төлөө милдетинен бошотпойт.
2. Банк кепилдиги жана камсыздандыруу
келишимдери менен бажы органдарынын иштөө
тартиби
126. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо катары бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизилген банктар же камсыздандыруу уюмдары менен берилген банк кепилдиктерин, камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат.
127. Банк кепилдиги чакыртып алынбагандай болууга тийиш. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүнүн милдеттенмелери, алардын талаптагыдай аткарылышы банк кепилдиги менен камсыздалат;
2) гарант тарабынан банк кепилдиги боюнча милдеттенмелерди аткарбаган учурда бажы органы менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын тиешелүү суммасын гаранттан талашсыз алып коюу укугу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө пайыздарды, туумдарды жана айыптарды бажы органына төлөп берүү боюнча гаранттын милдети;
4) шарт, ага ылайык гаранттын банк кепилдиги боюнча милдеттенмелерди аткаруусу болуп Бирликтин мүчө мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда эсептөө жана бөлүштүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттин кирешесине чегерүү үчүн Кыргыз Республикасынын казыналык бюджеттик эсебине жана/же Бирликтин алкагында акча каражаттарынын түшүүсү үчүн арналган бирдиктүү казыналык эсепке акча каражаттарынын иш жүзүндө түшүүсү эсептелет;
5) банк кепилдигинин колдонулуу мөөнөтү.
128. Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банк жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби ушул Нускаманын 15-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат.
129. Банк кепилдиктерин берүү, банк кепилдиги боюнча талаптарды берүү, гарант тарабынан милдеттенмелерди аткаруу жана банк кепилдигин токтотуу менен байланышкан укуктук мамилелерге Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жана ушул Нускаманын жоболору колдонулат.
130. Банк кепилдигин кабыл алуу же баш тартуу тууралуу чечим аны бажы органына берген күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
131. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоо катары банк кепилдигин кабыл алуу жөнүндө чечим ушул Нускаманын 114-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, бажы органы тарабынан кабыл алынат жана бажы тил каты менен таризделет (бажы тил катын пайдалануунун формасы жана тартиби - ушул Нускаманын 17-тиркемеси).
132. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө милдеттенме колдонулган бүтүндөй мөөнөттүн ичинде үзгүлтүксүз камсыздалууга тийиш. Бажы органы принципалдын милдеттенмелерин аткарууну камсыздоонун болушун жана жетиштүүлүгүн контролдойт. Банк кепилдигинин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде бажы органы принципалды жана гарантты бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөө зарылдыгы тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
133. Банк кепилдигинин түп нускасы принципал тарабынан бажы органынын алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин аткарганда принципалга же кепилге кайтарылууга тийиш.
Мында тил каттын түп нускасы принципал же кепилдик берүүчү тарабынан бажы органына кайтарылат.
134. Бажы органы банк кепилдиги боюнча милдеттенмени аткаруу тууралуу бажы органында калган банк кепилдигинин көчүрмөсүнүн артына белгилеп жазат.
135. Эгерде банк кепилдиги менен камсыздалган милдеттенме аткарылбаса, бажы органы тарабынан бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө үчүн жооптуу адамга жана ошол эле учурда кепилге белгиленген форма боюнча Кабарлама жөнөтүлөт.
136. Кепилге Кабарлама жөнөтүүдө банк кепилдигинин көчүрмөсү жана банк кепилдиги менен камсыздалган милдеттенмелерди принципалдын аткарбоо фактысын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү тиркелет. Кабарламага тиркелген бардык документтердин көчүрмөлөрү бажы органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
137. Банк кепилдиги боюнча милдеттенмелерди кепилдин аткаруусу бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн принципалды жоопкерчилигинен, ошондой эле бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды банк кепилдигинин тиешелүү суммасынан ашкан бөлүгүндө төлөө боюнча милдетти аткаруудан бошотпойт.
138. Бажы органы гарантка Кабарлама жөнөткөнгө чейин же гарант тарабынан бажы органынын талаптарын канааттандырганга чейин принципал бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын өз эрки менен төлөгөн учурда ушул суммаларды төлөө боюнча Кабарлама кепилге жөнөтүлбөйт же чакыртып алынат.
139. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы өкүлү, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, эркин кампалардын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери, бажы ташуучулары катары бажы иши чөйрөсүндө иштеген адамдардын реестрине юридикалык жактарды киргизүүдө гана бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыздоо катары камсыздандыруу уюмдары тарабынан берилген камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат.
Камсыздандыруу келишимин кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө чечим бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
Камсыздандыруу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) бажы өкүлдөрүнүн, убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин, бажы кампаларынын ээлеринин, эркин кампалардын ээлеринин, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин жана бажы ташуучуларынын реестрине киргизилген юридикалык жактардын милдеттенмелери;
2) камсыздандыруу келишими боюнча каралган камсыздандыруу суммаларын камсыздандыруу уюмдарынын төлөп берүү мөөнөттөрү;
3) камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөрдө бажы органына пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөп берүү милдети;
4) камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтү.
Камсыздандыруу милдеттенме колдонулган мөөнөттүн ичинде үзгүлтүксүз камсыздалууга тийиш. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздоочунун милдеттенмелерин камсыздоонун болушун жана жетиштүүлүгүн контролдойт.
3. Бажы органдарынын акча күрөөсү менен иштөө
тартиби
140. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыздоо катары (акча күрөөсү) бажы органынын депозит эсебине акча каражаттарын киргизүү улуттук валютада жүргүзүлөт. Акча күрөөсүнүн суммасына пайыздар эсептелинбейт.
141. Бажы органынын депозит эсебине акча каражаттарын салган адамга акча күрөөсүн салгандыгын ырастоо катары депозиттик сертификат берилет (пайдалануунун формасы жана тартиби - ушул Нускаманын 17-тиркемеси).
142. Депозиттик сертификат принципалга тапшырылат жана принципалдын бажы органынын алдындагы конкреттүү милдеттенмесин камсыздоону ырастоочу документ болуп саналат.
4. Күрөө, кепилдик келишими түрүндө камсыздоо
менен бажы органдарынын иш тартиби
143. Жак бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыздоону күрөө же кепилдик келишими түрүндө берүү ниетин билдирсе, бажы органы мындай жактан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жак тарабынан кол коюлган жана күбөлөндүрүлгөн күрөө же кепилдик келишиминин долбоорун кароого кабыл алат.
144. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө үчүн жооптуу адам же башка каалаган адам күрөө берүүчү болуп саналат.
145. Күрөө предмети болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлк саналат, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
1) Кыргыз Республикасынын чек арасынан тышкары болгон мүлктү;
2) башка милдеттенмени камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлган мүлктү же үчүнчү жактардын пайдасына буга чейинки башка милдеттенмелер жүктөлгөн мүлктү;
3) тез бузулууга дуушар болуучу товарларды, жаныбарларды;
4) электр, жылуулук жана энергиянын башка түрлөрүн;
5) ишканаларды;
6) мүлктүк укуктарды;
7) баалуу кагаздарды;
8) жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсүн;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин сатууга тыюу салынган продуктулар жана өндүрүштүн калдыктары;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими менен гана өндүрүүгө айландырылуучу мүлктөр.
146. Күрөө жөнүндө келишим предметти күрөө коюучуда калтыруу же күрөөгө коюлган мүлктү күрөө кармоочуга (бажы органына) өткөрүп берүү менен түзүлөт.
147. Эгерде бажы органы күрөө предметин пайдалануу, башкаруу жана сактоо шарттары сакталат деп эсептеген негиздерге ээ болсо, анда күрөө предметин күрөө коюучуда калтыруу менен күрөө келишими түзүлүшү мүмкүн.
148. Күрөө келишими, эгерде анда төмөнкүлөр тууралуу жоболор камтылса, бажы органы тарабынан кол коюлушу мүмкүн:
- бажы органдарынын алдындагы милдеттенмелерди камсыздоо үчүн коюлган товарларды жана транспорт каражаттарын кезектеги күрөөгө коюуга жол берилбей тургандыгы;
- күрөө предметин баалоо күрөө коюучунун эсебинен көз карандысыз баалоочу тарабынан жүргүзүлгөндүгү;
- күрөө коюучу өзүнүн эсебинен авариянын же жеңе алгыс күчтөрдүн таасиринин, башка мамлекеттик органдар тарабынан иш-аракеттерди жасоонун же алар тарабынан күрөө коюучунун чарбалык ишин токтотуучу же болбосо алардын ага тоскоолдук кылуучу же ага терс таасирин тийгизүүчү (күрөө предметин конфискациялоо, реквизициялоо) актыларды кабыл алуунун, ошондой эле жоюу же кудуретсиз деп таануу же күрөө предмети күрөө коюучуда калгандыгына же күрөө кармоочуга өткөрүлүп берилгендигине карабастан өзүнүн кудуретсиздиги тууралуу жарыялоонун кесепетинен күрөө предмети жок болгон, кем чыккан же бузулган учурларга күрөөгө коюлган күрөө предмети анын толук наркына камсыздандыргандыгы;
- күрөө предметин сатууга, башка ажыратууга, ижарага берүүгө жана үчүнчү жакка ээлик кылууга же колдонууга берүүгө жол берилбей тургандыгы;
- эгерде күрөө предмети алмаштырылса, анда ага бажы органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана наркы боюнча бирдей мүлккө жол берилери (күрөө предметин алмаштыруу күрөө келишимине кошумча макулдашуу менен таризделет, ал түзүлгөн келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат);
- эгерде күрөө коюучу болуп күрөө менен камсыздалуучу милдеттенмени аткарууга жооптуу болуп саналбаган жак эсептелсе, күрөө келишиминде күрөө коюучунун тең жоопкерчилиги болуп карала тургандыгы;
- өндүрүү күрөө предметине айландырылган учурда аны сатуу боюнча чыгымдар күрөө коюучунун эсебинен жабылары;
- күрөө жөнүндө келишимдин аракети күрөө менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу менен же өндүрүүгө айландырылган күрөө предмети сатылган учурда токтотулары.
149. Күрөө келишими төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бажы органы тарабынан каралат:
- күрөө предметине анын менчик укугун ырастоочу күрөө коюучунун документтерин текшерүү. Аталган документтер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш;
- мөөнөтүн жылдыруу (узартуу) үчүн төлөнүүгө тийиш болгон пайыздары эске алынып, күрөө менен камсыздалуучу милдеттенме боюнча төлөнүүчү бажы төлөмдөрү эсептелет;
- күрөө предметинин наркын аныктоодо анын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу наркын эске алуу зарыл;
- бажы органын мамлекеттик менчикке айландырылган товарлар менен иштөө үчүн жооптуу бөлүмү тарабынан күрөө предметинин өтүмдүүлүгү тууралуу корутунду даярдалат, ошондой эле күрөө предметин сатууга бажы органынын чыгымдарынын болжолдуу эсеби жүргүзүлөт;
- күрөө предметинин наркы күрөө менен камсыздалуучу милдеттенме боюнча бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөгө тийиш болгон суммалардан же болбосо мөөнөтүн жылдыруу (узартуу) үчүн төлөөгө тийиш болгон пайыздарды эске алуу менен ушул Нускамага ылайык белгиленген суммалардан аз болушу мүмкүн эмес.
150. Жак тарабынан берилген күрөө келишиминин долбоору бажы органы тарабынан келишимдин долбоорун алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде каралат.
151. Эгерде күрөө менен камсыздалган милдеттенме аткарылбаса, бажы органы тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жакка белгиленген форма боюнча Кабарлама жөнөтүлөт.
152. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө үчүн жооптуу жактан карызды мажбурлап өндүрүү боюнча чараларды колдонуу менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүү күрөө предметине айландырылат.
153. Күрөө предмети сатылганга чейин күрөө коюучу тарабынан милдеттенмелер аткарылган учурда өндүрүүнү айландыруу жана аны сатуу токтотулушу мүмкүн. Өндүрүүнү күрөө предметине айландыруу бажы органынын алдында милдеттенмелери аткарылбаган бөлүгүндө жарым-жартылай болушу мүмкүн.
154. Төмөнкү шарттар аткарылган учурда бажы органдарынын алдында кепилдик берүүчү катары юридикалык жактар чыга алышат:
1) мамлекеттик каттоо бажы органына кайрылган күнгө карата кеминде 3 (үч) жыл мурун жүргүзүлсө (укук мураскерлик болгон учурда кайра уюштурууну эске алуу менен);
2) 1 (бир) млн. сомдон кем эмес өлчөмдө катталган уставдык капитал болгондо;
3) банкроттук жөнүндө өндүрүш козголбосо жана/же юридикалык жак Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштуруу же жоюу стадиясында болбосо;
4) бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыз жок болсо;
5) бажы иши чөйрөсүндөгү бузуулар жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген токтом жок болсо же аткарылбаса;
6) акыркы календардык жылдын ичинде бухгалтердик эсептин маалыматтары менен ырасталган чыгымдар жок болсо.
155. Жакты кепилдик берүүчү катары таануу максатында, ушул Нускаманын 154-пунктунун 1-3, 6-пунктчаларында каралган шарттарды сактоону ырастаган документтерди тиркөө менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эркин формада кепилдик берүүчү деп таануу жөнүндө арыз жөнөтүлөт.
156. Бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай арыз түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) күндөн ашпаган мөөнөттө жакты кепилдик берүүчү деп таануу жөнүндө чечимди же жакты кепилдик берүүчү деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Зарыл болгон учурда, арыз ээси тарабынан берилген документтерди жана маалыматтарды ырастоо үчүн бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды камтыган документтерге сурам кыла алат. Аталган жактар сурамды алган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде суралган документтерди берүүгө милдеттүү, мында арызды кароо мөөнөтү аталган мөөнөткө узартылат.
157. Жакты кепилдик берүүчү деп таанууда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай жакты Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине (ушул Нускаманын 16-тиркемеси) киргизет жана ага бажы органдарынын алдында кепилдик берүүчү катары чыгуу укугуна кабарлама берет.
Кепилдик берүүчү деп таанылган юридикалык жактар, Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып 1 (бир) жылдык мөөнөткө Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине киргизилет. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтына Реестрге киргизилген кепилдик берүүчүлөрдү үзгүлтүксүз жарыялап турат.
Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтү аяктаган соң юридикалык жактар Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине кайтадан киргизилүүгө укуктуу. Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине кайтадан киргизүү үчүн арыз чечимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине кайтадан киргизүү жөнүндө арыз ушул бөлүмдүн 4-главасынын жоболоруна ылайык каралат.
Жакты кепилдик берүүчү деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим аталган жак ушул Нускаманын 154-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды аткарбаган учурда кабыл алынат.
158. Жакты кепилдик берүүчү деп таануу жөнүндө чечимди алгандан кийин мындай жак кол коюу үчүн кепилдик келишимин бажы органына берүүгө укуктуу.
Кепилдик берүүчү кепилдик келишими түзүлө турган бажы органына кепилдик берүүчүнүн атынан кол коюу укугуна ээ кызмат адамдарынын кол тамгасынын үлгүлөрү менен карточкаларды жана бар болсо кепилдик берүүчүнүн мөөрүнүн оттискин берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
159. Кепилдик келишими ушул Нускаманын 154-пунктунда көрсөтүлгөн жактар менен кепилдик берүүчү катары өз милдеттенмелерин аткарууга кепилдик берилген суммага түзүлөт.
160. Кепилдик берүүчү өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу кепилдигин төмөнкүдөй формада берет:
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизилген банктар тарабынан берилген банк кепилдиги;
- бажы органынын депозиттик эсебине киргизилген акча каражаттары.
161. Эгерде кепилдик келишиминде төмөнкү жоболор камтылса, ага бажы органы тарабынан кол коюлушу мүмкүн:
- бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөгө жооптуу жак жана кепилдик берүүчү камсыздалуучу милдеттенмени аткаруу үчүн бирдей жоопкерчилик тартышат;
- төлөөгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кепилдик берүүчү тарабынан төлөө мөөнөтү;
- келишимдин колдонуу мөөнөтү;
- кепилдик же кепилдик менен камсыздалган милдеттенменин токтотулушу менен же берилген кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган учурда токтотулат.
Кепилдик келишиминин долбоору бажы органы тарабынан аны алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде каралат.
Кепилдик келишиминин долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча бажы органы үч күндүк мөөнөттө бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары кепилдик келишимин кабыл алат же кабыл алуудан баш тартат.
Кепилдик келишими кабыл алынган учурда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары бажы органынын начальниги кол коёт.
Кепилдик келишиминин бир нускасы бажы органында калат, экинчи нускасы кепилдик берүүчүгө берилет.
162. Эгерде кепилдик менен камсыздалган милдеттенме аткарылбаса, бажы органы тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жакка жана кепилдик берүүчүгө бир убакытта белгиленген форма боюнча Кабарлама жөнөтүлөт.
Бир убакытта бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча жооптуу жактан карызды мажбурлап өндүрүү боюнча чараларды колдонуу менен кепилдик берүүчүдөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын төлөнбөгөн суммаларын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүү жүргүзүлөт.
163. Кепилдик берүүчү катары чыккан жак, төмөнкү учурларда Кепилдик берүүчүлөрдүн реестринен чыгарылат:
1) кепилдик берүүчү бажы органдарынын талабы боюнча бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды түзүлгөн кепилдик келишимине ылайык төлөбөсө;
2) кепилдик берүүчүдө бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттер бар болсо;
3) кепилдик берүүчү ушул Нускаманын 154-пунктуна ылайык аныкталган шарттарга шайкеш келбей калса.
164. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кепилдик берүүчүлөрдүн реестринен чыгарылган жакка чыгаруунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
Жакты Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине кайтадан киргизүү жөнүндө чечим бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны чыгаруу үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин кабыл алынат.
165. Жакты Кепилдик берүүчүлөрдүн реестринен чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган учурда мындай жактын бажы органынын алдында кепилдик берүүчү катары чыгууга укугу жок.
Ушуну менен бирге, кепилдик берүүчү жакты Кепилдик берүүчүлөрдүн реестринен чыгаруу тууралуу чечим күчүнө киргенге чейин пайда болгон бардык өзүнүн милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартууну улантат.
166. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ушул Нускаманын 16-тиркемесине ылайык форма боюнча Кепилдик берүүчүлөр реестрин жүргүзөт;
2) ошол айдын биринчи числосуна карата колдонуудагы Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрин бажы органдарына маалымдайт.
167. Кыргыз Республикасынын бажы органдары:
1) Кепилдик берүүчүлөрдүн реестрине киргизилген жактар менен кепилдик келишимдерин түзөт;
2) кабыл алынган кепилдик келишимдери жана/же акчалай күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарууну контролдойт, ошондой эле кепилдик келишиминин шарттарына жана гаранттар тарабынан мындай милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык акча каражаттарын өндүрүү боюнча зарыл болгон чараларды көрөт;
3) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кепилдик келишимдери боюнча акча каражаттарын төлөө тууралуу бажы органдарынын талаптары кепилдик берүүчү тарабынан аткарылбаган бардык фактылар жөнүндө кечиктирбестен маалымдайт;
4) зарыл болгон учурларда кепилдик берүүчүдөн кепилдик берүүчүнүн атынан кол коюу укугу берилген кызмат адамдарынын кол тамгаларынын үлгүлөрү менен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн карточканы жана кепилдик берүүчүнүн мөөрүнүн оттискин сурайт.
168. Күрөө жана кепилдик келишимдерин эсепке алуу жана сактоо так финансылык отчеттуулук документтери үчүн аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
VIII. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын
бажылык наркын аныктоо жана декларациялоо тартиби
169. Товардын түрүнө жана колдонулуучу чендердин түрлөрүнө жараша ташып чыгуу бажы алымдарын эсептөө үчүн база болуп, эгерде башка Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралбаса, товарлардын бажылык наркы жана/же алардын накталай түрдөгү физикалык мүнөздөмөлөрү (саны, массасы, анын ичинде товар колдонулганга чейин андан ажырагыс болгон жана/же анда товар чекене сатуу үчүн берилген товардын алгачкы таңгагын эске алуу менен, көлөмү жана товардын башка мүнөздөмөлөрү) саналат.
170. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын бажылык наркы коммерциялык документтерде көрсөтүлгөн жана ташып чыгарылуучу товарларга тиешелүү болгон маалыматтардын негизинде аныкталат.
171. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын бажылык наркын декларациялоо товарлардын декларациясында алардын бажылык наркы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
IX. Бажы төлөмдөрүнүн төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө
негиздерди ырастоо
172. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү кийинкиге жылдырууга же мөөнөтүн узартууга негиздердин болушу төмөнкүчө ырасталат:
1) табигый кырсыктардын, технологиялык катастрофанын же жеңе алгыс күчтүн башка жагдайларынын натыйжасында бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө зыян келтирилген учурда - жарандык коргоо, өрт, радиациялык коопсуздук, суу объекттеринде, гидрометеорологияда адамдардын коопсуздугу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
2) бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө республикалык бюджеттен каржылоо же ушул жак тарабынан аткарылган мамлекеттик заказды төлөө кечиккен учурда - мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин алкагында жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырууда - бажылык жана салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, бажы жана салык саясатын жүргүзүү боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
4) айыл чарба ишин жүзөгө ашыруучу уюмдар тарабынан отургузулуучу же себилүүчү материалдарды, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, айыл чарба техникасын, асыл тукум жаныбарлардын объекттерин (асыл тукум айыл чарба жаныбарлары, канаттуулар, балыктар жана асыл тукум өстүрүүнүн башка объекттери), асыл тукум продукциясын (материалын), жаныбарларды тоюттандыруу үчүн колдонулуучу продуктуларды бажы аймагына ташып кирүүдө, ошондой эле мындай уюмдардын дарегине аталган товарларды жеткирүүдө - айыл чарба жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
5) бажы аймагына кайра иштетүүчү өнөр жайда колдонулуучу товарларды, анын ичинде чийки заттарды, материалдарды, технологиялык жабдууларды, алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрүн бажы аймагына ташып кирүүдө - өнөр жай жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан.
X. Пайыздарды жана туумдарды эсептөө
173. Мөөнөтүн жылдыруу үчүн пайыздар төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
мында:
Пот - мөөнөтүн жылдыруу үчүн пайыздар (сом);
С - мөөнөтү жылдырылган бажы төлөмдөрүнүн суммасы (сом);
Д - мөөнөтү жылдырылган календарлык күндөрдүн саны;
Ст - мөөнөтү жылдырылган мезгилде колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу чени (эсепке алуу чени жума сайын шаршембиде өзгөрөт);
360 - Кодекске ылайык күндөрдүн саны.
174. Мөөнөтүн узартуу үчүн пайыздар төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
муну менен:
Сп = Сп1 + Сп2 + ... + Спм - 1 + Спм;
Д = Д1 + Д2 + ... Дм,
мында:
Про - мөөнөтүн узартуу үчүн пайыздар (сом.);
Сп - мөөнөтү узартылган бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы;
Сп1, Сп2 ... Спм-1, Спм - мөөнөтүн узартууда бажы органы тарабынан белгиленген бажы төлөмдөрүн төлөө графигине ылайык өзүнчө мезгилдер үчүн жарым-жартылай төлөнгөн бажы төлөмдөрү (сом);
Д - мөөнөтү узартылган календардык күндөрдүн жалпы саны;
Д1, Д2 ... Дм - мөөнөтүн узартууда бажы органы тарабынан белгиленген бажы төлөмдөрүн төлөө графигине ылайык мөөнөтүн узартуу мезгилдеринин календардык күндөрүнүн саны;
Ст - мөөнөтүн узартуу мезгилинде колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу чени (эсепке алуу чени жума сайын шаршембиде өзгөрөт);
360 - Кодекске ылайык күндөрдүн саны.
175. Мөөнөтүн жылдыруу же мөөнөтүн узартуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу чени өзгөргөн учурда, мөөнөтүн жылдыруу же мөөнөтүн узартуу үчүн пайыздар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын белгиленген эсепке алуу чендери колдонулган күндөрдүн факт жүзүндөгү санына жараша кайра эсептелүүгө тийиш.
176. Ар бир мезгил үчүн алынган пайыздардын суммасы үтүрдөн кийинки экинчи белгиге чейин математикалык эрежелер боюнча тегеректелет.
177. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда (мөөнөтү өтүп кеткенде) туумдар төлөнөт.
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтүнүн өтүп кетиши Кодекске жана Мыйзамга ылайык белгиленген бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөттөрү келген күндөн кийинки күндөн тартып пайда болот.
178. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү өткөн ар бир календардык күн үчүн туумдар бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү келген күндөн кийинки күндөн тартып бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингте каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерин аткарган күндү кошуп, же бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы компенсациялык алымдардын төлөнбөгөн суммасынын 0,09 пайыз өлчөмүндө мөөнөтүн жылдыруу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күн кошуп эсептелинет.
179. Кепилдик берүүчүгө же гарантка Кабарлама жиберүүдө туумдар кепилдик же банк кепилдиги менен камсыздалган милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөттөрү өткөн күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет.
180. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүгө Кабарлама жиберүүдө туумдар Кабарлама жиберилген күндү кошуп эсептелинет. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнбөгөн учурда, туумдар ушул Нускаманын 178-пунктуна ылайык эсептелет.
181. Товарлар убактылуу сактоодо турганда бажы декларациясын берүү мөөнөтү бузулган учурда убактылуу сактоо мезгили үчүн туумдар эсептелбейт жана төлөнүүгө тийиш эмес.
182. Туумдар бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын төлөө менен бир эле убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин отуз күндөн ашпаган мөөнөттө төлөнөт.
183. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн эсептелген туумдардын жалпы суммасы бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар боюнча негизги карыздын өлчөмүнөн 100 (жүз) пайызынан ашпоого тийиш.
184. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча мөөнөтүн жылдыруу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды берүү өнбөгөн калдыктын суммасына туумдарды эсептөөнү токтотпойт.
185. Туумдарды төлөө, өндүрүү жана кайтаруу Мыйзамда каралган тартипте бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөгө, өндүрүүгө жана кайтарууга карата жүзөгө ашырылат.
186. Туумдар төмөнкү учурларда эсептелбейт:
- Кодекстин 54-беренесинин 2-пунктунда, 55- беренесинин 6-бөлүгүндө, 58-беренесинин 4-бөлүгүндө, 117-беренесинин 11-бөлүгүндө, Мыйзамдын 168- беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында белгиленген учурларда;
- бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жөнүндө Кабарламаны алган күндөн 30 (отуз) календардык күндүн ичинде төлөөдө;
- Кыргыз Республикасынын кудуретсиздик (банкроттук) жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 1-тиркеме |
Форма
________________________________ начальнигине
(бажы органынын аталышы)
Милдеттенме
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
________________________________________________________________ тарабынан
(импорттоочунун маалыматтары)
импорттолуучу жана № __________________________________________ товарлардын
декларациясында декларациялануучу _________________________________________
__________________________________________________________________________
(товардын аталышы, ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду, наркы, саны)
негизги каражаттар катары импорттолот.
Импорттоочунун юридикалык дареги, товарлардын жайгашкан жеринин дареги,
байланыш маалыматтары өзгөргөн учурда баланстык эсепке, инвентардык
номерге ж.б киргизилген күндөн тартып 5 (беш) календардык күндөн
кечиктирбестен бажы органына кабарлоону милдеттенем.
Мен жүзөгө ашыруучу иш, ___________________________________________________
(айыл чарба өндүрүүчү/айыл чарба
__________________________________________________________________________
кооперативи/машина-трактордук станция/айыл чарба багытындагы
__________________________________________________________________________
соода-логистикалык борбору)
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен белгиленген аныктамаларга
шайкеш келгендигин ырастайм.(*)
Идентификациялык салык номери ____________________________________________
Ишкананын жетекчиси: | ______________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
Башкы бухгалтер: | ______________________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
|
|
М.О. | ______________________________________________ |
| (күнү) |
Эскертүү:
(*) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 301-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жактар тарабынан толтурулууга милдеттүү.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 2-тиркеме |
Форма
МСКБнын аталышы __________________________
КНС/бирдиктүү салык боюнча каттоо жөнүндө МААЛЫМКАТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Чарба субъектинин аты-жөнү же аталышы ____________________________________________ ___________________________________________________________________________________ 2. Салык төлөөчүнүн ИСН ____________________________________________________________ 3. _________________________________ тартып КНС/бирдиктүү салык төлөөчү катары катталган
МСКБнын жетекчиси: ________________________________________________________________ (колу, аты-жөнү)
М.О. Датасы 20__-жылдын "___" _________________ |
|
Эскертүү: ушул маалымкат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 301 жана 324-беренелерине ылайык бажы органдарына көрсөтүү үчүн берилди жана берилген датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде жарактуу болот.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 3-тиркеме |
Форма
САЛЫК ОРГАНЫНЫН ФИРМАЛЫК БЛАНКЫ
№ ______________________ |
| 20___-жылдын "___" ___________ |
Салык төлөөчүнү салыктык каттоо жөнүндө маалым кат (бажы органына тапшыруу үчүн)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул субъект ____________________________________________________________
(уюмдун аталышы же жеке ишкердин аты-жөнү толугу менен)
чындыгында салык төлөөчү катары _________________________________________
(шаар, район)
Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында ___________________________
(каттоо күнү)
катталганы, ______________________________________________________________
*(салык төлөөчү тарабынан каттоодо көрсөтүлгөн экономикалык ишмердиктин түрү)
____________________________________________ идентификациялык салык номери
(ИСН)
ыйгарылганы тууралуу берилди.
Маалым кат _______________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
_____________________________________________________ тапшыруу үчүн берилди.
Эскертүү:
Ушул маалым кат Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 57-пунктуна ылайык бажы органдарына тапшыруу үчүн берилди жана берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жарактуу.
(*) - финансылык ижара келишими боюнча негизги каражаттарды импорттоодо (лизинг) экономикалык ишмердиктин түрү толтурулбайт.
Салык органынын жетекчиси | ________________________ | ____________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 4-тиркеме |
Форма
Карт-чектин үлгүсү
№ төлөм боюнча маалымат | ||||||
Товарлардын декларациясынын номери | ||||||
Бажы органынын аталышы | ||||||
Бажы органынын эсеби | ||||||
Төлөө жүргүзүүнүн күнү жана убактысы | ||||||
Төлөөчү: | ||||||
ИСН | ||||||
ОКПО коду: | ||||||
Төлөнгөн төлөмдөрдүн жалпы суммасы - Бардыгы |
| Төлөмдүн суммасы | ||||
|
|
| ||||
| ||||||
Төлөмдүн коду(*) |
|
| ||||
Төлөмдүн багыты |
|
| Бажы операциялары үчүн жыйымдар | Сумма | ||
|
|
|
| |||
| ||||||
Төлөмдүн коду(*) |
|
| ||||
Төлөмдүн багыты |
|
| Ташып кирүү (импорттук) бажы алымы | Сумма | ||
|
|
|
| |||
| ||||||
Төлөмдүн коду(*) |
|
| ||||
Төлөмдүн багыты |
|
| Ташып кирүүчү товарларга КНС | Сумма | ||
|
|
|
| |||
| ||||||
Төлөмдүн коду(*) |
|
| ||||
Төлөмдүн багыты |
|
| Акциз салыгы | Сумма | ||
|
|
|
| |||
| ||||||
(*) Карт-чек боюнча төлөмдүн коду Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык Кирешелер боюнча операциялардын классификациялык түзүмүнө ылайык түзүлөт.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 5-тиркеме |
Форма
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнү ырастоо
__________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы, ОКПО коду, ИСН, дареги)
кайрылуусуна ылайык _______________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
__________________________________________________________________________
(акча каражаттары киргизилген
__________________________________________________________________________
төлөө документтеринин реквизиттери)
__________________________________________________ бажы декларациясы боюнча
(товарлардын декларациясынын №)
таризделген товарларга карата ________________________________________________
(төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге
__________________________________________________________________ өлчөмүндө
каршы, компенсациялык алымдардын суммасы
____________________________________________________________________________
(төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча бөлүү менен)
эсебине төлөнгөн бажы төлөмдөрү ______________________________________________
____________________________________________________ төлөнгөндүгүн ырастайбыз.
(уюмдун аталышы(*)
Начальник:
(начальниктин орун басары)
_________________________________ | ________________ | ______________________ |
(бажы органынын аталышы) | (колу) | (аты-жөнү) |
"___" ___________________ 20___-жыл.
М.О.
(*) Иш жүзүндө бажы органынын эсебине акча каражаттарын төлөгөн уюм көрсөтүлөт.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 6-тиркеме |
Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын бюджетке түшүүсүн эсепке алуу, ошондой эле төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартипте Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөрдүн өз убагында жана толук түшүшүн контролдоону камсыз кылуу максатында бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы компенсациялык алымдардын бюджетке түшүүсүн эсепке алуу, ошондой эле төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү эрежелери аныкталган.
2. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпинге каршы, компенсациялык алымдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленүүчү тартипте маалыматтык технологияларга жана маалыматтык ресурстарга ылайык маалыматтык системаларды колдонуу менен эсепке алынат.
2. Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын бюджетке түшүүсүн эсепке алуу тартиби
3. Төлөөчүлөр бажы төлөмдөрүн бажы кызматынын веб-сервисине(1) интеграцияланган коммерциялык банктар аркылуу төмөнкүдөй жол менен төлөшөт:
- бажы операциялары боюнча адис (брокердин идентификатору) тарабынан таризделген документтин негизинде же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасында таризделген документтин негизинде (товарларга декларациянын маалымдама номери, бажы кириштөө ордеринин №, бузуу жөнүндө иштин № ж.б.);
- бажы төлөмдөрүн аванс түрүндө төлөөдө төлөөчү жеке эсебинин номерин ошондой эле кошумча реквизиттерди: бажы органын, бюджеттик классификатордун кодун жана төлөм суммасын көрсөтүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Төлөөчүнүн бардык бажы төлөмдөрү ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлгөн коммерциялык банктар аркылуу төлөнгөн учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасына (мындан ары - БАМС) киргизилет жана коммерциялык банк тарабынан автоматтык түрдө ырасталган төлөмдөр болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Төлөнгөндөн кийин бардык төлөмдөр төлөөчүнүн жеке эсебине чегерилет (аванс төлөмдөрү) жана маалымат БАМСтын төлөм документтер бөлүгүндө сакталат. Төлөм документтери менен бажы документтеринин ортосундагы байланыш бажы документин тариздөө учурунда жүргүзүлөт.
6. Төлөмдөр бажы документин тариздеген учурда бажы органынын кызмат адамы тарабынан төлөөчүнүн жеке эсебинен БАМС системасындагы бажы төлөмдөрүнө которулат.
7. Төлөөчү бажы төлөмдөрүн ушул Тартиптин 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн башка коммерциялык банк аркылуу төлөсө жана/же БАМСка бажы төлөмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу коммерциялык банктын ырастоосу болбосо, бажы органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынан (мындан ары - Казыналык) төлөм жөнүндө ырастоо алгандан кийин БАМСка бажы тариздөөсүн жүргүзөт.
8. Бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн кызмат адамдары бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын төлөөчүлөрдүн жеке эсептерине чегерүү, которуу, кайтаруу жана киргизүү боюнча туура жана өз убагында эсепке алууну камсыздашат.
9. Бажы органдарында бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар төлөөчүлөрдүн жеке эсептеринде төмөнкүдөй формалар боюнча эсепке алынат:
1) төлөөчүнүн жеке эсебиндеги учурдагы калдыктар (ушул Тартипке 1-тиркеме);
2) төлөм документтери боюнча акча каражаттарынын кыймылы (ушул Тартипке 2-тиркеме);
3) бажы документтери боюнча бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жана алардын кыймылы (ушул Тартипке 3-тиркеме).
10. Төлөөчүлөрдүн жеке эсептериндеги бардык жазуулар электрондук төлөм документтерин, Реестрди жана ушул жазуулардын мыйзамдуулугун ырастаган башка документтерди тиркөө менен товарларга декларациялардын, товарларга декларациялардын оңдоолорунун, бажы кириштөө ордерлеринин, төлөм документтеринин, казыналыктын региондук бөлүмдөрүнүн формаларынын негизинде өз убагында, хронологиялык тартипте жүргүзүлөт.
11. Казыналыктан формаларды жана төлөм документтерин алууда бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү текшерет:
1) төлөм документтериндеги реквизиттердин Казыналыктын формаларында көрсөтүлгөн реквизиттерге шайкештигин;
2) бюджеттик классификациянын тиешелүү коддоруна ылайык бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн тууралыгын.
3. Төлөөчүнүн жеке эсептерин жүргүзүү тартиби
12. Төлөөчүнүн жеке эсеби болуп бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын эсептелген жана которулган суммаларын (эсептелген жана кайтарылган суммаларды эске алуу менен) эсепке алуу үчүн арналган электрондук формадагы документ саналат.
13. Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын эсептелген, төлөнгөн, кайтарылган жана төлөө мөөнөтү узартылган (бөлүп төлөнгөн) суммалары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык кирешелер боюнча операциялардын классификациялык түзүмү менен ар бир төлөөчү үчүн жеке эсептер боюнча өз алдынча эсепке алынат.
14. Күнүмдүк маалыматтар бажы органдарына бюджетке түшкөн бажы төлөмдөрүнүн суммалары боюнча, бюджеттик классификациянын коддору боюнча Казыналык тарабынан берилет.
4. Төлөөчүлөрдүн жеке эсептерин ачуу
15. Төлөөчүнүн жеке эсеби БАМСта бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар түшкөн учурда автоматтык түрдө түзүлөт же бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн кызмат адамы жана бажы тариздөө жайындагы кызмат адамы тарабынан кол менен ачылышы мүмкүн.
16. Жеке эсепти кол менен ачууда төмөнкүдөй реквизиттер көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактар үчүн:
а) толук аталышы;
б) идентификациялык салык номери (ИСН);
в) ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификаторунун коду (ОКПО).
а) жеке жактар - резиденттер үчүн:
б) аты-жөнү;
3) идентификациялык салык номери (ИСН).
- салык төлөөчүнүн каттоо номери болбогон жеке жактар - резидент эместер үчүн:
а) паспорттун номери жана датасы;
б) аты-жөнү;
в) жарандыгы.
17. Төлөөчүнүн жеке эсептерин БАМСта администрациялоого чейинки күнгө карата төлөөчүнүн жеке эсептериндеги акча каражаттарынын калдыктары бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн кызмат адамы тарабынан төлөөчү менен салыштыруу актысынын негизинде киргизилүүгө тийиш. Калдык жеке эсепке киргизгенден соң түзөтүлбөйт.
5. Төлөөчүлөрдүн жеке эсептерин жабуу
18. Жеке эсептер юридикалык жак жоюлган учурда жабылат.
19. Бюджетке бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар ашыкча (жаңылып) төлөнгөн күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары жеке эсептерден чыгарылат.
6. Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча өз ара эсептешүүлөрдүн салыштыруу актыларын түзүү
20. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары бажы органынын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысын түзөт жана аны төмөнкү учурларда бажы органына берет:
- юридикалык жактарды жоюуда же бириктирүү-кошууда;
- акча каражаттарын, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтарууда жана/же эсепке алууда;
- тышкы экономикалык иштин субъекттери кайрылганда;
- казыналыкта ачылган эсептерге акча каражаттарынын, бажы төгүмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын келип түшүүсүн контролдоо жана эсепке алуунун толуктугу үчүн бажы органы талап кылганда.
21. Тышкы экономикалык иштин субъекттеринин жана бажы органынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысын кароо мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
22. Тышкы экономикалык иштин субъекттеринин жана бажы органынын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы акыркы 5 жыл үчүн түзүлүүгө тийиш.
23. Өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысында маалыматты туура эмес көрсөтүүгө алып келген түшүнүксүз жагдайлар болгон учурда бажы органы андан ары толуктап иштеп чыгуу үчүн кол коюлган салыштыруу актысын жокко чыгарууга укуктуу.
(1) 2019-жылдын 1-январына карата бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө маалымат "РСК Банк" ААК, "Азия Банкы" ЖАК жана "Кыргызстан коммерциялык банкы ААК тарабынан МБКнын веб-сервиси аркылуу которулду.
|
| Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын бюджетке түшүүсүн эсепке алуу, ошондой эле төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү тартибине 1-тиркеме |
Форма
Төлөөчүнүн жеке эсебиндеги учурдагы калдыктар
Төлөөчүнүн аталышы (жеке жактар үчүн аты-жөнү) _______________________________________________
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) _____________________________________________
20___-ж. "____" _______________ баштап 20___-ж. "____" _______________ чейин төлөмдөрдүн кыймылы
Бажы органы | БКК | ТД башына калдык | ТД дебети | ТД кредити | ТД аягына калдык | ТД башына калдык | ТД дебети | ТД кредити | ТД аягына калдык |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1. Бул форма бажы органдары жана бюджеттик классификациянын коду (БКК) боюнча акча каражаттарынын калдыктарынын жана кыймылынын жыйынтык суммаларын чагылдырат.
2. Төлөм документтери (ТД) - бардык төлөмдөр бажы документтерине байланбастан биринчи кезекте аванс төлөмдөрүнө эсептелет. Аванс төлөмдөрүнөн бажы төлөмдөрүнө которуулар бажы документин түздөн-түз тариздеген учурда жүргүзүлөт.
3. ТД дебети - түшкөн же эсептелген суммалар боюнча жыйынтыктар:
1) түшкөн суммалар - коммерциялык банктын маалымат системасынан (банк менен бажы кызматынын ортосундагы маалыматтык алмашуу бар болсо) жана Казыналыктын маалымат системасынан түшкөн суммалар жөнүндө маалымат.
2) эсептелген суммалар - ашыкча төлөнгөн суммалардан же башка БККдан эсептелген суммалар.
4. ТД кредити - төлөнгөн же кайтарылган суммалар боюнча жыйынтыктар:
1) төлөнгөн суммалар - бажы документтери боюнча документтүү төлөнгөн суммалар, б.а. авансылык төлөмдөрдөн бажы төлөмдөрүнүн эсебине которулган суммалар.
2) кайтарылган суммалар - төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине кайтарылган суммалар же башка БККга эсептелген суммалар.
5. Бажы төлөмдөрү (БТ) - б.а. чегерилген жана документтүү төлөнгөн суммалар. Бажы төлөмдөрүндө маалымат бажы документтери боюнча сакталат.
6. БТ дебети - эсептелген сумма.
7. БТ кредити - документтүү төлөнгөн сумма
Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын бюджетке түшүүсүн эсепке алуу, ошондой эле төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү тартибине
|
| Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын бюджетке түшүүсүн эсепке алуу, ошондой эле төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү тартибине 2-тиркеме |
Форма
Төлөм документтери боюнча акча каражаттарынын кыймылы
Төлөөчүнүн аталышы (жеке жактар үчүн аты-жөнү) _______________________________________________
____________________________________________________________________________________________
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) ______________________________________________
_____________ баштап ______________ чейин төлөмдөрдүн кыймылы
Өткөрүү датасы | БКК датасы | ТД номери | Бөлүм | БКК | Башына калдык | Түштү | Эсептелди | ТД төлөндү | Кайтарылды | Аягына калдык |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1. Бул форма төлөм документтеринин кыймылынын деталдарын чагылдырат.
2. Түштү - түшкөн суммалар жөнүндө маалымат (банктын жана Казыналыктын маалымат системасынан).
3. Эсептелди:
- башка бюджеттик классификациянын кодунан (ББК) эсептелген суммалар;
- аванс төлөмдөрүнө кайра которулган ашыкча төлөнгөн төлөмдөр, мисалы бажы декларациясын оңдогондон кийин.
4. Бажы төлөмдөрү (БТ) төлөндү - аванс төлөмдөрүнөн бажы төлөмдөрүнүн эсебине которулган суммалар.
5. Кайтарылды:
- төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине кайтарылган суммалар.
- башка ББКга эсептелген суммалар.
|
| Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын бюджетке түшүүсүн эсепке алуу, ошондой эле төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү тартибине 3-тиркеме |
Форма
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды бажы документтери боюнча эсептөө жана алардын кыймылы
Төлөөчүнүн аталышы (жеке жактар үчүн аты-жөнү) ___________________________________________________
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН) _________________________________________________
_____________ баштап ______________ чейин төлөмдөрдүн кыймылы
Өткөрүү датасы | Документ | Документтин номери | Бөлүм | БКК | Төлөмдүн түрү | Башына калдык | Эсептелди | Оңдоо | Мөөнөтүн узартуу/бөлүп төлөө | Төлөндү | ТД кайтаруу | Аягына калдык |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1. Бул форма бажы төлөмдөрү боюнча кыймылдын деталдарын чагылдырат.
2. Төлөмдүн түрү боюнча негизги сумманы, туумдун жана пайыздардын өлчөмүн аныктоого болот.
3. Эгерде бажы документинин оңдолгон суммасы оң болсо бул кошуп эсептөө, эгерде бажы документинин оңдоо суммасы терс болсо бул эсептелген сумманы азайтуу.
4. Мөөнөтүн узартуу/бөлүп төлөө эсептелген сумманы гана чагылдырат, мөөнөтүн узартып төлөө же бөлүп төлөө "Төлөндү" мамычасында чагылдырылат.
5. ТДга бажы документин оңдоонун натыйжасында пайда болгон ашыкча төлөнгөн сумма үчүн гана кайтарылат.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 7-тиркеме |
Форма
________________________________ начальнигине
(бажы органынын аталышы)
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын жана башка акча каражаттарын кайтаруу (эсепке алуу) жөнүндө АРЫЗ
____________________________________________________________________________________________
(аталышы, ИСН, ОКПО, уюмдун дареги
____________________________________________________________________________________________
же жеке жактын аты-жөнү, дареги)
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 73-76, 89-беренелерине ылайык
төлөө документтеринин бюджеттик классификациясынын коду боюнча ___________________ банк эсебине
кайтарууну же ________________________________________________________________ документи боюнча
бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды,
пайыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине
_____________________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы, уюштуруу-укуктук формасы же
____________________________________________________________________________________ тарабынан
бажы төлөмдөрүн төлөгөн жеке жактын аты-жөнү
______________________________________________________________________________________________
(төлөө документинин номери, датасы жана суммасы)
төлөм документтери боюнча төлөнгөн жана ________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
(бажы төлөмдөрү эсептелген документтин номери)
эсептелген бажы төлөмдөрүн эсепке алууну сурайт,
______________________________________________________________________________________________
(ашыкча төлөөгө алып келген факт)
байланыштуу __________________________________________________________________________________
(ашыкча төлөө жөнүндө бажы органынын кабарлоосунун номери жана датасы)
___________________________________________________________________________ өлчөмүндө ырасталат.
(кайтарууга тиешелүү акча каражаттарынын суммасы)
Тиркелген документтердин тизмеси:
1) _____________________________________________________________________________________________
(арызга тиркелүүчү документтер)
2) _____________________________________________________________________________________________
__________________________________________ | ________________ | ______________________ |
(Уюмдун жетекчиси же жеке жактын аты-жөнү | (колу) | (аты-жөнү) |
20_жылдын "___" ___________________
М.О.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 8-тиркеме |
Форма
Акча каражаттарын кайтаруу жөнүндө ЧЕЧИМ
20___-ж. "____" ______________________ |
| № _________________________ |
______________________________________________________________________________________________
(эсептелүүгө тиешелүү акча каражаттары, тагыраак айтканда:
______________________________________________________________________________________________
ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрү; ашыкча өндүрүлгөн
______________________________________________________________________________________________
бажы төлөмдөрү; "Бажылык жөнгө салуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-главасы менен
______________________________________________________________________________________________
белгиленген учурларда кайтарыла турган бажы төлөмдөрү; депозит көрсөтүлөт)
кайтаруу жөнүндө ______________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы, ОКПО коду, ИСН, дареги
___________________________________________________________________________ арызынын негизинде.
______________________________________________________________________________________________
(кайтаруу үчүн себептер көрсөтүлөт: ашыкча төлөм же ашыкча
______________________________________________________________________________________________
Өндүрүү себептери; акча күрөөсү ж.б. менен камсыздалган
______________________________________________________________________________________________
милдеттенмени аткаруу (токтотуу)
байланыштуу, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын _________________________________________________________________________________
(тиешелүү беренелер көрсөтүлөт)
беренесине (беренелерине) ылайык, бажы органынын эсебине которулган
_________________________________________________________________________________________ жана
(төлөө документтеринин реквизиттери көрсөтүлөт)
эсепке алынган ________________________________________________________________________________
(бажы төлөмдөрү төлөнүүчү
_______________________________________________________________________________________________
товарларга декларациялардын номери көрсөтүлөт)
________________________________________________________________________________ сом өлчөмүндөгү
(кайтарылууга тиешелүү акча каражаттарынын өлчөмү көрсөтүлөт)
акча каражаттары кайтарылсын.
Начальник:
(начальниктин орун басары)
__________________________________________ | ________________ | ______________________ |
(бажы органынын аталышы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 9-тиркеме |
Форма
Төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын эсебинен акча каражаттарын эсептөө жөнүндө ЧЕЧИМ
20___-ж. "____" ______________________ |
| № _________________________ |
______________________________________________________________________________________________
(эсептелүүгө тиешелүү акча каражаттары, тагыраак айтканда:
______________________________________________________________________________________________
ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрү; ашыкча өндүрүлгөн
______________________________________________________________________________________________
бажы төлөмдөрү; "Бажылык жөнгө салуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 74-беренеси менен
______________________________________________________________________________________________
белгиленген учурларда кайтарыла турган бажы төлөмдөрү; депозит көрсөтүлөт)
эсепке алуу жөнүндө ___________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы, ОКПО коду, ИСН, дареги
___________________________________________________________________________ арызынын негизинде.
_______________________________________________________________________________________________
(үчүн себептер көрсөтүлөт: ашыкча төлөм же ашыкча
_______________________________________________________________________________________________
Өндүрүү себептери; акча күрөөсү ж.б. менен камсыздалган
_______________________________________________________________________________________________
милдеттенмени аткаруу (токтотуу)
байланыштуу, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын ___________________________________________________________________________________
(тиешелүү беренелер (73-76, 89) көрсөтүлөт)
беренесине (беренелерине) ылайык, бажы органынын эсебине которулган
___________________________________________________________________________________________ жана
(төлөө документтеринин реквизиттери көрсөтүлөт)
эсепке алынган __________________________________________________________________________________
(бажы төлөмдөрү төлөнүүчү
________________________________________________________________________________________________
товарларга декларациялардын номери көрсөтүлөт)
_________________________________________________________________________________ сом өлчөмүндөгү
(кайтарылууга тиешелүү акча каражаттарынын өлчөмү көрсөтүлөт)
акча каражаттары төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн эсебинен кайтарылсын.
Начальник:
(начальниктин орун басары)
__________________________________________ | ________________ | ______________________ |
(бажы органынын аталышы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 10-тиркеме |
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө, кайтаруу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартипте ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды (мындан ары - бажы төлөмдөрү) эсептөө, кайтаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу механизми аныкталат жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсептөөгө, кайтарууга укук берүү тууралуу маселени кароодо зарыл болгон документтерди жана маалыматты эсепке алуу тартиби жөнгө салынат.
2. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсептөөдө, кайтарууда корутундулардын формаларын колдонуу тартиби
2. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсептөө, кайтаруу жөнүндө чечим бажы органы тарабынан ушул Нускаманын V бөлүгүнүн талаптарына ылайык, анын ичинде төлөөчү ушул Нускаманын 78-пунктуна ылайык документтерди берген учурда кабыл алынат. Чечимдин жана белгиленген формадагы төлөөчүлөр менен өз ара эсептешүүнүн салыштыруу актыларынын (5-тиркеме) негизинде бажы органы СS-1 (1-тиркеме) жана/же СS-2 (3-тиркеме) формалары боюнча корутундуларды жазып берет.
3. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын башка бажы төлөмдөрүн, анын ичинде туумдарды, пайыздарды жана айыптарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине киргизүүдө жана/же ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн эсебине киргизүүдө бажы органы СS-1 (1-тиркеме) формасы боюнча корутунду жазып берет.
4. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын башка бажы төлөмдөрүн, анын ичинде туумдарды, пайыздарды жана айыптарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине жана/же ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн эсебине бир бажы органынын эсебинен экинчи бажы органынын эсебине киргизүүдө мындай сумма пайда болгон бажы органы СS-1 (1-тиркеме) формасы боюнча корутунду жазып берет.
5. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине кайтарууда бажы органы анын алыш-бериш эсебине ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын кайтаруу жөнүндө СS-2 (3-тиркеме) формасы боюнча корутунду жазып берет.
6. Бажы органы тарабынан СS-1 жана/же СS-2 (1 жана 3-тиркемелер) формалары боюнча жазып берилген корутундулар ушул Тартиптин 13-пунктунун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына (мындан ары - Борбордук казыналык) же анын региондук бөлүмдөрүнө аткарууга жиберилет. Бажы органы корутундулар менен бирге белгиленген форма боюнча корутундулардын реестрин (4-тиркеме) түзөт жана тиркейт, ал 2 нускада түзүлөт.
7. Төлөөчүнүн арызын кароонун, бажы органынын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн кайтаруу, эсептөө жөнүндө чечим кабыл алуунун жана аткаруунун жалпы мөөнөтү кайтаруу жөнүндө арызды жана башка зарыл болгон документтерди берген күндөн тартып бир айдан ашпоого тийиш.
8. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын бажы органынын депозит же атайын эсебине кайтарууга жол берилбейт.
3. Кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруунун жол-жобосу
9. Ушул Тартиптин 2-главасына ылайык жаңылыш кабыл алынган чечимдер аныкталган учурда бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсептөө, кайтаруу жөнүндө чечимди кайра карап чыгууга жана алыш-бериш эсебине кайтарылган учурда төлөнбөгөн бажы төлөмүнө карата белгиленген жол-жоболорго ылайык төлөөчүдөн тиешелүү сумманы кайтарууну талап кылууга же мурда жиберилген корутундуну жокко чыгаруу чечимин тариздөөгө милдеттүү.
10. Бажы органы мыйзамга каршы эсептөө, бюджеттен кайтаруу фактыларын аныктоодо ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсептөө, кайтаруу жөнүндө чечимди жокко чыгарат. Чечим протокол түрүндө таризделет жана ага бажы органынын бөлүмүнүн начальниги, бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн начальниги кол коёт.
11. Борбордук казыналык чечим алган күндөн кийин 2 күндүн ичинде аны аткарууга тийиш.
12. Бажы органы "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жаңылыш кайтарылган бажы төлөмдөрүн өндүрүү боюнча чараларды көрөт.
4. Казыналык органдарында жазма буйруктарды эсепке алуу
13. Борбордук казыналык жана анын региондук бөлүмдөрү корутунду алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн ашпаган мезгилде Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөгө жана төлөөгө контроль жүргүзүү боюнча нускаманын жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык кабыл алынган бажы органынын чечимин аткарууга милдеттүү.
14. Бажы органынын корутундусунун негизинде Борбордук казыналык тарабынан ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсептөө, кайтаруу жөнүндө жазма буйрук (2 нускада) даярдалат. Жазма буйрукка Борбордук казыналыктын жетекчиси кол коёт, ал мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана атайын эсепке алуу журналында катталат. Жазма буйруктун бир нускасы аткаруу үчүн бажы органы тейленген жердеги казыналыктын региондук бөлүмүнө жиберилет.
15. Казыналыктын региондук бөлүмү Борбордук казыналыктын жазма буйругун же бажы органынын корутундусун алгандан кийин алуу датасын көрсөтүү менен аны атайын журналга каттайт. Борбордук казыналыктын жазма буйругу казыналыктын региондук бөлүмү тарабынан алган күндөн тартып 2 (эки) күндүн ичинде аткарылат.
16. Бажы органы тейленген жердеги казыналыктын региондук бөлүмү төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- башка бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды төлөөнүн эсебинен ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсептөө;
- башка бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды төлөөнүн эсебинен ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн бажы органынын бир эсебинен бажы органынын экинчи эсебине эсептөө;
- ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн кайтаруу.
17. Ушул Нускаманын 72-пунктуна ылайык Бирликтин алкагында акча каражаттарынын түшүүсү үчүн багытталган бирдиктүү казыналык эсепке которулган ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн ташып кирүү бажы алымдарын, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөө жана кайтаруу Бирлик жөнүндө келишимдин № 5 жана 8-тиркемелеринде жана Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин эсепке алуу бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын актысы менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
18. Корутундулар боюнча ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсепке алуу жана кайтаруу жол-жоболору маалыматтык системаларды колдонуу менен эсептелет жана контролго алынат (бажы органдарынын техникалык мүмкүндүктөрү бар болсо).
5. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
19. Бажы кызматынын, Борбордук казыналыктын жана анын региондук бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарынын ушул Тартиптин ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
20. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21. Борбордук казыналык тарабынан ушул Тартиптин талаптарынын аткарылышын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги контролдойт.
22. Казыналыктын региондук бөлүмдөрү тарабынан ушул көрсөтмөлөрдүн талаптарынын аткарылышын Борбордук казыналык контролдойт.
|
| Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн, кайтаруунун тартибине 1-тиркеме |
Форма CS-1
Бажы иши чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
|
| 101 | Катар номери |
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жөнүндө КОРУТУНДУ
Төлөөчү жөнүндө маалымат | ||||||||||||
| 102 | Бажынын коду | Бажы органынын аталышы (алуу) | |||||||||
|
| |||||||||||
| 103 | Бажынын коду | Бажы органынын аталышы (эсептөө) | |||||||||
|
| |||||||||||
| 104 | ИСН | Аты-жөнү/ишкананын аталышы | |||||||||
|
| |||||||||||
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жөнүндө маалымат | ||||||||||||
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмү | Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмүн эсептөө | |||||||||||
| 201 | Бажынын коду | Төлөмдүн аталышы |
| 202 | Төлөмдүн коду | Төлөмдүн аталышы | |||||
|
| |||||||||||
| 203 | Эсептөөгө тиешелүү сумма | Цифра менен | Жазуу жүзүндө | ||||||||
| ||||||||||||
Негизги төлөм | Пайыздар | Туум | Айыптар | |||||||||
| 204 | Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмүнүн пайда болушунун себеби | ||||||||||
| ||||||||||||
Бажы органы тарабынан таризделди | ||||||||||||
Мөөр | Бажы органынын начальнигинин аты-жөнү | Колу | ||||||||||
Бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу Колу бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү | Колу | |||||||||||
Датасы | 301 |
| ||||||||||
| ||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
КРБ тарабынан аткарылды | ||||||||||||
Мөөр | КРБнын башчысынын аты-жөнү | колу | ||||||||||
Аткаруучунун аты-жөнү | колу | |||||||||||
Датасы | 401 |
| ||||||||||
| ||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||
|
| Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн, кайтаруунун тартибине 2-тиркеме |
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөө жөнүндө корутундуну толтуруунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Ушул Эрежелер ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы алымдарын, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөө жөнүндө корутундуну толтуруу тартибин аныктайт.
2. Корутунду бажы органынын өкүлү тарабынан 4 нускада таризделет. Казыналыктын региондук бөлүмү тарабынан корутунду аткарылгандан кийин эки нускасы бажы органына кайтарылат, бир нускасы казыналыктын региондук бөлүмүндө калат, башкасы - төлөөчүгө берилет.
3. 101-графада корутундулардын катар номери көрсөтүлөт жана белгиленген тартипте каттоо журналында чагылдырылат.
4. "Төлөөчү жөнүндө маалымат", "Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жөнүндө маалымат", "Бажы органы тарабынан таризделди" секцияларынын графалары бажы органынын кызмат адамы тарабынан толтурулат.
5. "КРБ тарабынан аткарылды" секциясынын графалары казыналыктын региондук бөлүмүнүн өкүлү тарабынан толтурулат.
6. Форманы толтуруунун тартиби төмөнкүдөй:
1) "Төлөөчү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 102-графада - көрсөтүлгөн суммалар эсебине төлөнгөн бажы органдарынын коду жана аталышы (алып салуу);
- 103-графада - көрсөтүлгөн суммалар эсебине киргизилүүгө тийиш бажы органынын коду жана аталышы (эсепке киргизүү);
- 104-графада - төлөөчүнүн идентификациялык номери жана ишкананын аталышы (юридикалык жактар үчүн) же аты-жөнү (жеке жактар үчүн).
2) "Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 201-графада - ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмү эсебине киргизилген бажы органынын коду;
- 202-графада - ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмү киргизилүүчү төлөмдүн коду жана аталышы;
- 203-графада - төлөмдүн түрүн көрсөтүү (негизги, пайыздар, туум, айыптар) менен, эсептелүүгө тийиш сумма, цифра жана жазуу жүзүндө;
- 204-графада - ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмүнүн пайда болушунун себеби.
3) "Бажы органы тарабынан таризделген" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:
бажы органынын начальнигинин аты-жөнү;
бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү;
- 301-графада - корутунду таризделген дата.
Корутундуга бажы органынын аталган өкүлдөрү кол коюшат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
4) "КРБ тарабынан аткарылды" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
КРБнын башчысынын аты-жөнү;
корутундуну аткарган адамдын аты-жөнү;
- 401-графада - корутунду аткарылган дата.
7. Корутундуга казыналыктын аталган өкүлдөрү кол коюшат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
|
| Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн, кайтаруунун тартибине 3-тиркеме |
Форма CS-2
Бажы иши чөйрөсүндөгү
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
|
| 101 | Катар номери |
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтаруу жөнүндө КОРУТУНДУ
Төлөөчү жөнүндө маалымат | ||||||||||||||||||
| 102 | Бажынын коду | Бажы органынын аталышы | |||||||||||||||
|
| |||||||||||||||||
| 103 | ИСН | Аты-жөнү/ишкананын аталышы | |||||||||||||||
|
| |||||||||||||||||
Төлөөчүнүн банкынын реквизиттери | ||||||||||||||||||
| 104 | Банктын коду | Банктын аталышы |
| 105 | Банктагы эсебинин № | ||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||||
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтаруу жөнүндө маалымат | ||||||||||||||||||
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмү |
| 201 | Төлөмдүн коду | Төлөмдүн аталышы | ||||||||||||||
| ||||||||||||||||||
Кайтаруу суммасы |
| 202 | Цифра менен | Жазуу жүзүндө | ||||||||||||||
| ||||||||||||||||||
| 203 | Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмүнүн пайда болушунун себеби | ||||||||||||||||
|
| |||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
| ||||||||||||||||||
Бажы органы тарабынан таризделди | ||||||||||||||||||
Мөөр | Бажы органынын начальнигинин аты-жөнү | колу | ||||||||||||||||
Бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү | колу | |||||||||||||||||
Дата | 301 |
| ||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||
| ||||||||||||||||||
КРБ тарабынан аткарылды | ||||||||||||||||||
Мөөр | КРБ башчысынын аты-жөнү колу | колу | ||||||||||||||||
Аткаруучунун аты-жөнү колу | колу | |||||||||||||||||
Дата | 401 |
| ||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн, кайтаруунун тартибине 4-тиркеме |
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды кайтаруу жөнүндө корутундуну толтуруунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Ушул Эрежелер ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды кайтаруу жөнүндө корутундуну толтуруунун тартибин аныктайт.
2. Корутунду бажы органынын өкүлү тарабынан 4 нускада таризделет. Казыналыктын региондук бөлүмү тарабынан корутунду аткарылгандан кийин эки нускасы бажы органына кайтарылат, бир нускасы казыналыктын региондук бөлүмүндө калат, башкасы - төлөөчүгө берилет.
3. 101-графада корутундулардын катар номери көрсөтүлөт жана белгиленген тартипте каттоо журналында чагылдырылат.
4. "Төлөөчү жөнүндө маалымат", "Төлөөчүнүн банктык реквизиттери", "Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтаруу жөнүндө маалымат", "Бажы органы тарабынан таризделди" секцияларынын графалары бажы органынын өкүлү тарабынан толтурулат.
5. "КРБ тарабынан аткарылды" секциясынын графалары казыналыктын региондук бөлүмүнүн өкүлү тарабынан толтурулат.
6. Форманы толтуруунун тартиби төмөнкүдөй:
1) "Төлөөчү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 102-графада - көрсөтүлгөн суммалар эсебине төлөнгөн бажы органынын коду жана аталышы;
- 103-графада - көрсөтүлгөн суммалар эсебине киргизилүүгө тийиш бажы органынын коду жана аталышы;
- 104-графада - төлөөчүнүн идентификациялык номери жана ишкананын аталышы (юридикалык жактар үчүн) же аты-жөнү (жеке жактар үчүн).
2) "Төлөөчүнүн банктык реквизиттери" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 104-графада - төлөөчүнүн эсеби бар банктын коду жана аталышы;
- 105-графада - кайтарылуучу сумма которула турган эсептин номери;
3) "Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кайтаруу жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 201-графада - ал боюнча төлөөчүдө ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмү болгон төлөмдүн аталышы жана коду;
- 202-графада - кайтарылуучу сумма цифралар жана жазуу жүзүндө;
- 203-графада - ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмүнүн пайда болушунун себеби.
4) "Бажы органы тарабынан таризделген" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
бажы органынын начальнигинин аты-жөнү;
бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү;
- 301-графада - корутунду таризделген дата.
Корутундуга бажы органынын аталган өкүлдөрү кол коюшат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
4) "КРБ тарабынан аткарылды" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
КРБнын башчысынын аты-жөнү;
корутундуну аткарган адамдын аты-жөнү;
- 401-графада - корутунду аткарылган дата.
7. Корутундуга казыналыктын аталган өкүлдөрү кол коюшат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
|
| Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн, кайтаруунун тартибине 5-тиркеме |
20_жылдын "___" ________________ тартып 20_жылдын "___" ________________ чейинки мезгилде _____________________________________________ менен (бажы органы) _____________________________ төлөөчүнүн ортосундагы өз ара эсептешүүнү салыштырып текшерүү актысы
Төлөөчү:
ИСН_________________________________________________________
ИУРК коду ___________________________________________________
Аткаруучу ____________________________________________________
Тел. _________________________________________________________
№ | ТД № төлөө документинин № | Дата | Бажы органы | Төлөөчү | ||||||||||
Дебет (эсептелди) | Кредит (төлөндү) | Дебет (төлөндү) | Кредит (эсептелди) | |||||||||||
Бажы жыйымы | Бажы алымы | КНС | Бажы жыйымы | Бажы алымы | КНС | Бажы жыйымы | Бажы алымы | КНС | Бажы жыйымы | Бажы алымы | КНС | |||
| Мезгилдин башына карата калдык |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жүгүртүүнүн жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мезгилдин аягына карата калдык |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи _____________________ |
| Бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн начальниги ____________________________________ |
|
|
|
М.О. |
| М.О. |
|
|
|
Бухгалтер ________________________ |
| Аткаруучу ________________________ |
|
| Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнүн, кайтаруунун тартибине 6-тиркеме |
___________________________________________ бажы органы
Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсепке алууга, кайтарууга корутундулардын РЕЕСТРИ
№ | Корутунду тариз делген дата | Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн төлөмдөрү бар төлөөчүнүн аталышы | Кайсы төлөмдөн | Кайсы төлөмгө | Эсептелүүчү же кайтарылуучу сумма сом менен | Корутунду аткарууга алынган дата, корутундуну кабыл алган КРБнын жооптуу адамынын аты-жөнү жана колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
М.О. Бажы органынын начальниги | __________________ | ____________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Бажы органынын төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн начальниги | __________________ | ____________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 11-тиркеме |
Форма
Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммалары жөнүндө КАБАРЛОО
20___-ж. "____" _______________ |
| № ___________________ |
__________________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
__________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы же жеке жактын аты-жөнү, ИСН коду)
__________________________________________________________________________
(паспорттогу маалыматтары, дареги (эгер болсо)
___________________________________________________________________ ылайык
(эсептөө жүргүзүлгөн документтер көрсөтүлөт)
__________________________________________________________________ суммада
(карыздын жалпы суммасы цифралар менен жана жазуу жүзүндө)
_______________________________________________________________ байланыштуу
(карыздын пайда болгон себеби көрсөтүлөт)
пайда болгон бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды,
туумдарды жана/же пайыздарды төлөө боюнча карызы бар фактысы жөнүндө кабарлайт
анын ичинде:
- ташып кирүү/ташып чыгуу бажы алымы __________________________________________
- акциз ________________________________________________________________________
- кошумча нарк салыгы __________________________________________________________
- бажы операциялары үчүн бажы жыйымдары ______________________________________
- атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар ______________________________
______________________________________________________________________________
- пайыздар ____________________________________________________________________
төлөө мөөнөтү аяктагандар _____________________________________________________.
Бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык
алымдардын өз убагында төлөнбөгөнүнө байланыштуу
20_-жылдын "___" _____________ тартып 20___-жылдын "___" __________________ чейин
_______________________________________________________________________ өлчөмдө
(туумдун суммасы көрсөтүлөт)
туум төлөнүүгө тийиш.
Кабарлоонун арткы бети
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-главасына
ылайык ______________________________________________________________________
__________________________________________________________________ кечиктирбей
(билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу мөөнөтү)
бажы органынын төмөнкү эсебине карыз төлөнүүгө тийиш:
_____________________________________________________________________________
(акча каражаттарын которуу үчүн төлөмдү алуучунун банктык реквизиттери көрсөтүлөт)
Туумдар бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын
суммаларын төлөө менен бир убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин,
бирок бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын
суммалары төлөнгөн күндөн тартып бир айдан кечиктирбей төлөнөт.
Ушул кабарлоо белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда бажы органы
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-главасына
ылайык, анын ичинде бажы органынын эсебине киргизилген депозиттен бажы
төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды
жана/же пайыздарды өндүрүүгө укуктуу.
Начальник
(начальниктин орун басары)
________________________________ | _______________ | _______________________ |
(бажы органынын аталышы) | (колу) | (аты-жөнү) |
М.О. 20___-жылдын "____" _________________________
Тапшырылганы жөнүндө белги (башка жол менен тапшыруу)
20___-жылдын "___" ____________ | _____________ | ____________________________ |
(тапшырган күн) | (колу) | ((уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же жеке жактын аты-жөнү) |
(ушул кабарлоо заказдык кат менен жиберилген учурда, бажы органынын тапшыруу жөнүндө алынган кабарлоого ылайык заказдык катты уюмга же жеке жакка тапшыруу тууралуу белги коюлат)
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 12-тиркеме |
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды (өнбөс) эсептен чыгаруу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы N 319 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды эсептен чыгаруу эрежелерин жөнгө салат.
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставкалар боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле бажы алымдарын, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыз "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 83-беренесине ылайык өнбөс карыз деп таанылат.
2. Иш регионунда өнбөс карыз деп таанылган карыз пайда болгон бажы органынын буйругу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды эсептен чыгаруу боюнча комиссия түзүлөт.
3. Комиссия беш мүчөдөн кем эмес курамда бажы органынын кызматкерлеринин ичинен так санда түзүлөт жана ага бажы органынын башчысы же башчысынын орун басары башчылык кылат.
4. Комиссиянын ишине катышуу үчүн эксперттер чакырылышы мүмкүн.
5. Комиссиянын жыйналышы эгерде ага анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу болуп саналат. Комиссиянын жок мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
6. Комиссиянын чечими бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу форма боюнча таризделет жана төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарын эсептен чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Чечим тиешелүү бажы органы тарабынан эсептен чыгаруу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн 1 (бир) нускада түзүлөт. Төлөөчүнүн талабы боюнча чечимдин көчүрмөсү берилет.
7. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөөгө жооптуу жактардын карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) бажы органынын бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарынын бар экендиги фактысы жана аны эсептен чыгаруу зарылдыгы боюнча билдирмеси;
2) банктын төлөөчүнүн алыш-бериш эсептеринде акча каражаттарынын жоктугу же эсепти жабуу ж.б. жөнүндө маалымдамасы;
3) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын ишин токтотуу жөнүндө чечими;
4) бажы органынын бөлүмүнүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 6-бөлүмүнө ылайык төлөөчүгө карыздарды өндүрүү чараларын колдонууну камсыз кылууну чагылдырган билдирмеси.
8. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкрот деп таанылган юридикалык жактардын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) бажы органынын бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн юридикалык жактын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарынын бар экендиги фактысы жана аны эсептен чыгаруу зарылдыгы боюнча билдирмеси;
2) уюмду, жеке ишкерди банкрот деп таануу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү;
3) кредиторлордун чогулушунун уюмду банкрот деп жарыялоо жана соттон тышкары тартипте карызкорду атайын администрациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;
4) кредиторлордун чогулушунун атайын администрациялоо жол-жобосунун аякташы жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;
5) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын ишинин токтошун мамлекеттик каттоо жөнүндө буйругунун көчүрмөсү.
9. Каза болгон же сот тарабынан каза болду деп жарыяланган жеке адамдын бажы төлөмдөрү, пайыздар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) бажы органынын бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн жеке адамдын бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарынын бар экендиги фактысы жана аны эсептен чыгаруу зарылдыгы боюнча билдирмеси;
2) жеке адамдын каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү же жеке адамды каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттук чечимдин көчүрмөсү;
3) мураска укук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (мурасты башкаруу) же мурастан баш тартууну ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
4) мурасты кабыл алуучу жеке адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү;
5) мурас боюнча өткөн мүлк же анын бөлүгү жөнүндө маалымдама;
6) каза болгон же сот тарабынан каза болду деп жарыяланган жеке адамдын мураскору тарабынан мурастын кабыл алынган бөлүгүнө туура келген карыздардын төлөнгөндүгүн ырастаган документ же аталган карыздарды мураскордон өндүрүү мүмкүн эместиги жөнүндө расмий документтер.
10. Соттун чечими менен дайынсыз жок же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке адамдын бажы төлөмдөрү, пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкү документтердин негизинде кабыл алынат:
1) бажы органынын бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу бөлүмүнүн жеке адамдын бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарынын бар экендиги фактысы жана аны эсептен чыгаруу зарылдыгы боюнча билдирмеси;
2) жеке адамды дайынсыз жок же аракетке жөндөмсүз деп тануу жөнүндө соттук чечимдин көчүрмөсү;
3) камкордукту, көзөмөлдүктү белгилөө же мүлктү башкаруу жөнүндө документтин көчүрмөсү;
4) дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке адамдын мүлкү жөнүндө маалымдама.
11. Ушул Тартиптин 7-10-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди берүү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу аталган документтерди алган учурда талап кылынбайт.
12. Айрым мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды эсептен чыгарууда, комиссиянын чечими аталган Мыйзамга ылайык таризделет.
13. Иш регионунда карыз пайда болгон бажы органы бажы төлөмдөрүн төлөө, эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздары эсептен чыгарылган төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды суммаларды көрсөтүү менен түзөт жана мындай маалыматтарды ар квартал сайын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
14. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздар эсептен чыгарылгандан кийин төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөө, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана айыптар боюнча карыздарды төлөөдөн качуу максатында өзүнүн мүлкүн же акча каражаттарын башка жакка өткөрүп бергени же башка жол менен атайын жашырганы далилденген учурда, эсептен чыгарылган карыздар бажы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте эсептен чыгарылган карыздарды жабуу үчүн өндүрүүнү мүлккө же акча каражаттарына айлантуу жолу менен кайра калыбына келтирилет.".
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 13-тиркеме |
Форма
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү генералдык камсыздоо жөнүндө ЫРАСТАМА
20___-жылдын "____" _________________ |
| № ______________________ |
(берилген дата) |
| (каттоо номери) |
1. ______________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
________________________________________________________________________
(бажы төлөмдөрүн төлөөнү генералдык камсыздоо берген жак)
________________________________________________________________________
(сумма цифралар менен жана жазуу жүзүндө)
__________________________________________________ суммада берилген бажы
төлөмдөрүн төлөөнү генералдык камсыздоону кабыл алганын ырастайт.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү генералдык камсыздоонун колдонуу
мөөнөтү- _______________________________________________________________
(дата)
3. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү генералдык камсыздоо
________________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы, коду)
________________________________________________________________________
(сумма цифралар менен жана жазуу жүзүндө)
_________________________________________________________________ суммада
төмөнкү операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн:
________________________________________________________________________
(бажы операцияларынын аталышы)
________________________________________________________________________
_________________________________ | ____________ | ________________________ |
(бажы органынын ыйгарым укуктуу адамынын кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
(Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн бажы органынын мөөрүнүн оттиски)
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 14-тиркеме |
Форма
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү генералдык камсыздоону пайдалануу жөнүндө ОТЧЕТ
20___-жылдын "___" _____________ карата
__________________________________________________________ арызына ылайык
(уюмдун аталышы, ИНН, ОКПО)
_________________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
__________________________________________________________________ түрүндө
(бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмасы)
берилген бажы төлөмдөрүн төлөөнү генералдык камсыздоо (мындан ары -генералдык камсыздоо)
20___-жылдын "___" _______________ тартып 20___-жылдын "___" _______________
чейинки мезгилде төмөндө аталган документтердин негизинде пайдаланылганын билдирем:
Генералдык камсыздоо берилгенин ырастаган документ | Генералдык камсыздоо пайдаланылган бажы органы | Генералдык камсыздоону пайдалануунун негиздери | ||||
номер | дата | сумма | код | аталышы | документтин номери | сумма |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Начальник (начальниктин орун басары)
_________________________________ | _______________ | ________________________ |
(бажы органынын аталышы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 15-тиркеме |
Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүү тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 406 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 66 жана 69-беренелерине ылайык коммерциялык банктарды, эсептешүү-сактык компанияларды (мындан ары - банк) жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине (мындан ары - Реестр) киргизүү эрежелерин жана шарттарын аныктайт.
2. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органдары Реестрге кирген банктар жана камсыздандыруу уюмдары тарабынан берилген банктык кепилдиктерди жана камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат.
2. Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Реестрге киргизүү тартиби
3. Реестрге киргизүү үчүн банк, банктын филиалы же камсыздандыруу уюму (арыз ээси) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн Реестрге киргизүү жөнүндө арызы менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат.
4. Арыз ээси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арызды берүү менен бирге түп нускаларды же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн берет.
5. Банк төмөнкүлөрдү берет:
- уюштуруу документтерин;
- юридикалык жактарды каттоо тууралуу күбөлүктү;
- банктык кепилдиктерди берүү укугу көрсөтүлгөн банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын;
- банктык кепилдиктерде кол коюуга укук берилген жана банктын мөөрүнүн издерин банктын кызмат адамдарынын колдорунун үлгүлөрү менен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн карточкасын;
- жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан кол коюлган жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы алты айдын ичинде ар бир отчеттук датага (квартал) банктын маанилерин, ошондой эле капиталдын маанилерин (өздүк каражаттарды) көрсөтүү менен милдеттүү экономикалык нормативдерди аткаруу жөнүндө маалым катты;
- жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан кол коюлган жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы отчеттук датага баланстык отчетту;
- жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан кол коюлган жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы отчеттук датага кирешелер жана чыгымдар тууралуу отчетту;
- жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан кол коюлган жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун формаларын тиркөө менен тышкы аудитордун аудитордук корутундусунун көчүрмөсүн, ал эми арыз аудит жүргүзүлгөнгө чейин жана/же анын учурунда берилсе, банк аудитти аяктоонун жыйынтыгы боюнча өткөн жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун формаларын тиркөө менен тышкы аудитордун аудитордук корутундусун берүүгө милдеттенет.
6. Банктын филиалы кошумча төмөнкүлөрдү берет:
- филиал тууралуу жобону;
- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын филиалдарынын реестрине филиалдар жөнүндө жазууларды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каты;
- банктык кепилдиктерге кол коюу жана филиалдын мөөрүнүн издерин коюу укугу берилген филиалдын кызмат адамдарынын колдорунун үлгүлөрү менен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн карточканы.
7. Камсыздандыруу уюму төмөнкүлөрдү берет:
- уюштуруу документтерин;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү;
- бажы иши чөйрөсүндө колдонулуучу жоопкерчиликти камсыздандыруунун тиешелүү түрүн ишке ашыруу укугуна финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясын;
- камсыздандыруу келишимине кол коюу жана камсыздандыруу уюмунун мөөрүнүн оттискаларын коюуга укук берилген камсыздандыруу уюмунун кызмат адамдарынын колдорунун үлгүлөрү менен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн карточкасын;
- жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан кол коюлган жана камсыздандыруу уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы жылга карата жылдык балансын;
- камсыздандыруу уюму үчүн пруденциалдык нормативдерди аткаруу тууралуу маалым катын;
-- жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан кол коюлган жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун формаларын тиркөө менен тышкы аудитордун аудитордук корутундусунун көчүрмөсүн, ал эми арыз аудит жүргүзүлгөнгө чейин жана/же анын учурунда берилсе, банк аудитти аяктоонун жыйынтыгы боюнча өткөн жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун формаларын тиркөө менен тышкы аудитордун аудитордук корутундусун берүүгө милдеттенет.
8. Арызды кароо аяктагандан кийин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсинин талабы боюнча берилген документтердин түп нускасын кайтарып берет.
9. Банкты, банктын филиалын же камсыздандыруу уюмун Реестрге киргизүү тууралуу чечим ушул пунктта көрсөтүлгөн шарттарды сактоодо кабыл алынат:
1) банкты Реестрге киргизүү шарттары:
- банктык кепилдиктерди берүү укугу көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген банктык операцияларды өткөрүү укугуна лицензиянын болушу;
- банктык ишти жүргүзүү беш жылдан кем эмес болуусу;
- бажы төлөмдөрүн, атайын, демпинге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча карыздардын жоктугу;
- банктык кепилдик боюнча бажы төлөмдөрүн, атайын, демпинге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттердин жоктугу;
-- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем эмес өлчөмдө банктын төлөнгөн уставдык капиталынын болушу;
- 200 (эки жүз) миллион сомдон кем эмес өлчөмдө банктын капиталынын (өздүк каражаттардын) болушу;
- акыркы алты айдын ичинде бардык отчеттук даталарга (кварталдарга) экономикалык нормативдерди милдеттүү сактоо;
2) банктын филиалын Реестрге киргизүү шарттары:
- филиалды Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын филиалдарынын реестрине киргизүү;
- филиал жөнүндө жобо менен каралган филиал тарабынан банктык кепилдиктерди берүү укугунун болушу;
- банктык кепилдик боюнча бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттердин болушу;
- башкы банкты Реестрге киргизүү;
3) камсыздандыруу уюмун Реестрге киргизүү шарттары:
- бажы ишинде колдонулуучу жоопкерчиликти камсыздандыруунун тиешелүү түрүн ишке ашыруу укугуна финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын колдонуудагы лицензиясынын болушу;
- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздардын жоктугу;
- камсыздандыруучуда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттердин жоктугу;
- 100000 (жүз миң) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө өздүк капиталдын (өздүк каражаттардын) болушу;
- камсыздандыруу уюму катары үч жылдан кем эмес ишти жүзөгө ашырган;
- акыркы календарлык жылдын ичинде чыгымдардын жоктугу;
- акыркы алты айдын ичинде бардык отчеттук даталарга (кварталдарга) камсыздандыруу уюму үчүн пруденциялык ченемдерди аткаруу.
10. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды жана ага тиркелген документтерди алган күндөн баштап 30 (отуз) күндүн ичинде карайт. Аталган мөөнөттүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн шарттардын сакталышын текшерет жана арыз ээсин Реестрге киргизүү же Реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин кабыл алат.
Арыз ээси тарабынан берилген документтерди жана маалыматтарды ырастоо зарыл болгон учурда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой мамлекеттик органдардан банктын сырын түзгөн маалыматтардан тышкары зарыл маалыматты камтыган документтерди суроо-талап кылышы мүмкүн. Аталган жактар суроо-талапты алган күндөн баштап 10 (он) календардык күндүн ичинде суроо-талап кылган документтерди берүүгө милдеттүү, ушуну менен бирге арызды кароо аталган мөөнөткө узартылат.
11. Реестрге киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алууда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган банкка, банктын филиалына же камсыздандыруу уюмуна ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бажы органдарынын алдында кепил катары чыгууга укук берген билдирме берет. Реестрге киргизүү үчүн акы алынбайт.
12. Билдирменин колдонуу мөөнөтү Реестрге киргизилген күндөн тартып 1 жылды түзөт. Мында Реестрге киргизилген банктын филиалына берилген билдирменин колдонуу мөөнөтү банкка берилген билдирменин колдонуу мөөнөтү менен чектелет.
Банк, банктын филиалы же камсыздандыруу уюму билдирменин колдонуу мөөнөтү бүткөндө Реестрге кайталап кирүүгө укуктуу. Реестрге кайталап киргизүү үчүн арыз бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирменин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир ай калгандан кечиктирбестен берилет.
Реестрге кайталап киргизүү жөнүндө арыз ушул Тартиптин жоболоруна ылайык каралат.
13. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Реестрге киргизүүдөн ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар сакталбаган ошондой эле 5, 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн документтер толук берилбеген учурда гана баш тартат. Арыз берүүчүгө Реестрге кошуудан баш тартуу жөнүндө билдирүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде андан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жиберилет.
14. Банк, банктын филиалы же камсыздандыруу уюму Реестрге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап Реестрге киргизилет. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтына Реестрге киргизилген банктардын, банктардын филиалдарынын жана камсыздандыруу уюмдарынын тизмесин туруктуу жарыялап турат (ушул Тартиптин 3-тиркемеси).
3. Реестрге киргизилген банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын милдеттери
15. Реестрге киргизилген банктар жана камсыздандыруу уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген банктык кепилдиктер жана камсыздандыруу келишимдери боюнча бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгү жөнүндө билдирмеде көрсөтүлгөн талаптарды өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга.
- финансылык реквизиттеринин, турган ордунун (юридикалык дарегинин) жана почталык дарегинин, уюштуруу документтеринин банктык кепилдиктерге жана камсыздандыруу келишимдерине кол коюуга укуктуу адамдардын колтамгаларынын жана мөөрдүн оттискасынын үлгүлөрү менен карточканын жоюлгандыгы же кайра уюшулгандыгы жөнүндө, банктык операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензия, анын ичинде бардык кошумча документтер (банк жана кредиттик уюмдар үчүн) же камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүзөгө ашыруу укугуна (камсыздандыруу уюмдары үчүн) финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо билдирүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 770 жана 771-беренелерине жана Мыйзамдын 78-беренесине ылайык бажылык жана башка төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө соттун чечимдерин, ошондой эле төлөмдөрдүн эсептери боюнча операцияларды токтото туруу жөнүндө чечимди өз убагында аткарууга.
4. Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Реестрден чыгаруу
16. Банк, банктын филиалы же камсыздандыруу уюму Реестрден төмөнкү учурларда чыгарылат:
- банк, банктын филиалы же камсыздандыруу уюму жоюлганда же кайра уюштурулганда;
- банктык операцияларды жүргүзүүгө укук берген лицензияны банктан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы же камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө укук берген лицензияны Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу уюмунан кайра чакыртып алганда;
- Реестрге киргизүүнүн шарттарынын жок дегенде эле бири аткарылбаганда;
- банктык кепилдиктер, камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаганда;
- эгерде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Реестрге кайталап киргизүү жөнүндө арыз белгиленген тартипте берилбеген болсо, Реестрге кошуу күнүнөн баштап бир жыл өткөндөн кийин.
17. Башкы банк Реестрден чыгарып салынган учурда анын бардык филиалдары (бөлүмдөрү) Реестрден чыгарылууга тийиш.
18. Банкты, банктын филиалын же камсыздандыруу уюмун Реестрден чыгаруу жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы органдарына дароо билдирет.
19. Реестрден чыгарылган банкка же камсыздандыруу уюмуна бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгарып салуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирет.
20. Банкты, банктын филиалын же камсыздандыруу уюмун Реестрден чыгаруу аларга берилген жана бажы органдары кабыл алган банктык кепилдиктердин жана камсыздандыруу келишиминин колдонулушун токтотпойт жана ушундай банктык кепилдиктердин жана камсыздандыруу келишиминин шарттарын аткарбай коюу же талаптагыдай эмес аткаруу үчүн аларды жоопкерчиликтен бошотпойт.
21. Реестрден чыгарылган банк, банктын филиалы же камсыздандыруу уюму Реестрден чыгаруу себептери жоюлган шартта Реестрге кайталап киргизилиши мүмкүн. Реестрге кайталап киргизүү жөнүндө арызды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартипке ылайык карайт.
5. Корутунду жоболор
22. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча Реестр жүргүзөт;
2) учурдагы айдын биринчи күнүндөгү абал боюнча колдонуудагы Реестрди бажы органдарына билдирет.
23. Кыргыз Республикасынын бажы органдары:
1) банк, банктын филиалын же камсыздандыруу уюму Реестрге кошулган жана бажы органдарынын алдында кепил катары чыгуу укугуна билдирмеси бар болгон шартта банктык кепилдиктерди жана камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат;
2) кабыл алынган банктык кепилдиктер, камсыздандыруу келишимдери менен камсыздалган милдеттенмелердин аткарылышын контролдойт, ошондой кепилдер тарабынан мындай милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда банктык кепилдиктердин, камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык акча каражаттарын өндүрүү боюнча зарыл чараларды көрөт;
3) банктык кепилдиктер жана камсыздандыруу келишими боюнча акча каражаттарын төлөө жөнүндө бажы органдарынын талаптары банктар же башка камсыздандыруу уюмдары тарабынан аткарылбагандыгынын бардык фактылары жөнүндө ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо билдирет;
4) зарыл болгон учурларда банктардан, банктын филиалынан же камсыздандыруу уюмунан кызмат банктык кепилдиктерге жана камсыздандыруу келишимдерине кол коюу укугу бар адамдарынын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн колтамгаларынын үлгүлөрү бар карточкаларды жана мөөрдүн оттискасын суратат;
5) банктык кепилдиктерди жана камсыздандыруу келишимдерин сактоо уюмдардын архивдеринин ишинин негизги эрежелерине ылайык жабдылган архивде жүзөгө ашырылат.
|
| Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүү тартибинин 1-тиркемеси |
Форма
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүү жөнүндө АРЫЗ
___________________________________________________________________________
(арыз ээсинин толук аталышы)
документтерди карап чыгууну жана Реестрге киргизүүнү (кайрадан) өтүнөт.
___________________________________________________________________________
(арыз ээсинин кыскартылган аталышы)
бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан коюлган
талаптарды аткарууга милдеттенет
___________________________________________________________________________
(арыз ээсинин кыскартылган аталышы)
төмөнкү өзүнүн филиалын (филиалдарын) Реестрге киргизүүнү өтүнөт:
___________________________________________________________________________
(филиалдын (филиалдардын) кыскартылган аталышы)
___________________________________________________________________________
(арыз ээсинин кыскартылган аталышы)
ички документтер менен ага (аларга) белгиленген сумма боюнча чектөөлөрдөн
көз карандысыз аталган филиалдар тарабынан берилүүчү камсыздандыруу келишимдери,
банк кепилдиктери боюнча толук жоопкерчиликти алат.
Реестрге киргизүү үчүн бардык зарыл документтер тиркелген.
Кошумча маалыматтар:
Банк (камсыздандыруу) ишин ишке ашыруу мөөнөтү _______________________ жыл.
Мамлекеттик каттоо: датасы ______________ номери __________________________
ИСН (салык каттоосуна катталуу себебинин коду менен) _______________________
ОКПО коду _______________________________________________________________
Финансылык реквизиттер: к/э. __________________ БИК ________________________
Почтанын дареги __________________________________________________________
Телефон _________________________ факс ___________________________________
Электрондук почтанын дареги _______________________________________________
____________________________________ | ____________ | ________________________ |
(Жетекчинин кызмат ордунун аталышы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
Башкы бухгалтер | ____________ | ________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
Толтуруу датасы 20____-ж. "____" ________________________
|
| Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүү тартибинин 2-тиркемеси |
Форма
Бажы органдарынын алдында кепил катары чыгуу укугуна БИЛДИРМЕ
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
төмөнкүлөрдү: ____________________________________________________________
(уюмдун толук жана кыскартылган аталышы)
__________________________________________________________________________
ОКПО коду ______________________________________________________________
турган жери (юридикалык дареги)
Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизди,
алар бажы органдарынын алдында кепил катары чыга алышат.
__________________________________________________________________________
(уюмдун кыскартылган аталышы)
______-жылдын "____" _______________ тартып ________________________ жылдын
"____" _______________ чейин бажы органдарынын алдында кепил катары чыгуу укугуна ээ.
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | _________________ | _________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүү тартибинин 3-тиркемеси |
Форма
Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын РЕЕСТРИ
№ | Банктын, камсыздандыруу уюмунун кыскартылган аталышы | ОКПО коду | Жайгашкан жери (юридикалык дареги) | ИСН | БИК | Мамлекеттик каттоо номери | Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатынын номери жана датасы | Кепилдик берүү укугуна берилген уруксаттын колдонуу мөөнөтүнүн аяктаган датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
| Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүү тартибинин 4-тиркемеси |
Форма
________________________________________________________________ (бажы органынын аталышы)
ишинин регионунда банк кепилдиктери (камсыздандыруу келишимдери) боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган банктар жөнүндө МААЛЫМАТТАР
20___-жылдын "____" ______________ тартып 20___-жылдын "____" ______________ чейин
№ | Банктын аталышы (камсыздандыруу уюму) | ОКПО коду | Милдеттенмелерин банк кепилдиги камсыз кылган уюмдун аталышы жана ОКПО коду | Банк кепилдигинин № жана датасы | Банк кепилдигинин суммасы | Банк кепилдигин колдонуу мөөнөтүнүн аяктоо датасы | Кепилдик боюнча акча каражаттарын төлөө жөнүндө бажы органынын талаптарынын № жана датасы | Коюлган талаптарга ылайык төлөөнүн мөөнөтү | Карыздарды өндүрүү боюнча көрүлгөн чаралар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 16-тиркемеси |
КЕПИЛДИК БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН РЕЕСТРИ
№ | Кепилдик берүүчүнүн аталышы | ОКПО | ИСН | Турган жери (юридикалык дареги) | Жакты кепилдик берүүчү деп таануу жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин номери жана датасы | Кепилдик берүүчү катары чыгуу укугуна берилген чечимдин аракетинин башталышынын датасы | Кепилдик берүүчү катары чыгуу укугуна берилген чечимдин аракетинин аякталышынын датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага 17-тиркеме |
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу эрежесин, ошондой эле бажы органдарында депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу формасын жана эрежесин аныктайт.
2. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу эрежеси
2. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну каттоо Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын 104-пунктунун экинчи абзацында белгиленген учурлардан тышкары, депозиттик тастыктаманы (бажы органынын депозиттик эсебине акча каражаттарын которууда) жана/же бажы тил катын (бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун башка түрлөрүн берүүдө) тариздөө жолу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу жөнүндө төлөөчүнүн арызы бажы органында катталган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
3. Бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу максатында ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча депозиттик тастыктама жана/же ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бажы тил каты таризделет жана бажы органдары үчүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун кабыл алынгандыгын тастыктаган документ болуп саналат.
4. Депозиттик тастыктама жана бажы тил каты эки нускада таризделет:
- биринчи нускасы бажы төлөмдөрүн эсепке алууга жооптуу, аны каттаган бажы органынын түзүмдүк бөлүнүшүндө калат;
- экинчи нускасы бажы операциясы аткарылуучу бажы органынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө өткөрүп берилет.
5. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылган бажы операциясын төлөөчү аяктаган учурда ушул бажы операциясы жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүнүштүн кызмат адамы ырастоочу документтерди көрсөтүү менен төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бажы органынын түзүмдүк бөлүнүшүнө бул жөнүндө маалымат жөнөтөт.
6. Бажы операциясы боюнча милдеттенмелерди аткаргандан кийин төлөөчү депозиттик тастыктаманы жана/же бажы тил катын тариздеген бажы органына бажы жол-жоболорун аткарууда милдеттенмелерди туура жана өз учурунда аткарганын ырастаган документтерди берүү менен, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу суммасын кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылат.
7. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу суммасын кайтаруу "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-главасына жана Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускаманын V бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт.
8. Төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бажы органынын бөлүнүшүнүн кызмат адамы бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу суммасын кайтаруу үчүн бажы органынын түзүмдүк бөлүнүшү берген документтерди бажы жол-жоболорун аткарууда милдеттенмелерди туура жана өз учурунда аткарылышын текшерет.
9. Төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бажы органынын бөлүнүшү ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бажы төлөмдөрүн. атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну ырастаган документтердин реестринде таризделген тастыктамаларды, депозиттик тастыктамаларды жана бажы тил каттарын эсепке алууну жүргүзөт.
10. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу суммасынын негизинде ушул Тартиптин 4-7-тиркемелерине ылайык форма боюнча бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу суммасын эсепке алуу боюнча реестрлерди (мындан ары - Реестр) түзүү жүргүзүлөт.
11. Реестр Мыйзамдын 63-беренесинин 2-пунктунда каралган бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну колдонуунун ар бири шарттарына ылайык өзүнчө түзүлөт.
3. Бажы органынын депозиттик эсебине киргизилген акча каражаттарын эсепке алуу тартиби
12. Бажы органынын депозиттик эсебине киргизилген, төлөөчү кабыл алган акча каражаттарынын милдеттенмелерин аткарууга контролду камсыз кылуу жана эсепке алуу үчүн бажы органдары тарабынан ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча камсыз кылуу суммасына ылайык өздүк карточкалары жүргүзүлөт.
13. Камсыз кылуу суммалары боюнча өздүк карточка бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу суммасын бажы органынын депозиттик эсебинен төлөөчүлөрдүн аткарылбай калган милдеттенмелери, депозиттик эсепке киргизилген акча каражаттарын кайтаруу боюнча бюджетке, камсыз кылуу суммасын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча мурдагы милдеттенмелерди эсепке которуу, өз учурунда которуу үчүн арналган.
14. Камсыз кылуу суммалары боюнча өздүк карточкалар төмөнкүдөй ачылат:
1) кабыл алынган милдеттенмелердин негизинде бажы органынын депозиттик эсебине киргизилген суммаларды эсепке алуу боюнча ар бир төлөөчү үчүн өзүнчө;
2) органдын депозиттик эсебине киргизилген алдын ала атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсепке алуу боюнча ар бир төлөөчү үчүн өзүнчө.
15. Бажы органдарында бажы органдарынын депозиттик эсебине киргизилген бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу суммасын эсепке алуу кагаз жүзүндө же/жана автоматташтырылган системада жүргүзүлөт.
16. Төлөм документтеринин реестри бажы органы тарабынан жүргүзүлөт, мында акча каражаттары менен бажы органынын депозиттик эсебине киргизилген бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнү аткарууну камсыз кылуу суммасы көрсөтүлөт.
17. Камсыз кылуу суммалары боюнча өздүк карточкаларды ачуу үчүн негиз болуп төлөмдөрдү камсыз кылуу катары бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, ошондой эле алдын ала атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бажы органынын эсебине киргизүү эсептелет.
18. Депозит Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында киргизилет. Депозиттин суммасын бажы органынын эсебинде сактоо учурунда мындай суммаларга пайыздар эсептелбейт, киргизилген суммаларды индексациялоо жүргүзүлбөйт.
19. Депозит киргизилген товарларды бажылык тариздөөдө ал бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, мындай товарларга туумду төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн.
Мындай учурда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө күнү деп бажы органы товарларга декларация кабыл алган күн эсептелет, ага төмөнкү документтер тиркелет:
1) бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды төлөө үчүн депозитти колдонуу жөнүндө төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы;
2) бажы органынын эсебине депозитти киргизүү менен камсыз кылган милдеттенмелерди аткарууну аяктоону ырастаган документтер.
20. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелерди төлөөчү бажы органдарынын алдында аткарган учурда, депозит башка милдеттенмелер боюнча камсыз кылуу эсебине колдонулушу мүмкүн, мурдагы бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, төлөө эсебине чегерилиши же төлөөчүгө кайтарылышы мүмкүн.
21. Төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызын алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен эсебине депозит киргизилген бажы органы тарабынан чечим кабыл алынат, арызда депозитти мурдагы бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын эсебине которуу жөнүндө, аны башка милдеттенмелер боюнча камсыз кылуу эсебине колдонуу жөнүндө же аны кайтаруу өтүнүчү камтылат.
22. Арыз депозит менен камсыз кылынган төлөөчү бажы органынын алдындагы милдеттенмелерди аткарган күндөн тартып үч жылдан кечиктирбестен бажы органына берилет. Эгерде төлөөчү депозитти үчүнчү жактын пайдасына киргизген учурда төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
Депозит менен камсыз кылынган бажы органынын алдындагы милдеттенмелерди аткарганын ырастаган документтер төлөөчүнүн арызы менен бир убакта берилет.
23. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында депозиттик тастыктаманы накталай эмес тартипте берген учурда депозит кайтарылат.
Депозитти кайтаруу эгерде төлөөчүнүн кайтаруу боюнча арызында башкача жазылбаса аны төлөө ишке ашырылган төлөөчүнүн алыш-бериш эсебине жүргүзүлөт.
Депозитти кайтарууда пайыздар төлөнбөйт, суммалар индексацияланбайт жана банк операциялары боюнча комиссиялык сыйлоо которулуучу каражаттардын эсебине төлөнөт.
Депозитти кайтаруу төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, мындай карыздардын өлчөмүндө туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча карыздары бар болсо ишке ашырылбайт.
24. Төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча карыздары бар болсо бажы органы Мыйзамга ылайык тиешелүү акча каражаттарын төлөөчүнүн эсебинен же анын мүлкүн, анын ичинде бажы органынын эсебине депозит катары киргизилген акча каражаттарын өндүрүү боюнча чараларды көрөт.
25. Депозит менен камсыз болгон милдеттенмелерди аткарууда төлөөгө тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын, туумдардын, пайыздардын суммасы депозиттин эсебинен Кыргыз Республикасынын бюджетине которулат.
Эсебине депозит киргизилген бажы органы мындай милдеттенмени аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийинки күндөн тартып депозит катары киргизилген акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын бюджетине которуу боюнча чараларды кабыл алат. Депозитти которуу бажы органы чечим кабыл алган күндөн тартып 7 (жети) календарлык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Депозит менен камсыз кылынган төлөөчү бажы органынын алдындагы милдеттенмелерди аткаруудан баш тарткан учурда төлөөчү мындай милдеттенмени аткаруу мөөнөтү аяктаганга чейин жазуу жүзүндө бажы органын кабарлайт жана милдеттенмени аткаруу мүмкүн эместигинин себебин көрсөтөт. Мындай учурда төлөөчүнүн депозитти колдонушу ушул Тартиптин 19-пунктунда каралган тартипте, бажы органынын депозиттик эсебине депозитти киргизген күндөн тартып 3 (үч) жылдан кечиктирбестен бажы органына берилген жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде ишке ашырылат.
4. Банк кепилдигин жана камсыздандыруу келишимин эсепке алуу тартиби
26. Банк кепилдиги, камсыздандыруу келишими бажы органына төлөөчү тарабынан берилет.
27. Төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бажы органынын бөлүнүштөрү тарабынан ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча банк кепилдигин, камсыздандыруу келишиминин банк кепилдигинин, камсыздандыруу келишиминин реестрине эсепке алуу жүргүзүлөт.
28. Төлөөчү берген банк кепилдигинин, камсыздандыруу келишиминин мазмунуна жана/же аныктыгына карата күмөн жаралган учурда бажы органы мындай кепилдик берген банктан, камсыздандыруу уюмунан жазуу жүзүндөгү ырастоо сурайт.
29. Төлөөчү бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууга чейин кепилдик кайра чакыртылышы мүмкүн.
30. Банк кепилдиги, камсыздандыруу келишими камсыздаган милдеттенмени төлөөчү аткарбаган учурда бажы органы банк кепилдиги, камсыздандыруу келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин кепилдик банкка, камсыздандыруу компаниясына берилген кепилдиктин өлчөмүндө төлөөчүнүн милдеттенмесин аткаруу тууралуу кабарлоо жиберет.
31. Банк кепилдиги, камсыздандыруу келишими менен камсыздалган милдеттенмелерди төлөөчү аткарган учурда кепилдиктин аракетинин токтогону жөнүндө кепилдик банк бажы органы тарабынан кабарланат.
5. Кепилдик келишимин эсепке алуу тартиби
32. Төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бажы органынын бөлүнүштөрү тарабынан ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча кепилчилик келишиминин реестринде кепилчилик келишимин эсепке алуу жүргүзүлөт.
33. Айып пулдарды жана туумдарды кошо эсептегенде төлөөчү тарткан көлөмдө жоопкерчиликти кепилчилик бажы органынын алдында тартат.
34. Кепилчилик келишими менен камсыздалган милдеттенмени төлөөчү аткарган учурда, кепилчилик келишиминин колдонулушу токтогондугу жөнүндө кепилчилик берүүчү бажы органы тарабынан кабарланат.
6. Мүлктү күрөөгө алууну эсепке алуу тартиби
35. Бажы органы бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнү камсыз кылуу катары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык таризделген келишимдин негизинде мүлктү күрөөгө алууну кабыл алат.
36. Мүлктү күрөөгө алуу түрүндө бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу төлөөчү менен күрөө келишимин түзгөн бажы органынын алдында ушул төлөөчүдө жаралган милдеттенмелерге гана жайылтылат.
37. Төлөмдөрдү эсепке алууга жооптуу бажы органынын бөлүнүштөрү тарабынан ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча мүлктү күрөөгө коюу келишимдеринин реестрине мүлктү күрөөгө коюу келишимдерин эсепке алуу жүргүзүлөт.
38. Бажы органынын алдында милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген учурда, эгерде бул милдеттенмелер аткарылбаса, күрөө келишиминде башкача каралбаган учурда бажы органы соттук тартипте өндүрүүнү күрөө предметине айландырат.
39. Мүлктү күрөөгө коюу келишими менен камсыз кылынуучу милдеттенмени төлөөчү аткарган учурда күрөөгө коюучу мүлктү күрөөгө коюу келишиминин колдонулушун токтотуу жөнүндө бажы органы тарабынан кабарланат.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу тартибинин 1-тиркемеси |
Форма
ДЕПОЗИТТИК СЕРТИФИКАТ
20___-жылдын "___" _______________ № _________________
________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы жана дареги (жеке жактын аты-жөнү,
________________________________________________________________________
арыз ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документи жана анын дареги)
________________________________________________________________________
ОКПО коду, ИСН
акча каражаттары депозиттик эсепке киргизилгенин ырастоо катары
________________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
________________________________________________________________________
(ага ылайык депозит киргизилген төлөм документтеринин реквизиттери)
__________________________________ сом ____________________________ тыйын
өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык
алымдарды төлөөнү камсыз кылуу катары акча каражаттары депозиттик эсепке
киргизилгенин ырастоо иретинде
________________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
________________________________________________________________________
(ага ылайык депозит киргизилген төлөм документтеринин реквизиттери)
берилди.
________________________________________________________________________
(операциянын түрү)
________________________________________________________________________
(бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык
________________________________________________________________________
алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну
________________________________________________________________________
камсыз кылуу аракетинин мөөнөтү)
________________________________________________________________________
(бажы операциясы өткөрүлүүчү бажы органы)
________________________________________________________________________
(ушул камсыз кылуу генералдык камсыздоо болуп эсептелеби) (№)
Начальник: (начальниктин орун басары) | ___________________ | _____________ | _______________________ |
| (бажы органынын аталышы) | (колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу тартибинин 2-тиркемеси |
Форма
БАЖЫ ТИЛ КАТЫ
20___-жылдын "___" _______________ № _________________
1. ________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы жана дареги (жеке жактын аты-жөнү,
__________________________________________________________________ берилди.
өздүгүн ырастаган документтер, ошондой эле анын дареги)
2. ________________________________________________________________________
(ОКПО коду, ИСН)
3. ________________________________________________________________________
(операциянын түрү)
4. ________________________________________________________________________
(бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмасы)
5. ________________________________________________________________________
(бажы төлөмдөрүн, атайын, демпинге каршы,
__________________________________________________________________________
компенсациялык алымдарды төлөөнү камсыз кылуу суммасы)
6. ________________________________________________________________________
(банк кепилдигинин, камсыздандыруу келишиминин, кепилдиктин, күрөөнүн номери)
7. ________________________________________________________________________
(кепил болуп эсептелген жак жөнүндө маалымат (банк,
________________________________________________________________________
камсыздандыруу уюму, кепилдик берүүчү, күрөө коюучу)
8. ________________________________________________________________________
(бажы төлөмдөрүн төлөөнүн аталган камсыз кылуу аракетинин мөөнөтү)
9. ________________________________________________________________________
(операцияны аткаруучу бажы органы
10. ________________________________________________________________________
(ушул камсыз кылуу генералдык камсыздоо болуп эсептелеби (№)
Начальник: (начальниктин орун басары) | ___________________ | _____________ | _______________________ |
| (бажы органынын аталышы) | (колу) | (аты-жөнү) |
М.О.
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу тартибинин 3-тиркемеси |
Форма
Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнү камсыз кылууну ырастаган документтердин РЕЕСТРИ
№ | Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну ырастаган документтердин каттоо номери | Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну ырастаган документтердин өтүнмө ээсинин аталышы | Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу документтеринин арыз ээсинин толук юридикалык дареги | Документтин арыз ээсинин төлөөчүнүн салыктын ИСН, ОКПО | Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмасы | Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу суммасынын өлчөмү | Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу кепили (банк, кепилдик берүүчү, күрөө коюучу камсыздандыруу уюму) | Милдеттенмелерди колдонуу мөөнөтү | Генералдык камсыздоо | Документти берген бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу тартибинин 4-тиркемеси |
Форма
Бажы органынын депозиттик эсебине камсыз кылуу суммасын киргизүү жөнүндө төлөм документтеринин РЕЕСТРИ
№ | Төлөөчүнүн жашаган жеринин аталышы жана анын реквизиттери | Милдеттенмени камсыз кылуунун суммасы | Төлөө тапшырмасынын номери жана датасы, төлөөнү ырастаган документтин квитанциясы | Камсыз кылуунун мөөнөтү | Бажы органынын депозиттик эсебине киргизилген милдеттенмени аткаруунун мөөнөтү | Иш жүзүндө аткаруунун мөөнөтү | Бажы органынын депозиттик эсебине киргизилген камсыз кылуу боюнча сумманы өндүрүүнүн датасы | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу тартибинин 5-тиркемеси |
Форма
Банк кепилдиктеринин (камсыздандыруу келишимдеринин) РЕЕСТРИ
№ | Кепилдик катары чыккан банктын жайгашкан жеринин аталышы | Кепилдик берилген төлөөчүнүн жайгашкан жеринин аталышы жана анын реквизиттери | Кепилдиктин суммасы | Кепилдиктин номери жана берүү датасы | Кепилдиктин колдонуу мөөнөтү | Кепилдик боюнча милдеттенмени аткаруунун мөөнөтү | Факт жүзүндө аткаруунун мөөнөтү | Кепилдик боюнча бюджетке сумманы өндүрүүнүн датасы | Бюджетке которулган кепилдиктин суммасы | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу тартибинин 6-тиркемеси |
Форма
Кепилдик келишимдеринин РЕЕСТРИ
№ | Кепилдик келишими түзүлгөн жактын аталышы, жашаган жери жана анын реквизиттери | Камсыз кылуу киргизилген төлөөчүнүн аталышы, жайгашкан жери жана анын реквизиттери | Кепилдик келишими боюнча бажы төлөмдөрүн камсыз кылуунун ыкмалары | Милдеттенмени камсыз кылуунун суммасы | Кепилдик келишимин түзүүнүн номери жана датасы | Кепилдик келишимин колдонуу мөөнөтү | Кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу мөөнөтү | Иш жүзүндө аткаруу мөөнөтү | Кепилдик келишими боюнча сумманы өндүрүү датасы | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу тартибинин 7-тиркемеси |
Форма
Мүлкүн күрөөгө коюу келишимдеринин РЕЕСТРИ
№ | Күрөөгө коюучунун аталышы, анын дареги, ИСН | Камсыз кылуу киргизилген төлөөчүнүн аталышы (жеке жактын аты-жөнү) | Милдеттенмени камсыз кылуунун суммасы | Күрөө жөнүндө келишим түзүүнүн датасы | Күрөөнүн түрү | Күрөө предметинин аталышы жана саны | Күрөө предметинин рыноктук баасы | Келишим боюнча милдеттенмени аткаруу мөөнөтү | Иш жүзүндө аткаруу мөөнөтү | Күрөө предметин ишке ашыруу датасы | Күрөө предметин ишке ашырууда алынган сумма | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
| Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууну эсепке алуу, ошондой эле депозиттик тастыктаманы жана бажы тил катын колдонуу тартибинин 8-тиркемеси |
Форма
Камсыздоо суммаларын эсепке алуу боюнча ӨЗДҮК КАРТОЧКА
Төлөөчүнүн аталышы __________________________________________________
ИСН _________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын резиденти эместин паспортунун номери жана
берген датасы ________________________________________________________
Дареги _______________________________________________________________
Телефон _____________________________________________________________
№ | Документтин номери жана датасы | Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун шарты | Операциянын башына сальдо | Кириштөө | Чыгаша | ||||
Документтин датасы | Документтин номери | Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун суммасы | Милдеттенмени аткаруу мөөнөтү (дата) | Төлөм документи | |||||
Датасы | Номери | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| Бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
Таблицанын уландысы
Чыгаша | Операциянын аягына сальдо | |||||||
Төлөөчүгө кайтаруунун суммасы | Башка милдеттенменин эсебине | Бюджетке которулду | ||||||
КБК | Башкалар | Төлөөчүнүн аткарылбаган милдеттенмелери боюнча | Боло турган төлөмдөрдүн эсебине | Карыздын эсебинен | Төлөөнү камсыз кылуу аракетинен ашкан мөөнөт боюнча | |||
11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 |